Добавить свою статью
21 Июня 2022
Мектепте илим/билим таңууланбай, тааныштырылуусу гана керек

Кыргыз тилинде окутулуучу мектептер үчүн базистик планды карап, мындагы ката көрүнгөн айрым маселелер жөнүндө сөз козгобой өтүп кете албайбыз. Бул жерде «билим берүү чөйрөлөрү» деген бөлүштүрүүдөгү кемчиликтерди гана атап, толуктоо катары бир нече сунуштарды айткыбыз келип турат. Себеби, мында билим берүү чөйрөлөрү логикага сыйбай тургандай аталып жана аларга бөлүнгөн предметтер ылайык келбей тургандай бөлүштүрүлүп калгандай.

Бул маселеде билим берүү чөйрөлөрүн кайрадан дыкат изилдеп, ылайыктуу түзүп алуунун мааниси бар деп эсептейм. Себеби кайсы мугалимдин предмети кайсы чөйрөгө таандык болсо, ал ошол чөйрөдөгү мугалимдер менен бирге семинарларга чакырылып, бири-бири менен тажрыйба алмашып турушат. Мында багыты, илим тармагы ар башка болгон мугалимдер бириктирилип калса, алардын тажрыйба алмашуусу тоскоолдукка учуроосу мүмкүн.

Азыркы убакта «тилдик», «социалдык», «математика», «табигый илимдер», «технологиялык», «искусство» жана «ден соолук маданияты» деген 7 билим берүү чөйрөлөрү менен мектептерде сабак берип жатышат. Бул жерде төмөнкүдөй каталар бар жана аларга тиешелүү сунуштарым булар:

1) «Тилдик» деген билим берүү чөйрөсүндө кыргыз тили, орус тили жана чет тили окутулуп жатат. Мында кыргыз тили жана чет тилдери деген 2 гана предметти кабыл алып, бирок жүктөмдөрүн көбөйтүүнү сунуштайбыз. Мисалы кыргыз тили сабагынын планына байыркы орхон-енисей жазуусун, арап арибиндеги эски кыргызча тексттерди тааныштыруу темалары кошулушу зарыл. Ал эми чет тилдери катары орус, англис, арап жана кытай тилдери милдеттүү окутулса, өлкөбүздү туризм менен өнүктүрө турган жарандарды даярдаган болот элек деген ой. Бүтүрүүчү класстарды болсо, азыраак сааттар менен лингвистика жана филология илимдери менен тааныштыра кетсе болот.

2) «Социалдык» чөйрөгө «тарых», «адам жана коом» деген 2 гана предмет кирип калган. Бирок бул сабактар гуманитардык да, коомдук да билимдерди ичине камтыгандыгын эске алып, билим берүү чөйрөсүнүн аталышын талаптагыдай өзгөртүү керек. «Гуманитардык жана коомдук билимдер» чөйрөсүндөгү «адам жана коом» сабагы өзүнчө көңүл бурулууга жана бир нечеге бөлүнүүгө муктаж. Себеби мындан атайын даярдалган адис жок, бирок, бул сабактагы темалардын планы тарыхчыдан экономиканы, социологияны, юриспруденцияны жана психологияны окутууну талап кылып жатканы айдан ачык. Ал аз келип, бул сабактын 1 сааты табигый илимдердин сабактарына өткөрүлгөн. Андан көрө, окуучулар «адам жана коом» сабагынан тарыхчынын кыйналганын тиктебей, чыныгы экономисттердин, психолог-социологдордун жана юристтердин өздөрүнөн билим алышса жакшы эмеспи. «Адам жана коом таануудан» өзүнчө башка сабак катары «каржы сабаттуулугу», «коопсуздук жана укук таануу» деген сабактар ачылса дейбиз. Ал эми Кыргызстандын тарыхы деген сабактын планына көчмөн маданияты, улуттук баалулуктар боюнча темаларды көбүрөөк кошуу абзел. Мындан тышкары, бүтүрүүчү класстар үчүн «дин таануу жана ыйман», философия, педагогика, психология жана социология боюнча тааныштыруу сабактары өтүлсө жакшы болмок.

3) Математикалык билимдер менен информатикалык билимдерди бир билим берүү чөйрөсүнө бириктирүү ылайыктуу. Азыр «технологиялык» деген чөйрөдө информатика жана технология (эмгек, чийме жана дизайн) сабагы бар. Информатика сабагынын планы, окуу куралы көптөн бери жеңилдетилүүгө муктаж боюнча турат. Бул сабакты дагы көп бөлүккө бөлсө болот. Азыркы информатиканын мазмунун жеңилдетип, аталышын программалоо сабагы деп өзгөртсө жана 10-11-класска гана өтсө жарашат. Ага чейинкилер үчүн «офистик программалар», «дизайн жана медиа» (же «компьютердик графика») деген сабактарды ачса болот. Офистик программалар сабагынан 3-класстан өйдөңкүлөргө текст жазуу, жадыбал түзүү, слайд жасоо ж.б. үйрөтүлсө, ал эми «компьютердик графика» сабагынан 6-класстан жогоркуларга компьютерден сүрөт, видео жасаган керектүү программалар үйрөтүлсө, окуучулар кызыгып окушмак. Ал эми технология (эмгек) сабагы жөнүндө төмөндө сөз болот. Математикалык билим катары логика жана статистика сабактары менен чоң класстарды кыскача тааныштыруу да пайдалуу болчудай.

4) «Табигый илимдердин» ичиндеги башталгыч класстардын мекен таануу жана 5-класстын табият таануу деген сабактары бири-бирин улантса дагы, аталышын окшош кылып, «дүйнө таануу» деп же башкача атоо зарыл. Анткени аталыштары окуу куралынын ичиндеги мазмунуна туура келбей калган учурлар байкалып турат. Ал эми мекен таануу сабагы менен интеграцияланган «турмуш тиричилик коопсуздугунун негиздери» жана «адеп» деген сабактарды кайра өзүнчө ачуу керек жана өздөрүнө тиешелүү чөйрөлөргө кошуу керек деп ойлойм. Мисалы, адеп менен ден соолук сабагы бириксе, коопсуздук менен укук таануу сабагы бирксе болот. Ал эми табигый билимдер менен камсыздаган химия, физика жана астрономия, биология, география сабактары менен катар эле чоң класстарды геология, экология сыяктуу илимдер менен да тааныштыра кетүү ашыкча болбостур.

5) «Искусство» деген билим берүү чөйрөсүндө кыргыз адабияты, орус адабияты, көркөм өнөр жана музыка сабактары жазылып турат. Чөйрөнүн аталышын жөн гана «маданият» деп өзгөртсө жарашмак. Бул тармак чыгырмачыл балдарга багыт берүүдө маанилүү роль ойнойт. Бирок, мында орус адабиятынын ордуна окуучулар дүйнөлүк адабиятты окушсун. Бул чөйрөдө көркөм өнөр жана музыка сабактары сакталып турганы жакшы.

6) «Ден соолук маданияты» деген тармактагы «дене тарбия», «аскерге чейинки даярдоо» сабактарынын катарына «адеп жана ден соолук» сабагы кошулганы оң. Ден соолук сабагы үчүн туура тамактануу, тез жардам, гигиеналык тазалык сыяктуу темаларды өтө турган медкызматкерлер жумушка алынса жарашат.

7) 10-11-класстар үчүн «техникалык билимдер» чөйрөсүн ачып, аларды инженерия, архитектура, энергетика, электроника сыяктуу сабактар менен тааныштыруу да заман талабы. Ошондой эле, технология сабагы катары берилген «кол эмгек» сабагын да «техникалык билимдер» чөйрөсүнө кошкон оң. Эмгек сабагынан чоң класстарга кесиптердин түрлөрү жөнүндө теориялык жана практикалык билимдер бериле баштаса, анда илим жолуна түшпөй турган окуучулардын өзүнө ылайык кесипти алдын ала тандоосуна багыт берилмек.

Натыйжада мурункудан да көп предметтер сунушталып калды окшойт. Мунун бардыгын окуу жүктөмү көтөрө албоосу турган сөз. Негизи, балдарды бардык илимдердин жана кесиптердин түрлөрү менен мүмкүн болушунча тааныштырууга аракет кылган дурус. Анткени, бала өзүнүн кандай кызыгуусу жана жөндөмү бар экендигин көп учурда мугалимге жана ата-энеге караганда өзү жакшы билет. Ошондуктан, канчалык көп тармактар менен эрте таанышса, өзүнүн жолун окуучу ошончолук эрте тандай алат. Мындай шартты камсыздоо үчүн көп предметтерди киргизип, бирок бардыгынын жүктөмүн азыраак кылуу керек. Окуу планында бардык тармактарды таңуулаганга эмес, бардыгы менен тааныштырганга багыт алуу дурус.

Ал эми 10-11-класстарда окуучулар өзүнүн кызыгуусун, шыгын таап, болочок кесибин пландап калгандай болушу керек. Бизде 9-класстын программасында ага чейинки окутулган 8 жылдык билимди кайталоого басым жасалат. Ошол эле кайталоолор 10-11-класста дагы көп убакытты ээлеп калган. Натыйжада, аттестат үчүн гана 11-класска чейин чыдайм деген муундун алтындай убактысын текке кетирип жатабыз. Көпчүлүгү эптеп 9-классты бүтүп, миграцияга жол алууну пландап алышкан, себеби аларды биздин план канааттандырбай жатат. Андан көрө, кайталоону 9-класс менен жыйынтыктап, 10-11-класстарда алар өмүрүндө укпаган-көрбөгөн сабактар менен таанышуусу керек деп эсептейм. Мисалы, өздөрүнүн 10-11-класстары үчүн бардык мектептер өздөрү лицейге же гимназияга айлана алса, багытка жараша билим бере алса, окуучулар университеттерге кыйла даяр болуп барышмак. Бүтүрүүчү класстар абитуриент болгондо, кайсы университетке кайсы себеп менен тапшыра турганын түшүнө албай, көбү ойду-келди кесип тандап жатышат азыр. Мунун алдын алуу үчүн 10-11-класстар психология, геология, педагогика, инженерия, философия, электроника, лингвистика, энергетика, социология, архитектура, экология сыяктуу ж.б. аларга жаңылык болгон сабактар менен аз да болсо таанышып ала тургандай болушу керек. Ошондо алар өз келечегин өз алдынча тактап түзө алышмак эле.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

23-05-2022
Тарыхый баяндар так Баткенден башталат (230 млн жыл илгерки эстелик жөнүндө)
964

06-12-2021
Психологиялык терминдерди кыргызчалоо боюнча сунуштар (1-бөлүк)
1188

20-11-2021
«Манастын» прототибин тарыхтан табуу мүмкүнчүлүгү
4933

23-08-2021
"Манасты" "мусулман кылуу" аракетинин актуалдуулугу
1739

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×