Добавить свою статью
7 Февраля 2023
КЫРГЫЗСТАНДА КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШҮҮГӨ ТАРЫХЫЙ САРЕСЕП (этаптарына жаңы көз караш)

Бир дагы мамлекеттик же эл аралык укуктук, мыйзамдык ченемдерде, илимпоздор, саясат таануучулар, серепчилер арасында, бүгүнкүгө чейин коррупция деген терминге так, бирдиктүү аныктама жок. Коррупция бул жөн эле пара алуу, чиновниктин каржылык, материалдык сый алуусу эмес, баардык тармактарда кеңири кулач жайган социалдык кесел. Дүйнөлүк тарых далидегендей, коррупция ар түрдүү доорлордогу өлкөлөрдүн мамлекеттик, саясий турмушунда терең тамыр жайган, байыртадан келе жаткан жагымсыз, жат көрүнүш. Кыргызстанда жакынкы убакытка чейин, коррупция, коррупциялык жагымсыз аракеттер абдан күчөгөн эле. Бизде төрөлгөнгө чейин коррупция башталып, төрөлгөндө, бала бакчада, мектепте, жогорку окуу жайда, жумушка орношкондо, өз алдынча ишкердик кылганда, карье-ра-лык, бизнестик өсүүдө, керек болсо өлгөндө да коррупциялык манипуляцияга кабылган. Макалада дал ошол коррупциялык көрүнүштөр салттуу кыргыз коомчулугунда качан пайда болгону, коррупцияга каршы күрөштүн этаптары, коррупциянын алдын алуу, ага каршы күрөшүү ыкмалары, укуктук-нормативдик актылар, Кыргызстандагы коррупциялык көрүнүштүн формалары жана түрлөрү, аны жоюнун аракеттерине, жолдоруна тарыхый саресеп салынып, коррупцияны жоюнун, кескин азайтуунун ыкмалары сунушталат.

Баарыбыз эле коррупция, коррупцияга каршы күрөш - деп жатабыз. Коррупция деген эмне, аны кандай мүнөздөсө болот? Коррупция - бул «мамлекеттик кызматкерлер жана мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү тарабынан ээлеген кызмат орундарын, кызматтык укуктарын жана бийлигин колдонуп, пайдаланып, мыйзамсыз байлык чогултуу, жеке материалдык жана башка жыргалчылыктарга ээ болуу». Коррупция, коомдук, саясий, социалдык-экономикалык турмуштагы феномен сыяктуу байыркы замандан бери эле болуп келе жаткан социалдык көрүнүш.

Коррупцияны жою мүмкүн эмес, бирок азайтса болоорун коомчулук түшүнүп калды. Албетте коррупцияны бир гана мамлекеттик чиновниктер жасайт деп айтуу да туура эмес, жөнөкөй адамдардын арасында да коррупционерлер көп кездешет. Коррупция өкмөткө, экономикага, өлкөгө тийип, эбегейсиз зор зыян келтирип, жалпы коомдун жашоо деңгээлин төмөндөтөт. Андан тышкары бул элдин бийликке болгон ишенимин азайтат, жеке эле бийлик эмес, адам менен адамдын ортосундагы ишенич жоголот.

Коррупция – бул мамлекеттик органда иштеген адамдардын өз кызматтык ордунан же абалынан пайдаланып, мыйзамсыз акча талап кылуусу же кызматтык ордун өз кызыкчылыктарына пайдалануусу. Мурдагы мезгилдерде коррупция жашообуздун алга жылышына чоң тоскоол болуп калганы айдан ачык эле. Коррупциялык иштер ачык айкын эле жүргүзүлүп елген. Коррупцияга бөгөт коюуу жана жоюу максатында көптөгөн иштер Кыргыз Республикасында жүргүзүлгөн жана жүргүзүлүүдө. Бирок, буга карабастан, эч майнап чыккан эмес, акыркы жылдардагы алгылыктуу иш аракеттерди кошпогондо.

Коррупциянын биздин жашоого, биздин мамлекетке, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө тийгизген залакасы эбегейсиз чоң. Кайсы жерге барбайлы (мамлекетке тиешелүү жайларга) коррупция! Бир ишинди бүтүрөйүн деп канча жерге барасың, көбүнөн коррупциялык иштерди байкоого болот эле. Башкача айтканда, коррупция күнүмдүк жашообуздун бир бөлүгү болуп калганы талашсыз эле. Кызматтык ордун кыянаттык менен пайдаланган адамдар ачык эле канча акча бериши керектигин айтышчу. Бул биздин коомдо болуп, ар бирибиз угуп, көрүп жаткан күндөлүк көрүнүш эле. Бул – ачуу чындык. Мындай көрүнүш биздин өзүбүз жашап жаткан мамлекетибизди, мыйзамдарды сыйлабагандыкты билдирчү.

Ошол коррупция деген кыргыз коомчулугунда качан пайда болгон, мурдагы салттуу кыргыз коомчулугунда болгонбу? Чындыгында, азыркы маанидеги коррупция бул кыргыз элине келгин көрүнүш, ал кечээ кийинчерээк эле 150-160 жыл мурда пайда болгон. Байыркы, орто кылымдардагы мезгилдерде кыргыз коомчулугунда коррупция жат көрүнүш болгону талашсыз.

XIX к. Экинчи жарымынан баштап, кыргыз коомунда акырындык менен коррупциялык көрүнүш орун ала баштаган. Эгерде коррупциянын пайда болуусун, коомдук турмушта орун алуусун этаптарга бөлсөк төмөнкүдөй болот:

Биринчи этап - XIX к. экинчи жарымы – XX к. башы, т.а. 1917-ж. Октябрь революциясына чейинки мезгил (орус элинде популярдуу болбогону менен 1917-ж. биз үчүн дагы эле революция катары кала берет - авт.). Дал ушул этапта кыргыз коомчулугунун күндөлүк турмушунда, падышачылык чиновниктердин алдым-жуттумдугу, паракордугу, ар тараптуу мыйзамсыз иштерди жасоосу, уезддик начальниктердин жергиликтүү калктын өкүлдөрүнөн жардамчыларды, болуштарды (волостные - авт.), ыстарчындарды (старшины – авт.) шайлоодо, дайындоодо, салыктарды салууда, топтоодо өзүм билемдиктер, аша чабуучулуктар менен кыргыз элине алгачкы ирет коруупциялык аракеттер, көрүнүштөр, байланыштар жайылып, XIX к. экинчи жарымы – XX к. башында терең орун алып, кадимкидей калыптанып калган.

Экинчи этап – Кеңеш доорунун мезгили – 1917-1990-жылдар.

Падышалык Россиянын мурасы катары коррупция алгач контрреволюциялык аракет катары каралып, өлүм жазасына чейин жазаланса да Кеңеш доору бул зыянкеч көрүнүштү биротоло жоё албады.

Кеңеш Өкмүтү алгачкы күндөрдөн баштап эле коррупциялык аракеттерге каршы катуу күрөш жүргүзүп, аларды контрреволюциялык аракет катары баалап, кескин айыптаган. 1922-жылкы РСФСР Кылмыш жаза кодексинин негизинде коррупциялык, контрреволюциялык аракеттер үчүн өлүм жазасын киргизген. Бул жаза мурдагы падышачылык Россиянын Кеңеш Өкмөтүнө караган баардык аймактарына таандык болгон. Демек, азыркы Кыргызстандын аймагында да колдонулган. Бирок ошондой катуу жазага карабастан Кеңеш доорунда да коррупция, коррупциялык аракеттер сакталып, өз ишин уланта берген. Айрыкча көмүскө экономика, сапатсыз товарларды өндүрүү, план толтуруудагы мыйзамсыз каттоолор, жемкорлук, паракорлук, жең ичинен жүргүзүлгөн сүткорлук, тааныш-билиштик, жердешчилик, кызмат абалына кландык тандоо, ж.б. терс көрүнүштөр сакталып эле калбастан, кээ бир тармактарда күчөгөн.

Кеңеш доорунда коррупция менен каардуу ОБХСС, КГБ, МВД сыяктуу расмий органдар, “Крокодил”, “Чалкан” сыяктуу ММК тынымсыз күрөшкөнү менен бул коомдук кесел биротоло жоюлбады. Чөлкөмдөгү ири окуялар Кыргызстанда “фабрика иши” – “фабричное дело”, коңшулаш Өзбекстанда “пахта иши” – хлопковое дело”, “вино иши” – “виное дело” ж.б. маалым.

Үчүнчү этап – эгемендүү Кыргызстандын мезгили 1990-2022-жылдар.

Кеңеш доорунун акыркы жылдары өзгөчө өнүгүп, коомдук, социалдык-экономикалык, саясий турмуштун баардык тармактарында терең орун алган коррупциялык көрүнүш эгемендүүлүктүн жана көз карандысыздыктын жылдарында дагы тереңдеп, коомчулуктун бүйрүн кызыткан абалга жеткирди. Башканы койгондо да, швед саясат таануучусу Йохан Энгвалль көз карандысыз Кыргыз Республикасынын коррупциялык абалын ар тараптан изилдеп “Коорупция бул бүтүндөй Кыргызстан... Кыргызстан деп аталган мамлекетте баардык мамлекеттик кызмат орундары сатылат.

Мурдагы президент Бакиевдин убагындагы расмий укук коргоо органдары менен уюшкан кылмыштуулуктун ортосундагы симбиоз мамлекеттин ыдырашынын туу чокусу болду” деп белгилейт. Доктор Й.Энгвалл өз диссертациясында, ар кандай далилдерге таянып, көз карандысыз Кыргызстандын тарыхынын ар кайсы мезгилдерине тиешелүү кызмат орундары үчүн берилген суммалардын сандарын келтирет. Акаевдин доорунда министрдин кызмат 100-200 миң доллар, губернатордук кызмат 4000$ доллардан ашык, аким (мэр) болуш үчүн 20000$ доллардан ашык берилгени маалымдалат. Бишкектеги биринчи инстанциядагы соттогу судьялык орун үчүн 10000$ доллардан 50000$ долларга чейин акча төлөнгөн - деп белгилеген.[1] Эң өкүнүчтүүсү биздеги коррупциялык көрүнүштөр тууралуу чет өлкөлүк жарандын жазып жатканы.

Ушундай тереңдеген коррупциялык көрүнүш орун алган үчүнчү этапты – бир катар мезгилдерге бөлүп кароо абзел:

Биринчи мезгил, 1992-2005-жылдардагы алгачкы кадамдарды камтыйт.

Анткени 1992-жылы 18-декабрда биринчи жолу №388 “Республика Кыргызстандын мамлекеттик кызмат системасындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар жөнүндө” ошол кездеги Рспублика Кыргызстандын Президентинин Жарлыгы чыккан. Бул эгемендүүлүктөгү коррупцияга каршы эң биринчи кадам эле. 1997-жылы 303-беренени камтыган, алгачкы жолу коррупцияга укуктук баа берген Кылмыш кодекси кабыл алынган. 1999-жылы 25-январда кылмыштуулукка, мыйзам бузууларга жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башында премьер-министр турган Координациялык кеңеш түзүлгөн. Бирок бул орган өз вазыйпасын толук аткара албады. 2001-жылы 21-февралда Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны “Кыргыз Республикасынын Эл өкүлдөр жыйынынын коррупцияга, көмүскө экономикага жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комиссия жөнүндөгү” Жобосун бекиткен. Ошол эле 2001-жылы 21-августа Кыргыз Республикасынын Өкмөтү №469 “Кыргыз Республикасында 2001-2003-жылдарга коррупцияга, көмүскө экономикага жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программанын аткарылышы жөнүндөгү” токтомун кабыл алган. Токтомдо коррупцияга каршы күрөштүн нормативдик-укуктук базасынын өркүндөтүлгөнү баамдалат. 2003-жылы 22 июлда Кыргыз Республикасынын Президентинин “Коррупцияга жана экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү системасын өркүндөтүү жөнүндөгү” Жарлыгы чыккан. Анда коррупцияга каршы күрөшүүдө оптималдуу жана натыйжалуу системаны иштеп чыгуу каралган. 2003-2004-жылдары “Коорупция менен күрөшүү жөнүндөгү”, “Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү”, “Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу” мыйзамдар кабыл алынган. Ага катар эле мамлекеттик чиновниктердин тапкан кирешесин декларациялоо жөнүндөгү мыйзам кабыл алынган. Булардын баары коррупцияга каршы күрөштү күчөткөн, бирок олуттуу натыйжа бере алган эмес.

Экинчи олуттуу мезгил, 2005-2010-жылдарды камтыйт. Бул мезгилде коррупцияга каршы БУУ Конвенциясын ратификациялоо менен өлкөдө антикоррупциялык саясат калыптанган. 2005-жылы Кыргыз Республикасынын милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 21-июнундагы №251 Жарлыгы менен “Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүүнүн мамлекеттик стратегиясы” бекитилген. Бул мурдагыларга салыштырганда кыйла жогору маанидеги, прогрессивдүү документ болгон.

Ошол эле жылы 21-октябрда (УП №476) “Коорупция менен күрөшүү үчүн кечиктирилгис иш аракеттер жөнүндөгү” Президенттин Жарлыгы чыккан.

Аталган жарлыктын негизинде биринчи жолу атайын мамлекеттик орган Коррупциянын алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук агентствосу уюшулган жана Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук кеңеши түзүлгөн.

2006-жылдын 28-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №132 “Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөшүүнүн мамлекеттик Стратегиясын жана 2006-2007-жылдары Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүүнүн мамлекеттик Программасын турмушка ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн комсплекстүү иш чарларын бекитүү жөнүндөгү” токтому чыгып, анда коррупцияга каршы олуттуу иш чаралардын комплекси каралган.

2008-жылы 13-февралда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №44 “Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөшүүнүн мамлекеттик Стратегиясын жана 2006-2007-жылдары Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүүнүн мамлекеттик Программасын турмушка ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн комсплекстүү иш чарларын аткарылышы жөнүндөгү” токтому чыккан. 2009-жылы 1-мартта Президенттин Жарлыгы менен “Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүүнүн улуттук стратегиясынын 2009-2011-жылдарга жаңы редакциясы” кабыл алынган.

Үчүнчү урунтуктуу мезгил, 2011-2020-жылдарды камтыйт. Анткенибиз дал ошол мезгилде коррупцияга каршы күрөшүү жаңыы тепкичке көтөрүлгөн. 2011-жылы 14-декабрда Президенттин №27 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдында Антикоррупциялык кызмат түзүлгөн. Ошону менен коррупцияга каршы күрөшүүдө жаңы институционалдык механизм түзүлгөн.

Ушул эле мезгилде “2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын иш аракеттеринин Планы”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы (№170) “2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-чараларынын планын бекитүү жөнүндө” токтому, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылы 13-сентябрындагы (№474) “2019-2021-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө” токтому чыккан. Көрсөтүлгөн жогорку деңгээлде кабыл алынган жарлыктарга, токтомдорго ылайык мамлекеттик масштабда коррупцияга каршы күрөш күч алган. Бирок, аларды аткарылышы тиешелүү жыйынтыктарды берип, коомдогу терең тамыр алган коррупцияны, коррупциялык көрүнүштөрдү биртоло жоё албады.

Төртүнчү этап - 2020-жылдан азыркы мезгилге чейинки убакытты камтыйт. Акыркы этап коомдогу, саясий, социалдык-экономикалык турмуштун баардык тармактарында орун алган коррупция, коррупциялык көрүнүштөр менен чечкиндүү, саясий эрктүүлүк менен тынымсыз, аёсуз күрөш жүргүзгөнү менен айырмаланат.

Албетте коррупция баардык өлкөлөрдө, анын ичинде бизде да экономикалык, социалдык, саясий реформаларды жүргүзүүдөгү эң күчтүү тоскоолдуктардын бири болуп эсептелет. Аны биздин элдин, өлкөнүн тарыхынан да баамдап олтурасыздар. Мурдагы кездерде, эгемендүүлүктүн, көз карандысыздыктын 32 жылында, коррупцияга - жемкорлукка, паракорлукка, тааныш-билиштикке, фаворитизмге, непотизмге – жактоочулукка, кландык мамилеге белчесинен баткан кыргыз коомчулугунун баардык тармактары азыркыга чейин, акыркы 2 жылдагы чечкиндүү күрөштүн натыйжасында арыла албай келе жатабыз. Көрсө биз туулгандан, керек болсо туулардын алдынан баштап, өлгөнгө чейин, андан кийин жерге берилегенге чейин коррупцияга баткан экенбиз.

Биз өзгөчө бөлүп караган төртүнчү этап, дал ошолордон арылууга багытталган чекиндүү, эрктүү жана бурулуш болгон, мыйзамдуулукту, айкындыкты орнотууга ынанымдуу кадам болгон мезгил, 2020-жылдын октябрь айынан берки убакытты камтыйт. Ошентсе да чиеленип коррупциялашкан аракеттер дагы эле калып келүүдө. Мисалы, Бишкек, Ош шаарларындагы мыйзамсыз, талаптарга ылайыксыз курулган көп кабаттуу үйлөр, курулуп келген дагы эле ошол ыкчамда курулуп жатат.

Жакында эле тиешелүү органдар, башкы Прокуратура, бир катар ММК, өлкөдөгү мыйзамсыз үйлөрдү куруп жаткан 16 кампанияларды аташты.

Бирок ошого карабай, алар ишмердүүлүгүн улантууда. Дагы бир мисал, Чаткал районунун кокту-колотторунда ири көлөмдөгү алтын өндүрүп жаткан майда кытай фирмалары ж.б.

Убагында ЕРӨБ эксперттери аныктагандай КМШ өлкөлөрү дүйнөнүн башка чөлкөмдөрүнө караганда көбүрөөк коррупцияга батканы аныкталган.

Кыргыз Республикасы алардан четте калган эмес. Коррупция мамлекет турмушунун баардык катмарларын камтыганы, керке болсо Ак үйдүн жогорку кабаттарына чейин жеткени маалым болгон. Ошондуктан бул көрүнүш коомго, мамлекеттин өнүгүүсүнө, улуттук коопсуздукка өзгөчө терс таасирин тийгизип, расмий мамлекеттик бийликке шек келтирээри, анын баардык бутактарын дискредитациялоосу анык болду.

Азыркы ааламдашуу жараянынын алкагындагы бүт дүйнө жүзүн үчүн эң көйгөлүү маселелердин бири коррупция, аны менен күрөшүү болуп саналат. Анткени коррупция коомдук, мамлекеттик турмуштун баардык тармактарына терең сиңип, кеңири орун алып, коом, мамлекеттеги терс көрүнүштөргө алып келүүдө.[2] Коорупциялык көрүнүш ар бир мамлекетке мүнөздүү. Болгону кээ бир мамлекеттерде азыраак кездешсе, кээ бир мамлекеттерде абдан көп кездешет. Азыр коррупцияга кириптер болбогон бир да мамлекет жок, бирок коррупция өтө азайган мамлекеттер бар. Бул азыркы доордун чындыгы.

Кылымдарды карыткан карт тарых далилдегендей, адам коомундагы байыркы терс, жагымсыз көрүнүштөрдүн бири коомдогу коррупция, жем-корлук болсо, жакшы жагы ошончо кылымдар бою ар бир доордо, ар кандай коомдо ошол коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөштүн болуп келгени.

Коомчулукту түйшөлткөн маселе коррупцияны же жемкорлукту жеңсе, аны толук жойсо болобу деген маселе? Картаң тарых далилдегендей коррупцияны жеңсе болбойт, бирок аны мүмкүн болушунча азайтса болот.

Коорупцияны жеңсе демократиянын чордону болгон АКШ же мыйзамдуу катуу кармаган Кытай Элдик Республикасы жеңет эле. Кытайда коррупция менен мамлекеттик деңгээлде туруктуу күрөшүү саясаты 1951-жылдан башталып, туруктуу 72 жылды камтыйт2012-жылдын декабрында КЭР төрагасы Си Цзиньпин паракорлук, жемкорлук, коррупция менен күрөшүүнүн жаңы доорун жарыя кылган. 2014-жылы Си Цзиньпин «...же Компартия коррупцияны жеңет, же коррупция Компартияны жеңет!» деген жаңы ураан менен чыккан. Мындай расмий кадамдар коррупцияга каршы күрөшүүгө чечкиндүү кадам ташталганынан кабар берет. Ушул чакырыктан кийинки 3 эле жылда 1 млн. ашык чиновникре коррупциялык иштер боюнча жазага кириптер болушкан, алардын 109 министрлер же аларга тете кызматтагы чиновниктер.[3] Убагында кытайдын жолбашчысы “Кытайдын мамлекеттик деңгээлдеги эң негизги көйгөйү коррупция. Жыл сайын коррупция менен күрөшүүгө 86 млрд. доллар коротулат” – деп айткан.[4] Анткени эксперттердин баамында Кытай ар жылы экономикадагы ички дүң продукциянын 13-17%, мамлекеттик каржылоонун 20% коорупционерлердин, таза эмес мамлекеттик чиновниктердин чөнтөгүндө калат. Кытай коррупционерлер тарабынан жыл сайын 25 млрд. доллар зыян тартат.[5] Ошондуктан КЭР коррупцияга каршы тынымсыз, чечкиндүү, тууруктуу жана аёсуз күрөш жүргүгүзүлүп келет. Кытайда коорупциялык аракеттери үчүн 2000-жылдан бери 10 миңден ашык чиновник өлүм жазасына тартылды, 120 миңден ашык чиновник 10-20 жылга чейин эркинен ажыратылды. Реформалоонун акыркы 30 жылында коррупциялык кылмыштары үчүн 1 млн. ашык адам жазага тартылган. Алар негизинен – мамлекеттик чиновниктер, КПП мүчөлөрү, ар түрдүү деңээлдеги жеткечилери, ишкерлер болгон. Дагы бир жагы, Кытай бийликтери өлкөдөн качып кеткен корупционерлерди бүткүл дүйнө жүзү боюнча издеп таап, Кытайга алып келип жоопко туртууда. Мисалы, 2017-ж. эле КЭР 1300 коррупционерди, алардын ичинде 347  ККП мүчөлөрү, мамлекеттик чиновниктерди кайтарып, аларга өз жазаларын беришкен. Ушул иштин натыйжасында мамлекеттик казнага 980 млн. юань кайтарылган. Ал эми 2017-ж. КЭР 1590000 чиновник коррупциялык иштери үчүн жазалаган.[6]

Кытай дүйнөдөгү коррупцияга каршы ийгиликтүү күрөш жүргүзгөн мыкты өлкөлөрдүн бири. 2021-жылдагы «Transparency International» уюмунун коррупциялашкан индекси индекси боюнча көрсөткүчүндө, Кытай 179 өлкөнүн 78-орунунда турат. Бул көрсөткүчтөр жогорудагы катаал шарттарга карабай болуп жаткан абалдан кабар берет. Ушундай катаал жазалар колдонсо да Кытайда коррупция биротоло жоюлбады, бирок олуттуу түрдө азайды.

Демек мындай аракеттер коррупцияны биротоло жойсо болбойт, бирок мүмкүн болушунча азайтса болоорунан кабар берет.

Бизде кандай абалда бул көрүнүш? Акыркы жылдарга чейин коррупциянын бир катар формалары өкүм сүргөн:

  • пара берүү жана алуу;
  • фаворитизм (тууган, тааныштарга колдоо көрсөтүү менен жогору кызматка дайындоо);
  • непотизм/жактоочулук;
  • протекционизм (өздөрүнүн кызыкчылыгына жетиш үчүн атка минерлерден түзүлгөн топ);
  • мыйзамсыз лоббизм (кандайдыр бир мыйзамды кабыл алууда же албоодо парламентарийлерге мыйзамсыз кысым көрсөтүү);
  • коомдук ресурстарды жана фонддорду мыйзамсыз бөлүштүрүү жана кайра бөлүштүрүү;
  • паракорчулук;
  • жеке максаттарда коомдук ресурстарды мыйзамсыз менчиктештирүү жана энчилеп алуу;
  • саясий түзүмдөрдү (партияларды ж.б) мыйзамсыз колдоо, каржылоо;
  • туугандарына, досторуна, тааныштарына ири тендерлерди, жеңилдетилген насыяларды берүү, ар кандай кызматтарды көрсөтүү;
  • опуза менен талап кылуу ж.б.

Биздеги коррупциянын кеңири жайылган негизги түрлөрү:

1. Турмуштук коррупция (Бытовая коррупция) - жарандар менен мамлекеттик чинвониктердин карым-катнашында пайда болот. Чиновникке тигил же бул маселени чечүү үчүн эң жөнөкөй белектерден баштап ир суммадагы акча берүү менен аяктайт. Ушул эле топко тигил же бул маселени конкреттүү адамдын, топтун кызыкчылыгына чечүү - жактоочулук (непотизм) да кирет.

2. Бизнес коррупциясы  мамлекеттик бийлик органдары менен и  бизнестин ортосунда пайда болот. Мисалы: мүлктүк, каржылык талаш маселесинде сот чечимин кызыкдар тарапка чечүүдө ба йкалат.

3. Жогорку бийликтеги коррупция – бул саясий бийликтин жетекчилигине жана сот тармагына (төмөнтөн жогору карай) тиешелүү.

Мындай учурда бийликте турган белгилүү топ өз кызыкчылыгына карап, элдин, шайлоочулардын кызыкчылыгын эске албаган кезде байкалат.

Мисалы, Кумтөр алтын кени.

4. Убагында бизде коррупциялык кызматтын базары (рынок коррупционных услуг) деген түшүнүк пайда болгон. Бул учурда коррупциялык аракеттер конкреттүү жарандын жана кызмат абалындагы адамдын ортосунда болот. Бир уюмдун ичиндеги ички коррупциялык аракеттер уюшкан кылмыштуу топтун белгилерин билдирет.

Учурда бизде да коррупция, коррупциялык көрүнүш менен аёсуз, тынымсыз, туруктуу күрөш уланууда. Бул багытта кыска мөөнөттө, акыркы 2 жылда көп ийгиликтер болду десек болот. Адатта ар бир президент коррупция менен күрөшүүнү негизги милдеттердин бири катары убада кылып келишкен. Керек болсо абдан мыкты программаларды, стратегиялык пландарды түзүшкөн, бирок ситсеманы жоюга кудуреттери жетпеди. Мына караңыздар кандай документтер абыл алынган.

КОРРУПЦИЯНЫН АЛДЫН АЛУУ ЖАНА АГА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК САЯСАТ, СТРАТЕГИЯЛЫК, ПРОГРАММАЛЫК АРАКЕТТЕР

(акыркы 10 жыл):[7]

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасында

коррупцияга каршы туруунун мамлекеттик Стратегиясы” тууралуу Жарлыгы.

Бишкек, 2012-жыл 2-февраль №26.

2. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”

мыйзамы 2012-жылдын 8-августу N153.

3. “План действий Правительства Кыргызской Республики по противодействию

коррупции в 2012-2014 года”.

4. “План Действий государственных институтов Кыргызской Республики по

реализации государственной стратегии по противодействию коррупции на 2015-

2017 годы”.

5. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Бийлик органдарындагы саясий жана

системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгы -

Указ Президента “О мерах по искоренению причин политической и системной

коррупции в государственных органах” 2013-жылдын 12-ноябры ПЖ №215.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча

ведомстволук программаны жана иш-чаралар планын иштеп чыгуунун жана

аткаруунун методикасы” боюнча 2014-жылдын 12-февралындагы № 44-б буйругу.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн « Коррупцияга каршы мониторингдин

жана баалоонун методологиясы” 2014-жылдын 12-февралындагы буйругу.

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “2015-2017-жылдарга Кыргыз

Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын

аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-

чараларынын планын бекитүү жөнүндө” токтому, Бишкек шаары, 2015-жылдын 30-

марты №170.

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “2019-2021-жылдарга Кыргыз

Республикасынын мамлекеттик органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүү

боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө” токтому, Бишкек шааары, 2019-

жылдын 13-сентябрь, №474.

10. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 25-сентябрындагы

менен бекитилген “2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга

каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик

стратегия жөнүндө” №180 Жарлыгы .

11. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун 2020-жылдын 16

октябрында кол койгон Жарлыгына ылайык 2020-жылдын 14-октябрындагы «2021-

2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана

анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча

айрым чаралар жөнүндө» Жарлыгынын колдонулушу токтотулуп, Жарлык чыккан

күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды.

Аталыштары, калоолору, ниет-тилектери абдан жакшы болгону чын,

бирок натыйжа болгон жок. Кыргыз коомчулуугу туулгандан баштап өлгөнгө

чейин коррупциядан башы өйдө болбогон турмушту кечиришти.

Бир катар чечкиндүү кадамдар азыркы бийлик тушунда башталды десе

болот. Эң алгач 2020-жылдын 14-октябрында «2021-2024-жылдарга Кыргыз

Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин

жоюу боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу тууралуу айрым

чаралар жөнүндө» Жарлыгынын колдонулушу ошол кездеги Кыргыз

Республикасынын Президентинин милдетин аткарууучу С.Н.Жапаров

тарабынан токтотулуп, Жарлык чыккан күндөн тартып күчүн жоготту деп

табылды. Демек мурдагы коррупция менен күрөшүү ыкмасы натыйжасыз,

омоктуу эмес экендигин кабарлайт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр

Жапаров 2020-жылдын 16-октябрында кол койгон Жарлыгына ылайык,

коррупцияга каршы күрөшүү жана коррупциялык кылмыштарды тергөө

боюнча чаралардын топтому кабыл алынганга чейин, Конституциянын 65-

беренесине ылайык, өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин

Коррупцияга каршы кызматынын иши жандандырылды (Бул Коррупцияга

каршы кызмат А.Атамбаев тарабынан түзүлгөн, С.Ш.Жээнбеков

октябрь окуяларында аны жоюп салса, С.Н.Жапаров анын чечимин жокко

чыгарып, кайра жандандырган дегенди билдирет).

С.Н.Жапаров 2020-жылы 29-октябрда Өкмөттүн курамынын алгачкы

кеңейтилген жыйынында: “Коррупция менен күрөш өтө татаал болуп

жатат. Чырмалышып калган экен. Муну конституциялык реформа жасап,

башкаруу системасына өзгөртүү киргизгенден кийин гана жоё албасак,

азыр жоюу өтө татаал экен – деп айткан жайы бар.

2021-жылдын 23-июнунда С.Н.Жапаров ишкерлер менен

жолугушуусунда УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын

жоюлганын жар салып, экинчи Жарлыгы менен коррупцияны көзөмөлдөө

максатында, Президенттик Аппараттын алдында коомдук башталыштагы -

АКИК Антикоррупциялык ишкердик Кеңеш (АКДС – антикоррупционный

деловой совет) түзүлгөнүн жарыялаган.

2021-жылы 23-октябрда, ата-мекендик жана чет элдик ЖМК үчүн

маалымат жыйынында Президент С.Н.Жапаров «Коррупцияга каршы

кызмат адамдарынын ээлеген статусуна жана абалына карабай катаал

саясат жүргүзүлүп жатат», - деп баса белгиледи. Демек учурдагы расмий

бийликтер тарабынан коррупцияга, коррупциялык көрүнүштөргө каршы

катуу күрөш жүрүүдө.

2021-жылдын 16-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президентине

караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин биринчи жыйыны

болуп, бул жааттын көйгөйлүү маселелери талкууланды. Башкы

прокуратурада атайын тергөө башкармалыгы түзүлдү. Ошол эле 16-ноябрда

“Кыргыз Республикасындагы Коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик

стратегиясынын концепциясы” кеңири талкууга коюлуп, кийинчерээк

бекитилген.[8]

Акыркы эле бир жылда Коррупция каршы катуу күрөш жүрүп, анын

натыйжасында 854 кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп,

коррупцияга каршы күрөштөн кайтарылган каражаттын суммасы 7

миллиард 464 миллион сомду түздү. Учурда коррупцияга каршы күрөш

баардык тармактарда аёосуз жүрүп жатат.

Президент С.Н.Жапаров мамлекетте жемкорлукту жоюу анын башкы

милдети экенин дайыма баса белгилейт. 2022-жылдын декабрында өткөн

Элдик курултайда ал: “...бюджеттик каражаттарды сол чөнтөккө

сологондорду карап жатабыз. Ар кандай коррупциялык схемаларды

түзүп алып, мамлекеттик, элдин кызыкчылыгындагы каражаттарды сол

чөнтөккө сологондордун жолун тороп, бийлик мыйзам укуругун салып

келебиз. Мыйзам чегинде чара көрүү менен мамлекетке келтирилген

зыяндын орун толтуруу иштери уланууда”,- деп айткан. Президент “Кабар”

маалымат агенттигине берген маегинде мамлекеттин коррупцияга каршы

күрөшүнөн 11 миллиард сомдон ашык каражат түшкөнүн айткан.[9]

Демек бул багытта алгылыктуу иштер болуп жатканын баамдап

жатасыздар. Мурдагы мезгилдерге, мурдагы президенттердин убагына

караганда азыркы учурда коррупция же жемкорлук кыйла азайып бара

жатат. Азыр кандай болбосун ММК ачсаң күн алыс, жума сайын тигил же

бул тармактагы коорупциянын, жемкорлуктун бети ачылып, ошого жооптуу

адамдар укук коргоо органдары тарабынан кармалды - деген

маалыматтарды окуйбуз. Көбүнө сабак болууда. Бирок, ушул окуялар сабак

болгондур - деп оюңду жыйгыча дагы бир тармактагы коррупциялык схема,

жемкорлор тобунун бети ачылып жатканы да чындык. Мындай

көрүнүштөргө өзүңүздөр күндө күбө болуудасыздар.

Эми ошол коррупциялык көрүнүшкө каршы турууга жөндөмдүү,

адилеттүү, акысыз, ак-ниеттүү башкарууга эмнелер кирет:

 баардык тармактарда мыйзам үстөмдүгүн орнотуу;

 мезгилдүү отчёттуулукту камсыз кылуу;

 ачык айкындуулук;

 коррупциянын алдын алуу, коррупциялык көрүнүштөрдү табуу жана

андан коррупциянын себептерин четтетүү;

 коррупциялык укук бузуулардын кесепеттерин азайтуу, жоюу;

 коррупциялык укук бузууларды табуу, аларга бөгөт коюу, ачуу жана

териштирүү (коррупция менен күрөшүү) боюнча;

 коррупцияга каршы күрөшкө жарандарды катыштыруу;

 күрөштүн эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун арттыруу;

Жогорудагы жана андан башка да бир катар алгылыктуу, натыйжалуу иш

аракеттерди турмушка ашырсак, Кыргызстанда биротоло жоё албасак да,

кескин түрдө коомдук, саясий, социалдык-экономикалык, күндөлүк

турмуштагы коррупциянын, коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алып,

аларга бөгөт коюп, кескин түрдү азайтууга болооруна көз жетип калды.

Азыркы учурдагы анткоррупциялык иштиктүү аракеттер буга күбө болуп,

калайык калктын ишенимин арттыра алат.

Коррупцияны чагылдыруу индекси - Индекс восприятия коррупции ИВК -

Transparency International

2011-жылы рейтингге кирген 182 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 164 орунда турган.

2012-жылы рейтингге кирген 176 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 154 орунда турган.

2013-жылы рейтингге кирген 175 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 150 орунда турган.

2014-жылы рейтингге кирген 175 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 136 орунда турган.

2015-жылы рейтингге кирген 176 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 167 орунда турган.

2016-жылы рейтингге кирген 176 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 135 орунда турган.

2017-жылы рейтингге кирген 176 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 136 орунда турган.

2018-жылы рейтингге кирген 180 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 135 орунда турган.

2019-жылы рейтингге кирген 180 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 126 орунда турган.

2020-жылы рейтингге кирген 180 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 124 орунда турган.

2021-жылы рейтингге кирген 183 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 140 орунда турган.

2022-жылы рейтингге кирген 185 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 140 орунда калды.

Колдонулган адабияттардын тизмеси.:

1. Йохан Энгвалль докторская диссертация «Государство как инвестиционный

рынок: аналитическая база для понимания политики и бюрократии в Киргизии»//

https://center.kg/article/132; Йохан Энгвалль «Коррупция - это весь Кыргызстан...

Архивировано 29 июля 2018 года. Дата обращения: 28 августа 2020.// «Коррупция в

Киргизии - это не просто одна из проблем государства. Коррупция и есть

государство!»// http://www. Fergana news. com/articles/7227. 28.12.2011; Он является

автором книги «Государство как инвестиционный рынок: Кыргызстан в

сравнительной перспективе», опубликованной издательством Pittsburgh Press//

https://ca-anticorruption.com/experts/johan-engvall/

2. Кузовков Ю.В. Мировая история коррупции. М. : Издательство Анима-Пресс,

2010.

3. История борьбы с коррупцией в КНР/https://klnvmu.mil.ru/ upload/ site195/docu

ment_file/DPqYBd8IW2.pdf

4. Борьба с коррупцией в Китае/https://ksi.lenobl.ru/ru/antikor/reports/borba-s-korrup

ciej-v-kitae/

5. История борьбы с коррупцией в КНР./https://klnvmu.mil.ru/upload/site195/

document_ file/ DPqYBd8IW2.pdf

6. Иформационное телеграфное агентство России (ИТАР-ТАСС)». 2018. 7 января.

URL: https:// tass.ru/mezhdunarodnaya-panorama/4859925 (02.12.2018).

7. Жарлыктар, токтомдор, пландар, мыйзамдар Президенттин, Өкмөттүн,

юстиция министрлигинин расми й сайтынан алынды.

8.

https://www.president.kg/kg/prezidenttin_apparaty/prezidentke_karashtuu_keneshter/antik

orrupciyalyk_ ishkerdik_ke_esh

9. https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/c041jddz1n2o

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

31-08-2023
Насирдин Исанов — креативная и неординарная личность советского и суверенного Кыргызстана
2649

07-04-2023
2010-жылкы Апрель революциясы: окуялар тизмеги жана натыйжасы
2412

20-03-2023
Нооруз – традиционный праздник кыргызов
4412

07-02-2023
Проблемы безопасности мигрантов Кыргызстана: факты, реалии и последствия.
2728

11-10-2022
Первый курултай тюркологов – курултай репрессированных и расстрелянных
3913

19-03-2022
Нооруз — традиционный праздник кыргызов
5308

16-03-2022
Аксы окуясына 20 жыл
5243

03-03-2022
Нашему флагу 30 лет
8290

21-06-2021
Нестандартные, спорные вопросы Великой Отечественной войны
10120

16-03-2021
Жусуп Абдрахманов — Кыргызстандын биринчи Конституциясын түзүүчүлөрдүн бири
6957

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×