Добавить свою статью
12 Июля 2023
Жасалма дипломду алгандар жазасын алсын!

Жасалма дипломду алыштын өзү эле оор кылмыш же болбосо коррупция болуп эсептелет. Ушуга байланыштуу мындай кыйшык жолго барган айбандарды Жогорку Кеңештин курамынан гана чыгарбастан, алардын көп жылдан бери алып келген алдамчы айлыктарын дагы толугу менен төлөтүш зарыл. Мындан тышкары, жасалма диплом менен карьера кылып келген шылуундарды мамлекеттик кызматка тап-такыр жолотпош керек.

Дагы бир маселе. Биздин тийиштүү органдарыбыз ошол жасалма дипломдорду кайсы жогорку окуу жайы берген жана жалган документтерге кайсы жетекчи кол койгондугун аныктап, аларды дагы жоопко тартыш талапка ылайык болот.

Президент Садыр Жапаров: Коррупцияга жол жок жана андай жети баштуу желмогузду жоготууга саясый эркибиз жетет деп дайыма айтып келет. Эгер андай болсо, эмне үчүн жасалма диплом алып жүргөн кылмышкерлер менен эмдигиче чечкиндүү күрөш жүрбөйт? Мамлекеттин материалдык байлыгын уурдоо - бул кечирилгис иш. Ал эми адамдын акыл-эсин жана билимдүүлүгүн аныктаган ырасмый документти уурдап алыш - андан дагы жогору турган кылмыш. Мындай мителерди түп тамырынан жоготмоюн өлкө өспөйт жана өнүкпөйт, коомубуз коркунучта калып, элибиздин турмушу эч убакта оңолбойт.

Жамин Акималиев

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

10-08-2023
Сапаттуу үрөн — жогорку түшүмдүн кепили
3034

07-08-2023
О Сталинских премиях
4898

03-08-2023
Юрий Гагарин
4994

02-08-2023
Ещё раз о Маяковском
5416

02-08-2023
Обзор печати. О Маяковском
4484

24-06-2023
О роли науки в развитии экономики Кыргызстана
6975

27-05-2023
Насирдин Исановдун келечеги кең эле
11677

11-04-2023
Жеңилдетилген насыядан пайда жок
6029

07-03-2022
О национальной и государственной идеологии
5700

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×