Добавить свою статью
7 Апреля 2023
2010-жылкы Апрель революциясы: окуялар тизмеги жана натыйжасы

XXI кылымдын эң башында эле Кыргызстан эки чоң саясий, со­циал­дык-экономикалык окуя, чыныгы элдик революцияларды баш­тан кечирди. Албет­те айрыкча чоң өзгөрүүлөргө Апрель ре­волю­ция­сы тиешелүү шарт­тарды түзгөн. 2010-жылдын 7-апрелинде кыргыз­стандыктар Эр­кин­дикти жана Адилеттикти туу тутаарын жалпы дүйнөгө ачык көрсөттү!

Кыргызстанда экинчи жолу - Апрель революциясынын келип чы­гы­шына ошол кездеги беш жыл аралыгында калың катмар эл ба­киевдик үй-бүлөнүн, анын бир туугандары жана жан-жөкөр­лөрүнүн элдин башынан "төө матек" алып, салыктардын баардык түрүн жо­го­­рулатып, электр энергиясын кымбат-таткандыгы аз келгенсип, өлкөдөгү аздап болсо да иштеп жаткан завод, фаб­ри­каларды, эко­но­мика тармактарын менчиктеп, четинен басып алып жаткан­ды­гы элдин кыжырын келтирген. Ансыз деле акаевдик режимден алсыз­данып турган Кыргызстан Эл аралык иликтөөлөр боюнча, 2009-жы­лы рес­пуб­ликабыз КМШдагы эле эмес, дүйнөдөгү эң жакыр өлкө­лөрдүн катарына кирип, калктын 32%ы жакырчылыкта калган, эл арасында жумушсуздук күчөгөн.[1] Андан да кыжырдантканы рас­мий бийликтегилер оппозиция­дагы­ларга катуу кысым көрсөтө баш­ташкан. Ошондуктан ушундай абалды эске алып саясий оппо­зи­ция­да турган кучтер биригүүгө, бийликке каршы чара көрүүгө өтүш­көн. Натыйжада революциянын алдыңкы күндөрү бир катар оппозиция лидерлери камакка алы­нып, аларда өз кезегинде бүтүн Кыргыз­стан боюнча чыккан жалпы элдик толкундоолор, расмий бийликтерге карата көрсөтүл­гөн сая­сий кысымдар, талаптар эркиндикке алып чыккан.

Апрель революциясынын негизги себептери төмөнкүлөр болду:

- экинчи президент К.Бакиев үй-бүлөлүк диктатураны, мам­ле­кетти үй-бүлө, бир туугандары менен башкарууну токтотмок тур­­сун, кай­ра аны күчөттү;

- бийликтин баардык бутактары биротоло коорупцияланып, авто­ри­тардык режимге айланып кеткен эле; [2] 

- ЦАРИ деген агенттикти түзүмүш болуп Максим Бакиевдин иш жүзүндө Кыргызстандын баш министр болуп алганы элди кыжырдантты;

- Д.Үсөнов премьер-министр болгону менен, экономиканын эң пай­далуу жак­та­рын Максимдин колуна өткөрүп бергени, ошон үчүн элде «Айдар жокто Мак­сим бар, Айран жокто максым бар» деген кеп айтылып калган. Анткени Акаев качып кеткенде, Айдар колго алып келген мекемелердин баар­­ды­гын Мак­сим өз колуна алып калган. 

- Бакиевдин башка балдары, көптөгөн инилеринин түздөн-түз эле борбор­дук жана жергиликтүү бийлик ма­се­лелерине активдүү кири­ши. Иш жүзүндө ар бир чөлкөмдү тигил же бул иниси, тармакты ти­гил же бул баласы тейлеп калган;

- өлкөдөгү баарждык кирешелүү мамлекеттик, стратегиялык маа­ни­деги иш­ка­­на­лардын бакиевдердин кланына өтүшү;

- көп кирешелүү экономикалык тармакатрдын каржылык абалы­на ачык­тан ачык эле киришип, өз менчиктериндей колдонууга өтү­шү;

- ошол кездеги расмий бийликтердин тушунда таза шайлоолор бол­бошуна элдин көзү жетип, шайлоо жолу менен бийлик өзгөрөт деген үмүт өч­көн;

- жогорудагыдай терс көрүнүштөр акыркы жолу 2010-жылдын 17-мар­тында бириккен оппо­зи­циянын 12 миң­дей киши катышкан Форумда өткөн чоң курултайында ачык айтылып, ошол учурдагы бийликке, бир ай мөөнөт берилгенине карабай президент К. Бакиев кырдаалды оңдоого, балдарын, бир туу­ган­дарын тыюга кудурети жетпеди же каалабады. Белгиленгендегидей терс көрүнүштөр Кыр­гыз­стан элинин кыжырдануусун четки чекке жеткизген. Кыргызстан­дык­­тар­дын 90-95% Бакиевдерди жек көрүп калганы кабарланса да, тилекке каршы президент К. Бакиев мындай жагдай­ларга көңүл бурбады. 

Натыйжада элдин наразылыгы күчөп, революцияга кайрадан чыгууга маж­бур кылды, ошол 2010-жылы Апрель революциясы болду. 2010-жылдын Апрель революция­сынын тарыхый хроникасы тө­мөн­күдөй болгон:

5-апрель Таласта элдин нааразылыгы күчөп митингдер баштал­ды. Эл менен сүйлө­шүүгө Бишкектен А. Жапаров, Б. Шерниязов, И. Айдаралиев эл менен сүйлөшүүгө, тынчтык жолу менен маселени чечүү үчүн Талас ИИБ келишкен. Тилекке каршы премьер-минис­тр Д. Үсөнөвдун буйругу менен чогулган эл күч колдонуу менен тарка­тылган. 

6-апрелде эл Талас шаарынын борборун топтолуп, элдик курул­тай туу­ралуу сөз болду. Талас облусунун губернаторун эл барым­тага алды. Анткени саат 14.00 Бишкектен 2 самолет, 4 вертолет менен ИИМ куралдуу отряддары учуп келгенден кийин губернатор кайрадан Д. Үсөнөв менен сүйлөшүп, эл менен эч кандай сүйлөшүү болбосун, митингдин таркашын талап кылды. Ошол эле күнү ИИБ күчтөрү түтүн чыгаруучу шашкаларды, көздөн жаш чыгаруучу кол­донуп, резина октор ме­нен элди ата баштады. Б. Шерниязов элди ИИБ штурмалдоого чакырды, прокурор ага эскертүү жарыялады. Таласта бийлик эл менен кагылшууга даярдана баштады. Бир катар оппо­зи­ция лидерлери камакка алына баштады - Таласта Б. Шер­ния­­зов, Ошто - Д.Чо­то­нов, А.Артыков, Бишкекте - Ө. Текебаев, Э. Кап­­тагаев, Т. Мадылбеков, К. Дүйшөбаев, А. Эркебаев кармап УКК жертөлөсүнө камашса, А. Атамбаевди кар­моо­го аракет кылышты.

7-апрель А. Атамбаев, Т. Сариев, Г. Скрипкина, Э. Ибраимова ка­макка алын­­ды. Алайда И. Исаковдун коргоо комитетинин мүчө­лөрү камалды. Таласка ошол түнү дагы 4 автобус ИИБ кызмат­кер­лери, аскер күчтөрү келди. Таластын борбордук аянтына 20 миң­ден ашык киши чоглуду. Эл курултай өткөрүүгө шарт түзүү­нү талап кылышты. Нарында, Ошто, Жалал-Абадда эл чогула баш­тады. Д. Үсөнөв Таластагы баш-аламандыкта олластык адми­нис­трация тал­каланды деп билдирди. Токмокто Чүй обладминистра­ция­сын басып алышты. Нарында элдик губернатор шайланды. Эрте менен саат тогуздар чамасында «Форумда» эл чогулуп, расмий бийликтерге наа­разычылыктарын айта баштаган. [3] Биш­кекте «Форумда» кагы­лы­шуу болуп, ага күч колдо­нул­ду жана кагылышууда эл милиция кызматкерлерини н куралдарын тартып алышты. А. Алымкулов, У. Момуналиев, А. Койчиев баштаган 3 миңден ашуун адам Чүй прос­пектиси менен Өкмөт үйүн көздөй бет алды. «КСДП», «Ата Мекен», «Ак шумкар» партияларынын активист­тери миңдеген адамдар менен Аки үйдү көздөй бет алды. Наарзы болгон эл УКК имаратын курчап алды. УКК имаратынан элди карай ок атылды. Абактагы оп­по­зиция лидерлери бошотул­ганын Т. Сариев, милициянын эл та­рапка өткөнүн М. Конгантиев билдирди. Улуттук биринчи канал­дан оппозиция өкүлдөрү чыга башташты. Жогорку Кеңеш то­нол­ду, Генералдык прокуратура өрттөлдү. К. Бакиев Ак үйдөн чы­гып кетти. Ак кайрадан штурма­лоо жолу менен элдин колуна өттү. 

Элдик курултайдын Аткаруу комитети мамле­кеттеги жоопкер­чи­лик­ти өз мойнуна алды. Элдик курултайдын Борбордук Аткаруу комитетинин төр­айымы болуп Р. Отунбаева шайланды. И. Исаков абактан бошотулду. Биш­кек­тин ири соода борборлорун талап-то­ноо башталды. Ошол күнү 60 адам каза бол­гону маалым болду. Бийлик Убактылуу Өкмөттүн колуна өтүп, ал Өкмөт №1 Декретин жарыялады.

Кошумчалай кетчү жагдай дал ошол 7-апрель күнү эрте менен ми­лиция­нын «Альфа» тобу жана атайын бөлүмү, МКК «Арстан» то­бу менен элдин ортосундагы кагылышуу «Форум» имаратында баш­та­лып, анан Ала-Тоо аянтына жылган. Саат 11.00 алгачкы ок атуулар болуп, биринчи курман­дык­тарды эл көрдү. [4]  Күтүү­сүздөн кол­дор­до куралдар пайда болгон. Көрсө алар ошол эртең мененки кагылы­шуу­да 14 автомат, 13 пистолет, «Драгунов» снай­пердик мылтыкык, 8 кол гранатасын. «Аг­лень» жана «Муха» гранато­метторун, «Заря» ат­туу 100 согуштук жана 20 үн чыгаруучу гранаталарды, 15.000 ашык патронду «Альфанын» жоокерлеринен тартып алышкан экен. [5] 

Бекеринен ошол күнү Ө. Текебевдин сөзү ме­нен айтканда «… бийлик толугу менен курамы 14 кишиден турган Убактылуу өкмөт­кө өттү. Эми биз өкмөт, биз парламент, биз пре­зидент болобуз. Оба бул абдан татаал, жаман маселе. Бирок башка­ча чечими жок…».[6] 

Убактылуу Өкмөттүн башчысы Р. Отун­баева, биринчи орун ба­са­ры А. Атамбаев, орун басарлары Ө. Те­ке­баев, Т. Сариев, А. Бек­на­заров, коргоо минис­три И. Исаков, УМКК төрагасы К. Дуйше­баев, ички иштер министри Б. Шерниязов болуп дайындалыш­ты. [7]  Булар жөнүндө Кыргыз Республика­сынын Убактылуу Өкмөтү­нүн төрайымы Р.И. Отубаева 2010-жылдын 7-апрелинде атайын жарлыгын чыгарган. Анда: «Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү­нүн: биринчи орун басары А.Ш. Атамбаев, орун баса­ры А. Бекназаров, орун басары Т.А. Сариев – каржы министри, орун ба­сары Ө.Ч. Текебаев дайындалсын»[8] - деп айтылган. Башка жар­лы­гы менен Коргоо министри И. Исаков, Ички иштер миниистри Б. Шерниязов, МУКК төрагасы К. Дуйшебаев, Президенттин аппарат башчысы, Убактылуу өкмөт­түн мүчөсү болуп Э. Каптагаев дайын­далган. [9] Дал ушулар ат көтөргүс оор жүктү арка­лап, кыйын-кезең ашуу­да кыргыз элин, мамлекетин бөлүп, жаруу­дан сак­тап калышты. Дагы бир чоң жаңылык Мамлекеттик коргоо кыз­маты (СГО – авт.) жоюлганы болуп калды. [10]

Оштогу 6-7-апрель күндөрүнө өзүнчө токтоло кетүү абзел. Ошол 87 адамдын өмүрүн алган революция күндөрү Ош шаарында жана областта да толкундоолор, митингдер жана расмий бийликтерге каршылыктар күчөгөн. Борбордогудай же башка чөлкөм­дөрдөгү­дөй эле 6-7-апрель күндөрү Ош шаарында да КСДПнын бир топ активисттерин ички иштер башкармалы­гынын, УКК кызматкер­ле­ри катуу көзөзмөлгө алып, айрымдарын кармап камап, шаардык милицияга алып кетишти. 7-апрель күнүн Жогорку Кеңеш­тин депу­таты Асылбек Жээнбеков Ошко келди. Ал Кыргыз­стан­да түзүлгөн өзгөчө кырдаалга байланыштуу Ош шаарында жана Ош облусунда револю­циялык комитет түздү. Ошол эле күнү өлкөдө коопсуздукту камсыздоо, кан төгүлүүсүнө жана талап-то­ноо­лорго жол бербөө учун бир ка­тар иш-чара­ларды уюштуруу, ат­каруу боюнча чечимдер кабыл алынып, талап-тоноолор­го жана чагымчылдыкка жол бер­бөө үчүн элдик кошуундар түзүлдү. Ант­ке­ни революциянын жени­шин сактап калуу керек эле. Ошентсе да 15-ап­рель күнү Ош шары­нын борбордук аянтына он миңге жакын адам катышкан Элдик курултай өткөрүлдү. Ошол күнү Курултай бү­төрдө К.Бакиевди колдо­гон адамдар микроавтобустар менен обл­­асттык мам­лекеттик администра­циянын алдындагы аянтка кирип келишти. Аларды курултайга чогулгандар автобустардан түшүрбөс­төн кууп чыгыш­ты. Бирок, бул аянттан кулатылган президенттин жактоо­чулары куул­гандан кийин, улуттук драма театрынын алдына барып митинг өткөрүүгө аракет кылышты Курултайга келгендер ошол жакка сү­рүлүп барышты. К. Бакиев драмтеатрдын алдына коюлган трибу­на­га чыгып сүйлөй баштаган экен. Бирок ал жерде тургандар да анын сөзүн укпастан, көңүл бурбастан "Бакиев, кет! Кет!" - деп кый­­кырып жатышты. "Кет! Кет!" - деген кый­кырыктар улам күчөп, акыры борбордук аянт тараптан келат­кан элдин сүрүнөн алдастаган коргоочулары жана жан-жөкөрлөрү К. Бакиевди колтуктан алып жетелеген боюнча качышты. Коргоо­чула­ры жөн качышпастан автоматтардан, карабиндерден асманга, жерге карай ок жаадырышып, чон жолго коюшкан ок өтпөс маши­наларына отуруп качышты. 

Мына ошондон кийин ал Кыргызстанды таштап кетүүгө мажбур болду. Эгерде 15-апрель күнү оштуктар К. Бакиевди кабыл алганда, ал шаардык мэрияга же облустук мамлекеттик администрацияга отуруп алып кетпей коймок. "Мен аракеттеги президентмин" деп отура бермек, анан бийлик талашып түндүк-түштүк болуп согушуп жатып калышыбыз толук мүмкүн эле. [11] 

8-апрель Ак үй толугу менен алынды. Р. Отунбаева жетектеп, ку­ра­мына А. Атамбаев, Т. Сариев, Ө. Текебаев, А. Бекназаров, И. Өмүр­кулов ж.б. кир­ген Убактылуу Өкмөт өз ишин баштады. Ошто, Жалал-Абадда, Баткенде элдик губернаторлор шайланды. В. Путин менен Р. Отунбаеванын сүйлөшүү­сү болду. Коогалаңда каза бол­гон­дордун саны 68 жетти. Чөлкөмдөрдө абал тынчый баштады.

10-апрель Ата бейит комплексинде Апрел революциясында кур­ман бол­гон­дордун сөөгү жерге берилди. Ал күнү ошол «… Апрель рево­люция­сынын баатырларына таазим этип, аларга түбөлүк даңк!» - деп прези­дент Р. Отунбаева айтса, премьер-министр А.Ш. Атамбаев «… Элдин жар­кын ккелечеги үчүн өлүмдөн жалтанбай чыккан жигиттер баатырларча курман болушту. Алар мамлекет­ти сактап калуу менен бирге демокра­тияга карай жол ачып кетиш­ти…» деп баса белгилеген. Ал эми Жогорку кеңештин төрагасы А. Кел­дибеков: « … 7-апрель өлкөнүн соңку жаңы тары­хында демокра­тия жолуна түшкөн жаңы Кыргызстандын түптөлүү күнү, улуу бу­ру­луш учуру катары кала берет. Ушундай баатырларды тарбия­ла­ган ата-энелерге миң мертебе алкыш айтып, башты ийип таазим кылабыз..» - деген жалындуу сөздөрдү айтышкан. [12] 

11-апрель К.Бакиев өзүнүн туулган айылы Тейитте жыйын өткөрдү.

14-апрель Мосвада Убактылуу Өкмөттүн жетекчисинин орун ба­са­ры А. Атамбаев менен Россия премьер-министри В.В. Путиндин сүйлөшүүсү болду. Кыргызстанга каржылык жардам көрсөтүү масе­ле­си каралды. Дагы 2 адамдын сөөгү Ата бейитке коюлду.

15-апрель Ошто Убактылуу Өкмөттү колдоо митинги болду. Ошко келген К. Бакиевди кууп жиберишти. Драмтеатрда К. Бакиевке кол салу болуп, ал белгисиз тарапка качууга мажбур болду. Кечинде К. Бакиев Жалал-Абадга келген казахстандын самолету менен качып кетти.

16-апрель Евросоюздун Кыргызстандагы өкүлү, Казахстандын Кыр­гыз Республикасындагы элчиси Б. Исабаев, Р. Отунбаевага К. Бакиевдин Прези­дент катары расмий ыйгарым укуктарын тапшы­руу тууралуу арызын тапшы­рышты. «Казинформ»т мамлекеттии ин­формациялык агентствосу К. Бакиев­дин отставкага кетүү жөнүн­дөгү арызынын кол жазмасынын көчүрмөсүн жарыялады.

Ошентип К. Бакиевдин режими Апрель революциясынын натый­жа­сында ку­ла­ды. Бирок ал мурдагы президенттей жөн эле качып кетпестен бир убакта өзү «Ак үйдү автомат менен коргоймун» - деп айткандай куралсыз элге ок жаады­рып коргоду. Өз бийлигин бергиси келбей жан талашты. Анын натыйжасында токсонго жакын азамат курман болду. [13]

Эми ошол Апрель революциясында жабыркагандар, курман бол­гон­дор жана медициналык жардам көрсөтүлгөндөр жөнүндө кээ бир маалымататрга көңүл бурсак. Кыргыз Республикасынын ошо күндөрдөгү маалымаатры боюнча 2010-ж. 6-8-апрелдеринде өлкө­бүз­дүн саламаттыкты сактоо мекеме­лерине ар кандай жарааттар менен баардыгы болуп 1621 адам кайрылган. Албетте алардын дээрлик көпчүлүгү атуулдар, азыраагы укук коргоо органдарынын өкүлдөрү. Жабыркагандар төмөнкү жактарга кайрылышкан:

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрили­ги­нин Улуттук госпиталына 228 жабырлануу­чу кайрылып, алардын 115 жаткыры­лып, 21 курман болгон.

Улуттук хирургиялык борборго 115 адам кайрылып, алардын 55 жаткы­рылган, 9 адам курман болгон.

Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борбо­ру­на 233 адам кайрылып, алардын 138 жаткырылып, 4 курман бол­гон.

Бишкек шаардык №1 клиникалык орруканага 70 адам кайры­лып, алардын 30 жаткырылды, 5 курман болду.

Медициналык тез жардамдын Шаардык балдар клиникалык оору­канасына 52 адам кайрылып, алардын 27 жаткырылды, 2 кур­ман болду.

Шаардык №6 ооруканага 2 адам кайрылып экөө тең жаткы­рылган.

Энени жана балдарды коргоо улуттук борборуна 20 жабырла­нуу­чу кайрылып, баары жаткырылды. Курман болгондор жок.

Темир жол ооруканасына 26 жабырлануучу кайрылып, 17 адам жаткырылды. Курман болгондор жок.

Бишкек тез жардам станциялары тарабынан 319 адам тейленди, шаар­дык травматология пунктуна 13, кошумча медициналык пункт­ка 8 адам кайрылып жардам алган.

Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна 41 адам кайрылып, жар­дам алышкан.

Чүй областынын медициналык мекемелерине 125 адам кайры­лып, 62 жаткырылды.

Нарын областында 10 адам жаткырылды.

Таласта 172 адам медициналык жардамга кайрылып, алардын 66 жаткырылды.

Ошто областтар аралык ооруканага 4 кайрылып, 2 жаткырыл­ды.

2010-жылдын 14-апрелине республикалык судмедэкспертиза бю­ро­суна ар кандай жарааттардан каза болгон 84 адамдын сөөгү түш­көн, алардын 2 тааныла элек болгон.

Республикалык кан борборуна 7-14-апрелде жараат алагандарга жардам иретинде 2549 адам кан тапшырган. [14] 

2010-жылдаагы Апрель революциясы азыркы кыргыз элинин өз азаттыгы, эркиндиги, адилеттүүлүк үчүн күрөшү болуп калды. 7-ап­релде кырчындай өмүрлөр кыйылып, өз элинин келечеги үчүн кыр­гыздын чыгаан уулдары курман болушту. Албетте алардын ар би­ри өз элинин баатырлары болушту, ар биринин ысымдары эл жү­рө­гүндө, мамлекет тарыхында түбөлүккө сакталаары талашсыз. Ап­рель күндөрү кыргыз эли, анын татыктуу уул-кыздары бир адам­дын, үй-бүлөнүн бийлиги менен байлыгына куралдын күчү менен чөгөлөтө албастыгын көрсөтө алышты. Бул революция күндөрү кыр­­­гыз тарыхынын жаңы барактарын ачып, жаңы тарых барак­та­рын баштап берди.

Жогорудагыларды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңе­ши тарабынан кабыл алынып, Президент А.Ш. Ат­ам­баев 2011-ж. 17-ноябрында кол койгон атайын мыйзамда:

«1. Өз Ата Мекенин алдында жогорку патриоттук аң-сезимди, берил­гендикти калыптандыруу жана жарандык жоопкерчиликти тарбиялоо, ошондой эле 2010-жылдын 7-апрелиндеги кайгылуу окуя­ларды Кыргыз рсепубликасынын элинин эсинде түбөлүк калты­руу максатында ушул күн жыл сайын Элдик Апрель революция­сы­нын күнү деп белгилен­син…» - деп айтылган. [15] 

Эске ала турган дагы бир жагдай, президенттин жарлыгына чейин бул маселе Жогорку Кеңештин атайын жыйынында депутаттар И. Исаков, Г. Жам­гыр­чиева, М. Сабировдор тарабынан 7-апрель Элдик Апрель револю­ция­­сы­нын күнү деп белгиленсин деген сунушту, колдоп Жогорку Кеңеш атайын токтомун чыгарган. [16] Ошондон бери 7-ап­рель расмий түрдө эскерүү, майрам күнү катары белгиленип ке­лүү­дө. Бул жакшы жөрөлгө экенин белгилей кетүү абзел. 

Апрель революциясынын натыйжасында коррупцияга жана ав­то­­рита­ризмге белинен баткан К. Бакиевдин бийлиги, режими кула­ды. Ошол рево­лю­циялардын сабактары жөнүндө өткөөл мезгил­дин пре­зиденти Р. Отун­баева 2011-ж. 30-ноябрында Жогорку кеңештин атайын жыйынында, Прези­денттик бийликти А.Ш. Атамбаевке өткөрүп жатып жасаган кайрылуу­сунда да баса белгилеген:

«… Өзүнүн эки президентин кууп чыгып, алты референдумду жана Консти­ту­ция­нын сегиз өзгөртүүсүн, ошондой эле эки революцияны жана түштүктө этностор аралык кагылышууга түрткөн чагымчыл­дык­ты башынан өткөргөн Кыргызстан өз алдынча башкаруунун рецепт­те­рин иштеп чыга алды:

1. Кыргызстан эли менен эсептешпей коюуга болбойт, анткени ал реалдуу күч.

2. Эч кимдин бийликти жеке ээлеп алууга (узурпациялоого) акысы жок. Бийлик аны кыянаттык менен пайдаланууга мүмкүн болбой тур­ган­дай болуп түзүлүүгө тийиш.

3. Өлкөнүн лидерлери элге берген убадасын так аткарышы абзел. 

4. Саясатчылар коркутуудан жана куч кол-донуудан алые болу­су керек, анткени ар кандай күчкө каршы турган күч дагы табылат.[17] 

Ошол апрелде келген жаңы бийликтин башчысы Р. Отунбаеванын айты­мында, Апрель революциясы дүйнөлүк коомчулук та­ра­бынан өзгө­чө фено­мен катары бааланган. …Анткени Апрель ре­волюциясы маани-маңызы боюнча саясий, мүнөзү боюнча элдик революция болгон. Эл өлкөдөгү саясий бийликке эле эмес саясий принцип­сиз­дикке, кай­ды­герликке каршы күрөшкө чыкканын баса белгилеген. [18] 

Демек минтип айтууга бир катар негиздер бар. Биздин пикирде ан­дай себептер, апрел революциясына түрткү болгон факторлор катары төмөн­күлөрдө айтууга болот:

- Апрел революциясына шарт түзгөн саясий, социалдык-эко­но­микалык себептер;

- Саясий кырдаалдын өсүп-өнүгүшүнүн динамикасы, саясий тран­­с­формациянын өзгөчөлүгү;

- Апрель революциясынын негизги максаттары жана милдет­тери;

- Революциянын кыймылдаткыч күчтөрү жвана лидерлеринин орду жана родлу;

- Революцияга түрткү болуучу жалпы мыйзам ченемдери, негизги факторлордун өнүгүү динамикасы;

- Бийликтин жана башкарууу системасынын алмашуусунун, Конституциялык реформанын зарылдыгы ж.б.

Мына ушул факторлор Апрель революциясына, анын маани-ма­ңы­зы­на, баа берүүгө ар тараптуу өбөлгө түзө алат.

Ошол Апрель революциясы толук ишке ашкандан кийин өлкө­дөгү расмий бийлик Убактылуу Өкмөткө өткөн. Ал Өкмөттүн эң ал­гачкы Декрети 2010-ж. 7-апрелинде чыгып анда элге каршы бол­гон Бакиевдин режиминин кула­ганы, бийлик толугу менен Кыргыз Рес­пуб­ликасынын Убактылуу Өкмөтүнө өткө­нү жарыя болгон. Убак­тылуу Өкмөт 2010-ж. 27-октя­бры­нда өтө турган бүт­күл элдик ре­фе­рендумга, Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алын­ган­­га чейин өз вазыйпасын аткараары бышыкталган. [19]  Ошол эле күнү Убак­­­тылуу Өкмөт­түн мүчөлөрү дайындалган. [20] Тарыхый мааниге ээ биринчи декретке ыла­йык өлкөдөгү Президенттин да, өкмөттүн да, Жогорку Кеңеш­тин да ыйгарым укуктары Убактылуу өкмөттүн ка­ра­ма­гына өткөн. [21] 

Баса Апрель революциясынан кийинки дагы бир омоктуу окуя, V чакыры­лыш­тагы Кыргыз Рес­пуб­ли­касынын Жогорку Ке­ңе­­ши­­нин курамын­дагы беш саясий партиядан «Биримдик жана өнү­гүү» парламенттик көпчүлүк фрак­цияларынын коалициясынын тү­зүлүшү жана анын ишке ашырылышы болго­ну да талашсыз факт. Коалициянын түзүмүнө «КСДП», «Республика» жана «Ата Журт» партиялары кирген жана анын андан аркы иштерине парламент­тик фракция лидерлери катары кепилдикти ошол кездеги лидерлер өз колдо­руна алышкан. Мисалы, ошол эле фракция жаңы Өкмөттүн тү­зүмүн бекиткен келишимге кол коюш­кан. Тагыраак айтканда аталган документке «Респуб­лика» үчүн Ө.Т. Бабанов, «КСДП» үчүн А.Ш. Жээнбеков, «Ата Журт» үчүн А.Келдибеков кол койгон. [22]   Бул өкмөт түзүмү, ага талапкерлер кийинчерээк Жогорку Кеңеш­тин атайын токтому менен бекитилген. [23] 

Баса ошол Убактылуу Өкмөт, өткөөл мезгилдин Президенти Роза Отун­баева баш болгон жаңы расмий бийликтер тарабынан Апрель жана июнь айында болгон окуяларды иликтөө, аларга саясий баа берүү жөнүндө алгачкы кадамдар башталган. Мисалы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өзүнүн алгачкы эле жыйында­ры­нын биринде, депутат Т. Балтабаев төрагалык кылган жыйында “2010-жылдын апрель – июнунда болуп өткөн кайгылуу окуяларга алып келген жагдайлар менен шарттарды иликтөө, изилдөө жана аларга саясий баа берүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия тү­зүү жөнүндө» атайын токтом кабыл алган. [24]  Токтомго ылайык Жо­­­горку Кеңештеги «Ата Журт», «Ар намыс», «КСДП», «Респуб­ли­­ка», «Ата Мекен» партияларынан 5тен депутат кирген комиссия түзүлүп, өз ишин баштаган. [25] Комиссияга «Ата Журт» идеалистик демократиялык саясий пар­тиясынын депутаттык фракциясынан: Ж.А. Жолдошова, Д.Ж. Жумабеков, И.К. Жуну­сов, С.Н. Жапаров, К.Э. Осмонов; «Ар намыс» саясий пар­тиясынын депутат­тык фрак­ция­сынан: А. Артыков, И.К. Гусаров, А.Б. Калмаматов, Б.А. Ма­мы­рова, Т.Б. Мамытов; «Кыргызстан социал-демократиялык пар­тия­сынын» депутаттык фрак­ция­сынан: К.С. Асанов,С.С. Атажанов, А.Ш. Жээнбеков, И.И. Исаков, Д.О. Тербишалиев; «Респуб­ли­­ка» саясий пар­тиясынын депу­тат­тык фрак­ция­сынан: Н.К. Алимбеков, К.К. Исаев, А.Т. Сулайманов, Б.Э. Торобаев, Т.У. Шайназаров; «Ата Мекен» саясий социалисттик пар­тиясы­нын депутаттык фрак­ция­сынан: Ш.Ч. Айтматова, Т. Мадылбеков, Р.А. Саби­ров, А.А. Сасыкбаева, Р. Төлөгөнов сыяктуу депуттар кирген. [26] 2011-жылдын 13-январында жогоруда атал­ган комиссия өз иликтөөлөрүнүн жы­йын­тыгын 19-январда Жогорку Кеңешинин кезексиз жы­йын­­ына алып чыксын деген токтомго ыла­йык, айтылган мөөнөттө алгачкы тал­куу болгон. [27]

Апрель революциясынын каармандарын, алардын үй-бүлөлөрүн өткөөл мезгилдин президенти Р. Отунбаева жетектеген Убактылуу өкмөт жана кийинки бийликтер ар тараптан камкордук көрүп, ата­йын «Апрель элдик революция­сынын Батыры» төш белгиси менен сыйлап, каржылык жардамдарды көрсөтүп келишүүдө. Баса дал ушул максатта Президент Р. Отунбаеванын 2010-ж. 28 августундагы ука­зына ылайык «Апрель элдик революциянын бааты­ры» төш бел­гиси жөнүндөгү жобо» бекитилген. [28] 

Эң алгачкы мын­дай сыйлоолор ошол эле 2010-ж. 8-октябрында ошол кездеги президент Р. Отун­бае­ва­нын УП №237 указына ылайык: «2010-жылдын 6-7-апрелдеринде коорупцияланышкан элге каршы режимди төңкөрүүдөгү өзгөчө катышуусун, патриоттук духта тар­бия­лоо максатында атайын «Апрель элдик революциянын бааты­ры» төш белгиси менен 293 адам сыйла­нышкан. [29]   Башка апрель каар­мандарына жана баатырларына материалдык жардам көрсөтүү боюнча атайын указ чыккан. [30]  Дагы 83 адам өлгөндөн кийин атал­ган төш белги менен сыйлан­ган. [31] 

Ошол Апрель революциясынан кийин кандай алгылыктуу иштер болду, эмне өзгөрүү болгону жөнүндө да азыноолак кеп козгой ке­түү абзел. Биздин пикирде ошол алагачкы кадамдар жөнүндө, өлкөдөгү өзгөрүүлөр боюнча ошол кездеги президент Р. Отунбаева­нын 2011-жылдын 9-сентябрындагы «Биз келе­чекке ишеним менен ка­райбыз» - деген Кыргыз Республика­сынын эгемендүүлүк күнүнүн 20 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын­дагы сөзү менен айтсак же­тиштүү болот: …Апрель окуяларынан кийин өлкө үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган Убактылуу өкмөт мамлекеттик бийликти калыбына келтирүү жана социалдык-экономикалык кыр­даал­ды турукташты­руунун этаптарын конкреттүү көрсөтүү менен өт­көөл мезгилди аныктаган. Ал мезгил жаңы Конституцияны кабыл алуу жана башкаруу формаларын өзгөртүү, парламентке ачык жана демокра­тиялык шайлоолорду өткө­рүү, жаңы Конституцияга ылайык бийликтин аткаруу бутагын калып­тан­дыруу, сот системасын реформалоо, аны коррупцияга малынган адамдардан тазалоо этаптарын камтыган мезгил болчу. Акыркы этап - бул быйылкы октябрга дайындалган президент­тик шайлоо, бийликти тынчтык жолу менен өт­кө­рүп бе­рүү салтын калыптандыруу. Ушуну ме­нен мамлекеттик башкаруу­нун бүтүндөй системасын легитимдештирүү аяктайт.

Баса андан көп өтпөй эле, 2011-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Рес­­публикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынып, Пре­­зидент А.Ш. Атамбаев тарабынан «7-апрель Элдик апрель рево­люциясы күнү жөнүндө» атайын мыйзамга кол коюлган. [32] 

Белгилей кетчү дагы бир жагдай, бир аз мурда 2011-жылдын 21-октябрында Кыргыз Рес­­публикасынын Жогорку Кеңешинде атайын «2010-жылдын апрель, июнь окуяларында курман болгондордун үй-бүлө­лөрү­нө жана жабыр тарткандарга турак жай куруу жана бө­лүш­түрүү, материалдык жардам көрсөтүү боюнча иштин абалы жө­нүндө» аттуу маселе атайын каралып, тие­ше­лүү токтом кабыл алынган. [33]  Көрсөтүлгөн токтомго ылайык 2010-жылдын апрель ок­уя­ларында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө (88 адам) 1.000.000 сомдон бир жолку берилүүчү материал­дык жардам көрсөтүлгөн. 771 жабыр тарткандардын ичинен 742 адам бир жолу бериллүүчү жардам алган:

- денесинен оор жаракат алган 116 адам – 100.000 сомдон;

- денесинен анча оор эмес жаракат алган 138 адам – 50.000 сомдон;

- денесинен жеңил жаракат алган 488 адам – 50.000 сомдон.

Ошол 2010-жылдын 21-октябрь күнүнө калган 29 адамга алардын рес­публи­када жоктугунан каржылык жардам көрсөтүлгөн эмес…

…Июнь окуяларында 447 курман болгондордун ичинен 377 кур­ман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1.000.000 сомдон бир жолку берилүү­чү материалдык жардам көрсөтүлгөн. Талап кылынуучу документ­тер толук эместигинин айынан 70 кур­ман болгондордун үй-бүлө­лөрүнө материалдык жардам төлөнүп берилген эмес...

… баардыгы болуп 34 адам дайынсыз жоголуп, алардын 32 үй-бүлөсүнө 1.000.000 сомдон бир жолку берилүү­чү материалдык жар­дам көрсөтүлгөн, дайынсыз жоголгондордун 2 үй-бүлөсүнө 1.000.000 сомдон төлөнүп берилген эмес.

… баардыгы болуп 2425 адам жабыр тартып, анын ичинен 1042 адам 50.000 жана 100.000 сомдон алып, калган 1383 адам бүгүнкү күнгө материалдык жар­дам ала алган эмес… ». [34] 

 2010-жылдын 27-июнунда референдумда өлкөнүн жаңы Консти­ту­­циясы ка­был алынды. Ошентип Борбордук Азияда тунгуч парла­мент­тик республика не­гиз­делди. Бийликке келгени үч ай гана бол­гон Убакты­луу Өкмөт өзүнүн ыйга­рым укуктарын Президентке жа­на Техникалык өкмөткө тапшырьш, анын мү­чө­лөрү А. Атамбаев, Т. Сариев, Ө. Текебаев, Болот Шер, Д. Чотонов ж.б. башкалар ме­нен тең укукта парламенттик шайлоого катышты. Бардык саясий партиялар, оппозиция болобу, же кулатылган бийликтин жактоо­чулары болобу, баары тең шайлоого катышу эркиндигин алышты. Ошону менен өлкөдө жаңы саясий маданият калыптанышына шарт түзүлдү. Биз дүйнөлүк коомчулук тарабынан жогорку баага таты­ган эркин жана ачык шайлоонун үлгүсүн көрсөтө алдык.

Колдонулган булактардын жана адабияттардын тизмеси:

Кыргыз туусу. 2014-ж. 4-апрель. -3-б.

Атамбаев А. Стратегияда жазылган максаттарды сөзсүз аткарыш керек.// Эркин Тоо. 2014-ж. 1-апрель.-3-б.; Атамбаев А.Ш. Парламенттик өлкөдө Өкмөт тез-тез алмаша берет // Кыргыз туусу. 2014-ж. 1-апрель.-3-б.

Кыргыз туусу. 213-ж. 12-февраль. -5-б.

Слово Кыргызстана. 8 апреля 2014 г. –С. 1,3.

Вечерний Бишкек, 22 февраля 2013 г. –С.8.

Ош шамы. 2010-ж., 19-апрель. –С.3.

Нормативные акты Кыргызской Республики. –Бишкек, 2010, апрель, №16. –С. 7-10; Ош шамы. 2010-ж., 19-апрель. –С.3.

Нормативные акты Кыргызской Республики... –С. 8.

Нормативные акты Кыргызской Республики..–С.9; Ош шамы. 2010-ж., 19-апрель. –С.3.

Нормативные акты Кыргызской Республики –С.10-11.

Кыргыз туусу. 2013-ж. 5-апрель. -4-б.

Кыргыз туусу. 2010-ж. 10-апрель. -1-2-бб.; Түбөлүк таазим силерге, Апрель баатырлары!//Эркин Тоо. 2011-ж. 18-ноябрь. -1-2-бб.

Кыргыз туусу. 2011-ж 2-декабрь. -11-б.

Апрель каармандары. –Бишкек, 20… -21-22-бб.

Жогорку Кеңештин архиви. Папка №288 –V. –8-б. 

Жогорку Кеңештин архиви. Папка №823 –V. –1-б. 

Отунбаева Р. Эл менен эсептешпей коюга болбойт // Кыргыз Туусу 20011-ж. 2-декабрь. -5-6-бб.

КирТАГ. 7 апреля 2010.

Временное нардное Правителство Кыргызсокй Республики // Декрет Временное Правителство Кыргызсокй Республики «О переходе власти к Временному правительству и порядке исполнения Конституции Кыргызской Республики» -Бишкек, 2010 г. 7 апреля // Нормативные акты Кыргызской Республики. –Бишкек, 2010, апрель, №16. –С. 3-4.

Нормативные акты... –С.7-10.

Нормативные акты Кыргызской Республики. –Бишкек, 2010, апрель, №16. –С. 3-4; Ош шамы. 2010-ж., 19-апрель. –С.3.

Жогорку Кеңештин архиви. Папка №27 –V. –100-б.

Жогорку Кеңештин архиви. Папка №27 –V. –160-161-бб.; Папка №28 –V. –170-172.

Жогорку Кеңештин архиви. Папка №2–V. –4-5-б.

Жогорку Кеңештин архиви. Папка №2–V. –4-5-б.

Жогорку Кеңештин архиви. Папка №2–V. –4-5-б.

Жогорку Кеңештин архиви. Папка №63–V. –105-б.; Папка №95–V. –115-б.

Указом президента КР Р. Отунбаевой утверждено «Положение о порядке награждения нагрудным знаком «Апрель элдик революциясынын батыры» - «Герой апрельской народной революции» // Нормативные акты Кыргызской Республики. –Бишкек, 2010, сентябрь, №38. –С. 4-5; Жогорку Кеңештин архиви. Папка №288–V. –1,8-бб.

Президент Р.Отунбаеванын «Апрель элдик революциянын бааты­ры» төш белгиси менен сыйлоо жөнүндө УП №237 указы //Нормативные акты Кыргызской Республики. –Бишкек, 2010, ноябрь, №45. –С.5-11

Постановление правительство КР от 4 октября 2010 г. «Об оказании единолвременной матреиальной помощи» от 8 апреля 2010 г. №1.// Нормативные акты Кыргызской Республики. –Бишкек, 2010, ноябрь, №45. –С.13-14.

Нормативные акты Кыргызской Республики. –Бишкек, 2010, ноябрь, №44. –С. 5-6; Норматив­ные акты… 2010, ноябрь, №45. -С.13-14; Эркин Тоо. Атайын чыгарылышы. 2011-ж. 12-ноябрь. -1-3-бб.

Жогорку Кеңештин архиви. Папка №288–V. –8-б.; Папка №823–V. –1-б. 

Жогорку Кеңештин архиви. Папка №1241–V. –176-183-бб.

Жогорку Кеңештин архиви. Папка №1241–V. –177-б.

Абытов Байболот Капарович
тарых илимдеринин доктору, профессор, ОшМУ

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

31-08-2023
Насирдин Исанов — креативная и неординарная личность советского и суверенного Кыргызстана
2657

20-03-2023
Нооруз – традиционный праздник кыргызов
4422

07-02-2023
КЫРГЫЗСТАНДА КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШҮҮГӨ ТАРЫХЫЙ САРЕСЕП (этаптарына жаңы көз караш)
1984

07-02-2023
Проблемы безопасности мигрантов Кыргызстана: факты, реалии и последствия.
2744

11-10-2022
Первый курултай тюркологов – курултай репрессированных и расстрелянных
3915

19-03-2022
Нооруз — традиционный праздник кыргызов
5314

16-03-2022
Аксы окуясына 20 жыл
5248

03-03-2022
Нашему флагу 30 лет
8300

21-06-2021
Нестандартные, спорные вопросы Великой Отечественной войны
10123

16-03-2021
Жусуп Абдрахманов — Кыргызстандын биринчи Конституциясын түзүүчүлөрдүн бири
6959

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×