Добавить свою статью
16 Марта 2022
Аксы окуясына 20 жыл

Мындан 20 жыл илгери Аксы окуясы Кыргызстандын кийинки саясий турмушунун өзгөчө жандануусуна, коомдун ойгонуусуна, элдин саясий када­мындагы чечүүчү кадам, өлкөнүн бир нече олуттуу саясий өзгөрүү­лөрүнө шарт түзгөн тарыхый, саясий, кан төгүлгөн окуя болгон. 

Кыргыз Республикасынын тарыхында Аксы окуясы деп аталган, саясий наара­зычылыкка чыккан элге карата ок атылып, кандуу окуя 6 адамдын өмү­рүн алган, 79 киши жабыркаган окуя. Аксы окуясы кандуу болгону менен, элдин аң-сезиминде олуттуу өзгөртүү жаратып, келечектеги саясий, тарыхый окуяларга омоктуу өбөлгө түзгөн. Аксы окуясы – Кыргыз Республика­сын­да­гы кийинки элдик ыңкылаптардын, саясий, социалдык-экономикалык өзгө­рүү­лөрдүн алгачкы чабалакейи болуп калганы талашсыз. Өкүнүчтүүсү Аксы окуясы коомдук, саясий турмушта демократиялык нукка бурулуш жасаганы менен таза, коррупциясыз коомго андан кийин деле, дээрлик 20 жылда жети­ше алган жокпуз.

Ошол 2002-жылдагы Аксы окуясы тегин жерден чыккан жок. Аксы окуя­сы элеттик элдин аң-сезиминин бийик деңгээлде өскөнүн көрсөтө алган, эл­дин расмий бийликтерде акыйкаттык жоктугун билгени, ага каршы наара­зычылыкка чыгуу менен чындыкка, адилеттикке жете алса болот турган­ды­гы­­на ишенгенин көрсөтүп, кыргыз коомчулугунун саясий, социалдык аң сези­минин өзгөрүшүнө зор өбөлгө түзгөнү ачык көрүнүп турат. Эгемендүү Кыргыз Республикасында эл өз пикирин ачык айтып чыгып, демократияга бурулуу учуру Аксы окуясы менен байланышканы баарыбызга маалым.  

Аксы окуясы үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыккан аксылыктардын бекем, майтарылбас эрки менен коштолуп, анда атылган октор элдин эркин сындыра алган жок. Ошол кездеги расмий бийлик чындык, адилеттик, акыйкаттык, айкын­дуулук үчүн чыккан аксылыктардын жолун тосуп, элге карай ок атты. Окуя учурунда 6 адамдын өмүрү кыйылып, көптөгөн адамдар жараат алыш­ты. Узакка созулган саясий ачкачылыктан бир жараныбыз набыт болду. Бирок атылган ок, бийликтин тенңирден тескери кадамдары элдин эркин, алга умтулуусун сындыра да, токтото да алаган жок. Кайра, эркиндик үчүн элдик күрөштү күчөтүп, коомдук аң сезимди ойготуп, элди адилет үчүн бел байлаган күрөш­кө чыйралтты. Расмий бийликтер канчалык деңгээлде элдин нааразылыгынын нукура, чыныгы себептерин жаап-жашырып, бир топ жал­ган маалыматтарды таратканына карбай реалдуу чындык бүткүл элге жет­ти.  Анын наыйжасында Аксы окуясы кыргыз элинин аң-сезиминде кескин бурулуш жасап, өлкөдөгү жаңы коомдук, саясий, укуктук, тарыхый өзгөрүү­лөргө жол ачып, адилетсиздикке, мыйзамсыздыкка, кеңири кулач жайган коррупцияга каршы жалпы элдик күрөштүн башы болгонун тарых танбайт.

Бүгүнкү күндүн бийиктигинен алганда Аксы окуясы албетте А.Акаевдин кезиндеги расмий бийликтин абдан чоң саясий жаңылыш­тыгы болгону талаш­сыз. Эң негизги катачылык  жаңжал баш­талган кезде, жогорку бийлик эгедерлери эртерээк окуя болгон жерге барып, элет эли менен сүйлөшүп, кабар алып, талаш-тартыш маселелер боюнча бир ыкка келиши керек эле. Тилекке каршы, андай болгон жок. Ошентип, өз алдынча көз карандысыз мамлекет болуп калып­танып жаткан Кыргыз Республикасынын демократия­лык жолунда кандуу, элдин эсинде калган  саясий, тарыхый окуя болуп Аксы окуясы кошулду. Албетте Аксы окуя­сы боюнча көптөгөн илик­төөлөр, тыя­нак­тар болду, аталган окуя боюнча жаш тарыхчы Б.С.Назарбаева “2002-жылдагы Аксы окуясы: булактар жана изилдөө ыкмалары” – аттуу тарых илимдеринин кандидаты окумуштуу­лук даражасын алуу үчүн диссер­та­ция жазып, ийгиликтүү коргоду. Демек, бул диссератция аркылуу Аксы окуяларына ыраттуу, ынанымдуу тарыхый баа берилди десек болт. Ошол кандуу окуянын жыйынтыгы тууралуу бир топ расмий маалыматтар да айтыл­ды. 

Расмий бийликтер менен Аксы элинин пикир келиш­пестик­те­ринин натый­жасында, сая­сий келишимге жетише албаган­дыктан, 2002-ж. 17-18-март күндөрү Аксы райо­ну­нун калкы менен куралдуу милиция отряддарынын орто­сундагы кагылышуу­дан, анын натыйжасында чыккан ок атуудан 6 адам курман болгон. Алар К.А.Сапаралиев, С.К.Тагаев, Э.М.Четин­баев, С.Б.Үр­күн­баев, Э.А.Умөталиев, М.Бекмуратов болушкан. Булардан башка ошол эле окуяда 22 адам жараат алып, ооруканага жаткырылган. Ошол кандуу окуядан кийин милиция кызматкер­лери тарабынан мыйзамсыз түрдө 67 адам карма­лып, камакка алынып, айрымдары кийинчерээк бошотулган. Булар А,Бекна­заровдун маалыматы боюнча берилген маалыматтар. 

Ошол эле кезде, Аксы окуясын жакшы билген, аксылык жабырлануучу-лардын адвокаты С.Жайчыбековдун маалыматында окуя боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүзгө чукул сот жараяндары болгон. "Негизи доку­менттер, медициналык бүтүмдөр боюнча өлгөндөр, жаракат алгандар бардыгы болуп 79 киши жабыркаган. Андан кийин соттук териштирүүгө 32 адам катышкан. Аксы окуясында 17-март боюнча өзүнчө, 18-март боюнча өзүнчө, эки бөлөк иш козголгон. Журналисттер бирдей окуя катары чагыл­дырып жүрөт. 17-март боюнча өлгөндөргө күнөөлүү - деп үч киши аныкта­лып, жаза - үч жыл сыноо мөөнөтү берилген, эми ал жоопко тартылуу деп эсеп­тел­бейт деле да. 18-марттагы кылмыштын башында ИИМдин ошол кез­де­ги биринчи орун басары Садырбек Дубанаев турган. Ошол киши жетекте­ген, эки адам – бирөө таяктан, бирөө октон өлгөн. Андан сырткары алты кишиге ок тийип, жаракат алып, бирок, кылмыш иши козголгон эмес. Ал кишини жоопко тартымыш болушту да, анан актап коюшту. Элде чындык чыкпады деген сөз калып жатат. Ишти тергеп сотко өткөрө турган бийлик кызматкерлеринин жаап-жашырууга жасаган "чоң аракетинин" жыйынтыгы. Бардыгы бири-бири менен байланышта экендигин көп жыл өткөндөн бери ойлонуп отурабыз да. Андыктан, бир тыянак болуп, жыйынтык чыгышы кыйын" деген адвокат С.Жайчыбеков.

Белгилей кетчү дагы бир жагдай, ошол Аксы окуяларынын чыгуусунун себептерин, анын натый­жа­сын иликтөө үчүн үч комиссия иштеген. Алар: 

Коомдук-саясий комиссия – төрага Т.Тургуналиев, мүчөлөрү А. Абди­расулова, Б.Букашева, Б. Аракеев ж.б.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутат­тык комис­сиясы – А.Мамбеталиева, О.Дуйшеев, О.Малеванная, И.Иса­ков, Э.Булек­баев, Т. Сарпашев, Ө. Текебаев, А. Таштанбеков.

Президент А.Акаевдин атайын жарлыгына ылайык түзүлгөн Мамлекет­тик комиссия – Н.Танаев, М.Абдылдаев, Г.Аалиева, Д.Аб­­дуллаева, О.Ба­киев, З.Жамашев, С.Жайчибеков, Т.Исмаи­ло­ва, Х.Коркмазов, Ш.Медет­беков, Ш.Майчиев, Ж.Мавлянов, К.Осмонов, А.Сабиров, А.Сулайманов, Э.Төрө­баев, Б.Шерниязов, К.Кулназаров, И.Кадырбеков.  Ар бир комиссия өз вазый­паларын аткарып, өз жыйынтыкта­рын тиешелүү жактарга, бийлик эгедер­лерине, ММК беришкен.

Аксы окуясынын арты менен Кыргызстанда президенттик, үй-бүлөлүк, жеке, кландык башкарууга, бийликтеги тереңдеп кеткен коорупцияга каршы жалпы улуттук күрөш башталды десе болот. Ошол эле учурда ага толугу менен укуктук баа берилбей келе жатьканын да көпчүлүк белгилешет. Кээ бир адистер, Аксы окуясына саясий эле баа берилди, бирок ал туура берилген жок – деп ойлошот. Алардын бири кадимки укук коргоочу А.Абдирасулова. 

Кандай болсо да ошол Аксы окуясы эгемендүү жана көз карандысыз Кыр­гыз Республикасынын, элибиздин тары­хын­да ташка тамга баскандай из кал­ты­рып, болочок элдик көтөрүлүштөрдүн, кыргыз­стандыктардын эркиндикке жана адилеттикке болгон умту­луу­сунун алгачкы кадамы катары тарыхта калды десек жаңы­лышпайбыз. 

Абытов Байболот Капарович 

тарых илимдеринин доктору, профессор, ОшМЮИнин  проректору 

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

31-08-2023
Насирдин Исанов — креативная и неординарная личность советского и суверенного Кыргызстана
2559

07-04-2023
2010-жылкы Апрель революциясы: окуялар тизмеги жана натыйжасы
2332

20-03-2023
Нооруз – традиционный праздник кыргызов
4246

07-02-2023
КЫРГЫЗСТАНДА КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШҮҮГӨ ТАРЫХЫЙ САРЕСЕП (этаптарына жаңы көз караш)
1889

07-02-2023
Проблемы безопасности мигрантов Кыргызстана: факты, реалии и последствия.
2615

11-10-2022
Первый курултай тюркологов – курултай репрессированных и расстрелянных
3855

19-03-2022
Нооруз — традиционный праздник кыргызов
5221

03-03-2022
Нашему флагу 30 лет
8146

21-06-2021
Нестандартные, спорные вопросы Великой Отечественной войны
10033

16-03-2021
Жусуп Абдрахманов — Кыргызстандын биринчи Конституциясын түзүүчүлөрдүн бири
6899

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×