Добавить свою статью
7 Сентября 2022
Болот Шамшиев – кинорежиссер, СССРдин эл артисти

Эстетикалык чындыктын күчү жан дүйнөңдү титиретет. Азыркы Спорт сарайында илгери «Ак кеменин» биринчи көрсөтүлүшү болгон, фильмдин башынан аягына чейин килейген залда ыйлабаган киши жок. Маркум Калый Молдобасанов, сезимтал композиторубуз, катарлаш олтурганбыз, кинонун баш-аягына чейин көзү шишигенче ыйлады. Орусча сүйлөөчү эмес беле, жарыктык. «Какая тяжелая картина», – деп коёт. 

Чынында эле Айтматовдун повести гениалдуу болсо, Шамшиевдин ушул фильми ага конгениалдуу чыгарма. 2018-жылы жазында Туркияда Айтматовдун күндөрү болуп, биздин делегация менен Шамшиев да барып келген. Кѳрсѳ, Шамшиевди түрктѳр «Ак кемени» Кара Деңиздин жээгинде, Трабзон шаарынын жанында кайра тартсак деп чакырыптыр. Келишим кандай бүттүү, идея ишке аштыбы, билбейм, бирок түрктѳр «Ак кеме» десе, үзүлүп түшүп суктанганын көрүп, Айтматовду да, Шамшиевди да бизге берген элибизге ыраазы болдум. 

Албетте, художникти ѳз заманынан, ѳз доорунан ажыратып кароого болбойт. Орус либералдары азыркыга чейин «сенектик» доору деп кордоп атаган ошол мезгил биздин кыргыз эли үчүн улуттук жандануу, улуттук ѳзүн-ѳзү кайрадан таануу заманы болгон. «Кыргыз керемети» деген дүңгүрѳгѳн атак алган кыргыз киносу да ошол мезгилде чыккан эле. Мисалы, Шамшиевдин «Караш белиндеги ок атылуу» фильми прокатка чыкканда, ондогон, жүздѳгѳн кѳрүүчүлѳр кинотеатрлардын кассаларында кезекте турганын ѳз кѳзүм менен кѳрүп таң калгам. Так ошол мезгилде улуу жердешибиз Чыңгыз Айтматовдун жылдызы 170 Биз – кыргызбыз / Мы – кыргызы аалам асманында жаркырап, дегеле адабият, искусство жагында жаңы ачылыштар, жаңы табылгалар жаралып, дүркүрѳгѳн ѳсүү болгон.

Бул кинофильм социалисттик реализмдин, таптар күрѳшүнүн духунда, бай Жараспай менен кедей Бахтыгулдун күрѳшүн, кармашуусун кѳрсѳтѳт. Мындай темага арналган фильмдер ал кезде, чынында, ѳтѳ кѳп эле. Бирок «Караш-караштын» ушунча популярдуу, ушунча элдин калың катмарына жагып, дүйнѳгѳ терең белгилүү чыгармага айланган себеби эмнеде? 

Ал кезде официалдуу мамлекеттик идеологиянын пайдубалын интернационалдык идеология түзүп, совет эли ѳзгѳчѳ бир куралган тарыхый жалпылык деген идея үстѳмдүк кылып, улуттук негиздер четтетилип, куугунтукталып турган. Элибизде улуттук кемсинүү сезими терең ырбап, улуттук тил, салттар, насил-нарк үчүн күрѳшкѳндѳр улутчул деп куугунтукталуучу. Ошондой шарттарда «Караштын» белинен атылган ок-улуттук ар-намыстын огу болду. Ал «Биз кулдардын улуту эмеспиз, биз баатырлардын тукумубуз, биз зордук-зомбулукка каршылык кѳрсѳтүүгѳ жѳндѳмдүү улутпуз», – деген дүйнѳгѳ жар салуу болду. 

Мындай натыйжага жүздѳгѳн саясий-философиялык лекцияларды күнүгѳ канкакшап окусаң да жетише албайсың. Андай натыйжага зор таланты бар художник гана жетише алат. Анткени күнүмдүк турмушта адамдар ѳмүрүнүн басымдуу кѳпчүлүгүн кѳп азаптуу кѳр оокаттын түйшүктѳрү менен ѳткѳрѳт. Ал турмуштан башка да, андан алда канча бийик да, реалдуу да керемет дүйнѳ бар экенин кѳрүшпѳйт. Ушуга байланыштуу залкар философ М. Мамардашвилинин оюн оригиналдагы орус тилинде келтирейин: «Помимо той жизни, которой мы живём и которую мы называем реальной, обыденной жизнью, есть еще какая-то другая жизнь, которая более реальна, чем та, которую мы считаем повседневно и обыденно реальной». 

Демек, турмушта эң сейрек кезиге турган сулуулуктун, эрдиктин, арнамыстын ж. б. асыл дѳѳлѳттѳрдү адамдар колу менен кармалап, кѳзү менен кѳрүп же кулагы менен уга албаган башка реалдуулук, башка дүйнѳ бар экен да. Аларды анда-санда гана искусстводогу таланттуу сүрѳткерлер кѳрѳ алат, таба алат, анан тапканын элге тартуулайт. Жараткан ѳзү гана тартуулаган ошондой зор таланттын ээси, албетте, Болотбек Шамшиев. Бирок жалгыз эле таланттуу болуу жетишсиз. Таланттын бактысын ачкан эмгек. Эгерде талант тубаса жаралса, чеберчилик талыкпаган эмгек менен жаралат. Болот Тѳлѳнович – чыгаан киномастер. Ал чыгарган ондогон ленталардын тизмесин эле карасаң, Бокеңдин кара нардай талыбай жасаган эмгеги кѳрүнүп турат. Мисалы, Чыңгыздын «Ак кемеси» ѳзүнүн интеллектуалдык, эстетикалык потенциалы боюнча гениалдуу чыгарма. Анын экрандаштырылган вариантын кѳрүп таң каласың. Өзүнүн тапкан уникалдуу табылгалары менен Болот повесттин температурасын плазманын температурасына чейин кѳтѳргѳн. Жаратылыштын стихиясы, толкундаган кѳл, арча-карагайлуу тоолор, кѳк орой талаа, жан-жаныбарлар, Болоттун фантазиясы аркылуу ѳзүнчѳ бир сыйкырдуу символдорго айланган. Кинонун ар бир эпизодунан эпикалык жалын уруп турат. Эстетикалык чындыктын күчү жан дүйнѳңдү титиретет.

Жумагул Сааданбеков

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

12-03-2024
У каждого века есть свое средневековье
676

28-02-2024
Скромное обаяние прирожденного трудоголика. Апасу Жумагулову 90 лет
4665

05-02-2024
Стратегия идеологической безопасности КР
2222

16-01-2024
О повышении эффективности общественно-гуманитарных наук Кыргызстана
1467

20-10-2023
Жаңы курулган президенттик резиденциянын аталышы боюнча
9315

13-10-2023
Демократия или Свобода?
1962

12-10-2023
«Кыргыз Ордо» болсун
965

11-09-2023
Первые впечатления о книге президента С. Жапарова
1207

04-09-2023
Алп акындын жалгыздыгы
2835

07-07-2023
Абдыганы Эркебаев – политик – реалист
2984

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×