Төлөгөн Касымбеков ушул романы менен улуу жазуучу гана эмес, терең ойчул катары да кыргыздын тарыхында калды. Төкөм болуп, легендарлуу парламентте чогуу жүрүп, бул китеп жөнүнүндө көп талаштык, көп аңгемелештик. Айрыкча, бийликтин өөдө-төмөнү, жаратылышы, саясат менен нарк-насил дүйнөсүнүн карама-каршылыктары жөнүндө көп сүйлөштүк. Жарыктык, сыртынан жоош көрүнгөнү менен принципиалдуу маселеге келгенде тап-такыр моюн берчү эмес. Ыйманыңыз саламат болсун, кайран Төкөм!
1762-1832 жалдары, 70 жалга жакын, кыргыз эли Кокон хандыгынын колониялдык эзүүсү астында болгону баарыбызга белгилүү. Кокон ордосу кол алдындагы көп этностордун биринин да улуттук мүдөөсүн, өнүгүшүн көздөбогон өзгөчө бир бөтөн сымак акимчилик болуп, мамлекет катары эскирип, чириген жыгычка окшоп, же устунга, же отунга жарабаган түзүлүш болгон.
Ордо төбөлдөрү карапайым калктын түпкү кызыкчылыктарын эске албай, эптеп эле ордонун бийлигин басып алууну башкы максатка айландырган. Тоолук кыргыздардын көрүнүктүү бектери, бийлери да Кокондун хан тактысы үчүн кырчылдашып кармашкан.
Алардын бири романдагы эң ири фигура - Нүзүп. Ал эч кимге ишенбеген, кайраты таш жарган, керек болсо, кудайңды да сакалдан ала турган каардуу адам. Анын психологиялык, социалдык себептеринин бири -Нүзүптүн кенедей бала кезинде кемсинүү комплексине (комплекс неполноценности) кирептер болуп калганында. Т.Касымовбеков жазгандай: «Нүзүп ата мээрин көрбөдү. Эсенбай бий анын энесин салынды кылып таштап, энеси экөбүн айылдын четинде боз төбөл үйдө эптеп түтүн булатып, карыптын оокаты менен жан сактачу.
Нүзүп кичинекейинен таз болуп кетип, төбөсү жылтырап чачы жок болуп айыкты. Сыпаа бий намыс кылып, эч качан балам дебеди, топко ээрчитпеди. Бирок, Нүзүп таз чыйрак чыкты. Атасынын баласынбай койгонуна, күнүбатча бир туугандырынын ыктатканына басынбай, кайта күчөп эрегишип, кашкөй чыкты.
Эсенбай бий: «Кечтим сенин балалыгындан! Ак кылдым! Жогол!» десе Нүзүп: «Сен менин балалыгымдан кечсең, мен сенин аталыгыңдан кечтим»! Ата болуп качан чекеми жылтыттың - деп кыйкырды».
Бул жерде Нүзүп атасын эле кордобостон, ата-энени, улууну сыйлоо өзөктөгөн ата - бабалардын наркына, салтына акарат айтып жатпайбы. Бул психокомплекс максатына, айрыкча бийликке жетмейинче, душманын басынтмайынча кемтиги толбойт. Тең салмакка келбейт. Эң жок дегенде түшүндө жанын тындырат. Өзүнүн түшүн өзү жоруган жерин карайлычы:
«Мына эмесе, мен өзүм жорудум: эң бийик көк жашыл тоолордун үстүндө жүргөнүм-мартабам көтөрүлөт экен, бир тоодон бир тоого аттаганым, бир тоодон сунсам колум бир тоого жеткени кулачым узарат экен, даңкым алыска кетет экен, бир тоодон кыйкырсам, бир тоонун кийиги шагырап үрккөнү – бийлигим чоң болот экен…хан болот экенмин ..Омийин, аллау акбар! – деп бата тартып жиберди».
Көксөгөн бийликке жеткенге чейин, ага жанаша турган адамды кемсинтүү, тебеле-тепсөө Нүзүптөй адамдардын психокемтигин өтө толтурат, кумарлантат. Нүзүптүн колуна реалдуу бийлик тийди, Шерали-ханга аталык (регент) болду. Шерали байкуш бир көр пенде, бирок хандык бийликтин мураскери, ханзада статусу бар. Ушул фактор Нүзүптү кемсинтет капалантат. Ошондуктан, ордодогу хандыкты кулатаардан мурда эле Шералини басмарлоо, мазактоо иштерин баштайт.
“- Ой …Кайсы? ..Кайсы, ыя? ..
-Тигине беле!..
- Бутундагы көң чарыгын карачы..Куда-а көктөлө берип көн чарыктын уурттары түйрүлүп кетиптир..
-Хи-хи…
Дүүлдөп тоскон, тапырап ээрчиген көпчүлүктүн арасынан Нүзүптүн азезилдей сак кулагы бул сөздөрдү илип алып баратты. «Куп болду. Эл көрсүн. Шералинин ким экенин көрсүн.Шералини кандай кейпинде кимдин күчтүү колу желкесинен көтөрүп бары ак кийизге салганын көрсүн. Укумдан -тукумга сөз калсын», - деди ою.
Ал эми Шералинин тактыга отургузгандагы, анын сасыган чокоюн маңдайына илдиргени, таш боордуктун жеткен жери эле.
Нүзүп:
Шерали! Мына, карагым, эми сен журт эгесисиң. Журтка кайрымдуу бол! Бурадарга күйүумдуу бол! Акылдуунун тилин ал! Көздүүнүн артынан ээрчи! – Чокойду колун сунуп көрсөттү. – Тетиги жаман көн чокой... Шерали, тааныйсыңбы ошону? Ал сенин чокоюң! Ал сенин өткөн күнүң, Шерали.. Ошол өткөн күнүңдү, ошол карыптыгыңды эч качан унутпа, күндө көрүп отур. Ал алтын такка чыгарган күчтүү кудуретти сага күндө эстетип турсун. Кара баштуу адамдын өмүрүнө, калың тайпа журттун тагдырына ойлук кылганыңда бул чокой дайым маңдайында болсун. Бул сени көптүрбөсүн, эсиртпесин...”
Бийликтин “Аталык” (регентство) институту бүткүл дүйнөдө монархиялык мамлекеттерде колдонулуп келген. Бийликке мураскер өтө жаш болгондо, же монарх өзү ооруп калганда коллективдүү же жекече регент убактылуу гана башкаруу бийлигин аткарган. Бул өзүнчө бир кош бийликтин формасы болгон. Жаш мураскер реалдуу бийлиги жок болгону менен мыйзамдуу бийликтин ээси катары өлкөдөгү жалпы калктын колдоосуна, ишеничине, ээ, же азыркыча айтканда, легитимдүүлүкө ээ. Шерали, өзүнүн алсыздыгына карабастан, хандык династиянын чыныгы бутагы катары, мыйзамдуу, легитимдүү. Аталык Нүзүп болсо, Аксы-Талас өрөөндөрүндөгү бир гана саруу урусунун лидери. Абсолюттуу бийлик колунда турса да, Нүзүптүн жанын кыйнап, жаралуу кемтигин чукулап, улам козгогон так ушул жагдай.
Нүзүп менен бирге ордого каршы күрөшкө чыккан Мусулманкул инсандык күчү, акылы, тагдыры боюнча Нүзүптөн кем эмес. Ал Кудаяр ханды наристе бала кезинде жетелеп келип, такка олтургузган. Бирок, экөө тең күчкө күч, канга кан акыры бумеранг - болуп өз баштарынна тийерин күткөн эмес. Так Шерали хандын жарлыгы менен Нүзүптүн башы алынды. Так ошол Кудаяр хандын буйругу менен Мусулманкул таянган бүтүндөй кыпчак тайпасы кызыл кыргынга учурады.
Т. Касымбеков “Аталык” институтунун өтө кооптуу кемчиликтерин Абил бий менен Мусулманкулдун диалогунда эң сонун көрсөткөн:
Абил бий:
Макул, бек ага, бек агабыз кайра алды дейли ордону, эмне жакшылык иш бүтөрмөкчү бек агабыз?
деди муңайым, жумшактап, чын көңүлдөн кеңешкен таризде.
Бу суроонун арты катаал бирдеме экенин тушмалдап, бирок тигинин жүзү жылуу болуп турганына арбалып, Мусулманкул кабагы үйрүлө ойлуу тартты:
Башкарабыз..
Ушубу “башкарганыңыз?!” “Карачапан”, “ичкилик”, “тоолук” кылып, бир элди үчкө, бирине бирин көкүтүп, бек ага, бул элдин душманы гана кыла турган жамандыкты өзүбүз баштап алган жокпузбу?..
Бу баамынды “туура” дебеске ылаажы жок, Абил 5ий, - деди Мусулманкул, - үч эмес, төрт аран болдук! Теги башка, бирак бизче сүйлөп алган кишилер өзүлөрүнчө тымызын жаат.
Баш ийкеп койду, ынанды Абил бий:
Башка арга издеп көрбөппүз да, аттиң ай?!
“Кандай арга бар эле?...” деди Мусулманкул көңүлүндө, ачык сурай алган жок, тигинин өзүнөн маани өткөндөй элтейди.
Бек ага, - деди акырын, - балээнин баары бийлик эки бөлүштү болуп турганында го – бириң “хан”, бириң “аталык”. Же кайран Нүзүп агабыз да, мына сиз да “хан” көтөрөрүн көтөргөн соң эки тизгин бир чылбырын өзүнө берип кое албадыңар, же ыкыбал келип турганда “мына” деп шар кесип, өзүңөрдү “хан” деп салышка дем-кайратыңар жетпеди..
Качанкы бир “кан тукумунан” деп, кайдагы бир жүрөгүнөн оту өчкөн, эр деминен айрылып калган бирөөнү “кол бала болот” деп – мына, тапкан үзүрүңөр бу – бириң башсыз көмүлдүң, бириң кулуңа жакаңды айрытып, кадырыңды сыйрытып ..минтип буйгалап..”-деди, өзү да өкүнө.
Т. Касымбеков ушул эле Абил бийдин образы аркылуу дүйнөлүк саясат таануу илиминдеги макивеллизм феноменин бой титиреткен көркөм сөз, көркөм каражаттар аркылуу кашкайта ачып салган. Макивеллизм саясатта максатка жетиш үчүн моралдык же башка тоскоолдуктарды кара манча танат да, күчтөө, зордук-зомбулук, адам өлтүрүү, алдоо, чыккынчылык өңдүү механизмдерди эч тартынбастан колдонот; Абил бийдин жоруктары буга күбө.
Шералинин хан көтөрүү аземинде адамды курмандыкка чалуу ырымы үзгүлтүккө учурай турган болот. Чоң энеси келип калып, мууздалуучу жаш бала кутулуп кетет. “Ошондо Нүзүп кимгедир жини келип, жаак терилери тырышып, кимдин башына чагылган болуп чагыларды издеп, ак кийизди тегеректеп тургандарды кыдырата тиктеп, катуу кумсарды.
Бийлердин катарында турган Абил:
Ашыр! – деди артына карап.
Абил аны колу менен көрсөтө берди.
Чалгыла!- деди. Жанагы баланы ортого алып турган түнөргөн эки киши жигитти шап кармап калышты. Жигит жулкунган жок, нес боло түштү, кыпкызыл иреңи заматта купкуу болуп кетти. Эриндери титиреди, эмнегедир эки көзү Абилден өттү, Абил аны тиктебеди, оозуна эчтеме кирбей жигиттин башы каңгырады.
Хан көтөрүү аземи бүткөндөн кийин:
Абил, деди Нүзүп эркелете, жумшак үн менен Абил обдула калды:
Лаппай бек ага..
Нүзүп эми гана муруту кылайып келаткан жаш мырзанын имерип тиктеди:
Үкем, баштаган канча жигитиң бар?
Жүз эле, токсон тогузу калды, бек ага...
Нүзүп башын ийкеди:
Ыракмат, үкем! Билгиликтүү кишинин ишин кылдың. Ыракмат, үкем жүзүнчү жигитиң үчүн чоң ыракмат.
“Бек агасынын” дитинде бир күдүгү турганын кылдат “үкеси” кабагынан байкап, акырын:
Эми ..башка элден ооп келген жалгыз аяк жигит эле...айла түгөнгөн соң..эми.. – деп мыңкылдап, “издеп алары, доо кылары жок, артынан камтама болбоң...” дегенди туйгузуп койду. – Сиздин “эл үчүн, журт үчүн” деген ишиңиз үчүн, бек ага аттокур жигитибиз тугул кара башыбызды аяйбызды?!
А түзүк, деди Нүзүп, сөз улады: - Бул сенин да ишиң. Кулак сал, бул жортуулда туубашы болууга арзыдың. Туубашы паңсат бол. Колдун алдына түш. Уктуңбу? ..
Куп болот, бек ага!
Дагы бир мисал. Абилдин жакын кызматташы, хандын таякеси Домбу киши колдуу өлтүрүлөт. Бүт ордону дүңгүрөткөн жаңжал чыгат.
Доочулардын алдына ат тартып, үстүнө кымкаптап тон жаба коюп бүтүрө турган иш болсо кана? Насирдин бек оозуна батышынча сурады. Бүткүл элетти кунга жыкты. Миң сары таман ат, миң кызыл дилде! Бул дүйнө кайдан табылат? Кайдан жыйналат? Акыл кайда? Арга кайда? Алгач бөрү көргөн малдай топурап топтоло калган элди Абил бий камчысыз айдап таратты. Эми ким баш көтөрөт? Ким чогулат? ..
Бийлик бар жерде зорлук бар. Бийлик менен зорлук өзүнүн ким экенин таанытты элетке. Мал киндиктүү тоо кыл куйруктан көп да мукурабады, а бабасы тутунуп дүнүйө кылып көрбөгөн дилдеге келгенде абдан шашты. Сатканга мал түт келбей, кишилер саймалуу кийиз, шырдак, ат абзел артып базардан базарларга самсыды.
Бүткүл элди мүңкүрөткөн ушул трагедиянын автору да, режиссеру да, аткаруучусу да Абил бий экенин анда эч ким билген эмес да. Алдап, тукуруп жатып, Домбуну атууга көкүткөн Мадылдын да түбүнө жеткен ушул Абил-бий экенин ким билди эле. (Тоба, бу Төкөм Макиавеллинин өзүнүн “Государь” деген китебин окуду бекен деги?)
Т. Касымбеков Курманжан датканы өзүнүн тубаса таланты менен ордонун ички жана тышкы саясатын, стратегиясын жана тактикасын көрө билген улуттук масштабтагы бирден-бир саясатчы катары көрсөтө алган. Курманжан датка бийликтин ыйыктыгына (сакральность) ишенген, анын тазалыгы, калыстыгы үчүн күрөшкөн улуттун ар намысына, бийликтин асылнаркына шек келсе, эч кимди аяган эмес. Өзүнүн жандай сүйгөн жары Алымбек датка түн катып ордодон Алайга келгенде:
“ - Ыя, датка, дагы качып чыккансыз го? .. – деди бир убакта Курманжан айым баягы муңайым мүнөзүн сактанып, бирок анын деминен кескин зил угулду.
Алымбек датка өзүнчө акырын улутунуп, өзүнчө касырет тартып, өзүнчө өкүнө башын ийкегилей:
Качып келгеним го жок, бирак абал жаман, байбиче ..-деди чарчаңкы.
Куп жакшы! Андай болсо аттан түшпөң, ырым болсун, датка. Качуу оюңузда жок болсо, маслахат үчүн эле келген болсоңуз куп жакшы, ат жалынан бүткөрөлү, датка...
Кайтканым оңбу, байбиче? ...- деп сурады бир убакта.
Оң тугул, датка, зарыл! – деди Курманжан айым туталана. – Өзүңүз ойлоп көрүңүзчү, эми качып кайда батасыз? Те куттагы ишенип отурган тууган эл эмне дейт? Дагы качып, дагы кара башыңызга сыйынт сурап, дагы көмөк тилеп барсаңыз? Ыя, иренжишпейби?! “Кимге ишенип, ким менен тагдырыбызды канжыгага байланышып жүрөбүз?! Дешпейби?! “Өзүбүзчө ордо күтөбүз, өзүбүзчө бир тайпа журт болобуз” деген көксөөңөр куру кеп болуп калбайбы бу өлүмгө тике карайт деген башчы кара башын корчолоп, жалт берип кетсе?! Жамы кыргыз –кыпчак журту сизди карап турат. Мындай кезде, датка, кара жанды ала качкан айла эмес, көксөгөн максаттын кадырына кара башты тике сайып, жазатка өзү барып бериш – ошол айла, ошол акыл, ошол эрлик!...
Алымбек датка катаал сөздүн ыктуу жүйөсүнө тең берип:
Ырас, - деп, чачылган санаасын жыйнап, кадыресе чыйрала түштү, - ырас!
Тез, кылчактабай азыр кайтыңыз, датка. Минген бурактан түшпөңүз, кармаган тизгиңди кое бербеңиз – бул ырым, бул эртеңки минер тагыңызга, тутар окумдарлык тизгиниңизге үмүт, тилек. Бурак үстүнөн суусун ичип, азыр кайтыңыз, - деди Курманжан айым.
Курманжан датканын дагы бир таң калдырганы – чыгыш дипломатиясынын протокол – этикетин атайын окуп чыккандай, мамлекеттер аралык сүйлөшүүлөрдө дайыма катышып жүргөндөй айлакерлиги, амалкойлугу, акылмандыгы.
Генерал Скобелев менен сүйлөшүүлөр алдында Курманжандын орустарга койгон биринчи талабын кара:
“ - Биз болжогон жерге сүйлөшүүгө барган кезде “алдадык” деп, мени абакка кирептер кыла турган болушпасын – бул бир; сүйлөшкөн учурда биздин элге да, менин керт башыма да мазак сөз өтпөсүн – бул эки; сүйлөшүү бир тараптын үстөмдүгүн ашкере бекемдөө эмес, “багынтуу” эмес, эки тараптын тең пайдасына ымга келишүү катары болсун – бул үч. Мына ушул үч шартыбыз бекем сакталса гана сүйлөшүүгө барабыз.
Эми Курманжан датканын генерал Скобелев менен сүйлөшүүсү жана келишим түзгөнү ушул Т. Касымбеков жазгандай олуттуу да, жемиштүү да өткөн болсо, анда ал чыгыш дипломатиясынын тарыхына алтын тамгалар менен жазылат.
Курманжан датка атчан бастырып келгенде, “ Генерал бир көз ирмемде эмне кылуу керектигин болжоп, ошол замат кубана мейман күткөн үй ээси өңдөнүп:
Келиңиз, келиңиз, аттан түшүңүз, өтүнөбүз, урматтуу датка айым, - деп, атайын кабак жаркыта тосо кадам басты.
Түшүүгө эптенбей, түшпөйм да дебей Курманжан бир аз ыңгайсыз абалда токтоло калды да, ошол бээ үстүндө турган бойдон эле белиндеги кооз кындуу кыңырыкты чече баштады.
Майор Ионов мөмөсүн көмкөрө төгө коюп, күмүш табакты кош колдоп, Курманжандын алдына тосо берди. Бирок, Курманжан кыңыракты табакка салмакчы боло өйдө кармаган бойдон генерал Скобелевди мелтиреп тиктеп, токтоло калды.
Урматтуулугум, муну сиз өзүңүз кабыл алууңузду каалап турат окшойт.. – деди тилмеч генералга акырын.
Күмүш табакты генерал колуна алары замат Курманжан кыңырагын күмүш табакка секин койда да, чач учтугунан бир байлоо ачкычтарды алып, күмүш табакка шылдырт дедире акырын таштады:
Тилмеч мырза, айтын, ыкыбалдуу төрөгө, - деди үнү бысмырт, - не абалда болгонубуз менен, биз өлкө эгеси, үй энеси эмеспизби, айтың, биз өз үйүбүздө тосуп алгандай бололу. Көп алыс эмес, мына бу Мады кыштагында, ошол жерде өз төрүбүздө жай көңүл менен бүтсүн калган сөз.
Бул эмне деген табышмагы? Стол үстүндөгү күмүш табакка салынган датка айымдын буюмдарына кызыга үйрүлө калышты офицерлер.
Бу , - деп чечмелерди майор Ионов, - кичинекей кыңырак – куралды таштаганы, а ачкычтар, туптуура жетөө экен, Кокония өлкөсүнүн эң акыркы жети шаарынын ачкычтарын тапшырганы. Өзгөн, Ош, Анжиян, Маргалан, Кокон, Наманган, Кожон!
Ориенталист:
Көрдүңүзбү, келбети эле бир баа, анык каныкелик сезилет, ыя, михаил Дмитриевич? Не деген төп келишкен сөөлөт?! Мына, каниги сулуулук, анык көрк мезгилди тебелеп өтүп келе берет деген ушу!
Да! – деди генерал өзүнчө купуя, - аристократизм тубаса, ак кайыптан десе болот, адам сөөлөтүнүн, адам рухунуун бийик чеги, демекчи кудай өзү берерине түбүнөн канына кошуп берген өзгөчө дөөлөт..”
Атаганат, Төкөңдүн көзү тирүүсүндө, өзүнүн калеми менен Курманжан датка жөнүндө тарыхый роман калтырып кетсе кана...
Армандуу дүйнө....
Коомдук ишмер
КУИАнын ардактуу академиги