Добавить свою статью
4 Февраля 2022
Баткенди тоң баспасын

Кыргыз, Тажик чек арасындагы окуялар тынчсыздануу жаратууда. Чегинүүгө жер жок калды. Бул көйгөйгө кантип тушуктук? Биз ак үйдү талаша баштаганда, тажиктер бизден жер талашып баштады.

Адамдар дагы эле Ак үйдү тегеренип жүрүшөт, башка жерде жашоо жок калганбы? Бүт баарын борбордоштуруп ийген жокпузбу? Бул өзүнчө маселе, чек араны айтайын деп, негизги ойдон чегинип, ар кандай салыштырууларды жүргүзүүгө туура келүүдө.

Саясий жүрүштөрдөн чыккан терс жагдайлар, мамлекеттик институттарды алсыратууга алып келди. Шайлоодо канчалык убадалар берилбесин анын өтөөсүнө чыгүү алда канча оор. Экономика өнүкмөйүн бир да маселе керней-сурнай тартып, добулбасты дүңгүрөтө ургулоо менен чечилип калбайт.

Украинадагы авалды карап көрөлү. Алар да бардык маселелерди унутта калтырып, саясий карама-каршылыктар тилкесине киришкен. Алар Донбасты, Крымды унутуп калгандай эле болушту. Жыйынтыгы эмнени берди? Төө кыядан өткөн соң, оо дегениң курусун-дегендей, Донбас менен Луганскыны эми кайрадан таанып жатышат. Аттуу, тондуулары мурдагы президенттери баш болуп бизнес менен алаксып кетишти. Ошентип, Донбасты тоң басты болду. (Донбас түркий тоң басты деген сөздөн алыныптыр, лингвистердин изилдөөсү боюнча) Украина жарым жартылай мамлекеттүүлүгүн жоготту.

Мен өткөндөгү макаламда да мамлекеттик кызматкерлерди коммерциялык иш аракеттерден четтетүүнү сунуштагам. Мамлекеттик кызматкер соода сатыкка аралашкан болсо, кызматтан чегинүүсү мыйзамдын талабы. Тажикистан менен соода жүргүзүү мамлекеттик чек араны өзгөртүүгө алып келбеш керек. Мамлекеттик кызматкердин соода сатыкка аралашуусу мамлекет үчүн зыяндарды алып келиши толук мүмкүн, биз муну башыбыздан өткөргөндөй деле болдук.

Эксперттердин талдоосуна таянсак, Союз тараган мезгилдеги, Кыргызстандын адмнистративдик картасын таап, топографиялык чийимдерин көрсөтүү менен ишти далилдесе болот. Далилдегенден кийин КМШ өлкөлорүнүн жыйынына алып чыгып, акыркы чекитти коёлу. Адистерди жиберип, Москвадагы архивден топографиалык картаны алдыруу зарыл. Ал картаны далил катары ООНдун эгидасы астында, эл аралык арбитраждык сотко көрсөтүп кайрылууга туура келет, бул маселе созула берсе. Мамлекет эгемендүүлүккө ээ болгондон тарта чек араларды белгилеп, зым тартып койгондо бүгүнкүдөй кыжаалат абал жаралбас беле. Казакстандын, Өзбекстандын лидерлери, парламенти бул жагынан сергектик кылып, бир топ тилкелерди өөнөп кетишти.

Сулайман сурак кылбаган, Искендер изин салбаган.- делип Манаста жазылгандай, эч ким даап кире албаган кыргыздын жерлерине, аты жыты белгисиз элементтер басып киргенге далалат кылып жатышат. Мамлекетибиз үчүн бүл чоң сабак. Мындан коргонууну күчтөндүрүү зарылдыгы туүлат. Аскердик учкучтарды Турциядан окутуп, даярдоо зарылдыгы бар. Канттагы орүсиянын аба күчтөрүнүн базасында, учкучтарды даярдаган окуу жайын ачса кандай болот. Токмоктогу жоюлуп кеткен авиациялык окуу жайды калыбына келтирүү болмок. Канчалык бул мүмкүн?

Айрым саясатчыларыбыз, Кокон хандыгынын доорундагыдай тактын башына эски чокойлорун илип, хандарды каалагандай алмаштырып тургулары келишет. Биздеги парламенттик башкаруу дегенге окшоп кеткен жокпу? Кылдан кыйкым издөөгө Конституцияда жол берилбейт. Өткөн доордун методдорун колдонуп бийлик жүргүзүү, мамлекеттин кыйрашына алып келбейби? Ошол ички талаш - тартыштар хандыкты алсыратып, күчтүү мамлекетти түзүүгө жолтоо болгон. Х

андык цивилизациялуу башкарууну жүргүзө алганда, бүгүн биз Орто Азиядагы кайталангыс күчтүү мамлекеттик тутумга ээ болмокбус. Мамлекеттүүлүктүн атрибуттары байкалбагандыктан Өзбекстаны дагы Казакстаны дагы оңой эле чек ара тилкелерине ээлик кылып кетишти. Эми кезекте Тажикстан турат. Биз өзүбүз менен өзүбүз күрөшүп жатабыз. Бул көрүнүш качан токтойт. Когнитивдик революцияга өтүү зарыл. Бардык интелектуалдык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу, жаңы механизмдерди ишке киргизүү...

Цифровизацияны кабыл алып жатабыз го, дал ошондой эле көрүнүштөр. Ишке жолтоо болгон көрүнүштөрдү, жем кордукту, түрлүү жорук жосундарды сүрүп чыгаруу. Мамлекеттеги процесстерди башынан аягына чейин анализдеп кайра карап чыгуу. Бардык пикирлер, сунуштар мамлекет тарабынан кабыл алынып талданып турса, проблемаларды чечүү оңойураак ишке ашырылат. 2023 жылдан баштап, жылына 300 миллион доллардан мамлекет карызын төлөй турганы айтылууда. Демек жарандар тынч жашоого милдеттүүбүз. Кайсы бир оппозиционер келе калып, бул карыздан кутултуп кете албайт. Анын суммасы сом менен 254333340000,00 Бул сумманы төлөгөндөн кийин казына таразсы камгактай өөдө көтөрүлүп кетпесе болду. Өкмөт экономика менен азыр катуу алпурушуп жатат.Сын эмес сунуштар берилсе, туура чыгаар.Баткен областына кайта турган болсок, компотентүү адистерден комиссия түзүп,(комиссияга топографтарды киргизүү зарыл)иш чаралар жүргүзүлгөндөн кийин Жогорку Кеңештин кароосунан өткөрүлүп президентке сунуншталат.УКМКанын төрагасынын милдети чек ара коопсуздугун сактоо гана болуп саналат. Делимитация маселеси Жогорку Кеңеште каралып, андан кийин президенттин чечим кабыл алуусу ,мыйзамдуу.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

20-12-2023
Эң бийик туу
963

11-12-2023
Соодадагы туннель
651

03-10-2023
Завод курулабы?
895

30-09-2023
Жогорку аң сезим
1117

25-06-2023
Гравитация
1164

20-06-2023
Ала-Тоо бренд
1491

01-04-2023
Салык жана «Лудиттер» Шейх Рашиддин айтканы...
913

04-12-2022
Атомдук станция тууралу...
1575

25-05-2022
Капитализмде жашап жатабызбы?
1993

18-01-2022
Табият жана адам
2591

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×