Добавить свою статью
11 Апреля 2023
Жеңилдетилген насыядан пайда жок

Деги эле, жеңилдетилген насыя акча алып, ошондон пайда таптым деген дыйкандар жокко эсе. Ошол эле учурда айыл чарба министрлиги кийинки жылдарда мамлекеттин эсебинен миллиарддаган арзан кредиттерди берип фермерлерди жыргатып койдук деп обу жок мактанып жүрөт.

Чындыгында карапайым эл банктарга барып сурашса, электрондук кезекке тур деп айтышат. Турса, жок эле дегенде жүзүнчү болуп катталат же болбосо кезек түгөнүп калат. Ага чейин кимдер катталды? Ошолор чындыгында эле муктаж кедей-дыйкандарбы же баягы эле байманаптар, тааныштар, достор жана банктын эле кызматкерлериби деген суроого эч ким жооп бербейт.

Менин оюмча "жеңилдетилген насыя" деген түшүнүк - бул айыл чарбасына көмөк көрсөтүп, аны алдыга жылдырып жатабыз деген шылтоо менен эле мамлекеттен арзан акча алып, атайын чөйрөөдөгү айрым адамдардын чексиз байып жатышы. Себеби бечара дыйкандардын 98 пайызы мындай жеңилдетилген кредитти алмак тургай, аны көргөн дагы эмес. Демек бул жерде турукташып калган коррупциянын бар экендиги байкалып турат, бирок аны аягына чейин кылдаттык менен текшерген бир дагы жан жок.

Мындан эң биринчи байыган банктардын өзү жана анын ээлери. 6 пайыз үстөк менен арзан кредит бердик деген менен, алар чындыгында 12 пайыз үстөк менен иштеп жатышат: 6 пайызын кардарлар төлөйт, ал эми калган 6 пайызын банктарга мамлекет өзү берет. Кыскасы, мындай жеңилдетилген кредиттердин жардамы менен байлар ого бетер байып жатышат, ал эми элет жерлериндеги кедей дыйкандар барган сайын жакырчылыкка батып баратышат. Ошондуктан мындан ары элди алдабай эле, "арзандатылган насыя акча" деген акцияны толугу менен токтотуп койуш керек. Себеби карапайым элге анын кымындай дагы пайдасы жок.

Эми республикабыздын каржы министрлиги Ош облусунун айыл чарба ишкерлерине 100 млн сомго чейин жеңилдетилген насыялар берилет деп жарыялап чыкты. Бул дагы кезектеги куру сөз болбосо эле болду. Биринчиден, жалпы жонунан канча каражат бөлүнөрү айтылган эмес. Экинчиден, киши таңгалгандай, үстөк пайызы өтө эле төмөн (1,5-2%), ал эми мөөнөтү узун экен (5-7 жыл). Эми кептин баары - ушундай арзан жана узак мөөнөткө бериле турган акчаны карапайым муктаж адамдар кантип алат? Алар эмне кайрадан эле кезекке турушабы же тааныш издешеби? Кардарлар кандай принциптер менен таңдалынып алынат? Күрөө талап кылынабы? Мындай суроолор аябай көп. Эмне үчүн каржы жана айыл чарба министрликтери жер-жерлерге барып алдын ала социялогиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшпөйт, айылдагы эң кедей жана эң муктаж дыйкандарды аныктап, анан ошолорго гана жардам көрсөтпөйт? Бул жерде дагы бүдөмүк бар. Менин коркконум - атайын дыйкан чарбалар үчүн деп 1,5-2 пайызга чейин арзандатылган кредиттерди жакырлар албай, кайрадан ошол эле Финансы-кредиттик фонддун жана АРИСтин кызматкерлери, тааныштары, көңүлдөштөрү жана акчага тойбогон олигархтардын өкүлдөрү алып кетиши мүмкүн. Ошондуктан бул жерде дагы тийиштүү органдардын көзөмөлдөшү абдан зарыл.

Жамин Акималиев

айыл чарба илимдеринин доктору,

академик

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

21-05-2024
О нашей идеологии
3290

25-04-2024
Ломать – не строить
14834

15-04-2024
Сумасбродные предложения
15701

04-03-2024
Какой должна быть Академия наук?
13026

23-01-2024
Ахматбек Суюмбаев – элибиздин сүйүктүү уулу
11960

20-12-2023
Курман Каракеев – кыргыз интеллигенциясынын күзгүсү
19120

10-08-2023
Сапаттуу үрөн — жогорку түшүмдүн кепили
3288

07-08-2023
О Сталинских премиях
5620

03-08-2023
Юрий Гагарин
5720

02-08-2023
Ещё раз о Маяковском
6121

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×