Добавить свою статью
29 Июля 2022
Кыргыз элинин улуттук баалуулуктары жана жаштарга билим, тарбия берүүдөгү көйгөйлөр жөнүндө

Кан-жаныбыз менен жуурулушуп, жашообуздун, аң-сезимибиздин, акыл-ой дараметибиздин негизги руханий азыгы катары кызмат кылып, ондогон кылымдар кыргыз эли башынан кечирип келген ар кандай оор заман шарттарына карабай сакталып, муундан-муунга өтүп келаткан улуттук мүнөзүбүз, жашоо образыбыз аркылуу жеке өзүбүзгө гана таандык болгон улуттук өзгөчө терең философиябыздан, карт тарыхыбыздан даана кабар берип турган баалуулуктарыбыз – түптүү улуттук маданиятыбыздын өзөгү, улуттук байлыгыбыз.

Кыргыз элинин улуттук баалуулуктары анын алгач өзүнчө уруу, андан кийин улут катары калыптана баштаган биздин заманга чейинки экинчи кылымдан тарта улуттун гана эмес, жалпы көчмөндөр маданиятынын түптөлүшүнө, өсүп-өнүгүшүнө жана жайылышына өз салымын кошуп келгендиги тарых барактарынан кеңири маалым.

Кол жазмасы менен окумуштуулардын тар чөйрөсү гана кабардар болгон, чыгыш таануу жана этнография илимдери боюнча дүйнөгө кеңири белгилүү окумуштуу, XIX кылымдын аягындагы орус илимий чөйрөсүнүн көрүнүктүү өкүлү, Россия империясынын Географиялык коомунун анык мүчөсү Н.А.Аристовдун жүздөгөн жылдардан бери басылбай, архив текчелеринде катылып жатып, 2001-жылы гана жарык көргөн «Усундар жана кыргыздар же кара-кыргыздар» аттуу фундаменталдык эмгегинде кыргыздар жана алардын мамлекети тууралуу эң алгачкы эскерүүлөр хунндардын ажосу Модэ баатыр башкарып турган түндүк жерлеринин катарында Динлин (Түштүк Сибирди жердеген байыркы эл) менен бирге Гэгунь (Енисей кыргыздарынын түпкү ата теги, кыргыз этнонимин түшүндүрөт) да белгиленери жана ал мезгил биздин заманга чейинки 209-201-жылдарга туура келери баяндалат.

«Шин Цзи» летописинин автору, кытай тарыхынын атасы Сыма Цянянын маалыматтарында – хунндар түндүктө (б.з.ч. 99-ж.) Гегунь хандыгын өздөрүнө багындырышканы, гегундарды кытай жана европа тарых изилдөөчүлөрү кыргыз этноними менен байланыштырып келишкени тууралуу айтылат. Сыма Цяня, кыргыздар ошол кезде эле өз алдынча мамлекеттүүлүккө ээ болушканын, алар ээлик кылган этникалык аймак чыгышта – Байкал көлүнө, батышта – Иртыш, түштүктө – Монголия жана түндүктө – Красноярскийге чейин жетип, коңшу өлкөлөргө өктөмдүү таасир эте алуучу күчтүү аскердик даярдыкта турушканы белгиленет.

Өткөн кылымдын 50-60-жылдарында Германиянын архивдик материалдарынын негизинде иштелип чыккан белгилүү немец окумуштуусу Шолборгдун картасында кыргыз империясы (kirgisen reich) биздин замандын IX-XI кылымдарында батышта – Франция, Италия жана Греция мамлекеттерине чейинки аралыкка ээлик кылгандыгы көрсөтүлөт. Ал эми, бүгүнкү кыргыз тарых изилдөөчүлөрү ата-бабаларыбыздын түндүк Индиядан – Урал тоолоруна, Кара-Деңизден – Алтайга чейинки аймакка бийлик жүргүзгөн мезгилдерин далилдешүүдө.

Мына ушундай кеңири чөлкөмдө бирде чабылып, чачылып, бирде кайрадан курчуп, улут келечеги үчүн жан аябаган күрөшүүлөрдүн натыйжасында мамлекеттүүлүгүн жоготпой, мезгил-мезгили менен көчүп-конуп жашоо өткөрүүгө мажбур болушкан улуу муун өкүлдөрү улуттук баалуулуктарды аздектеп сактап, кылымдардан-кылымга улам кийинки муунга мураска калтырууну ыйык милдет катары карашкан.

Советтер союзу урагандан кийинки эгемендик жылдарында унутулуп бара жаткан улуттук, маданий, баалуулуктарыбызды жана дөөлөттөрүбүздү кайрадан калыптандыруу, өнүктүрүү, жайылтуу иштеринин колго алына баштаганы жакшы саамалыктардан болуп калууда. Ал эми, акыркы жылдарда, Кыргызстандын демилгеси менен көчмөндөр оюндарынын эл аралык деңгээлде өткөрүлүүсү көчмөн элдердин маданиятын жайылтууга жана дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурууга жаңы шарттарды түздү.

Кылымдарды карыткан кыргыз тарыхынан белгилүү болгондой, күтүүсүз катылган жоого каршы ар дайым даярдыкта болуу, аскердик, коргонуу маселелерин акылгөйлүк жана тапкычтык менен ыкчам чечүү жолдорун издөө сыяктуу эле, көчүп-конууда көп убакытты жана убаракерчиликти талап кылбаган, бир мык да колдонулбай жасалып, курганга да, жыйнаганга да, көчкөнгө да өтө оңтойлуу, жайда салкын, кышында жылуу температураны камсыз кылган, жашоого абдан ыңгайлуулугу менен айырмаланган боз үйлөр баш болгон кыргыз кол өнөрчүлүгүнүн өзгөчө үлгүлөрү көргөн адамды көңүл кош калтырбаса, көк бөрү, эңиш, күрөш, жамбы атмай, ордо, бүркүт салуу, ат чабыш, жорго салыш жана башка ондогон улуттук оюндар кыргыз жигиттеринин жалтанбастыгынан, чабандестигинен, ата журтун коргогон баатырдыгынан, эрдигинен кабар берет, улуттук нарк-насил, каада-салт маданиятын чагылдырган – көч тосуп алуу жана узатуу, кудалашуу, кыз узатуу, кыз баланы да, уул баланы да жаш курагына жараша кийиндирүү, наристени бешикке бөлөө, жентек берүү, тушоо кесүү, отургузуу, конок тосуу салттары менен катар элибиздин өзгөчө меймандостугу, сөздү сыйлоо, барктоо, урматтоо, сөзгө маани берүү, таамай, калыс айтылган сын сөзгө сынуу сапаттары, ак таңдай акындарыбыздын, күнү-түнү чарчабай айткан манасчыларыбыздын, көөдөндөн жамгырдай төгүп ырдаган төкмөлөрүбүздүн, жагымдуу обон созгон ырчыларыбыздын өнөрлөрү, уул-кыздардын улууну урматтап, кичүүнү сыйлаган астейдил адептүүлүгү, каадалуу, нускалуу карылардын даанышмандыгы жана башка улуттун улуу касиетин көргөзгөн уңгулуу үлгүлөр биздин эсибизге бул баалуулуктар аркылуу өсүп келе жаткан жаш муунга тарбия берүү, алардын аң-сезимине, улуттук баалуулуктардын өзгөчө баалуулугун жеткирүү, адамдын дүйнө таанымынын калыптануусуна тийгизе турган тарбиялык маани-маңызын түшүндүрүү зарылдыгы талап кылынарын салып турат.

Мындан улам, бул миссия бүгүнкү күндө кандай аткарылып жатат, биз балдарыбызды туура жолго баштоого, коомдук, инсандык, жарандык маданиятка сыйбаган ар кандай терс көрүнүштөрдөн оолак болууга, жакшы менен жаманды, ак менен караны даана айырмалай билүүгө, адеп-ахлак, ыйман эрежелерин сактоого үндөп, түрткү болууга кудуретибиз жетип жатабы деген табигый суроо туулат.

«Балапан уядан эмнени көрсө – учканда ошону алат» дегендей, баланы адептүү, ыймандуу болууга тарбиялоонун башаты – үй бүлөө. Бирок, ыйман, адеп-ахлак касиеттерине караганда ар кандай айла менен акча табуу маселеси үстөмдүк кылып турган базар экономикасынын шарттарында көпчүлүк ата-энелер, алардын жүрүм-турумдары, кылык-жоруктары, интеллектуалдык жана инсандык маданият деңгээлдери балдар үчүн абдан чоң мааниге ээ экенин унутта калтырышууда. Материалдык кызыкчылык баарынан жогору турары жөнүндө саймедиреп, мыйзамсыз жолдор менен байлык таап, керек болсо, бийлик чөйрөсүнө аралашууга жетишип жатканына маашырланган, эртели-кеч балдарына китеп окуп, жомок айтып берүүнү кой, өзү өмүрүндө китеп бетин ачып көрбөгөн, байлык, бийлик гана жакшы жашоо деңгээлинин көрсөткүчү экенин баса белгилеп, материалдык кызыкчылыкты баарынан жогору коюуга багыттаган, аларды «бактылуу болууга эмес, бай болууга» үндөгөн, материалдык байлык менен ички дүйнө байлыгынын айырмасы асман менен жердей экенин туюп-сезе албаган ата-эненин тарбиясын алган жаштардын жан дүйнөсү – тазалык, ыйман, калыстык касиетине жана билим, акыл үрөөнү уялаган руханий азыктарга ээ болоруна ишеним артууга мүмкүн эмес. Анткени, акыл-ой, руханий көрөңгөсү, маданият, билим деңгээли кийген кийиминен, салган үйүнөн, минген машинесинен, сөйкө-шакегинен, жеген тамагынан арзан инсандардан жаш муунга үлгү болчу жагымдуу жагдайларды үмүт этүүнүн өзү – акылсыздык.

Балдарга мектепке чейинки тарбия берүүнүн, башталгыч, орто мектептерде жана жогорку окуу жайларында окутуунун сапатынын кескин начарлаганы жөнүндө коомчулуктун дембе-дем коңгуроо кагып жатышы да бекеринен эмес. Тарбия иштери адегенде ата-эненин, андан кийин гана бала бакча, мектеп, коомчулуктун жана мамлекеттин милдети экени, комдук маданият абалын даана көрсөтүп туруучу таасын барометр – жаштардын билим деңгээли боло турганы унутта калып жатканы өкүндүрбөй койбойт.

Базар экономикасынын шарттарын дадил өздөштүрүүгө умтулуунун ордуна, тескерисинче, ага түркөй мамиле жасаган, бекер оокат табуу аракетинде одоно мыйзам бузууларга жол берген айрым адамдардын балдар аларды карап өсүп жаткандары менен иштери да жок. «Атаны көрүп – уул, энени көрүп – кыз өсөт» деген макалдын мааниси жоголуп барат бүгүнкү күндө. Кимдир бирөөлөрдүн кандайдыр бир көкүрөккө жагымсыз, коомго жат жосундарына туш болуп, же андай нерселер жөнүндө кулактары чалып калган учурларда: «Э, кокуй, бул кандай уятсыз, эл укса эмне дейт» деп улуу кишилердин кейигендерин угуп калар элек бала кезибизде. «Эл» деген сөз кошуна-колоң, айыл-апа, жаш-кары, аял-эркек, уят-сыйыт, нарк, касиет, абийир, намыс деген түшүнүктөрдүн баарын өзүнө камтычу. Эл алдындагы жоопкерчилик, адамдык, жарандык милдетти аткаруу, элден жалтануу, ийменүү, тартынуу, элди сыйлоо, урматтоо баарынан бийик экенин туюндурчу. Бул каймана айтылган сөз адамдын канчалык деңгээлде ыймандуу, маданияттуу экенинен кабар берчү да, коомго жат жорукту жасоо уят, маданиятсыздык боло тургандыгын дароо эске салчу. А бүгүнчү? Бүгүн, тилекке каршы, элден эч ким уялбай калды... Жарандык, коомдук маданият, ыйман, этика чегине сыйбаган – уурулук, паракорлук, сойкулук, эки жүздүүлүк, абийирсиздик, алдамчылык, карөзгөйлүк, жоопкерсиздик, текеберчиликтен – киши өлтүрүүгө чейинки терс көрүнүштөр кадимкидей көнүмүш адатка айланып барат.

2000-жылдары КТРдин кайсы бир берүүлөрүнөн жаштарга билим, тарбия берүүдөгү көйгөйлөрдү иликтөөгө байланыштуу сурамжылоо жүргүзүп жаткан тележурналисттин заманыбыздын залкар ойчулу Ч.Айтматов, атактуу обончу, ырчы Р.Абдыкадыров жөнүндө берген суроосуна он төрт, он беш жаштардагы уландын «Ч.Айтматов белгилүү обончу, ал эми Р.Абдыкадыров акын, төкмө» деп жооп берип зеен кейиткени али да эсимде. Мындай чыгаан инсандардан кабары жок жаштардын дүйнөлүк адабият, музыка жана башка искусство тармактарынан тап такыр кабарсыз экени айтпаса да түшүнүктүү эмеспи…, мектеп босогосун аттабай, күнүмдүк оокат үчүн алпурушуп жүргөн бул уландын акыбалы жүрөк оорутарлык эле. Мектепти бүтүрүп жатса да сабаты жоюлбаган жаштардын көбөйүп жатышына көңүл бөлүнбөгөн, сабатсыздык – мамлекет коопсуздугуна түздөн-түз таасир этүүчү көйгөй экенин эске албаган коомдо ар тараптуу өнүгүүнүн болуусу күмөн жаратпай койбойт.

Тилекке каршы, бүгүнкү замандын балдарынын бала-бакча, мектеп, жогорку окуу жайларынан, көбүнесе, соодалашуу, жалган айтуу, мыйзамсыз иш аракеттерди жасоого баруу сыяктуу терс көрүнүштөргө күбө болуп жатышканы адаттагы эле көрүнүштөрдөн болуп калганы да ачуу чындык. Советтер Союзунун убагында түшкө да кирбеген «мектеп рекети», «окуучулар арасындагы кылмыштуулук», «мектеп бизнеси», «мектеп салыгы» «мектеп жашындагы сойкулук» деген терминдердин пайда болушу – мектептердеги балдарга тарбия берүү сапатынын кескин төмөндөшүнөн улам окуучулар арасында ыйман, адеп-ахлак касиеттеринин болуп көрбөгөндөй жакыр абалга жеткенин, мугалим – окуучу – ата-эне ортосундагы тыгыз педагогикалык, психологиялык байланыштын ажырымын, жарандык жана инсандык маданият баалуулуктарынын баасынын күндөн-күнгө азайып бара жатканын далилдеп турат.

Өспүрүмдүн дүйнө таанымын калыптандыруу, аң-сезимин өстүрүү үчүн аларды китеп окууга үйрөтүү абдан чоң мааниге ээ экенин эстен чыгарбоо абзел. Сыйкырдуу китеп дүйнөсү менен аралаша өскөн баланын акыл-эси зирек, руханий көрөңгөсү бай болору эч качан күмөн жаратпайт. Эмне үчүн айрым улуттун өкүлдөрү, айталы, еврейлер же жапондор балдары эстерине кирип, кат тааный баштаган күндөн тарта жомок китептерди окууну, андан соң поэзия, музыка, сүрөт жана башка искусство түрлөрү менен алектенүүнү адат кылуусуна өзгөчө көңүл бөлүшөт, баланын болор-болбос эле ийгилигин чоң жетишкендик катары баалап, «андан өткөн акылдуу эч ким жок» экенин баса белгилей мактап, анын аң-сезиминин өнүгүшүнө кам көрүшөт, эгерде кайсы бир суроого жооп бере албай калса урушпай, тилдебей, уяткарбай, «албетте, сен аны жакшы билесиң да, мындай эмеспи» деп жардам бере салышат. Анткени, алар балдарынын билимдүү, аң-сезимдүү, маданияттуу, таалим-тарбиялуу булуп өсүүлөрүн каалашат жана балага ишеним көрсөтүү – анын ийгиликке жетишине жол ачарын эң жакшы түшүнүшөт. А биз, эмне, балдарыбыздын акылдуу, адептүү, билимдүү болушун каалабайбызбы, албетте каалайбыз, бирок ал үчүн талыкпай аракет кылууга, дайыма көңүл бөлүүгө, атайын убакыт коротууга сараңбыз. Эптеп эле аман-эсен чоңоюшса, «калган ырыскысын кудай өзү берет» деп, камырабай бардык жоопкерчиликти Жаратканга жүктөй салабыз. Бирок, мөмөлүү дарактан жакшы түшүм алуу үчүн анын түбүн күндө жумшартуу, зарыл учурда сугаруу, керектүү жер семирткичтер менен азыктандыруу, ашыкча бутактарын кыркып, ооруп, куурай баштаган жалбырактардан, зыянкеч курт-кумурскалардан арылтып туруу үчүн кандай аракет талап кылынса, баланы татыктуу тарбиялоо үчүн да саат сайын, күн сайын ошондой эмгек, аракет кылуу зарылдыгын эсибизге албайбыз, алар тез эле акылдуу, жакшы балдар болуп чоңойо калышса деп кыялданабыз. А эгер, ал үмүттөр акталбай калса, кемчилигибизди моюнга алып, кеч боло электе аны жоюуга аракет жасабайбыз. Ошондуктан, көпчүлүгүбүздүн балдарга жөрөлгөлүү тарбия берүү менен алардын татыктуу өсүүлөрү, турмуштан өз орундарын табуулары үчүн эмне жарыган эмгек кылганыбызды эстей албай эсибиз кетет…

Жарытылуу эмгек маяна алууга жетише албай кыйналган айылдык тажрыйбалуу, кесипкөй мугалимдердин соода-сатык менен алектенип оокат-тиричилик өткөрүү ниетинде республиканын шаарларына, чет өлкөлөргө кетүүгө аргасыздыктары мектептерде олуттуу көйгөйлөрдүн пайда болушуна, окутуу сапатынын кескин түрдө начарлашына алып келди жана анын кесепети – мектептер коомдогу өзгөчө социалдык мааниге ээ мекеме экенин унутта калуусуна себеп болууда. Ошондуктан, жаштардын билим, тарбия деңгээли – мамлекеттин өнүгүү абалынын айкын көрсөткүчү, жаштары билимдүү, тарбиялуу жана ыймандуу өлкөнүн келечеги кең экенин эске алынып, бүгүнкү бийлик тарабынан акыркы убактарда мугалимдердин социалдык абалын жакшыртуу, айлык акыларын көбөйтүү, окуу процессинин сапатын жогорулатуу, адискөй, тажрыйбалуу, уюштуруучулук деңгээли жогору окутуучулардын арасынан мектеп директорлугуна татыктууларды тандап алуу аркылуу олуттуу өзгөрүүлөргө жетишүү максатында реформалык иш чараларды ишке ашыруу үчүн жасалып жаткан аракеттер – өлкөдө жалпы билим берүү системасынын сапатын жакшыртууга, мугалимдер арасындагы миграциялык агымды токтотууга белсенүүнүн белгиси.

Эгерде, балдар тестиер кездеринен улутубуздун көөнөрбөс байлыгы – улуу «Манас» эпосунан баштап, турмуштук эпизоддорго бай, тарбиялык мааниси терең элдик фольклордук чыгармалар жана улуттук, классикалык адабият үлгүлөрү менен кабардар болушуп, комуз, кыяк, чоор күүлөрүнүн жүрөк толкуткан, сезим байыткан сыйкырдуу дүйнөсү менен аралашып, кыргыз элинин карт тарыхын, кол өнөрчүлүгүн, элдик, улуттук оюндарын, көркөм өнөрүн, каадалуу салт-санаасын, үрп-адатын, маданиятын таанып-билүүгө, үйрөнүүгө кызыгып, ынтызарланып, ыйман жолун ыйык сактоону көкүрөктөрүнө түйүп чоңоюшса, анда, алардын арасында бүгүнкү күндө жол берилип жаткан терс көрүнүштөрдөн алда-канча оолак болууга, андай жагдайларга сын көз менен кароого мүмкүнчүлүктөрү кеңири болору шексиз эле.

Улуу октябрь социалисттик революциясынын жол башчысы, коммунисттик идеологиянын негиздөөчүлөрүнүн бири В.Ленин, бир коомдо жашап туруп, андагы окуялардан жана өзгөрүүлөрдөн сыртта калуу мүмкүн эместигин даана белгилегендей, жогорку окуу жайларында окуп жаткан жаштардын ата-энелери алардын билим алуу деңгээлинин сапаты менен жакшы кабардар жана студенттердин айлап, жылдап сабак калтыруулары адаттагыдай эле көрүнүш экенин, мындан башка да жашырылбай-жабылбай эле жасалып жаткан коом үчүн, жаштардын келечеги үчүн өтө зыяндуу көйгөйлөрдүн өкүм сүрүп турганын жакшы билишет. Аларды жоюунун зарылдыгы тууралуу коомчулук тарабынан, расмий бийик трибуналардан байма-бай айтылып келатканы менен иш жүзүндө ага каршы максаттуу, натыйжалуу чаралар көрүлбөй, паракордук, коррупция көрүнүштөрү өсүп жатат.

Эгерде, билим берүү тармагындагы мыйзам бузуулар ушундай темп менен өсүп олтура турган болсо, анда, жакынкы жылдарда өлкөдө билимсиздердин саны бүгүнкүдөн да көбөйүшү талашсыз. Демек, билим берүү тармагында кезигип келе жаткан зыяндуу көрүнүштөрдүн алдын алуу, аларга жол бербөө жана түп-тамырынан жоюу үчүн мамлекеттик деңгээлдеги чечкиндүү, максаттуу иш чараларды көрүү зарылдыгы күн тартибинде турганын түшүнүү абзел.

Жоробек Борбодоев,

саясий илимдердин доктору

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

12-02-2024
Кыргызстандын жаны геосаясий кырдаал шарттарындагы дипломатиялык ишмердуулугу тууралуу
764

12-01-2024
Кыргыз музыкалык маданиятындагы Рыспай Абдыкадыровдун феномени
1740

29-11-2023
Жаңылануу, тазалануу, коорупция менен күрөшүү жөнүндө
683

09-11-2023
А.Масалиевдин 90 жылдыгына карата
1768

09-11-2022
Өткөндөн сабак алуу жана бүгүнкү реалдуулук жөнүндө
1702

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×