Добавить свою статью
27 Мая 2023
Насирдин Исановдун келечеги кең эле

Насирдин Исанов менен 70-жылдары ал партиянын Борбордук Комитетинин курулуш бөлүмүнүн башчысы болуп турганда таанышканмын. Ал кезде мен партиянын Сокулук райкомунун биринчи секретары элем.

Район айыл чарбасы боюнча гана алдыда болбостон, курулуш тармагында дагы ПМК деген ирилештирилген ишканалары менен өзгөлөөнчү. Алар райондо гана эмес, Борборубузда дагы курулуш иштерин аткарышчу. Ушундан улам курулуштагы көйгөйлөр боюнча Исанов менен туруктуу байланышта болуп турдум.

Мындан тышкары, бир жолу Чолпон-Атадагы Мамлекеттик резиденцияда чогуу эс алып калган да жайыбыз бар. Кийин, 1991-жылдын январында, ал Кыргызстандын туңгуч премьер-министри болгондо, мен Легендарлуу парламенттин депутаты элем. Бул кыска мөөнөттө дагы мамилебиз үзүлгөн жок. Айрым маанилүү маселелер боюнча пикир алмашып турар элек.

Менин жеке байкашымда, Насирдин Исанов өзүнүн ишке жөндөмдүүлүгү, терең билимдүүлүгү жана мол тажрыйбасы менен, ошондой эле өзгөчө адамкерчилиги боюнча, келечекте Мамлекетти башкарууга толук дарамети бар эле. Буга далил катары 1990-жылдын октябр айында өткөн президенттик шайлоого токтолгум келет. А дегенде алгач президент болууга Абсамат Масалиев, Апас Жумагулов жана Жумгалбек Аманбаевдар аттанышты. Бир орунду кыргыздын белгилүү үч уулу талашып жатып, үчөө тең өтпөй калды. Президент болуш үчүн Абсамат Масалиевге 4 эле добуш жеткен жок.

Кийинки күнү президенттик жарышка 6 адам чыкты. Алар: Аскар Акаев, Садыкбек Аблесов, Эсенбек Дүйшеев, Насирдин Исанов, Амангелди Муралиев жана Бекмамат Осмонов эле. Бардыгы эле элге белгилүү бакыйган жигиттер болучу. Эми кимиси жеңээр экен деп турсак, алдыңкы эки орунду Аскар Акаев менен Насирдин Исанов алышты. Ошондо депутаттык залда отурган айрым адамдар селт эте түштү. Анткени, алар Исановдун ушундай чоң ийгиликке ээ болоорун күткөн эмес экен. Насирдин Исанов болсо, өзүн дайыма жөп-жөнөкөй алып жүрчү, эл менен жуурулушуп кетчү, мансапка жутунчуу эмес, башын жерге салып эле, тынымсыз иштей берчү. Мындай мыкты сапаттарын мен жакшы билчүүмүн жана Насирдин Исановдун келечеги кең экенине толук ишенчүүмүн. Кыргызстандын тарыхында ким биринчи жолу премьер-министр болот дегенде, Легендарлуу парламенттин депутаттары Насирдин Исановдун талапкерлигин толугу менен колдоп беришти. 1991-жылдын январынан, ноябр айынын соңуна чейин, же болбосо болгону 10 ай иштесе дагы, ал Өкмөттүн башчысы катары абдан үзүрлүү эмгек кылып кетти. Анткени ал учур Советтер Союзу урай баштагандан кийинки өтө татаал өткөөл мезгил эле. Тарых өзгөрүп жаткан жаңы шартта Насирдин Исанов өзүнүн мойнуна өзгөчө жоопкерчиликти алып, аткаруу бийлигинин орчундуу чечимдерин кабыл алуусуна жетише алды. Кыскача айтканда, ал Кыргызстандын келечегине багытталган жаңы жолду чаап берди. Эгерде Исанов Өкмөт башчысы болуп туруп, андан кийин Мамлекеттин эң жогорку кызматына жеткенде, Кыргызстан мынчалык кыйрамак эмес, Совет доорунда элдин эмгеги менен жаралган өнүккөн өндүрүшүбүз сакталып калмак. Анткен себеби, Насирдин Исанов өзүнүн табияты жана адистиги боюнча Курулушчу болчу. “Куруучу” деген бул, орусча айтканда - “Созидатель”. Демек, бул ардактуу наамды алып жүргөн Исанов эч убакытта өлкөнү, анын өнөр жайын, айыл чарбасын жана башка маанилүү тармактарын талкаламак эмес жана талкалатмак эмес, экономиканы саясатташтырбайт эле. Ошондо Кыргызстан азыркы Кытайдай же болбосо коңшуларыбыз Өзбекстан менен Казахстандай болуп өнүп-өсүп турмак. Анын ордуна өлкөбүздүн өндүрүшүн талап-тоноп, ичип-жеп, коомубузду чаржайытка айландырдык. Президент Садыр Жапаров айткандай, Эгемендүүлүк алгандан кийинки 30 жылда Республикабызда жок дегенде бир ширенке фабрикасын дагы кура алган жокпуз. Натыйжада, жаштарыбыз жумушсуз калып, айласыстан ар-кайсы жакка тентип кетишти. Айтайын дегеним, Хрущев деген Никита Иосиф Виссарионович Сталинди негизсиз эле “Культ личности” деп айыптаган экен. А чындыгында тарых илими илгертен бери эле, коомдун өсүшүндө жана анын тарыхында инсандардын ролүн таамай аныктап жана аны таанып келген турбайбы. “Кандай жетекчи болсо, ошондой өлкө болот” деген сөз туп-туура болуп чыкты го.

Эми, тилекке каршы, өмүрү кыска экен, Насирдин Исанов 48 жашында же болбосо кырчындай кезинде арабыздан өтүп кетти. Жалпы элибизди жабыр тарттырган бул кайгылуу окуяны өз учурунда эч ким деле кылдаттык менен териштирген жок окшойт. Мындай орчундуу трагедияны «кырсык» деп эле койушту. Туура, кырсык деген кабак-каштын ортосунда. Ошентсе дагы, бир машиненин ичинде чогуу олтуруп келе жаткан кишилердин арасынан жалгыз гана Исановдун көз жумгандыгы көпчүлүктү таң калтырат. Кеч болсо дагы, чыркыраган чындык сыртка чыгат деген үмүттөн ажырабай туралы. Антпесе, адилеттүүлүктү орнотуу кыйын болуп калат. Буга бир мисал. Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Джон Кеннединин 46 жашында, өзүнүн машинесинин ичинде өлтүрүлгөнүнө 60 жыл болгону калды. 1963-жылы, болгондо дагы ошол ноябр айында орун алган бул чоң кырсыкты расмий түрдө Освальд деген бир кишиге эле оодарып коюшкан. Бирок кийин жашыруун документтер ачыкка чыгып, атайын адистер изилдегенде, Кеннединин өлүмүнө ошол кездеги Американын бийлик өкүлдөрүнүн түздөн-түз тийешеси бар экендиги аныкталууда. Бул боюнча атайын тасма тартылып, ал бүткүл дүйнөдө көрсөтүлүүдө.

Насирдин Исанов аз болсо да, саз жашады. Ал өзүнүн көрүнүктүү иштери менен элдин оозунда калды жана анын элеси эч убакта унутулбайт. Буга – мына бүгүн Улуттук илимдер академиясында өтүп жаткан илимий конференция далил боло алат. Аны уюштурган Тарых институтуна терең ыраазычылык билдирүү абзел. Муну айтып жаткан себебим, адамдын көзү өтүп кетсе дагы, анын аты аталып дайыма эскерилип турса, ал өлбөйт. Качан гана инсандын аты-жөнү элдин эс тутумунан өчүп калса, мына ошондо адам биротоло өлөт. Насирдин Исанов өлгөн жок. Анткен себеби анын артында үзүрлүү эмгеги, жаркыраган элеси, өмүрлүк жолдошу жана бала-чакасы калды. Насирдин Исанов өлгөн жок. Себеби, анын артында калдайган калың журт турат. Ал аны эч убакта унутпайт.

Жамин Акималиев

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

23-01-2024
Ахматбек Суюмбаев – элибиздин сүйүктүү уулу
9316

20-12-2023
Курман Каракеев – кыргыз интеллигенциясынын күзгүсү
14269

10-08-2023
Сапаттуу үрөн — жогорку түшүмдүн кепили
3142

07-08-2023
О Сталинских премиях
5196

03-08-2023
Юрий Гагарин
5297

02-08-2023
Ещё раз о Маяковском
5737

02-08-2023
Обзор печати. О Маяковском
4690

12-07-2023
Жасалма дипломду алгандар жазасын алсын!
11334

24-06-2023
О роли науки в развитии экономики Кыргызстана
7177

11-04-2023
Жеңилдетилген насыядан пайда жок
6209

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×