Алыкул Осмоновду эскерүү күнүнө карата
А.Осмоновдун «Кызыл учкучтар» (16.07.1933) аттуу ыры мекенди сүйүү, аны коргоо темасындагы алгачкы ырларынан болуп саналат. Ыр 11-12 муундан турган ыр саптарында жазылган. Акындын алгачкы да, кийинки да чыгармачылыгында ушул поэтикалык форма дээрлик басымдуу мүнөзгө ээ экендиги байкалат.
Биз үйрөндүк – диржабилди минүүгө …
Кан майданга – асманда учуп кирүүгө …
Бомбу ыргытып ок жаадырып фашиске,
Биз үйрөндүк – газды жара билүүгө … [1]
Алыкул бул ыр саптарын жазганда болгону он сегиз жаштагы кырчындай жаш жигит экен. Бу куракта өспүрүм акын махабат, сүйүү темасын гана айланчыктап жүрүшү керек беле? Гүлгүн курактагы («Түндөгү үн» (12.02.1933), «Таңшыр булбул» (6.05.1935)) боз балага ушундай саясий темага кайрылып эмне күч келди экен дейсиң да. Бул эмне 30-жж. авторитардык системанын, же антип эмес, минтип жаз деген буйрукчул «союздун» өкүм үнүнүн зардесиби? Же чын эле ошол он сегиздеги өспүрүм ушинтип ойлоп, ушинтип ыр саптарын тизмектегенге мезгил өзү («Жолдошторум менен» (10.07.1934), «Бакыт талаасы» (5.10.1935)) төп келишип калган беле, же «кечегисин» унутпаган жетилген курактын («Курбуларыма» (18.12.1934), «Биз ленинсиз» (21.09.1935)) табийгый эргүүсү беле?
Жаш акында фашис деген сөз анын бир катар чыгармаларында кездешет. Башатында кандайдыр бир терс касиет-сапаттык мүнөзү болбогон бирикме, уюм дегендей эле маанини туюндурган бул италиялык сөз ушундай глобалдык эң бир коркунучутуу түшүнүккө айланып калган. Аны, албетте, ошол кездеги күндөлүк кызыл гезит беттеринде жайнап чыгып турган чакан маалыматтардан, макалалардан окуп үйрөнгөнү калетсиз. (Анда коммунисттик идеологиянын күчөгөн доору эмеспи). Демек, ошол 1933-жылы эле фашис деген термин советтик прессада эң бир терс ассоциацияны туудурган түшүнүк болуп калыптанган калган экен. Бирок улуу согушка дагы сегиз жыл бар эле го?
Ооба, акындын бул ырында «Жел кеме бар «Кыргызстан» наамында // Кан майданда – аралашат жалынга // Кызыл учкуч көккө учуруп жөнөгүн, // Сынашабыз – Ворошилов алдында!» деген ыр саптары бар. Демек, «Кыргызстан» атын алган дирижабль ошондо болгон да, жаш Алыкул ага сыймыктануу менен карап, толкундануу, эргүү менен кабыл алган экен. «Жел кемени» аэропландай согуштук кеме катары түшүнгөнү анын «Бомба ыргытып ок жаадырып фашиске» деген ыр сабынан көрүнөт. Бирок ал түздөн-түз согуштук милдетти аркалай албасы, таамай тийген бир ок аны заматта өрттөп салары дайын экендиги да ырас эле. Канткен ченде да он жетиден араң өткөн өспүрүмгө «Кыргызстан» наамындагы «жел кеме» зор таасир калтыргандыгы сезилет.
Зирек акын күндөлүк колдонуудагы герой, лөтчүк өңдүү активдүү лексикага кирип калган бөтөн сөздөрдү угуп, окуп жүргөнү боюнча которуп-нетпей (маселен, баатыр, учкуч) эле өзүндөй колдонгон экен. «Сынга өткөрүп – көрсүн жолдош Влухер!» деп, айтылуу командарм Блюхерди атап өтөт. Демек, бул ысымды ошентип башкача жазып келишкен экен. Ворошиловдун, Сталиндин орфографиясы туура эле кеткен болууда. Ооба, бул эки фамилиядан ката кетирүүгө мүмкүн эмес болчу. Дирижабль деген бөтөн сөз кыргыз тилине ылайыкташтырылып диржабил деп ийкемдүү колдонулуптур. Бирок мында кеп - ушул жана башка ырларында бир топ эле саясий, аскердик терминдерди окуп өздөштүрүп, анын маани-маңызын өзүндөй чечмелеп, саясий «кат-сабаты» жетиштүү ачылган өспүрүм жигит жөнүндө болууда. Ооба, кечээги эле тестиер бала эми чоңдор менен тең ата болуп, олуттуу, ары бир топ кооптуу темада жаңылбай тизгиндешип калган чак экен.
Кызыл жаштар! Бизде жеңиш толкуну,
Кызыл аскер – кайратың бар каныңда …
Ок жаадырса - жан талашса фашистер
Штык менен – жүрөгүнө малгыла! ... [2]
Бир ай өтүп-өтпөй жаш акын «Жүр жолдоштор» (15.08.1933) ырын жазып, фашис темасын дагы козгоп өтүптүр. Ооба, ошо кездеги советтик пресса фашистердин (тагыраагы - гитлердик нацистердин) алгачкы арийлик жорук-жосундары, нацистик идеологиясы тууралуу маалыматтарды байма-бай берип турган көрүнөт. Маселен, Рейхстагды өрттөдү деген шылтоо менен болгар коммунисти Г.Димитровду камакка алуу, бийлик талашкан партайгеносселерин бир түн ичи жок кылуу өңдүү ырайымсыз кылык-жоруктары советтик маалыматтык согуштун көз жаздымынан калбаганы түшүнүктүү. Акын «Бул билегим – жумушчунун билеги! // Ук фашистер, талкан кылат силерди» деп, кызыл аскердик күчтүн күч-кубатын даңазалайт, кеп укпаган «фашистерди» «коркутуп» кирет. Кыязы, ошондо дүйнө элине гитлердик Германия өтө зор коркунуч экендиги дайын болуп калгандай. Бирок ал кезде Австрия өз ордунда («аншлюс» али жок), Чехословакия оккупациялана элек кез эле го? Же, бул кызыл прессага ууккан темир канат акындын көрөгөчтүгү беле? Кандай болгон ченде да мына токсон жыл өтүп, ырын окуп, жаш калемдин зирек ой-чабытына таңданбай койбойсуң.
Бирок жаш акын «Ок жаадырса - жан талашса фашистер // Штык менен – жүрөгүнө малгыла!» деп, фашистердин европалык чабытына кабатыр оюн жашырбайт. Ооба, ушул фашизм темасы өспүрүм жигитти бир топ эле түйшөлткөн экен. Караңыз, «Штык менен – жүрөгүнө малгыла!» деген ыр сабындагыдай сүрөттүк көрүнүштү дагы башка бир жерден көрбөгөн белеңиз? Ооба, кол салбоо тууралуу пактыны одоно бузган Гитлерди кызыл аскер штык менен башка сайып турган сүрөт бүт өлкө боюнча тарагандыгы маалым. Бирок бул 1941-жылкы сүрөт болчу. Анда Алыкул кимден дагы ушундай образдагы композицияны көргөн эле? Туура, ошол 30-жж. эле атактуу Кукрыниксы сүрөтчүлөр ушундай саясий сатиралык сүрөттөрдү байма-бай тартып турушкан. Балким, өспүрүм акын ушундай ашкере курч ыр саптарын тайманбай жаратууга москвалык чыгармачыл таламдаштарынан саясий, чыгармачыл демөөр алган болуусу да мүмкүн.
Мында «Жаш агызчуу» «чүчкүртүүчү» газ келет // Коркунуч жок маски бардыр жаныңда» деген ыр саптары да кызыгууну туудурары бышык. Кеп массалык кыргын салуучу химиялык газ куралы жөнүндө жүрүүдө. Ооба, дүйнөлүк биринчи согушта герман армиясы француздарга каршы иприт аталган газ куралын колдонгон. Өспүрүм акын ошону эскертип жаткандай, бирок «маскаң бардыр жаныңда» деп кооптонгону, албетте, ар бир мекендеш кызыл аскерин чыйралткандыгын күмөн кылууга болбос.
Жаш акындын “Жаңы катарга (1911-жылы туулгандарга)” (11.11.1933) деген ырынан:
Келишимдүү кенен өскөн далыга...
Жыйырма эки жаш! Мылтык асып салгыла ...
Ал жөнөдүк бир курактуу кызылдар!
Воен. Ком, ад бизди тосуп алгыла! ... [3]
Бул ырын жазганда да Алыкул 18 жашта экен. Демек, ал кезде 22 жаштагылар гана аскер сабына тура алган да (“Жыйырма эки жаш”, мылтык атар убагың”, “Беш атарды беленде”, “Жанга кылыч илебиз”), “Аскер болчу убагы” - атуулдук милдети, “Кызыл ордин илүүгө” – мыйзамдуу акылуу кези экен. Ооба, аскердик куракка али жете элек бул акын баланын ырын окуган ар бир (Жыйырма эки жаш!”) кыргыз жигитинин (“Кимдин келбейт? Аскерликке келгиси!”) “ВоенКомаддын” эшигин жаркын маанайда ачып киргенине күмөн кылууга болбос.
Туткун Телман фашистерди жеңерин
Биз жеңдик деп дүйнөгө даңк берерин …
Фашистерде канды суудай төгүү бар
Теңдик үчүн кастардан көп өлүү бар. [4]
Ооба, фашистик диктатура бийликке келип, немис коммунистеринин башчысы Э.Тельман камакка алынат. Анда нацистик концлагерлер жаңы түптөлүп жаткан кез. Ушуну ай айлантпай болочок кыргыз акыны билгендей кабатырланып, эртеңкиден үмүт үзбөй оптимизм («Кадимкидей кучакташып көрүшүп // Көзүм жетет бүгүн-эртең келерин») менен караган экен. Бирок гитлердик репрессия күчөгөндөн күчөп бир катар концлагерлерди алмаштырган немис коммунистеринин лидеринин өмүрү кайгылуу аяктары жалпыга маалым. Кийинки «Фашистерде канды суудай төгүү бар» деген ыр сабын караңыз. Бул “Милиондор” ыры 1934-жылы жазылыптыр. Туура, фашизм жылдан жылга күчөп отурган, бирок дүйнөлүк аренага чыга элек кез. Кан суудай төгүлө элек кез. Ага дагы төрт-беш жылча бар эле. Бирок өспүрүм акын ушуну алдын ала сезип-туйгандай поэзиясында баса белгилеп өткөн болууда.
Биз эми он сегизге араң толгон жаш Алыкулдун саясат, патриоттуулук темасындагы ырларына сарасеп салуу менен анын саясий жактан жетилип калгандыгын, поэзиясында актуалдуу теманы орундуу ачып кете алган жарандык дараметине басым жасадык. Балким, поэзиясы толук бышып жетиле элек болсо да, ушундай олуттуу темага чап салышы, айтылуу калемдештеринен колдоо табышы, бүгүнкү күнү да күлгүн курак акынга карата жылуу сезимдин жаралуусуна түрткү берери күмөн эмес.
Эшиев Асылбек Мирзатилаевич, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору
Адабияттар:
1. Осмонов А. Ырлар жыйнагы. Фрунзе: Кырмамбас, 1935. 9-21-бб.
2. Осмонов А. Ырлар жыйнагы. Фрунзе: Кырмамбас, 1935. 16-18-бб.
3. Осмонов А. Ырлар жыйнагы. Фрунзе: Кырмамбас, 1935. 22-26-бб.
4. Осмонов А. Ырлар жыйнагы. Фрунзе: Кырмамбас, 1935. 11-13-бб.