Добавить свою статью
9 Июня 2023
Бир кадам алга - алты кадам артка

Кыргызстандын айыл чарбасынын азыркы абалы айтпаса дагы түшүнүктүү. Кайсыл тармагын албагын “Арылгыс көйгөй”. 

Айыл чарбасындагы Реформа ири көлөмдүү өндүрүш тармагынан, эффективсиз майда өндүрүш тармагына айландырды. Акыркы 30 жылдын аралагындаы Өкмөттүн курамы алмашкан сайын Айыл чарба багытындагы Мамлекеттик Өнүгүү Стратегиялары кабыл алынат, кабыл алынган КР Өкмөттүнүн Токтомдорунун дээрлик 90 пайызы кагазга жазылган эле бойдон калды. 

Азыркы убакытта Кыргызстанга азоттук жер семирткичтерди чыгара турган завод курулат дегенибиз бул туура саясат эмес. Завод курулган соң проукциясын кайсыл өлкөгө сатат? Казахстан, Өзбекистан, Кытай, Россия, Түркмөнстан, Азербайжан баардыгы ири көлөмдө селитра чыгарат, экспорттошот.

Кыргызстандын азоттук жер семитрткичке болгон муктаждыгы болгону 150 миң гана тоннанын айланасында. Бул көрсөткүч дагы жыл сайын азаят, анткени дыйкандар биогумус жер семирткичин жасап, колдонгоду үрөнүп башташты. Топуракты азот менен байытуунун альтернативалык жолу көп. Илим бир орунда турган жери жок, топурака керектелүүчү азотту топтой турган микроорганизмдерди колдонуу менен, айлана чөйрөго зыян келтирбестен органикалык заттарды колдонуп азоттук жер семирткичтерди топтой турган технологиялар иштелип чыгып жатат. 

Заводдун пайдасынан зыяны көп, коопсуздук жагынан дагы гарантия жок. Маалым болгондой; Америкада, Кытайда, Россияда азотту чыгарган заводдордун жарылышы адамга жана айлана чөйрөгө тийгизип жаткан зыянын көрүп жатабыз го. 

Азыркы мезгилде Кыргызстанды азоттук жер семирткичтер менен камсыз кылып жаткан жеке ишкелер эле толугу менен керектүү көлөмдө камсыз кылып беришет, бул иштерди жеке ишкерлер толугу менен жолго койгон. Мамлекеттик саясатчылар эле улам ушул маселени көтөрүп Бюджеттен каржы бөлүп акыры мамлекет алып келген селитра эмне болду, баардыгыбыз билебиз.

Бул иштер мурда дагы ушундай окуяга туш болгон,Өкмөт баягы тырмоону экинчи жолу басты. Мурдагы болгонду кантип билсин улам бири алмашып жатса.

Эгерде Өкмөт жер семирткичтер менен камсыз кыла турган болсо башкача система менен иштеши керек, же болбосо ошол каражатты жер семирткичтериди алып келип жаткан жеке ишкерлерге берсе Бюджеттин каражаты коромжу болмок эмес.

Завод кургандан көрө азоттук жер семирткичтерди сатып алган туура болот. Заводдун курулушу Органикалык Өлкө болушубузга кедергисин тийгизет. 

БУУнун азык-түлүк жана айылчарба уюмунун климаттык өзгөрүү, БУУнун азоттун колдонуу процесстерин көзөмөл кылуучу илимий изилдөө институтарынын, респуликанын Айыл чарба министрлигинин Органика саясатына саясатына да туура келбейт. 

Реформанын жүрүшү, жерди жеке менчике берүү менен Өкмөт жер иштетүү маселесин Дыйкандын өзүнө жүктөдү, ошол эле мезгилде айыл чарба адистери (агроном, гидротехник, зоотехник, механик, экономист, жб) ишсиз калды.

Үлүш жерин алган Дыйкан өз тиричилигин мойнуна аркалап, эч кимден эч несрсе сурабастан тиричилигин улантып келе жатат. Дыйкан айыл чарба адиси болбогондуктан өзү билемдик менен дыйканчылыгын жургүзүп келе жатат. Көпчүлүк дыйкандар жерди агротехникалык эржеге ылайык иштетпестен жогору түшүм алам деп минералдык жер семирткичтин Азоттук-аммиак селитрасын жана карбамидди гана топурака берип өсүмдүктөрдү өстүруп жатат. Норма менен берүү дегенди билбейт, лабораторияга топуракты берүү жөнүндө түшүнүк жок, болсо дагы топуракты анализге беришпейт. Азыркы күндө топурака берилип жаткан азоттук жер семирткичтер нормадан 3-4 эсе көп. Нормага ылайык гектарына 250-300 кг болсо, айрыкча түштүк аймактарда 800 кг чейин ал эми айрым учурларда 2000 кг гектарына берилип жатышат. Азоттон башка фосфор, калий дегенден түшүнүк жок, микроэлементтерди айтпай эле коелу.

Республикага сырттан келип жаткан минералдык жер семирткичтердин дээрлик 90 пайызын азоттук жер семирткичтер түзөт. 30 жылдын аралыгында топурактын күрдүүлугү 1980-1990-жылдары гумустун көрсөткүчү орточо 3,0-4,0 %% болсо бүгүнкү көрсөткүчү 0,5-2,5%%, ал эми айрым жерлерде фосфордун, калийдин көрсөткүчтөрү өтө төмөн. Топурактын күрдүүлүгү 2-3 эсе төмөндөп кеткен. 

Бирден бир себеби азоттук жер семирткичтерди нормадан көп бергендиги, анткени азоттук жер семирткичтер топурактын органикалык бөлүгүн-гумусту талкалайт. Ошондуктан, жашылча, бакча өсүмдүктөрүн жеген адамдар, айрыкча жаш балдар нитраттарга ууланып жатат. Айрым учурларда комага түшүп көз жумгандар дагы жок эмес. Талаадан келген азыктарды текшерген адам жок, айрыкча гипер, супермаркеттерде сатылып жаткан продукциянын сапатын текшерген орган дагы жок. 

Нитраттын адамга, айлана чөйрөгө тийгизген терс таасиринен көпчүлүктүн кабары болсо дагы бардыгы кайдыгер. Селитрадан сырткары отоо чөпкө, курттарга, өсүмдктүн ооруларына каршы бериле турган гербицид, пестицид жана ар кандай фунгциддерди дагы туура эмес чачып, топурак жана өсүмдүк азыктары ууланууда. Көзөмөлдун жоктугунан ар кандай оор өнөкөт ооруга жарандарыбыз дуушар болуп жатат. Айрыкча жашылча өсүмдүктөргө жума сайын пестициддер чачылып жатат, сатыка чыккан жашылчалардын дээрлик баардыгында пестициддердин калдыгы бар. Дыйкандарда жоопкерчилик жок, анткени ижарага алган жердин эртеңин жана адамдардын ден соолугун ойлонгон жок, алар акчасын гана ойлоп иш кылып жататышат. 

Азык түлүк коопсуздугу сакталбай келе жатат. Мамлекеттик бир дагы орган пестицидердин азык түлүктө, жерде калган калддыгын текшербейт. Көптөгөн химиялык ууландыруучу заттар арзан, сапаты жагынан начар. Дыйкандар уулу заттардын арзандыгына карап ала берет. Уулу заттарды колдонуу эрежелерин сакташпайт.

Пестициддердин таралары, колдонгон ишдитери талапка ылайк утилизация болбойт. Бул жаатта эмне болуп жатканы белгисиз.

Агроном адистердин жоктугунан мына ушундай көйгөлөр жаралып жатат, уулу заттарды айыл чарба өсүмдүктөрүнө колдонуу боюнча атайын билими бар гана адамдар иштесе туура болот. Химиялык заттарды колдонууга ошол адамга гана берүү керек. 

Айыл чарбасына жердин адиси болгон агрономдорду ордуна койуп, ар бир айыл жергесинде агрономдордун көзөмөлүндө гана жер семирткичтерди жана өсүмдүктү коргоо жаатындагы уулу каражаттарды колдонгондо гана жакшы жыйынтык болот. Болбосо Токтомдордун токсонун колдонсо дагы Айыл чарбасында Өнүгүү болбойт. Азык-түлүк коопсуздукт аткаруу мүмкүн эмес. 

Сөзүмдүн акырында айтаарым - “Селитра Заводунун курулушу Мамлекетибизге экономикалык жактан, экологиялык жактан боло турган диверсия катары баалайм”. 

ЮЖБ “Экологиялык азыктарды өндүрүүчүлөрдүн

Ассоциациясынын” Президенти 

Асаналиев Турусбек

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×