Добавить свою статью
3 Августа 2022
Кыргыз саясатынын «походкасы»

Күч адамды чындыгында өзгөртөт тура... Болгондо да, Кудайдын назары түшүп күттүрбөй келип калган күчтү, зоболону көтөрө биле турган билим, терең кишилик, кыйшайбаган адеп болбосо абал чатак болчудай... Демек, күч аны туура башкара алган учурда гана артыкчылык тартуулайт.

Алданган маймыл

Токойдо ажону кетиребиз деген бир ушак жүрүптүр. Аны баамдап калган падыша (арстан) саясат кылып, бир күн бардын жаны-жаныбарды топтоп, карып калгандыгына байланыштуу бийликти каалоочуларга өткөрүп бергиси келгенин айтыптыр. Арстандын кыялын, мүнөзүн токой калкы жакшы билгендиктен бул сунушка эч ким жанаша албаптыр... Чогулушка бир демке болуп маймыл келбей калганын байкаган түлкү, эртеси маймылга барыптыр. «Кыскасы жарасаң бир сен жарайсың... Арстан чогулушта сени аябай мактады, издеди алтургай...» деп, аны бийликке талапкерликке көндүрүптүр. Анан маймыл түлкүгө ишенип, арстандын үңкүрүнө түз эле кирип барып бийликти алгысы келгенин айтыптыр.

Жаныбарлар арстандын үңкүрүнүн оозунда «Эми кандай болор экен?» деп маймылды күтүп олтурушуптур. Эми ал деген арстан да. Бийликтин, күчтүн берген амбициясы бар. Кыскасы «Көрсө сен экен элең да митинг уюштурам деген..» деп туруп, ага кылчусун кылып, экинчи каршы чыкпай турган кылып туруп үңкүрдөн чыгарып коюптур...

Маймыл алданып калганын сезип, ызаланып көчөдө ары- бери теңселип, буттары талтаңдап басып баратса түлкү тийишет имиш «Өө маймыл! Не болду үңкүрдүн ичинен чыгып эле өзгөрүп калдың го?..» деп... Анан маймыл ызалуу тамаша кылып «Ошону айтсаң кысталак. Падыша болгондо дароо эле ушинтип басыштарың өзгөрүп калат экен да көрсө...» деп жооп берген экен...

Кыргыз саясатынын «походкасы»

Чамамда кыргыз саясатынын трагедиясы- дал ошол келип келбей жатып басышы өзгөрүп кала турган «жеңил» адамдардын эптеп, бир «лоторея» болуп жогорку жерлерге келип калганында болуп жатабы дейм... Кыргыз саясатынын нугу тиги эки чоң киши кошулуп, бир канча таасирдүү кландардын эле таасир теңештирмей кылыгына садака чабылып кетип жаткан жок деп ким кепилдик бере алат? Кыргыз саясатындагы жагымсыз иштердин баары эле жаатташып күч сынашкандардын таасиринен улам деп айтуу туура болбостур. Бирок кыргыз саясаты терең, өз абийиринин үнүн уга билген, бир адамга бир тиштем нан жедирүүнү дүйнөдөгү эң ыйык иш катары баамдай алган кишилерге жарды экенин анык эмеспи? Демек, биздин саясий турмуш морт жана жеке «эгонун» таасирине каршы өзүн коргой ала турган механизми жетиштүү эмес...

Демек, кыргыз саясатынын басышы дал ушул жаатташуунун, күч сынашмайдын, «чоң» боло калуу деген түбү жок арзуунун таасиринен талтаңдап басып калып, башкаларга шылдың болуп жүргөн болбосун?..

Султан Сулаймандай ажо

Өткөндө бирөө менен сүйлөшүп калдым. Учурдун бийлигине такыр ичи чыкпай, «Бизге Султан Сулаймандай президент керек...» дейт. Себеби айтылуу сериалды көрүп, Сулаймандын мамлекеттин кызыкчылыгы, стабилдүүлүгү үчүн өз уулуна кыйган жерин көрүп тан берген экен...

Жакшы падышаны барыбыз эле каалайбыз. Бирок «Дал ошол татыктуу аткаминерди тандап ала турган, аларды барктап, колдоп ала турган коомдук катмар барбы бизде?» деген суроонун жообун тактабай туруп, президент тандаган канчалык орундуу?

Андыктан «Биз аң-сезимдик, маданий жактан кебетебизди оңдобосок, бул кетиште «Султан Сулайман» насип болушу кыйын болуп турат. Агартуу жаатында олуттуу жылыштар болмоюн бул тагдыр өзгөрбөйт. Кошо алсаңыз болушунча агартуу жаатына салым кошуңуз жана азырынча учурдагы аткаминерлер менен тиричилик кылып туруң...» дедим анан.

Мыйзамчыл Сулайман бир гана уулун садака чаба алгандыгы менен өрнөк эмес. Менимче «оорукчан» эгосуна чылбырды эбак тарттырып ийген учурдун бир топ аткаминерине сабак болчу дагы көп окуясы бар...

Сулайман империя башкарган киши болгон эмеспи?.. Бирок буга карабай жеке эгосу, напси менен дайыма алпурушуп жашагандыгы, аны дайыма тизгиндегенге аракет кылып жашагандыгы маалым. Атасынын «...Напсиңди өлтүр Сулайман. Антпесең напсиң сени өлтүрөт. Абийириң- сенин кыбылаң болсун!..» деген насааттарын эстеп жүргөндүгү өзү муну даана көрсөтүп тургандай...

1526-жылы 29- августта Мохаж согушунда Сулаймандын бул жааттагы кылдаттыгын дагы бир жолу көрүүгө болот. Анткени, тарыхтан маалым болгондой, бул кармашты ошол учурдун аналитиктери жок дегенде 4-5 айга созулат деп божомолдошкон. Анткени эки тараптын аскердик күчү, даярдыгы ошого жете турган абалда болгон.

Кызыгы Осмон империясы болгону бир канча саатта Венгер армиясын талкалап койгонго жетишкен. Бир версия боюнча мына ошондо аскерлердин жасатына толгон согуш майданын аралаган Сулайман, текеберленип өзүнүн эгосуна, напсине жеңилип калбаш үчүн, аскерлерине бир көр каздырып ошонун ичине кирип бир кыйла жаткандыгы айтылат. Өлүмдү, барар жерин эстеп, бардык нерсенин сурак-жообу болорун эстеп, унутуп текеберленип кетпеш үчүн кылган.

Философ ажо

Негизи, тарыхтан сабак алуу чоң мааниге ээ. Ачыгы, мындан беш кылым мурда жашап өткөн падышанын адебине бүгүн шилекей агызып отуруу- тарыхтан дарс алуу дайыма эле алдыга карай улана бербешин көрсөтүп тургансыйт. Дарс албагандын айынан өткөөл зоболонун салмагы «империяга» ээлик кылып тургандай сезилип баратабы дейм...

Мамлекеттин эң жогорусунда турган кишилердин арзыбаган себептер менен араздашуусунан, атааңдашуусунан арылуу- туура адамдарды тандап/шайлап алуу менен гана мүмкүн болорун тарых далай жолу далилдеди.

Дал ушул жерден белгилей кетчү нерсе, мамлекет башчысы билимдүү болуш керек экенин баарыбыз айтабыз. Бирок кимдин билимдүү экени туурасында ойлорубуз ар түрдүү. Жана бүгүнгө чейин экономист, юрист, физик деген сыяктуу так, статикалык кесиптин ээлери билимдүү жана элди ушулар кыйратып башкарат деген ой пропагандаланды. Эң аянычтуусу гуманитардык предметтердин салмагы бул жерде да өгөйлөндү, баркталбады. Мисалы, кыргыз тили жана адабиятын же философия, филология окугандыгы үчүн сыймыктанган канча студент көрдүңүздөр? Же дал ошол гуманитардык тармакты жакшы өздөштүргөн балдарга көзү күйгөн канча киши бар биздин коомдо? Канча киши доктур, адвокат же бизнесменге эмес ырчы, акын, искусство чеберине бергиси келет?

Аныгында адамдык сапатты тикелеп, аны терең киши кылып турган илим бутактары мына ушулар эле го. Бизде экономист башка келсе байыйбыз, аскердик тармактын кишиси келсе күчтөнөбүз, чарбадар бирөө келсе айыл-чарба өнүгөт деп үмүт артылды. Натыйжа эмне болгону баарыбызга маалым.

Бирок бир да жолу ыр жазган, кайгылуу ыр сапты укканда ыйлай алган, эң курч юморду укканда тан берип күлө алган, кептин, идеянын таасирине таазим эте алган терең кишилерге мүмкүнчүлүк берилбей келет. Мындай кишилерди бир сөз менен «философтор» деп атап койсо болот. Анткени, дал ошол гуманитардык илимдердин, дегеле илимдердин бары философия экени маалым. Бир иштин техникалык жагын билүү башка, ал эми дал ошол өнөрүн элдин пайдасына сунгандан ырахат алуу башка нерсе...

Балким Платон дал ушулардан улам идеалдуу мамлекет башчысы философ болууга тийиш дебеген чыгар... Мына ошол кишилер бийиктеген сайын тереңдегенди билген адамдар. Балким мына ушундай кишилерден жеке эгосунун каалоолоруна мамлекеттик машинанын мүмкүнчүлүгүн садака чаппаганды күтүүгө болоттур...

Андыктан тарыхты билген, философия окуган, ыр жаза алган, театрга баргысы келип турган, музыка уккусу келген кишини тандай албаган коом, саясий төбөлдөрүнөн улам башына түшкөн күн үчүн ызаланууга, кайгырууга моралдык укугу жок деп ойлойм...

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

30-08-2021
"Кусундулар" кайда кетип жатат?
2934

19-07-2021
Жасалма «коомдук пикир» узака жыргатпайт
5064

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×