Добавить свою статью
27 Июля 2022
Маданият - рухий байлыктын азыркы абалы

Оболу сөз башынан болсун дейли...

Кыргыз кыргыз болгону, ээ качан атка конгону, жер жаралгандан бери бир нече миңдеген жылдардын аралыгында, нечендеген кылымдарды басып өтүп, кырчылдашып, жан аябай кагышып, курама кылып журт кылып, кыргыз атын жок кылбай улутту, тилди, маданиятты, каада-салт, үрп адаттарыбызды көздүн карегиндей сактап, бүгүнкү күнгө чейин келип, көптөн өксүгөн эгемендүү мамлекет болуп өзүбүздүн тагдырыбызга өзүбүз ээ болуп өмүр сүрүүдөбүз. Эгемендүү 30 жыл аралыгында, башыбыздан үч ынкылапты өткөрүп, дүйнө жүзүнө таанымал эл болуп, далайларыбыз биз "кыраан" элбиз деп көкүрөк кактык.

Маданият демекчи, оболу эл башкарган депутаттардын маданиятынан кеп салсак, көзгө басаарлык эч нерсе таба албайсың. Элибиздин маданиятынын деңгээлин эми үч ыңкылап айтып турат, эмне дей аласың? Бул реалдуулук - же 90-чу жылдардын кесепети десек болот.... Анчейин маданият тармагы көп жылдан бери аксап, мамлекеттен колдоого татыбай келгени шексиз. Жыл башынан Президент Жапаровдун колдоосу менен маданият тармагын өнүктүрсүн деп Жарлыгын да, токтомун да чыгарды, айлыктарын көтөрдү, дагы көтөрмөкчү деп кай бир жерден учкул маалымат берилгендей... Анткени менен, жогорудагы жооптууларга маданияттын чордонунда болуп жаткан иштер билинбей, сезилмек турсун, байкалбай да кала берет окшойт.

Учурда Маданият өкүнүчтүү абалга келип калганы ырас. Сөз жупуну же сырттан болуп калбасы үчүн бир нече маселени айта кетишибиз керек. Маданият багытында ондон ашуун мыйзамдар бар. Ар бир маданияттын тармагы боюнча бирден тийиштүү мыйзамы жолго салып турат. Мындан тышкары, толгон токой токтомдору бар жана башкасы. Ошол мыйзамдардын бу күнгө чейин бирөөсү толук иштегенин көрө алган жокпуз.

Эстеликтер тууралуу Мыйзам бар. Негизги багыты мамлекеттеги тарыхый эстеликтерди мамлекеттик коргоого алышы керек. Алыс барбай эле, маданият министрлигинин алдындагы сейил багында жайгашкан эки орус чалдын эстелиги бар. Эми кудай эле өзүн бир сакта, абалын көргүлө, депутаттар маңдайында отурушат. 30 жылдан ашуун каралбай калган. Сулайман Тоо тарыхый борборубуз бар, ордолуу Ош шаарында. Айланасына учурда келсеңер, эми бир өрттөнүп кетип, эч нерсеси жок, куурап калган эски бакча. Мындай көрүнүш Өзгөндө, Чүйдөгү Буранада. Кербендеги комплекске министр өзу өмүрү басып барган эмес болушу керек. Ал жакта жашоо өзүнчө башка мамлекеттей эле.

2. Китепкана иши деген Мыйзам бар. Китепкана бул азыркылардын түшүнүгүндө жөн эле китеп жыйноочу жай. Айыл же райондогу бир китепкананы көз жумуп туруп тандап, барсаңар ...акыркы жолу эсил кайран Пушкиндин китеби менен толукталган. Ичи жөн эле музей. Китепти кармасаң эзилип түшүп калчудай эле. Башкасын айтпай эле коелу.

Музей ишмердиги боюнча Мыйзам бар. Азыркы окуучулар борбордо бир музей, Ошто бир музей бар экенин билет. Калган музейлерге эмне болгон? Ысык-Көлдө жаңы ачылган Курманжан Датка музейине барсаң, кароолчудан башка жан жок. Сыртында советтер союзунан калган кара кулпу илингени илинген.

Кино тууралуу мыйзам бар. Оштогу Кыргызстан деген жакшы кинотеатр бар эле, таш талканы чыгып, азыр бир бизнесмендин колунда. Ичинде эмне болуп жатканын билбейсиң. Бир кызыгып, Кербенден Ошту карай жол жүрүп, Кербендеги кинотетарга барганымда, ал жер кинотеатр болбой калганына 20 жыл болду дейт, чайкананын ээси. Ал жер чайкана болуп, башкарган киши навайчы экен. Анан жүрүп, Өзгөнгө келдик, аты сулуу Айчүрөк кинотеатрынан бир чүпүрөк калбаптыр. Кире бериш жери эле болбосо, кинотеатрдын дайынын жок.

Театр тармагында да Маданият жөнундө деген мыйзамы бар. Бул иштебеген мыйзам дейт Ош драма театрынын кызматкерлери. Интриганын үстүнөн интрига. Чатакташуу. Бул көрүнүш бардык театрларда бар экен.

Жаза берсе арман көп экен. Бул жазгандар жогорудагы айткан кебиме тастыктма болсун.

Маданият бул улуттун уңгусу, келечекке болгон көз карашан. Мамлекеттин бүтүндүгү, коопсуздугу бул биздин маданиятка, тилибизге тыгыз байланышкан, бирине бири ажырагыс системалык бүтүмдүк десек жаңылышпайбыз. Албетте, Маданият бул дотациялык тармак, анчейин кыргыз жакынкы кылымдарда, глобалдашуу шартында башка улуттар менен ассимиляция болуп кетпөөнүн бирден бир кепилдиги. Биздин башкалардан айрымабыз, улутубуз, тилибиз, маданиятыбыз. Муну ар бир кыргыз жараны жүрөгүнө кыт куйгандай куюп алышыбыз керек. Маданият тармагы эки жылдан бери каралбай калганы чындык. Президент аракет кылып, болгон жардамын аябай, жан далбастап шарт түзүп берип жатат. Көрүп турабуз, бирок маданият көп кырдуу тармак болгондуктан, аны башкарып ала кете турган көп кырдуу адам болушу керек.

Биз бүгүн жалаң интриганын, ызы-чуунун арасында калдык. Соттошуу деген маданият үчүн чоочун көрүнүш эле. Азыр бул биз үчүн адатка айлана баштаган жагдай. Аттуу баштуулар элге кызмат кылыш ордунда, Россия менен Казакта жан багып, гастарбайтер болуп жүрөт. Калппы? Жок чындык. Жакшылап карап көрүнүздөр менин жазганым чын болуп чыгарыына өзүнөр баа бересиңер. Мындай көрүнүштү Айтматов 6 уктаса да түшүнө кирген эмес болушу керек.

Күмүш сырга!

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×