Добавить свою статью
1 Февраля 2023
Журналисттер союзунун ЖМК жана мамлекеттик бийлик органдарына кайрылуусу

Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун мамлекеттик бийлик органдарына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылуусу:

Кыргыз Республикасында сөз эркиндиги, ар бир жарандын өз ой-пикирин, көз карашын билдирүү жана айтуу мүмкүнчүлүгү мыйзам менен кепилденген. Демократиялык өлкөлөргө таандык бул баалуулуктарды жана принциптерди бекем сактоо, ыйык тутуу жана өнүктүрүү баарыбыздын милдетибиз. 

Эгемендүүлүк жылдарында биздин республикада мамлекеттик жана көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарынын таасирдүү жана күчтүү институту түзүлдү. Журналисттик сөздүн, алардын жазгандарынын, көрсөтүүлөрүнүн жана уктурууларынын коомдук процесстерге тийгизген таасири улам артып бара жатат. Мамлекеттик органдардын кабыл алуу чечимдеринде журналисттердин пикири, сунуштары эске алына баштады. 

Коомдук пикирди жаратууга таасир көрсөтүүдө, республикада болуп жаткан окуяларды туура чагылдырууда, маалыматты так, ыкчам жеткирүүдө, жарандар менен мамлекеттик бийликтин ортосунда диалогду түзүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарына зор ишеним артылууда. Ушул жетишкендиктерди баалай жана сактай билели, ага доо кетирип албайлы. 

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө глобалдашуу маселелери менен катар маалыматтык технология абдан ыкчам өнүгүүдө. Салттуу жалпыга маалымдоо каражаттары менен катар интернет айдыңында социалдык тармактын түрлөрү, алар аркылуу блогерлер жана башкалар пайда болду. Жарандар үчүн маалымат алуунун жаңы булактарынын көбүрөөк болушу бүгүнкү күндүн жакшы көрүнүшү. 

Ушундай шартта биз жалпыга маалымдоо каржаттарынын өкүлдөрүнө профессионалдуулукту көрсөтүүнү, кесиптик этиканы сактоону, маалыматты так, туура берүүнү жана чагылдырууну өтүнөбүз. Айрыкча сөз эркиндиги, ар кандай көз карашты, ой-пикирди билдирүү мүмкүнчүлүгү сөзгө болгон жоопкерчиликти да талап кылат. 

Эзелтен элибиз сөзгө абдан этият мамиле жасаган, анын күчтүүлүгүн баалай, барктай билген. Таамай, так жана туура айтылган сөз катуу таасир берген. Калпыс, туура эмес айтылган, жалаа жана ушактар сөз эркиндигине, сөз касиетине доо кетирген.  

Биз, урматтуу кесиптештер, элге таасир көрсөтүүнүн эң күчтүү, кубаттуу каражатынын, сөздүн ээлери экендигибизди унутпайлы, аны калыс жана адилет колдоно билели. Такталбаган, инсандын жеке намысына шек келтирген жалаа, ушактардан алыс бололу. Бардык иште кесипкөйлүктүн жогорку үлгүсүн көрсөтөлү. 

Мамлекетти, бийлик органдарын жалпыга маалымдоо каражаттарына байланыштуу мыйзамдарды так сактоого, маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга, өз ара түшүнүүчүлүк мамилени түзүүгө жана журналисттерге, ЖМК органдарына кысым көрсөтпөөгө, сөз эркиндигин сыйлоого, талаш-тартыш маселелерди мыйзам чегинде чечүүгө чакырабыз! 

Сөз, басма сөз эркиндиги баарыбыздын жетишкендигибиз, аны ыйык туталы жана сактайлы. 2023-жыл сөз айдыңында чыр чактаксыз жыл болушун каалайлы. 

«Жалпыга маалымдоо каражаттары: кечээ, бүгүн жана эртең» конференциясынын катышуучулары. 

31-январь, 2023-жыл,

Бишкек шаары.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×