Добавить свою статью
3 Августа 2022
Ыйык өмүрлөр: Мухтар Шаханов 80 жашта

Бул санжыра эмес. Эчаккы окуя. Чымкенттин бир айылынан келген чиедей кыз Беккал, Кыргызстанда «Кош байтерек достугу» тасмасын тартып жүрдү. Мухтар Шаханов суранганынан Бишкектен кимге жолугат, кайсы жерден съемка болот, аралашып кошо иштешип Беккалга жардам берип жүрдүм. Мухтар Шаханов өзүнүн пенсиясы, «Жалын» журналынын башкы редактору болуп иштеп тапкан, эмгек маянасынан төлөп, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү тасмасын тарттырды. Досу жөнүндө эскерүүлөрүн топтоп, өз маянасына китеп да чыгарды.

«Туфлий жалагычтар» деген ат менен ыры ошол кезде чыгып, бийликке сүр көргөзүп, кайдагы бир ууру, мамлекетти жегендер менен бирге отурбайм, сыйлыгын да албайм деп, өмүрүнө коркунуч келип, кандайдыр бир тобокелдикке барып жүргөн кези эле.

Мұхтар Шаханов (ТЖ-лар)

Жағымпаздық бұл заманда басты өнер,
Шындық оған бола алмай жүр тас кемер.
Қазіргі бақ қайсар рухты ерді емес,
Арын сатқан жағымпазды ескерер.
Дәуірдің де даңқы солар төс керер,
Оны ойласаң жанарыңа жас келер.
Кеудесінде жалғандықтың мұзы бар,
Қажет кезде мұз үстінде қызынар,
Басшы алдында жас келіндей сызылар,
Кілең табан жалағыштар — ТЖ-лар.
Оларды ертең адалдықтың тұзы ұрар.
ТЖ-ларға егер бөгет қоймасақ,
Ұлтымыздың ауа райы бұзылар.
Ей, қарт ТЖ, қамқорсынып тасыма,
Қарасаңшы сақалыңа, шашына,
Ел сенімін ақтағаның осы ма?
Атанғанша жалғандықпен ашына,
Беделіңді намысыңнан асыра,
Күлкі болдың қасың түгіл досыңа.
Биліктің лас көн етігін тіліңмен
Жалайтындай не күн туды басыңа?
Оң мен солым сансыз ТЖ, күлем бе,
ТЖ-ларын көтерген даңқ-кілемге
Әлде қарғыс тиді ме екен бұл елге?
Тек күні үшін жалбаң қағып иілген
Пәс кеудеге асқақ рух түнер ме?
Самал қажет індет бұлтын түрерге.
Жағымпазын тау санаған,
Шыншыл ұлын жау санаған ұлттың
Мүмкіндігі аз мазмұнды өмір сүрерге...
Мінезсіз ұлт айналмайды ұлы елге

Н. Назарбаевдин каарынан корккондор, Бишкекте да М. Шаханов менен саламга келгенден коркуп жүргөн. Мухтар ага, бир курдай Бишкекке келди, тасманын сценарийи боюнча өзү тартылмак экен. Биринчиден Сүйүнбай Эралиев менен учурашып, көзүн көрүшүм керек деп, Сүйүнбай агайдын үйүнө барган. Биз канчалык деңгээлде арбакты сыйлап, мүрзөсүнө барып куран окуп, көпкө отурабыз деп ошол учурда Шахановдун съемка жасаган тобу менен барганымда ойлондум эле. Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин астында барып өзү куран окуп, бир топко тунжурап отурган.

«Жалын» журналы турган имараттан чыгарып, мамлекеттик иш-чараларга чакырбай моралдык жактан аябай басым, болуп атканын Беккал айтып калды. Силерде демократия экен, эркин экенсиңер деп суктанган. Андан бери далай суулар агып, далай күндөр өттү.

Беккал өзүнүн «Намыс», «Тунгуюк» чыгармаларында, Каракалпакстанда калган канчалаган казактардын күнүмдүк турмушун, тарыхын, жашоосун жазды. Мына быйыл Беккал Абиш кызынын да он гүлүнүн бири ачылбай, жашоо менен кош айтышканына 10-жыл толду, ушундай жай саратан болчу. Улуу ишке кызмат кылган, муундардын байланышын камсыз кылган, кулак курчун кандырган кептерге жантыгынан жата калган, табыгый умтулуусу күчтүү жан эле...

Жакында Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жоомарт Токаев залкар акын, Мухтар Шахановго «Казакстандын эмгек эри» аттуу бийик даражалуу сыйлык ыйгарганын, аны алууга өзү барганын капыстан ютубдан көрүп, дароо чалдым. Куттуктадым. Ак дилден кубандым. Ак ийилет бирок сынбайт дегендей Мухтар аганын көзүнүн тирүүсүндө эмгеги бааланганына толкунданып, көзүмө жаш тегеренди.

Мухтар аганы сыйлаганымдын дагы бир себеби «духунун күчтүүлүгү» эч кимге кошоматтанган жок, бийликтен коркподу, өмүр бою казак элинин таламын талашып, кайда барбасын элине жүзү жарык ак сөзүн сүйлөдү. Өзүнүн принциптеринен тайбай, өз чындыгы менен жашап келет. Бийликтин бир адамына жүгүнбөдү, Нурсултан Абишовичтин тушунда, кызматка да барбады, сыйлык дагы албады. Кан жолдун боюнда, Алматы шаарындагы Пушкин көчөсү эсимде калганы 2 үй, 6 кабатта «Жалын» журналын чыгарып, качан барба карапайым калкты кабыл алып, ырларын окуп берип, иш үстөлүндө эмес, жумушчуларына түзүп берген шарты менен, ашканасы бар болчу, ошол бөлмөдөн адам үзүлчү эмес. (азыр дагы жаңы дарекке көчүп кетип, башкы редактор кызматын аркалап келет, айтмакчы «Жалын» журналын менчикке чыгарып алганына 5 жыл толот)

Чөнтөгүнөн акча берип, казактын наны менен куурдагы жакшы, сүт чай деп, чынысын жылдырып бербей асмандата ыргытканда Шахи, Сауле, Жанна ким чай куйюп отурса, циркте иштеп машыккандай тосуп алчу. Барган кишинин баарын кур чыгарбай өзүнүн китептерине кол тамга жазып берип, ал учурду майрам кылып, өзү да кудуңдап сүйүнүп атканын жашырчу эмес.

Мухтар Шахановдун 80 жылдыгын Кыргызстанда белгилешибиз керек. Кыргыз Республикасынын да Эл акыны наамын алган. Бишкек шаарынын ардактуу атуулу. Маданият министрлиги мааракелик иш-чарасына кошуп, залкар жазуучу Айтматовдун ишмердигин, мурасын жайылтуучу, кыргыз-казак достугунун көпүрөөсү катары бийик деңгээлде урмат көргөзөт деген ишеничтемин.

1860 жылдары академик В.В. Радлов жазып алган «Манас» эпосуна окшобогон дагы бир вариантын Ташкент шаарынан Заки Валиди Тоган(1890-1970) таап алып 8 жыл кайда барбасын жанынан чыгарбай, тынчы жок саясатчы кайда жүрбөсүн «Манас» эпосунан ажырабай жүргөнүн жазган булактар, 1920-жылдардын башында эле «Манас» эпосунун кол жазмалары менен Мухтар Ауэзов тааныш болгонун айтат. Балким, Заки Валиди Мухтар Ауэзовго кыргыздардын «Манас» эпосуна кантип кабылганын айткандыр, дүйнөлүк деңгээлдеги көрүнүктүү окумуштуу болушуна «Манас» эпосун изилдешине, тагдыры жолуктургандыр деп жазышат…

Мухтар аганын да тагдырына көптөгөн жылдар «Манас» эпосун сактоо кайда жүрбөсүн жанында алып жүрүү вазыйпасы жүктөлгөн. Ал милдетти татыктуу көтөрдү. Мухтар Шахановдун чыгармачылыгына, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов экөөнүн достугуна, «Манас» эпосуна өтөгөн кызматына арналган изилдөөлөр астыда деген ойдомун.

Казак элинин көрүнүктүү уулу, залкар акын, демократ Мухтар Шахановдун мааракеси даражалуу сыйлыгы менен чын дилден куттуктайбыз. Бекем ден-соолук, чыгармачылык эргүү менен бирге, Чыңгыз Айтматовдун «Биринчи мугалиминдеги» Дүйшөнгө окшош ыйык өмүрлөрдүн ээсинин бирин, мезгилдин даты баспасын.

Фото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

05-04-2024
Достукту бийик туткан инсан!
788

05-04-2024
Ыйык өмүрлөр. 70-жаш устат, коомдук ишмер, профессор Медетбек Букуев
1044

12-03-2024
Ыйык өмүрлөр (жашоо сүртүмдөрү түрмөгүнө) 60 жаш
812

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×