Добавить свою статью
27 Апреля 2022
Айтматовдун айрым адабий сабактары

Устат дегенибиз бетмаңдайыңда тикелей туруп акыл-насаат үйрөткөн инсан эмес, устат дегенибиз жеке үлгүсү аркылуу куру кыялыңды курутуп, кубулуштун чыныгы маанисине жетүүгө көзүңдү ачкан инсан. Чыңгыз Айтматовдун Михаил Шолоховго байланыштуу жарым кылымдай илгери оозанган ушуреки бир шиңгил сөзү көркөм адабияттагы, дегеле жаратмандык өнөрдөгү устатчылык менен шакиртчиликтин табиятын таасын таанууга көмөктөшөт.

Аталган классиктин адабий сабактары анын кеңири белгилүү повесттери менен романдарында, өтөгөн жашоо, баскан жолунда. Асыресе, муну ар бирибиз дээрибиздеги эстетикалык-эмоционалдык деңгээлибизге, адистик камылгабызга жараша кабылдайбыз жана, туура чечсек, менчик чыгармачылыгыбызда эсепке алууга, эби менен пайдаланууга аракеттенебиз.

Бүгүн жазуучулуктун атагын, даңкын эңсеген адам толтура. Мамлекетибизде поэтикалык, прозалык туундуларга калем акы, сый акы төлөнбөсө да, адабият авторду каржылык-материалдык тараптан камсыздап, бакпаса деле, уйкаштык курап, итабар сүйлөмдөрдү чийип-токуп, түркүн-түркүн басылмаларга, жыйнактарга чыгаргандардын дүң саны азыркы тапта совет дооруна салыштырмалуу кыйла арбыганы айгине.

Дилибизде өөндөмөктүн жугу жок, ар ким жаттаган намазына жыгылмагы кадыресе иш. Бирок, кээде ушундай, расмий булактар ырастаган да ырастабаган чыгармачыл замандаштардан “устатың ким?”, башкача айтканда, “кен казгандай казып, кайра-кайра үңүлгөн китептериң кайсы, даанышманга кеңешкендей кеңешкен, асиреттешип, сырдашкан акының же жазуучуң кимдер?” - деп сурагың келет.

Ий-е, мамындай маңгилик соболго жооп берүү, кары дебей, жаш дебей, калемгер кесибин аркалоочу баарыбыздын мойнубуздагы ары арылбас түйшүк, ары орчундуу милдет сыяктуу. Баса, устат шакиртти табабы же шакирт устатты табабы? Кыязы, кыймылдагы чындыкта экинчи көрүнүш басымдуу.

Мен дагы Айтматовдун ааламына аралаша коюп, үстүрт бакканда назарга илинип-илинбеген майда-чүйдө, некин, зилинде керектүү нерселерди – чыгармачылык өнөрканага тийешелүү фактыларды, окуяларды, сырларды десемби, байкап жүрөм. Эмесе, биртке кептин оролу ошондо.

2020-жылы Чыңгыз Айтматовдун адабий каармандарынын Шекер кыштагындагы прототиптери жөнүндө даректүү тасма тартылган эле. (Тилеке каршы, тигил фильм эми маркум режиссёр Бакыт Карагуловдун бүтүрүүгө үлгүргөн акыркы мурас жумушу катары саналмагы жөндүр.)

Кино версияга ылайык, жазуучу Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы оруктун тиричилигин сүрөттөгөн прозасында башкы бейнелердин дээрлик бакисин агезде өзүнө жакын, жанаша түтүн булаткан жана ийиндеш эмгектенген кадимки айылдаштарынан “көчүрүптүр”. “Бетме-беттеги” Ысмайыл баштатан маалым, андан ары “Гүлсараттагы” Танабай – турмуштагы Керимбек, “Саманчынын жолундагы” Майсалбек –Рыскулбек, “Жамыйладагы” Жамыйла –Суусар, Данияр –Сатыбалды, “Эрте келген турналардагы” Мырзагүл –Орозгүл.

Роза Айтматова, мисалы, тасмада жылкычы жана чабандес авасы Керимбектин Гүлсары аттуу жорго миңгенин тастыктоодон тышкары, ал оюн-зоок, таң-тамашада жылкы тууралуу обондуу ырларды созуп, уулуна Жылкыбай ысымын ыроологонун баяндайт. Анысына Керимбек о дүйнө салганда агасы Чыңгыз айрыкча күйүп, жаш сыкканын кошумчалайт.

Айтматовдун жердештери ата-бабаларынын өлбөс-өчпөс элеси нака искусствонун эң мыкты нускаларында сакталганына дамамат сыймыктанышат окшобойбу. Кичи мекендин касиеттүү уулун бөтөнчө кадырлап, урматтоону дагы унутушпайт. Буга фильмдин кадр сыртындагы текстин түзүп, прообраздардын урук-жилик, бала-бакыраларынын пикирлерин которгон кезеңимде айныксыз ынандым. Айтса, кинонун катышуучуларынын бирөө өспүрүм курактагы Чыңгыз аке менен досу Байысбек Момбеков агайыбыз коңшу конуштан каттаган кенже класстын окуучуларын “Биринчи мугалим” көркөм тасмасындагы Дүйшөн сымал билегинен бурдай жетелеп, колтугуна кысып, желкесине кондуруп өзөндөгү кечүүдөн ары-бери өтүүгө далай-далай жардамдашчу деп эскерет.

Адетте, адабият алптары, изилдөөчүлөр этикалык жагдайды көңүлгө туткандан, прототипти талкуулоого этияттап, кылдат мамиле кылышат тура. Томас Манн, маселен, сүрөткердин эргүүсүн ойготкон булактарды билүү ар убактан бир убак адамдарды оңтойсуз абалга кептеп, а түгүл мыкты чыгарманын таасирин таптакыр мокотмогу ыктымалдыгын белгилеген.

Ооба, Айтматов макала-маектеринде кең Таласта кечирген кулун чагына байма-бай кайрылат. Эл башына күн түшкөн замандардагы карапайым калайык-калктын кайрат-жигерине таңданганы, суктанганы өзгөчө. Арийне, жазуучу жабылуу аякты жабылуу бойдон калтырып, адабий образдардын “тегин”, “уңгуларын” толук, жалпыга шардана жарыялабаптыр. Анда-санда, демек, чанда учкай ишаралаганынан ардеме-бирдеме боолголойсуң, наркы жагы бүдөмүк.

Мырзагүлдүн прототибине карата алигидей ишарат 1975-жылы жазылган “Манас-Атанын ак кар, көк музу” очеркинде кездешет. Аерде Чыңгыз Төрөкулович классташтарын тизмелеп, арасында Орозгүл Усубалиеваны атаган.

Орозгүл Усубалиева, күйөөгө тийгенден кийинки фамилиясы Тургумбаева өмүрүн жаш муундарды тарбиялоого сайган педагог, Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими. Жарыкчылык менен коштошкон соң наамы Кара-Буура районуна караштуу Сатыкей кыштагындагы орто мектепке ыйгарылат.

Тасмада сүйлөгөн ракматынын карачечекей кызы Гүлнур, бир тууган иниси Кубанычбек Орозгүл менен болочоктогу даркан ойчул мөртүндө айтылуу “Эрте келген турналар” повестиндеги, Болотбек Шамшиевдин аты уйкаш киносундагы Мырзагүл менен Султанмураттын ууз махабатындай сүйүүгө чалдыгышканы үй-бүлө мүчөлөрүнө, жумурай журтка дайындыгын агынан жарыла бышыкташыптыр. Гүлнур арылай сүңгүп, апасы ар дайым Айтматовдун талантын, коомдогу макамын жогору баалаганын кабарлайт. Көрүүчү “Аксай десанттары” тууралуу икая неге “Аксай менен Көксайым, жер сооруусу турбайбы, арзыдым сага деп айтсам, ашыгым сөздү тыңдайбы” деген эпиграммадан башталганын илгиртпей аңдайт.

Ал эми Жамыйла менен Даниярдын потенциалдуу прототиптеринин небереси Бактыбек Шамкеев, алдыгы фильмдин продюсери, бир топ мезгил мурда немис туткуну жана уруштун майыбынын уулу, алман тили боюнча окутуучу Йоахим Каппаундун Ысмайыл менен бетме-бет дидарлашып, баарлашуусун демилгелеп, жүзөгө жүз пайыз ашырган. Тасмага тандалган синхрондордо Германиялык мейман да, Кыргызстандык абышка да кандуу апаат-алааматтын кесепетинен улам аң-сезими алданемедей ууланган муундардагы ич ара ишенбөөчүлүк өнөкөтүн-синдромун батыраак жоюунун зарылдыгын каалашат.

Адабий каармандын максат-мүдөөсү, аткараар кызматы, албетте, берегибиздин жаралышына себепчи жалгыз пендезаттын ордуна караганда алда канча кенен, тереңдир, андыктан Айтматов тууган-туушкандары түздөн-түз күбө болгон өтмүштөрдүн аки-чүкүсүн өзгөртүүгө сөзсүз бармак жана барган. Даректүү кинонун жамааттык кейипкерлери мындай мыйзамченемдүүлүктү куп гана түшүнүп, кубатташкандай шекилдүү.

Танабай эсе жазуучунун жети ата сүрүшкөндөгү чоң аталарынын бири. Чөбөрөсүбү, кыбырасыбы, айтор, урпагы үчүн ыйык ысым. “Гүлсараттын” тутка, тулга каарманынын аты тикпеген жерден өнүп, күтпөгөн жерден көгөрбөгөнүн ушундан туясың. Чамасы, Танабайдын наамы оомал-төкмөл маалда боор этин тап душмандыкка –кулактыка кыйып, аркага колун байлаткан, алыска сүрүп, айдаткан элеттик коммунисттин ыңкылапчыл фанатизмине, кежир, татаал мүнөзүнө астыртан басым жасоого дагы купуя багытталгансыйт. Анткени тана кыргыз-казакта торпоктун синоними. Ошондуктанбы, былтыр Чүй театрында сахналаштырылган “Кош, Гүлсары!” спектаклинде режиссёр, актёрлор менен чогуу Кулубайдын сызыгын, тагыраагы, Танабай экөөнүн кайымын курчутууга батындык.

Дегиңкиси Айтматовдун каармандарынын атында, чыгармаларынын аталышында кандайдыр бир кайманалуулук, нускалуу тарых, кулпунун ачкычы катылуу. Айталы, “эгемен журналист” Арсен Саманчин улуттук рухий айдыңыбыздагы бакандай ишмерлерди, артист Арсен Өмүралиев менен адабиятчы Тазабек Саманчинди эриксиз эстет. Ильястын түбү не таанымал окумуштуу даражасына дейре өскөн айыл чарба институндагы курсташы Ильяс Ботбаевге, не башкурт кыпчактарынан кымыз уулаганды жактырган Лев Толстойдун “Ильяс” аңгемесине такалат. Чоро Саяк-ов, Нойгут-ов, Бостон –уруулардын наамы.

Кантсе да, залкардын аят тумардай роман, повесттеринин бир тобунун аталышын тактоо дале уланууда: “Кылым карыткан бир күнбү” же “Борондуу бекетби”, “Кызыл жоолук жалжалымбы” же “Делбиримби”? Демейде Чыңгыз Төрөкулович “Көздөн учкан көк жээк”, “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” деп узартпай, “Ала күчүкө” алымсынгандай өңдөнчү, ага “Кассандаранын эн тамгасы” “Кассандра тамгасынан” таамайдай сезилчи. Буларды зерттегенде биз тынымсыз изденүү жараянында кара жанын карч урган кашкөй калемгердин тагдырын ичкериден баамдайбыз.

Жашырганда эмне, Айтматовдун аздыр-көптүр публицистикалык, эпистолярдык жанрдагы туундуларын, романын эне тилибизге оодаруум, прозалык дөөлөттөрүн инсценировкалоом, адабий-маданий ишмердүүлүгү туурасындагы даректүү тасмалардын сценарийлерин, ара-тородо эссе, эскерүүлөрдү чүргөөм, ири алды, биринчи мугалимибиздин жана түбөлүк жазуучубуздун таалимин көкүрөгүмө кыттай уютуунун айла-амалы. Айтмакчы, 2005-жылы устаттын чыгармачылык чыйырынын башаты деп эсептелген “Газетчик Дзюйонун” аталышын колдонуп, алгач жолу орусча аңгеме шилтегемин. Менин тестиерим баягы өткөөлдө мектебин таштап, китепкабын өтүкмай, шотке, бут кийим тазалоого жайлуу тактайга шыкап, кышкы кычыраган аязда Бишкектин базарларынын биринде үшүп-тоңуп, чайналып-кыйналгандан аргасыз бөлтүрүкө айланып, Ала-Тоонун жылга-жыбыттарында жойлоп-жорткон кашабаңдарга карай безген тейден изин суутат. Стилиң, манераң бүтүндөй Айтматов жыттанат дешет чыгынып окугандар. Балким. Ишенсеңер, андай бүтүм мага сындоодой эшитилбейт, мактоодой угулат.

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

29-01-2022
ТӨРТ КӨЧӨ. ЧЕТЫРЕ УЛИЦЫ
1238

10-01-2022
С русской книгой в руке
1353

23-11-2021
Миң келмеке бир кеткен Залкар
2939

11-11-2021
Венгерская книга о вечном писателе
2014

01-10-2021
Вызов брошен не сегодня (о фильме на борту МКС)
3968

19-08-2021
Кампыр-Абад
2538

03-08-2021
Впереди Париж!
4003

08-04-2021
С совестью тет-а-тет
1820

26-01-2021
Три года, три типичных отчёта
7596

19-11-2020
Фильм о прототипах Айтматовских персонажей
6860

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×