Добавить свою статью
31 Августа 2022
Эгемендик жөнүндө экилтик пикир

Эгемендик жөнүндө экилтик пикир.

***

Эгемендик.., келемиштер.., факт...

***

же эгемендиктин балалык оорусу жөнүндө...

ххх

Доор бүктөмдөрүн камтыган эгемендиктин узак жолу...

Тагдыр экен ооор болду...

Ийрилип-кайрылган, өңгүл-дөңгүл, таштак-тикенектүү жолу...

Түмөндөгөн элдин таманын тилип, мөгдүрөткөн жол...

Нечен жолу кыл көпүрөдө кыл жипке асылып турган элдин жолу...

Катаал болду...

Көксөп-тилеп, бирде жыгылып, бирде туруп, бирде мүдүрүлүп,

бирде жүткүнүп жүрүп келген эгемендик...

Канча кылым, канча доор, канча муун,

канча элдин мүдөөсүнөн токулган эгемендик.

Канчалаган боордоштрубуз канын төгүп, жанын берди эркиндик деп.

Канча жолу киндик кан тамган жерден бездик.

Бездик, курал менен коргодук... кор да болдук...

Козголдук... обдулдук... оорудук... арылдык...

ххх

Бүгүнкү биздин эгемендигибиз – биздин кечээкибиздин күзгүсү.

Буга чейинки тар жол, тайгак кечүүбүздүн, кубанычыбыздын,

муң-зарыбыздын, кайгы-капа, азап-тозогубуздун үзүрү.

Мелтиреген мезгилдин кабырга кайыштырып, жүлүн сыздаткан

күтүлгөн-күтүлбөгөн сыноолоруна туруштук берип,

керең турмуштун ысык-суугуна чыдап,

кыйынчылыктарды жиреп келген акылгөй ата-бабаларыбыздын керээзи...

“Намысыңарга келгиле, колдон чыгарбагыла” деп урпактарына берген энчиси.

Карт тарыхтын энчиси.

Калдайган калың калктын, жумурай журттун энчиси.

Уңгулуу журттун урпактары узак улуу жолду улап кетээр деген

ыйык ниет менен берилген энчи.

ххх

Буюрса эгемендикке жеттик.

Чарчап-чаалыгып жетти да мекенибиз эгемендиктин “балалык оорусуна” чалдыкты.

Ичтен чыккан ийри жылан - чыккынчылар чыкты.

Элдин байлыгына көз артып, өз көмөчүнө күл тарткандар чыкты.

Кемирип-жымырган келемиштер чыкты.

Каржалып карызга баткыдай ата-журтубуз бечел беле же тегинен кесел беле.

Жок.

Бечел кылган, кесел кылган ичтен чыккан ийри жыландар, ошол келемиштер.

Алар кой терисин жамынынп алып азыр да арабызда.

Көздөрүн май басып, мен, менден кийин топон суу дегендер.

Ууру-кески, ичип-жегендер.

Келемиштер.

Мындай болбосо табиятка зак кетирген кендер казылбайт эле да...

Казылган кен бир ууч эси жок эрендерге эмес,

эл керегине жумшалат эле го.

Келемиштер кемирбесе элдик бюджет эңшерилбейт эле го.

Бүгүн бүткөн кара жол эртең бузулбайт эле го...

Шаардын турпатын бузуп, ышка айландырган

ыксыз кабат-кабат үңүрөйгөн үйлөр салынбайт эле го...

Аңыз кеп...

Жолчу кытайлардын бири айтат имиш, эгер биз өзүбүздө бүгүн ушундай жол салсак,

эртең атылмакпыз деп...

...Өзүбүздүн эле, бирок чет жерде иштеген сабаттуу

адистерибиздин бири көңүлүнөн көк түтүн буркурап,

шаардын турпатын (архитектурасын) бузгандарга

наалат айтып кейип турганына да күбөө болдук....

ххх

Эгемендик элдин ырыскысын кемирген келемиштерге берилген эмес да.

Чала сабат келемиштер ушинтип жүрүп эгемендикти да кемирип салаары ажеп эмес.

Көзгө сайып көрүнүп турган келемиштердин жолдо калчу жоруктарын көрмөксөнгө

салгандар күйгүздү.

Анткени, факты керек экен...

Биз көргөн, биз билген фактылар – факты эмес экен.

Факты болуш үчүн да факты керек экен.

ххх

Кемирчээк келемиштердин жосунсуз жоруктары..,

фактынын факты эместиги..,

...эгемендиктин балалык оорусу эмей эмне...

Деги, тезирек сакайсак экен...

Ххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххххх

Эгемендиктин ыймандай сыры...

***

Турмуш нугу татаал, булуң-буйткалуу, тайгак келип калк,

эл журттун тагдырын чырмап тураары шексиз.

Кечээкибиз бүгүнкүбүзгө коошпой, бүгүнкүбүз эртеңкибизден шектенгендей шартта

турмуш нугунун түбөлүк кыймылдаткыч күчү – үмүт менен дармандын күрөшү

алдууларды да алдастатып коеру белгилүү.

Ушундан улам бабаларыбыз «ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет»

деген акылгөй бүтүмгө келсе керек.

ххх

Ошентсе да адам күчү, мезгили менен пенделик кылып алдастаса да,

турмуш сыноосуна туруштук берип келет.

Адам баласы эл, журт, мамлекет болуп

тирилик өз мыйзамынын өңүтү менен өр тартып келет.

Кейиштүүсү кай бир эл турмуштун татаалдыгы,

тагдыр¬дын катаалдыгы менен карт тарыхтын керсары барактарынан

изи сууп белгисиз болуп кеткени илимий жактан далилденген факт.

Бактыбызга жараша биздин элибиз мындай кейиштүү тагдырга туш болгон жок.

ххх

Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт.

Турмуш жолу сыдыргыга салгандай шыдыр болбосо да, элибиз элдүүлүгүн,

мамлекеттүүлүгүн аяр мамилеси менен муундан-муунга энчилеп,

нечендеген тайгак кечүү тар жолдо канаттууга кактырбай,

тумшуктууга чокутпай дегендей сактап калды.

Манас, Барсбек сыяктуу баатырлары уңгулуу калкын, уюткулуу журтун улап келди.

«Бетеге кетип бел калып, бектер кетип эл калып» шекил

турмуштун катаалдыгына туруштук берип элибиз

айныгыс факттар астейдил далилдеп тургандай миңдеген кылымдарды баштан кечирип

илгери үмүт менен бүгүн да турмуш жолун ишенимдүү улап келет.

Чексиз үмүт, чектелген кырдаал каалоо, талап,

мүдөөлөрүбүздүн тизгинин тарта жүрүүнү да талап кылат.

Кеп чынынан бузулбайт, ырыс – ынтымакта.

ххх

Эгемендик (суверенитет) жөнөкөй сыяктанган өтө татаал түшүнүк.

Анткени, ал Эркиндик, Бийлик, Укук, Үстөмдүк, Милдет, Жоопкерчилик өңдөнгөн

мааниси терең түшүнүктөр менен мунөздөлөт.

Эгемендик бул ички-тышкы саясаттын эркиндиги, укуктун майтарылбай сакталышы, калыс бийликтин (мыйзамга гана негизделген) үстөмдүгү,

элдин алдындагы бийликтин (мамлекеттин) милдети,

мыйзамдын алдындагы элдин жоопкерчилиги.

Эгемендик чексиз эркиндик эмес.

Эч нерсе менен чектелбеген (абсолюттуу) экриндиктин болушу мүмүкүн эмес.

Анткени, бирибиздин экриндигибиз экинчибиздин эркиндиги менен чектелип турат.

Эч нерсе менен чектелбеген (абсолюттуу), жоопкерчилик менен коштолбогон экриндик башаламандыкка (анархияга) алып келет.

Эркиндик менен жоопкерчиликти

кыябын келтирип айкалаштыруу саясий маданияттуулуктун белгиси.

Ал эми жоопкерчиликсиз эркиндик куру кыялдануу экендигин

таасын түшүнө билген саясий маданияттуулук

туруктуу эгемендүүлүктү камсыз кыла турган касиет.

Мамлекеттик эгемендүүлүк, улуттук эгемендүүлүк, элдик эгемендүүлүк

түшүнүктөрү да өзара айрымаланып турат.

Мамлекеттик эгемендүүлүк бул мыйзамга негизделеген бийликтин

(мыйзам чыгаруучу, аткаруучу жана сот бийлиги кынтыксыз айкалышкан өлкөнүн)

ички саясатты аныктоодогу эркиндиги, тышкы саясатты жүргүзүүдөгү көзкарандысыздыгы.

улуттук эгемендүүлүк – ири алды менен улуттун саясий эркиндиги,

анын мамлекеттик түзүлүштүн негиздерин аныктоодогу эркиндиги.

Элдик эгемендүүлүк – социалдык-экономикалык, саясий каражаттарга карата элдин эркиндиги.

ххх

Адатта эркиндик менен түшүндүрмөлөнгөн

эгменедиктин ылгап алаар“күңгөйү” жана “тескейи” бар.

Анткени эгемендик сырткы кийлигишүүнү канчалык танганы менен,

аны менен эсептешпей коё албайт.

Башкалар менен эсептешпеген өзүмбилемдиктин түбү саясий, экономикалык,

маданий окчундоого (жалгыздыкка) алып келиши мүмкүн.

Кандайдыр бир мамлекеттин коопсуздугу экинчи бир (айрыкча коңшу)

өлкөнүн коопсуздугу менен айкалышпаса жалпы коопсуздуктун болушу мүмкүн эмес.

Демек, эгемендик ыктуу, салыштырмалуу, өзгөлөрдүн да каалоо-мүдөөсүн эске алган эркиндик.

Эгемендик айрым учурда,

айрыкча саясий бедели, даярдыгы толук калыптана элек мамлекеттик түзүлүштөрдө

бийликтин бурмаланышына алып келет.

Натыйжада мамлекеттин эгемендиги авторитардык тартип (бийликтин менчиктелиши)

менен алмаштырылып, улуттук, элдик эгемендиктер көмүскөдө калат.

Эгемендикти өзкызыкчылыгына пайдаланган,

эбин тапкан эки жейт дегендей “үй бүлөлүк”, “кландык”,

кай бир учурларда “партиялык” мутанттар пайда болот.

Эгерим кандай болгон күндө да эгемендик күндүзү шам менен таппай турган элибиздин бешенесине бүткөн чоң бир олжо, тайгак кечүү, тар жол, оор сыноо.

Эгмендикти көздүн карегиндей, баркына жетип сактоо

бүгүнүкү муундун келечек муундун алдындагы ыйык милдети.

Эгемендиктин ыймандай сыры аны ыгы менен күтө билүүүдө.

Ылайым,

эгемендүүлүгүбүздүн эгемендүүлүгүнө зак кетпесин.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×