Добавить свою статью
3 Ноября 2022
Кыргызстанда илим жана билим берүү системаларындагы көйгөйлөрдү кантип чечип кайра түзө алабыз?

Азыркы учурда биздин өлкөдөгү илим жана билим тармактарындагы өзгөрүүлөр жакшы деп айтууга тилибиз бурулбайт дегендей эле абалдабыз десек жаңылышбайбыз. Себеп, өзгөчө илим жагдайында артка кеткенден башка жылыш жок. Өзүңүздөр төмөнкү фактылардан талдап көргүлө. Биз фактыларды бүткүл дүйнөлүк изидөөлөрдүн негизинде көрсөтөлү. Маалыматтардын негизги булактары бул Глобалдык инновациялык индекс (GII – англисче) деген ат менен чыккан китептер. Бул китептер эң жогорку деңгелдеги эксперттердин изилдөөлөрүнүн негизинде уйуштурган дүйнөлүк үч белгилүү уйумдардын эгидасынын алдында чыгарылат. Ал уйумдар булар: Интеллектуалдык менчик боюнча бүткүл дүйнөлүк уюму (ИМБДУ); Дүйнөлүк бизнес мектеби (ДБМ); Корнел университети (Нью-Йорк). GII китептери 2009 жылдан баштап жылыга чыгып турат мурунку жылдын изилдөөлөрү боюнча. Биздин анализ жазаган маалыматтар негизинен GII 2019 боюнча болот. Албетте бизде баары эле жаман дегенден алыс болушубуз керек. Мисалы, билим тармагына каржылоо жагынан көңүл бөлүү жаман эмес десек жаңылышпайбыз. Анткени айтылган GII 2019 боюнча биздин мамлекет 2018 жылкы көрсөткүчү боюнча дүйнө жүзүндө 9 (тогузунчу) орунга чыгыптыр, мындайча айтканда Топ-10 –го кириптир. Бул деген мактанарлык абдан жогорку көрсөткүч десек болот, керек болсо Израил жана Швейцариядай өнүккөн мамлекеттерден оозуп кетиптирбиз бул көрсөткүч боюнча, ал өлкөлөр 22 жана 44 орундарда кана экен. Ал эми салыштырма саны боюнча биздин өлкө билим тармагына 7,2% ИДПдан (ВВП) каржылайт экен. Бирок жогору айтылган өлкөлөрдүн ИДП-сы бизден болжол менен 50 эсе көп, эли болсо 40% эле көп бизден. Эмне үчүн бул эки өнүккөн өлкөлөр менен салыштырып жатканыбыз ылдый жактагы айтылган сөздөрдөн түшүнүктүү болушу керек. Урматтуу окурман, биз жогору айткандай билим берүү тармагына биздин мамлекет жакшы көңүл буруп, жакшы каржылайт экен. Бирок адисттерге эле эмес, жалпы эле элге белгилүү болуп биздин билим системабыздын сапаты начарлагандан начарлап келе жатат десек жаңылышпайбыз. Мисалы, биздин ЖОЖдын бири дагы эл аралык рейтингдерде көрсөтүлбөйт (мамлекеттер аралык ЖОЖдордон башкалары). Бир кезде мектептердин окуучуларынын тесттери боюнча дагы терс көрсөткүчтөр ММК-да айтылган эле. Билим системасынын сапатынын начарлашы бул макаланын авторунун ойунча бул илим жаатына көңүл бөлүнбөй калгандыктан болуп жатат. Себеп билим менен илим тыкыз байланышта десек жаңылышпайбыз. Анткени баардык окуу китептери, окуу куралдары илимдин негизинде жазылып, иштелип ишке киргизилет эмеспи. Биздин окуу китептердеги канча каталыктар табылып жатат элдин баары көрүп, билип жатышат. Дагы бир жагы китептерди жазган, окуучуларды жана студенттерди окуткан мугалимдер, педагогдор илимдүү болушу зарыл. Айтор илим өнүгүп, жаңы билим, маалыматтар изилденип табылбаса билимдин өлкөдөгү абалы оңолбойт десек болот. Жалпылап айтканда, илимсиз экономика дагы, маданият дагы, билим берүү дагы жакшы деңгелде өнүгө албайт. Муну өнүккөн өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрү айгинелеп турат. Эми дагы GII 2019-га кайрылары. Ушул изилдөөлөр боюнча биздин илимге болгон мамиле айтмакчы, аттын кашкасындай көрүнүп турат десек болот. Биздин өлкө илимди каржылоо боюнча 104 орунда 126 өлкөнүн ичинен, ИДП-дан 0,1% ден аз. Ал эми илим менен билим берүү тыкыз байланышта (Министрлигибиз дагы бир) болгондуктан бул тармактарды салыштырып көрсөк, анда биз орой айтканда оркойгон адилетсиздикти, катачылыкты көрсөк болот. Салыштырмалуу алганда биздин илимге болгону билимге кеткен каражатка караганда 1,39% кана жумшалат экен. Бул көрсөткүч КМШ өлкөлөрүндөгү эле эмес жада калса дуйнө жүзүндөгү эң начар көрсөткүч экен! Бул биздин демократия жолу менен өнүгөлү деген мамлекетке жөнөкөй айтканда абдан УЯТ нерсе. Мындай абалды оңдобосок биздин кандай гана тармак, багыт боюнча өнүгүүбүз күмөндөр бойдон калат десек жаңылышпайбыз. Мейли билим тармагын деле жогорку деңгелде каржылоосун кармайлы, бирок илим жаатын минималдуу түрдө ИДП-дан 0,5% -ке бара бара жеткириш керек, эгер өлкөбүздүн прогрессин камсыз кылалык десек. Дагы бир нече салыштырма маалыматтарды көргөзө кетели. Жогору жакта көргөзүлгөн эки өлкө жөнүндө айтсак, анда GII 2019 боюнча Израил илимди каржылоо жагынан дуйнөдө биринчи орунду Түштүк Корея менен бөлүшүп илимге ИДП –дан 4,6% -ын чыгарат экен. Ал эми Швейцария илимге ИДП-дан 3,4% чыгарып 4 орунда экен. Ошол эле учурда Швейцария инновациялык өнүгүү боюнча дүйнөдө биринчи орунда экен, Израил 10 орунда бул көрсөткүч боюнча. Ал эми Кыргыз Республикасы инновациялык индекс боюнча 90 орунда болгон. Дагы илим жана билим берүүнү каржылоо жагдайындагы кее бир салыштырма сандарга көңүл бурсак эми GII 2018 боюнча. Анда, Топ-20 га кирген кирген өнүккөн мамлекеттердин илим/билим салыштырма каржылоосу 24,5% дан 86,1% чейин болот экен, ал эми КМШ өлкөлөрүндө 1,67%-ден 28,95% -ге чейин болуптур. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасыныкы 1,67% болгон экен, мындайча айтканда дагы эле КМШ-да эле эмес дүйнөдө эң акыркы орунда экен. Дүйнө жүзүндө бул салыштырма көрсөткүч боюнча эң алдыңкы биринчи орунда Япония экен. Бул мамлекетте илимге билимдин каржылоосуна караганда 86,1% каражат жумшалат экен. Ошол үчүн Япония алдыңкы өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирет десек жаңылышпайбыз жана өмүрлүк орто жаштары 84 жашка жетип дүйнөдө бул көрсөткүч боюнча биринчи орунду ээлейт экен. Ад эми азыркы учурду алсак, GII 2022 боюнча Кыргыз Республикасы жалпысынан инновациялык индекси 94 орунда, билим берүү тармагынын каржылоосу ИДП-дан 5,4% түзөт жана 31 орунда, илим тармагын каржылоосу ИДП-нын 0,1% аз (0,08%), рейтинги 106 орунда жана билим берүүгө кеткен каражаттан 1,48% же 67,6 эсе аз. Жогору айтылган өнүккөн мамлекеттерге теңелмек тургай жакындаш албетте кыйын, бирок биздин мамлекет дагы илимге жакшы көңүл бурушу керек жана каржылоо жагын бара бара көбөйтүп өнүктүрүүсү керек. Ошондо гана мамлекетибиздин экономикасы өнүгүп, маданияты, элдин турмушу оңолот. Эл талап кылгандай ошондо жаңы жакшы ойлоп табуулар жана ачылыштар пайда болуп, алар өндүрүшкө пайдаланып жалпы элдин турмушун оңойт. Анткени алар таланттан тышкары, талыкпас эмгектен тышкары, көңүл буруп маани берүүнү, каржылоону талап кылат десек жаңылышпайбыз. Албетте, илим билимдин өнүгүшү үчүн жалаң эле каржылоо маселесин чечкенде баары сонун болуп өнүгүп кетет дегенибиз тура эмес десек болчудай, анткени андан тышкары системдик түрдө кайра уйуштуруу талап кылынат, рынок шарттарын анализдеп эске алуу менен, илим, билим берүүнү жана бизнестин байланышын айкалыштырган чөйрө түзүү менен.

Дагы бир илим жаатындагы көйгөйлүү маселе бул илим системасынын флагманы болгон Улуттук илимдер академиясынын (Академиянын) абалы жана келечеги. Анын статусу азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Конституциянын 22 беренесинин 5 пунктунда “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы ырааттуулук жана илимий прогресстик принциптерге негизденүү менен фундаменталдык жана прикладдык илимдер тармагындагы багыттарды координациялайт” деп жазылып турса дагы ага болгон мамиле ич жылытарлык эмес десек болот.

Анткени, каржылоо маселеси жөнүндө айтсак, жогору айтылгандай эң начардай абалда. Андан тышкары уюштуруу маселелери дагы рынок шарттарын мындай койолу жөнөкөй гуманитардык шарттарга жооп бербей калды.

Бир мисалы катары, бул былтыр 5 августта болгон Академиянын мүчөлөрүн шайлоону карайлы. Анда Академия кризистик абалга келгендей таасир калтырды десек жаңылышпайбыз. Себеп, илгертеден айтылып жүргөндөй “Кадрлар баарын чечет” дегендей, кадрларды тандоодо жаңылыштыктарды кетирбөөгө аракет максималдуу болушу керек десек болот. Академиядагы мындай ыплас шайлоону уйуштурган Академиянын жетекчилери жана шайлоочулары (мүчөлөрү) ар бири өзүлөрүнүн жоопкерчиликтерин сезиши керек, кыскача айтканда шайлоо жөнүндөгү жобонун 15, 27, 34 жана 35 пункттары калың элдин көзүнчө эле бузулду. Ошентип, Кыргыз мамлекетинин илимин алдыга жылдырып экономикасын, маданиятын, билим берүүсүн илимий жактан камсыз кылып өнүктүргөнгө база болгон илим системасынын Жогорку кадрлары болгон Академиянын мүчөлөрүн адилеттүү тура тандоо бул мамлекетибиздин ыйык милдети десек жаңылышпайт элек. Ал эми Академиянын келечеги жөнүндө кеп кылсак, азыркы учурда коомчулукта ар кандай пикирлер жүрүп жатат. Бирлери айтышат мамлекеттик Академиянын кереги жок, ал коомдук статуста болушу керек деп, кылган иштери билинбейт жана интригалашып кетишти деп, башкалары айтышат Академия сөзсүз керек жана анын ролун көтөрүш керек деп. Официалдуу түрдө болсо азыркы учурда мамлекеттик жогорку бийликтин (Өкмөт) Академияны принципиалдуу реформалаш боюнча проекттер илимий чөйрөнүн талкуусунда жүрөт. Акыркысы Билим берүү жана илим министрлигинин проектиси болду. Анда Академиянын илимий институттарынын көбүн ЖОЖдордун карамагына өткөрүп бериш каралган экен. Мындай кадам биздин мамлекеттин илиминин келечегине балта чапкандай эле болот. Себеби, анда илимди каржылоону учурдун талабына коюш мүмкүн болбой калат, анткени биздин ЖОЖдор чет мамлекеттердеги ЖОЖдордой финансылык абалда эмес, студенттерди окутканга гана мүмүнчүлүктөрү араң жетишет. Дагы бир орчундай себеп, илим системасы чачыранды болуп фундаменталдык илимий багыттар өнүккөнгө шарт түзүлбөй калат десек болот. Айтоор, Академиянын азыркы статусун институттары менен калтырып, бирок рынок шарттарына ылайыкташтырып жана заманбап оптималдаштырып кайра түзүү керек десек болот.

Оморов Роман О., техника илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө корреспонденти, Эл аралык инженердик академиянын академиги, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери.

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

04-03-2023
Об оценке эффективности деятельности научных работников и учреждений науки
2830

31-10-2022
О некоторых проблемах развития образования и науки в Кыргызской Республике
2129

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×