Добавить свою статью
17 Марта 2023
Мугалимдерди коргоо боюнча мыйзамга берене долбоору

2001-жылы жазылып 2010-жылы кыргыз жана орус тилдеринде китеп болуп чыгып, Кыргыз Республикасынын Президенттерине, мамлекеттик катчыларына, министрликтерге, жалпыга маалымдоо каражаттарына, окумуштууларга жана башка мекеме-ишканаларга таратылган – “Программалык-укуктук Кыргызстандын Жалпы жарандык идеологиясы” деген эмгегимдин “Педагогикалык аӊ-сезим концепциясынын” үчүнчү функциясы мугалимдерди коргоого арналган. Анын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын “Мугалимдин макамы” жɵнүндɵгү мыйзамына сунуш-берене:

Сунуш-берене Мугалимдин макамы жөнүндө

1. Мугалим бүткүл коомдун билим жана ыйман коопсуздугун камсыз кылуунун кепилдиги болуп таанылат.

2. Мугалим – анын намысына жана кадыр-баркына окуучулар тарабынан, окуучулардын ата-энелери тарабынан, ошондой эле коомчулук тарабынан шек келтирүүдөн мыйзам тарабынан корголуп кол тийгис инсан болуп саналат.

3. Мугалим мамлекеттин коргоосуна алынган эң биринчи объект болуп таанылат.

4. Мугалим эң жогорку деңгээлде социалдык коргоого алынып мамлекеттин эң алдыңкы жараны болуп таанылат.

5. Мугалим коомчулуктун ыйман аң-сезимин калыптандырат.

6. Мугалим коомдун руханий баалуулуктарын калыптандырат.

7. Мугалим – коомдун коррупцияланбаган чынчыл мүчөсүн потенциалдуу калыптандыруучу, ошого теӊ экономиканын коррупцияланбаган чынчыл ишмерин калыптандыруучу катары экономиканын өнүгүшүнө кыйыр түрдө шарт түзүүчү болуп таанылат.

Урматтуу юристтер ушул берене-долбоорду юридикалык стилге ылайыктап оӊдоп беришээр.

Удан Дүйшөналы, мурда орус мектебинде мугалим жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп убактылуу иштегем.

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

05-12-2023
Эки адамдын урушуусунун, мындайча айтканда улуттук маданияты
50

04-12-2023
Тоюңузда акча алганыңыз – ичип-жегениӊ үчүн «төлө» деп «доолаганыӊыз»
417

30-11-2023
Чынчылдык концепциясы жана чынчылдык жөнүндө Конституцияга сунуш
210

27-11-2023
Аксакалдар кетип жаштар келсе дүркүрөп өнүгөбүзбү? Жаштар чын эле тазабы?
411

22-11-2023
Пункты общественного питания позорят нашу культуру и страну. Предложение пункта в закон
472

20-11-2023
Субботники без насилия – о трёхмесячных субботниках
468

20-11-2023
Совесть пассажира – лучший контролёр или контроль над контролем
428

17-11-2023
Концепция внутреннего и международного гостеприимства
304

16-11-2023
Рыночная экономика – геноцид
1767

13-11-2023
Концепция идеалов в сфере труда
463

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×