Добавить свою статью
1 Августа 2022
Ахмаджон акеден алгы сөз

Өгүнү Өзбекстандан “Шоро-Башат –менин бешигим” аттуу китебим жарыкка чыкты. Азыноолак чыгарамаларымды которууга, кирилл жана латын ариптерине көчүрүп даярдоого, басууга катышкан баардык калемдеш, кесиптештериме, албетте, чын дилимден сызылган ракматымды айтам. Асыресе, алардын арасынан береги жыйнагыма жылуу баш сөз жазып берген Ташкендик таанымал жазуучу, Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык академиянын мүчөсү, Өзбекстан Улуттук университетинин алдындагы “Чыңгыз Айтматов жана Өзбекстан” илимий борборунун жетекчиси, “Жахон адабиёти” (“Дүйнө адабияты”) журналынын башкы редактору Ахмаджон аке Мелибаевге айрыкча ыраазы болдум.

А.Мелибаев биздин Ала-Бука районунда туулуп, орто мектепти бүтүрөт. Анан Ташкент Мамлекеттик университетинин журналистика факультетинде окуйт да, өмүрүн, тагдырын Өзбекстандын борбору менен байланыштырат. Адегенде гезит редакциясына орношуп, туңгуч аңгемелерин жарыялайт.

Калемгер советтик доордо “Өзбекстан адабияты жана искусствосу” жумалыгын башкарган. Кийинчерээк Өзбекстан Республикасынын Президентинин Мамлекеттик кеңешчиси (маданият маселелери боюнча), Мамлекеттик кеңешчинин басма сөз маселелери боюнча орунбасары кызматтарында эмгектенет. Ал эми 2004-2010-жылдары жогоруда аталган басылмага кайрадан башкы редакторлук кылат.

Ал кишини анча-мынча тааныган жайым бар. Токсонунчу жылдары маркум Турсунбай Адашбаев экөө Ошко келип, үч-төрт күн жүрүп кеткен эле. Арийне, ошондогу чыгармачылык жолугушуулар, аския-тамашалар, дегеле, Ахмаджон Мелибаевдин жеке чыгармачылыгы, инсандык касиети жөнүндө да бир учурда кенен-чонон сүйлөшө жатарбыз. Азыр эсе кеп башкада.

Ахмаджон акенин алгы сөзүн эскербедими. Бир чети аны ушул китептин мукабасынын ичинен көрүү деле жетиштүү. Күчүмө күч кошот дегендей. Бирок, жакшылап баамдасам, анда камтылган ойлор жалгыз гана мага эмес, жалпы улуттук адабиятыбызга тийешелүү экен. Андыктан текстти баштан-аяк кыргызчалап, окурмандарга сунуштоону туура таптым.

***

АДАБИЙ БАЙЛАНЫШТАРДЫН КЕҢ МЕЙКИНИ

Өзбек-кыргыз адабий байланыштары узак жылдык тарыхка ээ. Мындай байланыштар он тогузунчу кылымда кеңири өнүгө баштайт. Ош, Анжыян, Намангандагы медреселерде өзбектер менен бирге кыргыз окуучулары да сабак алышкан. Туңгуч кыргыз гезити “Эркин Тоо” Ташкенде басылган эле. Медреселердин окуучуларынын арасынан кийинчерээк Алдаш Молдо, Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Тоголок Молдо, Нурмолдо, Осмоналы Сыдык уулу, Ысак Шайбеков, Абылкасым Жутакеев сыяктуу ондогон таланттуу адабият өкүлдөрү өсүп жетилди. Ташкенде уюшулган Орто Азия Мамлекеттик университетинде (азыркы Улуттук университет) көптөгөн кыргыз жаштары таалим алышкан. Алардын ичинен таанымал акын жана жазуучулар, чоң окумуштуулар чыккан.

Кыргыз эл жазуучусу Аалы Токомбаев мындан жетимиш жыл мурда Алишер Навои жөнүндө илимий макала жазып, “Лейли менен Мажнун” дастанын кыргызчага которуп жүргөн котормочуларга баш-көз болот. Устатыбыз Миртемир, Султан Акборий, Турсунбай Адашбаев, Зухриддин Исомидинов Чыңгыз Айтматов мухитке салыштырып айткан “Манас” эпосун өзбек тилине таржымалоого татыктуу салым кошушту. Иляс Муслим кыргыз прозачысы Касымалы Баялиновдун “Ажар” повесттин, Түгөлбай Сыдыкбековдун “Биздин замандын кишилери”, “Тоо балдары” жана “Тоо арасында” аттуу үч романын өзбек тилине оодарды. С.Эралиев, С.Жусуев, Ш.Абдыраманов, Т.Касымбеков, Мар Байжиев, О.Ибраимов, Ж.Мамытовдун чыгармалары өзбек китеп сүйүүчүлөрүнүн колуна тийди.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын өзбекчеге которуу боюнча жооптуу ишке Асил Рашидов, Иброхим Гафуров, Сүйүн Караев, Абдураим Атаметов, Махкам Махмудов, Набижон Бокий, Ёкубжан Хужамбердиев жана башкалар олуттуу үлүш кийиришти. Өз кезегинде кыргызстандык окурмандар Айбек, Гафур Гулом, Хамид Алимжон, Зулфия, Асхад Мухтор, Миртемир, Шараф Рашидов, Өткүр Хашимов, Эркин Вохидов, Абдулла Арипов, Насир Фозилов жана башка калемгерлердин чыгармачылык үлгүлөрү менен ыракаттанып таанышышты. Эки элдин адабий байланыштарын бекемдөөдө акын жана котормочу Турсунбай Адашбаевдин эмгеги зор.

Назарыңыздарга сунушталып отурган береги китепте дагы кыргыз улуттук адабиятынын таанымал өкүлдөрүнүн бири, таланттуу жазуучу, чыгаан публицист жана тажрыйбалуу котормочу, Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Абибилла Пазыловдун өзбек тилине таржымаланган чыгармалары орун алган.

Жазуучунун “Түштүктөн кат” деген аңгемесинде чоң энесинин демилгеси жана жардамы менен алыстагы апасына сагыныч жана мээрим толо кат жолдогон тогуз-он жаштагы тестиер баланын ички рухий ой толгоолору чебер чагылдырылат. “Бир мертебе Бишкекете” (өзбекчеси “Соддагина Солия” –“Жөпжөнөкөй Салия” – А.П.) пьеса-аңгемесинде болсо жазуучу Чырмаш жана Салия ысымдуу каармандардын алгачкы махабат сезимдерин кызыктуу таризде сүрөттөйт.

Жогоруда аталган чыгармалар өткөн кылымдын токсонунчу жылдарында өзбекчеге которулуп, Ташкент жана Ош шаарларында басылган басма сөз каражаттарына жарыяланган. Булардын белгилүү жазуучу, котормочу маркум Турсунбай Адашбаев жана оштук журналист Мухаммаджон Орунбаев тарабынан мыкты таржымаланганы шек жаратпайт.

Ошондой эле жыйнакта автордун улуу жазуучу, таанымал ойчул жана коомдук ишмер, өзбек калкынын чыныгы досу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык ишмердүүлүгүнө арналган адабий изилдөөчүлүк макалалары дагы бар.

А.Пазылов 2018-жылы Ташкенде чыккан Чыңгыз Айтматовдун өзбек тилиндеги чыгармалар жыйнагына Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев тарабынан жазылган кириш сөздү кыргыз тилине которуп, басма сөзгө жарыялаган. Ошол макала кошуна кыргыз элинде жалпысынан канааттануу менен кабыл алынып, азыркы учурда өзбек-кыргыз адабий алакасын бекемдөөгө салмактуу салым кошуп келетат.

Автордун айрым аңгеме, эссе жана ырлары орус, белорус, азербайжан, фарси, кытай, алман тилдерине которулган. Асыресе, 2020-жылы жазуучунун прозалык китеби Санкт-Петербург шаарындагы “Родные просторы” басмасынан жарык көрдү.

Бүгүн өзбек жана кыргыз китеп сүйүүчүлөрүн эки бир тууган калктын жазуучуларынын, акындарынын жана публицисттеринин олуттуу чыгармалары менен тааныштыруу чыгармачыл зыялылардын орчундуу озуйпасыдыр. Өзбекстанда басылган “Жахон адабиёти” адабий-көркөм журналы өз беттеринде кыргыз адабиятынын эң жакшы үлгүлөрүн такай жарыялап турууну колго алган. Кыргыз жазуучу жана акындарынын өзбек тилиндеги көптөгөн чыгармалары Асил Рашидов, Иброхим Гафуров, Турсунбай Адашбаев, Абдураим Атаметов, Зухриддин Исомидинов жана башка сөз чеберлери тарабынан билгичтик менен которулуп келе жатканы урмат-сыйга татырлык.

“Жахон адабиётинин” 2018-жылдын ноябрь айындагы саны Кыргызстанга арналып, анда Зухриддин Исомиддинов которгон «Манас» дастанынан үзүндү, ошондой эле Сооронбай Жусуев, Салижан Жигитов, Надырбек Алымбеков жана Акбар Рыскуловдун кээ бир чыгармалары Турсунбай Адашбаев, Зухриддин Исомидинов жана башкалар тарабынан өзбекчелештирилген. Жанагы санда жаш изилдөөчү М. Мухаммадаминованын “Чыңгыз Айтматов жана көркөм искусство” аттуу макаласы да орун тапкан.

Журналдын 2020-жылдагы март санында академик Абдылдажан Акматалиевдин “Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгындагы адам жана Ата Мекен маселелери” деген аналитикалык макаласы жарык көрдү. 2021-жылдын сентябрь айында болсо Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин ондон ашуун ырлары (Тахир Каххордун котормосу), Кыял Тажиеванын заманбап темадагы ырлар түркүмү (Рустам Мусурмондун котормосу), Тынчтыкбек Нурманбетовдун жаңы ырлары өзбек тилинде жарыяланган.

Өзбек-кыргыз адабий алакаларынын чыңдалышына “Ала-Тоо” журналы, “Ош садоси” гезитинин кызматкерлеринин дагы салымы чоң.

Жазуучу Абибилла Пазыловдун бул китеби бүгүн өзбек жана кыргыз элдеринин арасындагы эзелки тууган-уруктук, боордоштук мамилелердин бекемделип баратканынын далилидир.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

19-09-2022
Не договариваются не любя
368

31-08-2022
Кыргызстан – аш катыгым, ичер суум
1070

27-04-2022
Айтматовдун айрым адабий сабактары
1799

29-01-2022
ТӨРТ КӨЧӨ. ЧЕТЫРЕ УЛИЦЫ
1606

10-01-2022
С русской книгой в руке
1911

23-11-2021
Миң келмеке бир кеткен Залкар
3445

11-11-2021
Венгерская книга о вечном писателе
2266

01-10-2021
Вызов брошен не сегодня (о фильме на борту МКС)
4756

19-08-2021
Кампыр-Абад
3004

03-08-2021
Впереди Париж!
4296

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×