Добавить свою статью
28 Февраля 2023

Шакиров Камчыбек Шакирович тирүү, биздин катарыбызда болгондо, быйыл 2023 жылдын 1-мартында 75 жашка чыкмак.

Камчыбек Шакирович 30 жыл чамасында финансы тармагында эмгектенип, ал тармактын басымдуу көпчүлүк тепкичтерин басып өткөн. Финансы тармагынын өнүгүшүнө кошкон чоң салымдары Бюджет башкармалыгына башчы, Министрдин орун басары жана Министри болуп иштеп турган мезгилине туура келет. Башкармалыкты башкарып турган мезгилде көп жаңылыктарды киргизип, региондорду өз убагында каржы каражаттары менен камсыз кылуу маселеси туура чечилип, региондор дүркүрөп өсө баштаган. Тармакта иштеген жаш адистерди өстүрүүгө, алар жөнүндө камкордук көрүүгө өзгөчө көңүл бурган.

Өткөөл мезгил убагында, башкача айтканда өткөн кылымдын токсонунчу жылдарынын башында бүтпөгөн жыйынтыксыз эксперимент-реформалар башталды. Финансы жана экономика министрликтери бириктирилди.   1993- жылы министрликти кайра экиге бөлүүгө туура келди. Каржы министри болуп профессионал Шакиров К.Ш. дайындалды. Бир жылдын ичинде Камчыбек Шакирович Министрликтин ишин кайра калыбына келтирип, кетип калган жогорку даражадагы финансы адистерин чакырып, тийиштүү орундарга дайындап чыкты.

Кыргыз Республикасы эгемендуулукту алып,финансы системасында реформаларды киргизуудо эмгеги абдан зор.Ал жетектеген Министрлик өзүнүн функцияларын таза жана так аткара баштады, Мамлекеттик бюджеттин каражаттары туура жана мыйзамдуу багыттарга пайдаланылып, абал оңоло баштады. Министрликтин аброю ордуна келди.

Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнүн белгилөө дагы Камчыбек Шакировичтин демилгеси менен өкмөт тарабынан белгиленген.

КМШ мамлекеттеринин арасында алдынкы ,Борбордук Азияда биринчилерден болуп улуттук валютаны «сомду» киргизгенге эмгеги абдан зор.

1992-жылы инфляциянын деңгээли 2000%дан ашык чекке жетип. Ал эми 1993-жылы улуттук валютанын киргизилишинен улам гана жеке акча-кредит саясатын жүргүзүүгө мүмкүн болгон. Бул чаралардан улам инфляциянын деңгээлин төмөндөтүүгө шарт жаралып. 1994-жылы инфляция 62,1%, 1995-жылы – 32,1%га чейин ылдыйлаган. Кыргызстандын улуттук валютасы киргизилген күндөн бүгүнкү мезгилге чейин өзүнүн туруктуулугун сактап келе жатат.  Күнкорсуз шериктеш мамлекеттердин алкагында макулдашылган салык, валюта, баа, бажы саясатынын жоктугу, ошондой эле өкмөттөр аралык эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашуулардын натыйжалуулугунун жетишсиздиги. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн КМШ мамлекеттери өзүнүн улуттук валютасын киргизип, жеке экономикалык саясатын жүргүзүү керек болгон. Мындай кадамдарды алгачкылардан болуп Кыргызстан жасаган. Сом азыркы учурда КМШ аймагындагы туруктуу валюталардын бири болуп саналат. 2005-жылы сомдун алмаштыруу курсу башка валюталарга карата дээрлик өзгөргөн эмес. Анткен менен АКШ долларына карата сомдун курсу 1993-жылдан бери 15 ирет өзгөргөн. Эгер 1993-жылы 1 доллар 4 сомго барабар болсо, азыр алмаштыруу курсу болжол менен 85 сомдун тегерегинде.

Белгилүү экономист-финансист Камчыбек Шакиров 1948-жылы 1-мартта Чүй өрөөнүнүн түштүк-чыгыш тарабындагы кереметтүү Ысык-Ата жеринин Сын-Таш айылында көз жарып, бул жарык дүйнөгө келген. Билимге суугарылып, адистик өнөрүн күн санап арттырып, элибизге кызмат өтөп, эки заманда – совет доорунда жана эгемендик мезгилде өлкөбүздү курууга кыйла кол кабыш жасаган.

Камчыбек Шакирович жөнөкөй жана ак эмгектин натыйжасында элге таанымал, эң негизгиси «АДАМ» деген наамды сактап жашады.

Камчыбек Шакирович 2023-жылдын 1-мартында 75 жашка чыкмак, өкүнүчтүүсү минтип эскерме жазбастан маараке тоюна арнап каалоо-тилектерди айтсак болмок эле. 

Кантсе да Камчыбек Шакировичтин жайдары мүнөзү, жаркын элеси элибиздин, кесиптештеринин, туугандарынын, үй-бүлөсүнүн эстутумунда түбөлүккө сакталып кала берет.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

30-01-2023
О существующих и предстоящих угрозах в системе природа и общество
2167

21-06-2021
Об угрозах изменения водности в связи с изменением климата и институциональными предпринимаемыми шагами (на примере Чуйской долины)
5152

02-09-2011
О состоянии гидрометеорологии и происходящих угрозах
4773

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×