Добавить свою статью
17 Апреля 2023
Кадр саясаты жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министерлер кабинетинин Төрагасы 

А.У.Жапаровго 

Ачык Кат

Урматтуу Акылбек Усенбекович,

Сиздин билим берүү жана илим министрлигинде сүйлөгөн сөзүңүздө, эскиче ойлогон, эскиче жашаган, көптөгөн жылдар бою номенклатурада жүрүп, алгылыктуу бир иш жасабаган кадрлар кетиши керек деген талабыңызды биз, коомчулук туура түшүндүк, туура кабыл алдык. Бирок, айрым бир жетекчилер бул сөздү «бөрк ал десе баш алып», дегеле бүт карылар, пенсионерлер кетсин деген кампанияга айландыра башташты. Мисалы, кечөө эле кыргыз маданиятынын залкары, жаркын талант, жалпы журт сыйлаган кадырман карыябыз Т.Казаковду формалдуу жагынан тууралап туруп, «салтанаттуу» түрдө кызматынан узатып коюушту. Интернетти караңызчы, нааразы болбогон эл жок. Бир чиновниктин кетирген катасы жалпы бийликтин беделине кандай сокку ураарын ушундан көрүп алыңыз. Казаков болсо, Ала-Тоодой бөксөрбөй кала берет, ал эми жалпы бийликтин бир капшыты бөксөрө түшкөндөй болду. «Талант – штучный товар» - деп айткан экен кайран Сталин. Демек, талантты жаш-карысына карабай, аздектеп урунуш керек, керек болсо, жалынып – жалбырып иштетиш керек. 

Биздин Конституциянын 24-беренесинде мамлекеттик кызматкерлер жашына, улутуна, жынысына байланыштуу кугунтукталбайт, бошотулбайт деп жазылып турат. Кызматкер өз ыктыяры менен арыз жазып кетип атса сөз жок. Бирок, чиновник ар кандай ыкмалар менен аны кетүүгө аргасыз кылса, анда бул Конституцияга, Законго каршы аракет. Карагылачы орустарды: 98ге чыккан А.В. Садовничий азыр да МГУнун ректору, Америкада министерлердин көпчүлүгү 70тен ашкандар, ал эми 90дон ашкан Дян Сио Пин Кытайды устаранын мизинде оодарып таштаганы эсиңердеби? Илгери маркум М. Эшимканов ушул эле теледен 36 кызматкерди өз чечими менен бошотом деп, 36 миллион сомго айып тартканы эсимде. Дагы бир мисал, Жогорку Кеңештин мурдакы эки депутаты Ф.Кулов менен Т.Мамытовду, депутаттык мөөнөттүн ичинде пенсия албасын деп чечим чыгарышат. Алар Конституциялык Сот аркылуу бул чечимди да четке кактырган. 

Бизде кадр саясатында бир жаман адат пайда болду. Кандай жаңы жетекчи келбесин, ишин эски кадрларды кетирип, жаңыларды дайындамайдан баштайт. Жаңы келе калып эле, билбеген адамдын жаман-жакшысын биле койгудай олуя бы булар? Тереңирээк карасак, бул көрүнүш кокусунан эмес сыяктуу. Демократиянын өтө көп түрлөрү бар. Бирок, ошолордун ичинде, биз азырынча колдонуп жаткан либералдык демократиянын өтө опурталдуу бир касиети, - кадр тандоодо партиянын, олигархттын кызыкчылыгы биринчи орунда турат. Жаңы кызматка келген чиновниктин кожоюндары ошолор. Кожоюн жактырбаса, талант, жөндөмдүүлүк деген беш тыйынга татыбайт. А кызматка болсо, «куда сөөктөр, өкүл балдар» келе баштайт. Министрлер, алардын орун басарлары өтө эле бат-бат алмашылып жатканы да ушуга байланыштуу. Мисалы, М.К.Иманалиев бир жылда үч жолу орун алмашты. Бул жигитти биз маданият сферасындагы көрүнүктүү ишмер деп билебиз. Ары-бери ыргыта бергидей мунун бир чоң кемчилиги же күнөөсү барбы? Же бийликтин коопсуздугуна зыян келтирдиби? Саясаттагы аныктык, толеранттуулук кайда? Себептерин айтыш керек.Кызматкер үчүн анын жеке репутациясынан бийик баалуулук жок. Иманалиевдин репутациясын тебелеп салууга кимдин акысы бар?

Ошентип, номенклатуралык аппарат менен олигархия ашташып калган ушул желмогуз-феномен акыры түбү элди да, өкмөттү тоготпой, каалаган мыйзамдар менен каалаган кызыкчылыктарын ишке ашыра алат. Мына жакында эле илимдер академиясы боюнча Конституцияга каршы документ даярдашып, Президеннти да, өзүңүздү да ыңгайсыз абалга такап коюшту. Советтик бийлик убагында, мындай иш моралдык кылмыш катары жазаланмак. А азыр болсо, булар дагы эле талашып – тартышып, чатакты чоюп олтурушат. А академия да ондогон, жүздөгөн кызматкерлер санааркап жүрүшөт, алар бу жагдайдын себептерин аппараттан көрбөйт, лично Сизден көрүшөт. 

Өкмөт жана анын аппараты эл менен иштөөнүн, маданияттуу башкаруу системасынын бийик үлгүсүн көрсөтүсү тийиш. Бу жерде иштеген адам эч бир протекциясыз, эч бир колдоосуз, өзүнүн жогорку кесиптик жана адамкерчиликтүү касиеттери менен айырмаланган кадрлар болсун үчүн конкурс, аттестация, тестирлөө өңдүү форматтар кеңири пайдаланылса дейбиз. «Кыргызстандын лидерлери» деген атайын программа түзүлсө жакшы болоор эле. Эмне үчүн бизде эмгиче кадрларды тарбиялоодо устатык (наставничество) тажырыйбасын колдонбойбуз. Жер жерлерде эл чарбасы башкарууда, илим-маданият майданында бай тажырбайлуу устаттар бар да. 

Кыскасы, өлкөбүздө кадрларды тарбиялоонун көп тепкичтүү социалдык лифттери түзүлүшү зарыл.

Ж.Сааданбеков 

Коомдук ишмер

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

12-03-2024
У каждого века есть свое средневековье
678

28-02-2024
Скромное обаяние прирожденного трудоголика. Апасу Жумагулову 90 лет
4666

05-02-2024
Стратегия идеологической безопасности КР
2222

16-01-2024
О повышении эффективности общественно-гуманитарных наук Кыргызстана
1467

20-10-2023
Жаңы курулган президенттик резиденциянын аталышы боюнча
9315

13-10-2023
Демократия или Свобода?
1963

12-10-2023
«Кыргыз Ордо» болсун
965

11-09-2023
Первые впечатления о книге президента С. Жапарова
1207

04-09-2023
Алп акындын жалгыздыгы
2835

07-07-2023
Абдыганы Эркебаев – политик – реалист
2984

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×