Добавить свою статью
13 Февраля 2023
Дооронбек Садырбаевдин поэзия дүйнөсү

Дооронбек Садырбаевди замандаштары Доке дешкен. Дооронбектер көп. Бирок бир гана Доке болгон. Доке деген аттын артында көп нерсе турат. Бул бир колуна чыпкасыз тамеки, бир колуна кофе кармаган, же балдак таянган, коңур үндүү, мурутчан, суроолуу тиктеген кечээги замандаш инсан.

Биз да ушул атты баяндамабызда колдонууну туура көрдүк ...

Кинорежиссер жана актер. Докени ушул эки таланты элге тааныткан. Көчөдө эл “тиги Дооронбек Садырбаев” деп колун жаңсап көрсөтүп, көчөдө жай баспай калган.

Бирок көмүскөдө байкалбаган башка таланты бугуп жаткан экен. Ал - акындыгы. Кийинки актер, сценарист, кинорежиссер, журналист, жазуучулук талантына демөөр берип турган акындык таланты. Акындык – бул чыгармачылык. Табийгый жөндөм, шык. Буга окууга, үйрөнүүгө болбойт. Саналуу гана адамга ыроолонот. Акындык чыгармачыл жөндөмү башка шык-жөндөмдөрүн ээрчитип алгандай, жылоолоп жүргөндөй. Поэзия, ыр – бул көркөм чыгарма. Чындыктын өзү эмес. Бирок лирикалык каарман деген бар. Кээде автор лирикалык каарман болуп келет.

Дооронбек агабыздын саясий поэзиясы...

Бийлик жана акын. Докенин бийликке карата жарандык каяша маанайы көркөм поэзияга ооптур. Социалдык протест саптар так, даана тийет. Поэтикалык каяшанын тээ миң жылдык тарыхы бар ...

XI кылымдагы Фирдоуси курч сатирасын мыктап жазып, султан Махмудга карматпай качып кеткен. Орто кылымдык Токтогул ырчы Кудаян ханга каяша ырдап, жертөлөдөн чыкпай жайрап калган. Асан Кайгыны эли качырып, жашырып, көкүрөгүн тосуп Жаныбек хандан аман сактап калат. Кечээги Сатылган уулу Токтогулдун азабын айтыңыз. Мидин, Байдыке, Сагынбектин социалдык протест поэзиясын да эстесек.

Акын жана бийлик. ... Бул түбөлүктүү тема.

Анда Докем эмне дейт? “Аттан түш” дейт (36-б.). Бул 1998-жылкы ырынын аталышы.

Ыманга залакаң тийбесин,

Ылаңдуу арамза аттан түш!

Өзгөгө залакаң тийбесин,

Жубарымбек, арамза аттан түш!..

Калкыма залакаң тийбесин,

Кашайгыр, арамза аттан түш!

Ким эле ошол арамза атчан? Ошондо анын кимдигин Доке да, эл да, тиги арамза атчан өзү да билген. Баары билген ...

Ушундай эле маанайда 1986-жылы “Көңүл айтуу” (13-бет), 1988-жылы “Менин жазам” (51-бет), 1991-жылы “Визитка” (41-бет), 1992-жылы “Мен го, мен болдум эле” (27-бет), “Журтума залакаңды тийгизбегин” (40-бет), “Үзүр суроо” (61-бет) деген ырлары, 1993-жылы “Залда отурган замандашыма” (42-бет), “Кычышып кетсе не болот?” (125-б.), 1996-жылы “Жаны кашайгандын каяшасы” (71-бет) өңдүү протест ырлар шурудай тизилиптир. Такшалып калган акын бул ырларында желтоксандын анабашын да, залда отурган замандашын да, трайбалист атка минерди да, кайдыгер замандашын да, маңкурттардын маңкуртбегин да дурустап эле тепкилептир. Эсинен кеткис кылып ур-токмокко алыптыр.

Курч ыр саптарындагы лирикалык каармандан өзүн көргөн тарыхый замандашыбыз кантти экен? Эсине келип оңдонуп-түзөнүп да алгандыр. Ооба, поэзиянын күчү да ушунда белем.

Докенин лирикалык поэзиясы. Бирок Доке поэзиясын каяша маанай менен гана чектебептир. Эргүү келгенде сезимди козгогон, ностальгияга кайрып алпарган, айттырбай оюңду тапкан лирикалык саптар тизмектеп кезектешет. Лирик акын эмне дейт? Акындын лирикалык каарманы не деп түйшөлөт?

1992-жылкы “Кайран көздөр” деген ырынан төрт сап келтирели.

Көчөдө теше тиктеп турсам эми,

Көп кыздар көңүл бөлбөй өтчү болгон.

Көз ымдап көп аракет кылсам эми,

“Бабайга жин тийгенби?”, - дешчү болгон. (83-бет).

Ошондо автор 53 жашта экен. Ооба, лирикалык каарман дегенибиз дал ушул. Ошол лирикалык каармандан замандаш окурман өзүн издеп калмак. Же, андан он жыл илгерки “Сексенинчи жылдардын секетбайы” стилиндеги “Көздөрүң айтып турбайбы...” деген ырындагы лирикалык каармандар 11-12 кылымдарда жашап өткөн Омар Хайям менен Санаинин, кийинки Тютчев менен Сергей Есениндин, Алыкул менен Жолон Мамытовдун поэтикалык ой сезимдерин аргасыз эске салат ...

Эгерде Доке кинорежиссер болбогондо акын болмок экен деген ой келет. Кино - башкы кесиби. Бул чоң чыгармачылыкты талап кылган кесип жана талант. Чамасы акындык талант режиссердук талантка утуру жардамга жете келип тургандай. Лирикалык поэзиядан эргүү, дем-күч алган кинорежиссер даңазалуу “Махабат дастанындагы” (1983) башкы эки каармандын ыр текстин өзү даярдап, редакциялап экранга алып чыгыптыр. Эң башкысы кинотасмадагы айтылуу Раймалы менен Бегимай ошол Доке жазган поэзия саптарын айтып ырдашкан болууда. Эми өзүңүз элестете бериңиз ... Акындык чыгармачыл ой-сезим, эргүү болбосо ушундай лирикалык зор тасманын ушундай тартылып калышы да күмөн беле.

Акындын поэтикалык көз жаздымынан искусство адамдары, коомдук ишмерлер, замандаштары куру калбаптыр.

1965-жылы айтылуу Бакен Кыдыкеевага арнап эки куплет ыр жазыптыр.

Канышадай түрү бар,

Карышкырдай сүрү бар.

Каарына калсаң шоруңду,

Кайната турган жини бар...

Ошондо автор 26 гана жашта экен.

Кийин 1976-жылы Жамал Сейдакматова да Докенин калемине бир илинген экен.

Зайыптын Жамал туйгуну,

Замандын Жамал булбулу.

“Кеп” көтөргөн жагынан,

Келиндин Жамал дулдулу...

90-жылдардын баш ченинде Гүлсүн Мамашевага, Зейнеп Шакеевага (1992) арнаган ыр саптары кездешет.

Сахнага Гүлсүн чыкканда,

Сайрабай куштар калчу эле.

Кулагы оор жандын да,

Кумары ырдан канчу эле.

Кептин чыны 70-жылдардын баш ченинде жаш, өжөр кинорежиссер түн жамынып, өзүн да кыйнап, артисттерди да кыйнап тартпай калганда, элдин сүймөнчүгү болгон бул эки ырчы кыздын, Гүлмайрам Момушеванын, Чоро Кожомжаровдун “Кызыл гүл” эстрада ансамблинин фильм-концертинен кур жалак калмак экенбиз. Ырыспайдын, Аксуубайдын ж.б. белгилүү обончулардын жан эргиткен мукам обондорунун кинотасмасы да бизге жетпей калмак экен.

Ошол 90-жылдары акындын кыл калеминен Советбек Жумадыловго, Рамис Рыскуловго, Казат Акматовго, Кубатбек Жусубалиевге, Түгөлбай Казаковго, Шайлообек Дүйшеевге, Сатыбалды Жээнбековго, Ишембай Абдразаковго, Тазагүл Закировага, Шахра Талиповага, Жолболду Алыбаевге, Сагынбек Момбековго ж.б. белгилүү инсандарга арналган түрдүү тематикадагы көркөм ой толгоолору окурмандардын колуна тийген.

Дооронбек агабыздын поэзиясынын ыр формалары ар түркүн кетиптир. Маселен, “Бегимай менен Раймалынын алгачкы айтышы”, “Раймалы менен Бегимайдын обонго салып айтышканы” 7-8 муундан турган кыргыздын салттуу ыр формасында аткарылган. Муну башка ыр түзүлүшүндө аткарууга мүмкүн эмес. 6 же 9 муунга өттү дегиче төкмө ыр нугунан чыгып кетет... “Манастын монологу”, Докенин “Түгөлбай Казаков менен айтышы”, 130 жылдык мааракесине карата “Бейиши болгур Жеңижок”, Социалисттик эмгектин баатыры, белгилүү хирург Шамшидин Суйеркуловго арналган “Түшүмө да кирбептир” деген ыры, акын Асан Жакшылыковдун автордук кечесине арналган “Асаным менин, Асаным”, “Аксылыктарга” ж.б. көлөмдүү ырлары да ушул ыр формасында жазылган.

Башка көптөгөн ырлары 11-12 муундук ыр саптар менен аткарылган. Бул ыр форма кыргыз совет поэзиясына мүнөздүү келет да, Аалы Токомбаев, Мукай, Жоомарт, Жусуп, Алыкулдан баштап бүгүнкү күнгө чейин кеңири колдонулуп келет.

Акындын поэзиясынан эркин ыр аталган ыр түзүлүштөрү да кездешет. Маселен, “Доомат” (1986), “Кыйналып турат жүрөгүм” (1988), “Маараке масилээтинен репортаж” (1992), “Жаны кашайгандын каяшасы” (1996) ж.б. көлөмдүү ырлары. Ушундай эркин ыр формасын убагында В. Маяковский баштап берип, аны Жусуп Турусбеков өздөштүрүп, кийин бир катар кыргыз акындары ийгиликтүү колдонуп келишкен. Маселен, С.Эралиевдин “Жылдыздарга саякат” көлөмдүү поэмасы.

Ушундай түркүн ыр формаларында ыр жазуунун купуя сыры барбы? Бар деген ойдобуз. Поэтикалык изденүү, автордук ой толгоо, мазмун менен форманын бири-бирине төп келүүсү. Бирок аны автордун өзүнөн артык эч ким аңдап-туялбасы бышык экендигин да моюнга алабыз. Эң башкысы Докебиз көркөм поэзиясын чыгармачылык изденүү, эргүү менен жараткандыгына күбө болуп отургандыгыбыз чындык ...

Мурунку Союздун жана азыркы түрк дүйнөсү масштабындагы инсан, Кыргыз Републикасынын баатыры, эл артисти, кинорежиссер жана акын Дооронбек Садырбаев бирдин айынын он үчүндө 84 жашка чыкмак ...

Эшиев Асылбек Мирзатилаевич, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору

Пайдаланылган адабияттар:

1. Садырбаев Д. Даанышман. Чыгармалар жыйнагы. 5 томдук. V том. Поэзиясы, обондуу ырлары, эскермелер. Бишкек, 2017. - 446 б.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

09-11-2023
Ардагер аскер жазуучу Жунай Мавлянов адабий сын айдыңында
1528

22-09-2023
Түмөнбай Байзаков – кыргыздын мекенчил чыгаан лирик акыны
1579

21-02-2023
Пятерица «Хамсе» и его триумфальное шествие на Востоке
525

12-12-2022
Алыкулдун алгачкы саясий ырлары
1740

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×