(19-июнда туулган күнү «Биз – кыргызбыз деген китептен алынды)
Зууракан Кайназарова Орто Азияда эки жолу Социалисттик Эмгектин Баатыры деген жогорку наамды алган жалгыз аял. Ал өлкөнү коллективдештирүүгө жана индустриалдаштырууга зор салым кошкон Советтик Чыгыштын эмгекчи эркин аялы.
Зууракан 15 жашка жаңы эле чыкканда байдын койчусуна зордоп күйөөгө беришкен. Аны келген жери жемелеп, кордоп, себи жок кыз деп кемсинтип, кайненеси менен карыган күйөөсү илгерки жапайы адаттарга салып, өзү билемдик менен, көрбөгөндү көрсөтүп, кордогон
Күйөөсү аны уруп, келекелегенин эч койгон эмес. Ошентип, 15 жаштагы кыздын балалыгы, гүлгүн курагы талкаланды. Анан Зууракан бир күнү качып кетүүгө бел байлады. Бороон-чапкындуу жети түндө үйдөн качып, бир нече күн, бир нече түн токойго, тоолорго жашынып жүрүп, туулуп-өскөн төркүнүнө жеткен.
Ч.Айтматов эскерүүлөрүнүн биринде мындай деп жазат: 1950-жылдардын башында биздин айылдан бир аял отун тергени талаага кеткени эсимде. Бул жалган дүйнөдө муктаждыктан жаман эмне бар? Бир боо термечикти жонуна артынып келе жатканда, толгоосу башталып, аялдын төрөтү жакындаптыр. Төрөп, таштын учтуу кыры менен аял өзү киндигин кесип, баланы этегине ороп, термечигин сүйрөп айылга кайтат. Кыйналып терген отунун талаага таштап салмак беле! Жаны тынбаган аял дароо үй тиричилигине киришип кетти.
От күйгөн үйгө кирген кошуналар менен күйөөсү капыстан чыккан наристенин ыңаалаганына кайдагы бала деп айраң таң калганын жашырган жок: “Бул биздин бала, мен отун тергени кетип, ошол жерде төрөп алдым,” - деп аял камырабайт.
Орус аялдары үйгө кирип аял, эшикке чыгып эркек болгондон чарчап, бугун-арманын орустун өлөңдөрүнөн (частушкалары) чыгарышканы бекер эместир:
Мен ат да болдум, бука да болдум
Үйгө кирип аял болдум, эшикке чыгып эркек болдум.
Аялдардын коомдогу мындай кордолгон абалы, албетте, адамзат коомунда нааразылыкты жана кыжырданууну пайда кылып, аялдарды социалдык эзүүдөн бошотуу тууралуу кылымдар бою эңсеген кыялдарга жетелеген.
Мифологияда, уламыштарда, маселен, Жаңыл Мырза, Кыз Сайкал сыяктуу эркин, өңдүү эркектерге караганда да элди башкара ала турган образдар жаралган. Кыз Сайкал – Манас жакшы көргөн бийкеч болгон, ал Манасты эр эңиште ээрден оодарып түшө жаздаган. Н.А. Некрасов аял эгер кааласа бардык тоскоолдукту жеңет деп айткан.
Дүйнөлүк фантастикада Жанна д'Арктан тартып, Ч. Айтматовдун Жамилясына чейин өз эркиндиги, жеке аялдык ар-намысы жана кадыр-баркы үчүн тайманбастан күрөшкөн аялдардын жаркын жана баатырдык образдары арбын.
Улуу Октябрь революциясы, Совет бийлиги Зууракан сыяктуу миллиондогон кордолгон аялдарга эркиндикти берди, эркектер менен тең укуктуулукту берди.
Анын үстүнө, аял эркекке караганда алсыз гана эмес, күчтүүрөөк болгондо, ар тараптан колдоого алынган.
Советтик өлкөдө революциядан кийинки алгачкы жылдар ачарчылык жана репрессиялар менен коштолгон. Улуу Ата Мекендик согуш, талкаланган эл чарбасын калыбына келтирүү мезгили аялды өзүнүн Аял экенин, анын нукура табиятын унуттурду. Дал ошол жылдарда аялдардын башына оор түйшүк түшкөн. Акын Евгений Евтушенконун саптары мындай деп жазылган:
Бул дүйнө неге мындай болду
Аялдын аял экенин унуттук
Аны эркекке теңеп, аябадык
Аялдын табияты кайда калды.
....................................................
Как получиться в мире так могло,
Забыв про смысл первопричинный,
Мы женщину сместили, мы ее
Унизили до равенства с мужчиной.
Эркектер менен аялдардын толук тең укуктуулугу жөнүндөгү социалисттик идея чукул муктаждыктар жумушчу күчүнүн жетишсиздигинен пайда болуп, социализмди курууга бардык адамдарды тартуу деген максатты көздөгөн.
Ошол эле учурда аялдарды техниканы өздөштүрүүгө, гигант-фабрикаларда жана заводдордо станоктордо иштөөгө, өтө суук жерлерде эркектер менен бирдей эмгектенүүгө чакырыктар айтылган... Чакырыктар кабыл алынды. Газеталардын беттеринде эбегейсиз зор тракторлорду айдап бараткан назик комсомол аялдардын сүрөттөрү байма-бай чыгып турчу.
Мына ушунун баары ошол жылдары акын-жазуучулар билеги күчтүү аялдар тууралуу ырларды жазууга шыктандырды; В.Мухинанын дүйнөгө белгилүү “Жумушчу жана колхозчу аял” деген скульптуралык чыгармасын эле мисалы кылып айтсак болот.
Мында “Кичинекей” адам өзүн эпикалык баатыр, символ катары көрсөтүлөт. Бүгүнкү күндө какшыктоо оңой, бирок мунун артында татаал жана түшүнүксүз психология, тарых менен искусствонун логикасы катылган. Ошондой эле өзүбүздүн дагы психологиябыз турат.
“Ошол мезгилде республикада кант кызылчасын өстүрүүчүлөрдүн “беш жүзчү” кыймылы кеңири кулач жайды. Украиналык кызылча өстүрүүнүн баатыры Мария Демченко алардын катарына кошулууга үндөдү. Биз кайрак жерлерден жогорку түшүм алып жатабыз, — деп жазган Мария, — силерде болсо сугат жерлер бар, баштай берсеңер болот, ишиңер илгери болсун”.
— Мария 500 центнерден түшүм алат. Ал биздей эле аял да? Мага жумушчуларды бергиле, андан кем калбайбыз, буюрса. Ал эми жеке милдеттенмем — 800 центнер! – деп чечкиндүү түрдө билдирди Зууракан.
Ошол күндөн баштап 12 адамдан турган Чуй өрөөнүндөгү кызылчачылардын З. Кайназаровага тиешелүү биринчи звеносунун кыз-келиндери түн уйкуну, күндүз тынымды билбей эмгектеништи.
12 гектар жердин ташын терип, кылдаттык менен тазалашты; дүмүрлөрдөн жана чымдардан арылтышты.
Алар минералдык жер семирткичтер жөнүндө бир аз билишчү. Аялдар үймө-үй кыдырып, тооктун тезегин терип, тоодон кой менен уйдун кургак кыгын ташып келишти. Элдин шылдыңына карабай, жерди семиртүүгө күч жумшашты. Ар бир жамгырдан кийин жер семирткичтерди жерге чачып, ар ким өзүнүн жерин жумшартты.
Белек айылындагы кызылчачы ар бир көчөткө кам көргөндөй, ар бир эне оорулуу баласын карабайт. Бирок аябай мол түшүм алынды. З. Кайназарованын звеносунун кызылчачылары ар бир гектардан 700 центнерден, ал эми эң алдыңкы эмгекчи 1000 центнерден ашык кызылча алганы жөнүндөгү кабар республикага желдей тарады. Бул чыныгы жеңиш эле!
Адамдардын камкор эмгегине зарыккан жер зор тушум менен жооп берди. 1947-жылы Зууракан Кайназарова гектарынан 1100 центнерден түшүм алып, рекорддук чекке жетти. Анын көкүрөгүндө Ленин ордени жана “Орок жана Балка” биринчи алтын медалы жаркырап турду.
Зууракандын жылдан-жылга жогорку түшүмү мол болду. Бирок бул ийгилик бирөөлөргө жаккан жок. Кайназаровага мол түшүм алуу үчүн айылдагы эң түшүмдүү жерди берип жатышат деген ушак таратышты. Бул сөздөр Зууракандын жүрөгүн оорутту. Кийинки жыйналышта ал эң кайрак жерди алуу чечимин жарыялады.
Экинчи жолу дың жерди өздөштүрүүгө туура келди. Бул ага оңой болгон жок: ал өзү дагы жаш эмес эле, ал эми жай өтө кургакчыл болду. Бирок бир кезде жексур күйөөсүнөн качкан кайратуу кыз кайтып келгендей болду. Ал кара жанын карч уруп иштеди. Жолго убакытты текке кетирбеш үчүн талаанын четинде эс алып, тамактанды. Ошол жылы да Зууракандын эмгеги акталды! 1957-жылы да З.Кайназарованын эмгегин жогору баалаган мамлекет дагы бир Ленин орденин жана Социалисттик Эмгектин Баатыры наамы менен экинчи Алтын Жылдыз медалын ыйгарган. Ал бул чоң кубанычты бардык айылдаштары, чоң үй-бүлөсү, жакын санаалаштары менен бөлүштү.
Таң аткандан күн батканга чейин иштеп, он эркектин нормасын аткарган, Зууракан энелик, аялдык тагдырын унутуп калбастан, аялдык назик табиятын жоготпой, өзүнүн сүйүктүү жигити Кайназаровго баш кошту.
Ал кезде Зууракан менен Иманалы Кайназаровдор он бир уул-кызды тарбиялап келишкен. Кайназаровдордун өз балдары болгон эместиги ырас. Бирок ар бир бала өз үйүндөгүдөй тарбияланды. Мээрим, камкордук, көңүл буруу баарына жетиштүү болчу. Зууракан менен Иманалынын балдары жакшы инсан болуп чоңойушту. Сара кызылчачылардын комсомолдук-жаштар звеносун башкарган, Кыргызстан комсомолунун Борбордук Комитетинин мүчөсү болгон. Азыр жети баланы тарбиялап, Таласта жашайт. Токтобек Токмокто мугалим болуп иштейт. Каным, Алымкул, Бүбүсия, Бообек туулуп-өскөн айылында жашап, эмгектенишет.
Император Наполеон аял эркек менен тең боло албайт, ал андан жогору же төмөн турат деп айткан. Аял назиктиги, терең сезимталдыгы, кечире билген алпейимдиги жана аялдык жумшактыгы менен эркектен жогору жана бийик.
Е.Евтушенко аялдар сүйүүдө биз эркектерге караганда алда канча жогору турат деп жазган. Кудай сактасын, аял чындап сүйүп калса, тоону томкорот дей бергиле. Аял сүйүп калса, баарына чыдап, баарын жеңет.
Бүгүнкү күндө Батыштын феминисттик саясаты аял менен эркектин ортосундагы мамилени теңирден тескери буруп салды. Аялдардын боксу, аял жоокерлер, аялдар раввиндер жана епископтор пайда болду. Кудай аял, “солдат Жейн” деген сыяктуу фильмдер жана шоулар аялдарды күчтүү жана агрессивдүү, эркектерди алсыз жана аялуу деп сүрөттөп, Батыш провокациялаган феминисттик революциянын жеңишин далилдеп жатат.
Салттуу үй-бүлөгө каршы чабуулдар акыры бул социалдык институттун жок болушуна алып келди. Бүгүнкү күндө Кошмо Штаттардагы салттуу үй-бүлөлөр чогуу жашаган адамдардын жалпы санынын төрттөн биринен ашпайт. Ал эми аялдардын үй тиричиликтеги өзүнүн ролунан бошотулушу мектептин башталгыч класстарында эле үйрөтүлүп келет, бул америкалык коомдо аялдын аял болуусунун, эркектин эркек болуусунун социалдык ролдордунун деградациясына алып келди. Миллиондогон батыш аялдары азыр үй –бүлө куруу жана эне болууга каршы феминисттик ойлорду жакташат, алардын көбү феминисттик теорияны жүрөгүнө сиңирип, турмушка чыгып, балалуу болгусу келбей калган.
Почетный академик НАН КР
Лауреат международной Сократовской Премии «Имя - в науке»