Добавить свою статью
29 Декабря 2022
Чыңгыз Айтматов: жаңы жылдык тост

«Ападан башка апа жок». Бул сап Расул Гамзатовго таандык. Курандагы “Алладан башка кудай жок” деген касиеттүү сөзгө ачыктан ачык кайчылаш, асыресе, өтө жупуну, ошол эле учурда абыдан улуу чындыкты таамай туюнткан ушуреки чулу накыл эне тууралуу кеп козголо калса эле эсиме “кылт” эте түшөт. Береги жөпжөнөкөй айтымда терең маани камтылган –жалган дүйнө, чын дүйнө, эки дүйнө ичинде апаны алмаштырар эч кимибиз жок. Ий-е, апаң бирөө, жаның апаң –жалгыз апаң! Жакындан жакын бир жакын, кымбаттан кымбат бир кымбат киндиктеш адамың. Бөлөк апаны сага ким бермек...

Маселенин тамыры ушунда. Жашоонун башаты ушунда, эненин кайгысы менен кубанычы, анын өмүрүнүн соңуна дейре кичинеби-чоңбу, алыстабы-жууктабы, эчтемеге карабай, балдарынын тагдырына ар убактан бир убак тынчсызданып, күйүп-бышмагы ушунда... Эненин сыры, а балким, табияттагы таанып-билүүгө жатпаган жекелик сандагы сыр ушулдур... Эне деген – Мекендин нугу, эне деген –эне тил, эне деген – апанын ак сүтүнө аралаш таңдайыңа кошо татыган абийриң... “Апа” деген үч ариптин артында эмнелер турганын агызбай-тамызбай жеткирүү жеңил эместир-ов!

Жаңы жылдагы алгачкы тостум энелерибизге арналат! Апакебайларым, бутуңарга чейин ийилип таазим кылам дагы, колумдагы аякты сиздер үчүн аламын! Башыңардан бак тайбасын!

Ушуга улай мен силердин жумшак күлүңдөгөн көзүңөргө багам жана абайлап сүйлөгөн жообунарды угам: “Биздин бактыбыз силерсиңер, кагылайындар!” Такай ушинтесиңер, турмуш жолуңарда дайыма перзенттериңерди өзүңөрдөн өйдө койосуңар!?

Жаңы жылыңар кут болсун, апалар! Жаңы жылдык тост айтуу мага тийген экен, мүмкүнчүлүктөн пайдаланууга ыракым ыроологойсуздар: Апам Нагима Хамзеевна Айтматованын жана кайненем (эне гана кайнене атака конот эмеспи) Сейилбүбү Жакиновна Жакинованын ден соолугу, алар аркылуу баарыңыздардын, Жер жүзүндөгү бүт энелердин ден соолугу үчүн чөйчөк көтөрүүгө уруксат бергиле!?

Жылдар келет, кетет, ал эми апанын орду түбөлүктүү! Арийне, ар бир эне бөтөнчө, кайталангыс инсан. Андыктан, Гамзатовдун саптары үчүн ичели: ”Ападан башка апа жок”!

Да бир ирет Жаңы жылыңыздар кут болсун!

Кыргызчалаган: Абибилла Пазылов

декабрь, 2018-ж.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

08-01-2024
Меня многое связывает с вами
5822

30-12-2023
Суеркул Тургунбаев служил литературе
6493

17-12-2023
Полезность литературы в построении позитивных отношений
7059

23-08-2023
От Федерико Майора до Карлеса Пуйоля
14663

10-05-2023
О, менин кыпчактарым «Манастагы»!
18168

24-01-2023
Нас украшают скромные награды
18055

16-11-2022
Насирдин Исанов — настоящий герой Отечества
20711

07-11-2022
На полях «Петербургских встреч в Кыргызстане»
18745

19-09-2022
Не договариваются не любя
18916

31-08-2022
Кыргызстан – аш катыгым, ичер суум
14350

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×