Добавить свою статью
10 Августа 2023
Сапаттуу үрөн — жогорку түшүмдүн кепили

Үрөн боюнча мыйзамга кандай гана өзгөртүүлөр киргизилбесин, негизги маселе ата-мекендик үрөнчүлүктү кайра бутуна тургузуп, өзүбүздү өзүбүз айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сапаттуу жана арзан уруктары менен камсыз кылышыбыз зарыл. Мурда буудай, арпа, жүгөрү, беде, пахта жана кант кызылчасынын жакшы үрөндөрү менен өндүрүшүбүздү толук канаттандырып, ал турмак аларды Орто Азия, Кавказ Республикаларына жана Россия, Украина, ошондой эле Германия Демократиялык Республикасына экспорт кылып валюта таап, алдыңкы айыл чарба техникасын алчуубуз. Мисалы, өзүбүздө өндүрүлгөн беденин эсебинен чет мамлекеттен тоют өндүрүүчү заманбап машиналары келип туручу. Республикабызды урук менен 57 ири мамлекеттик үрөн чарбалар эле камсыздоочу. Ал чарбалардын жалпы айдоо аянты 100 миң гектардан ашып кетчү. Аларга мамлекет тарабынан жетиштүү каражаттар бөлүнүп, материалдык - техникалык базасы күчтөнүп туруучу. Үрөн чарбаларында иштеген атайын адистердин айлыгы жөнөкөй чарбаларга караганда эки эсе көп болор эле. Алардын натыйжалуу иштегендери мамлекеттик сыйлык алышчу. Башкача айтканда, үрөн чарбалары өндүрүштүн баардык тармактары боюнча алдыда болуп, өлкөнү өйдө көздөй сүрөшчүү.

Эми Президентибиз өзү кол коюп күчүнө кирген Мыйзамдын негизинде биздин айыл чарба министрлигибиз адистердин, илимпоздордун жана ишкиликтүү фермерлердин катышуусу менен Кыргызстанда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн селекциясын (сортторду чыгаруу) жана үрөнчүлүгүн өркүндөтүүнүн атайын Программасын иштеп чыгыш керек. Анда орчундуу маселелер көтөрүлүп, алардын аткарылышы 5 жылдын ичинде жүзөгө ашышы зарыл. Программада илимий изилдөө мекемелеринин жана үрөн чарбаларынын иштөө шарттарын толугу менен камтыган практикалык сунуштардын болушу талапка ылайык. Антпесе, Мыйзамдагы өзгөртүүлөр кайра эле аткарылбай кагаз жүзүндө кала берет.

Азыркы учурда Кыргыз илимий изилдөө дыйканчылык институтунун курамында 6 мамлекеттик чарба сакталып турат. Алардын болгон айдоо аянты 1 миң гана гектар. Бул аябай аз. Ошондуктан алардын жерин он эсеге чейин көбөйтүп, материалдык шарттарын толугу менен оңдоо зарыл. Алардын тажрыйбаларынын негизинде жок дегенде дагы 50дөн кем эмес чарбаларды тандап алып, аларга керектүү жардамдарды берүү абзел. Өсүмдүктөрдүн жергиликтүү жаратылыш шарттарына ылайыкталган жогорку түшүмдүү сортторун чыгарып жаткан окумуштуулардын айлыгын 40-50 миң сомго чейин көтөрүү керек.

Бул маегимде мен алгачкы милдеттерге гана токтолдум. Аларды туура аныктап, тийиштүү сунуштарды даярлоо үчүн атайын Өкмөттүк комиссия түзүлсө туура болот.



Жамин Акималиев

Улуттук илимдер академиясынын академиги,

айыл чарба илимдеринин доктору

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

07-08-2023
О Сталинских премиях
4898

03-08-2023
Юрий Гагарин
4994

02-08-2023
Ещё раз о Маяковском
5416

02-08-2023
Обзор печати. О Маяковском
4484

12-07-2023
Жасалма дипломду алгандар жазасын алсын!
11084

24-06-2023
О роли науки в развитии экономики Кыргызстана
6975

27-05-2023
Насирдин Исановдун келечеги кең эле
11677

11-04-2023
Жеңилдетилген насыядан пайда жок
6029

07-03-2022
О национальной и государственной идеологии
5700

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×