Добавить свою статью
4 Сентября 2023
Алп акындын жалгыздыгы

Ал кезде мен олтурам үйдө жалгыз, 

Ойлордон ойго батып түпсүз – сансыз.

Аттиң ай бир чоң килем соксом ээ дейм,

Бир четин мүлдө кыргыз көтөрө алгыс. 

А.Осмонов 

Алыкул Осмонов кыргыздын кесиптик жазма адабиятын, айрыкча поэзиясын түптөгөндөрдүн бири. Ал өткөн кылымдын 30-40 жылдарында, Арстанбек акын айткандай «устаранын мизинде оодарылган дүйнөдө» элибиз чайпалып турганда, кырчындай 20 жашка чыга элек курагында жазуучулук жолго түштү. Ал кезде сталиндик үч модернизация: индустриялаштыруу, коллективдештирүү жана маданий революция жанаша жүргүзүлүп, турмуш-тиричилик түп-тамырынан өзгөрүп жаткан. Жалпы маданият чөйрөсүндө болсо, социалисттик реализм методу үстөмдүк кылып, жазуучулардын алдына ачыктан-ачык эле советтик системанын кызыкчылыктарын коргойсуңар, даңазалайсыңар деген талаптар коюлган эле.

А.Осмонов Октябрь революциясын, советтик бийликти, курулуп жаткан жаңы турмушту чын дили менен кубанып кабыл алган. Ата мекенибиздин тагдыры, келечеги кең, бактылуу болот деп ишенген. Буга анын төмөнкү ырлары күбө: 

«Ах, чиркин, биздин күндөр кандай таттуу,

Бүгүндөн эртеңкиси ыракаттуу!..

Табийгат жана анын музыкасы-

Күн санап кандай сулуу, кандай шаттуу!

Алыкул өмүр бою бийликтин жана коомчулуктун урмат-сыйынан ажыраган жок. Материалдык жашоо шарттары деле жетиштүү болду. 

Алыкулдун шордуу трагедиясына себеп болгон эки нерсе: айыкпас жаман ооруу кургак учук жана бактысыз сүйүү болду. Анын сүйүүсү жалгыздыктын айыкпас сары оорусуна айланат. Эки жаштын чексиз идеалаштырылган, рахатка чөмүлгөн сүйүүсүн романтикалык сүйүү дейбиз. Адам менен Еванын Бейиштен куулганынан тартып, ушул күнгө чейин, бул «жоголгон бейишти» кайра кайтарып алгандар чанда гана кездешет. Көп учурларда жандуу турмуштун татаал шарттарына адамдын назик, таза сүйүүсү чыдабайт, тебеленет, чон трагедияга айланат.

Романтикалык залкар сүйүүгө төбөсү көк тиреген, жан дүйнөсү дениздей терең тандалма адамдар жөндөмдүү. Алыкул Осмонов, албетте, так ошондой адам. Анын сүйгөнү Айдай Жигиталиева деген кыз болгон. «Ал он жетиде, жаш чыбыктай солкулдаган, ажардуу, кой көздүү, олоң чачтуу, маңдайы жарык, кийимди сынга салгандай жарашыктуу кийинген кыз бурак эле – деп» сүрөттөйт аны Кеңеш Жусупов – биздин адабиятыбыздагы Алыкул таануу илиминин атасы. Педтехникумда Айдайга ашык болбогон жигит болгон эмес, бирок, буйрукка жараша кыздын көңүлү Алыкулга түшкөн экен. Окуучулук жылдары экөө махабаттын эң бир унутулгус, сонун күндөрүн өткөрүштү. 

Жыл айланбай Алыкул Айдайдан суук кабар кат алды. Акындын ошол кездеги жакшы көргөн тең тушу жазат: «Балалыгым да, кыз кеткенден соң, окуп койдум: минтип жазыптыр: «Алыкул, менин тагдырымды эне – атам мурда чечип койгон. Аларды кыя албайм. Биз түбөлүктүү боло албайбыз. Кечир. Аман бол. Айдай». Айдайдын өмүрү да кыска болду. 1938 жылдын кыш айында төрөттөн кийин оорусу өтүшүп, каза тапты. 

Айткылачы, Айдайда күнөө барбы? Күнөө биздин элибиздин көрпендилик ата-салтында болуп жатпайбы. Илгерки заманды мындай коелу, азыр деле, көптөгөн кыздарды ата-энелери күчкө салып күйөөгө узатып атат. «Кыз ала качмай» деген жапайы салтты айтпай эле коёлу. Ошентип, азыр да «Айдайдын», «Ак мөөрдүн» тагдырына дуушар болгон нечен бир аялдар арабызда ичинен сызып жүргөндүр. Ырас, алардын көбү небак турмуш куруп, бала-чакалуу болуп калышкан. Ошондон улам кээ бир билермандар айтат: «Чыныгы сүйүү турмушка чыккандан кийин деле келиши мүмкүн» деп. Билбейм, дегеле бу сүйүү дегениң акылга сыйганына караганда, сыйбаганы арбын, аныксыздыктын таласындагы жайгашкан бир феномен окшобойбу. 

Бирөөнү сүйүп калуу – махабаттын туу чокусу деп айтышат, арийне ашык болуу чынында бар болгону болочоктогу сүйүүгө кадам гана болуп саналат. Достоевский жазгандай, «ашык болуу (влюбленность) сүйүп калуу эмес, жек көрүп туруп деле ашык боло бересиң. Ашык болуунун келгенинен кеткени бат болгон учурлар бар. Капыс жерден сүйүктүү боло албайсың. Чоң жана чыныгы сүйүүгө жөндөмдүү адам турмуштун башка салааларынада да, эрдикке да жөндөмдүү болот».

Достоевский сүйүүнү шарттуу экиге бөлөт: сүйүү – азап-тозок чегүү, сүйүү – жан кумары. «Достоевскийде – деп жазат Н.Бердияев, -баардык жерде аялдар же жан кумарын жандырат, же аёо сезимин пайда кылат, кээде бир эле аял ар түрдүү мамилеге түртөт. 

Ушул кезге чейин Л.Н.Толстойдун аты уйкаш романындагы Анна Каренинанын жан кумардын кулу болгон Вронский тарабынан теңдеш кайтарым таппаган чыныгы, бийик сүйүүсү окурмандарды аёо сезимине бөлөп, кайгыртып келет. Чыныгы сүйүү баардык учурда башкага карата сүйүү, ал эми кумарлануу өзүңө карата сүйүү. Вронский Аннанын таза, аруу махабатынан коркту. «Махабаттан коркуу, - деп жазат Бертран Рассел, демек, жашоодон коркуу, ал эми жашоодон корккон адам үч чейрек өлгөн адам». Вронскийдин кумары ысык табын жоготот, оту өчөт, ал эми Анна Каренина абийир менен эркиндиктин кайгылуу шайкешсиздигине курмандыкка чабылат. 

Айтматовдун чыгармаларында сүйүү темасы, кош кабат сүйүүнүн турмуштагы кайгылуу натыйжалары дайыма жазылып калганы кокусунан эмес. Мисалы, анын Танабайы менен Едигейи элине арка бел боло алуучу, адамкерчилиги зор кыргыз жигиттеринин жаркын образдары, бирок алар, эртеги жаш кезиндеби, же кийинби, айтоор, чыныгы чоң сүйүүдөн адашкандар. Үй – бүлөөсү туруп, балдары үйлөнө турган учурда, аларга кезиккен сүйүүсү курусун, ал сүйүү эмес эле өмүр бою коштоп жүрүүчү кайгы, жапа чегүү тура. Бирок, ашыктык (влюбленность) сокур, анда логика деген жок да. Ошондуктан 70ке чыккан Гёте-Батыш маданиятынын туу чокусу, жаш кызга ашык болуп жатпайбы. Албетте, Айтматовдун калемине таандык Райымалы – Бегимай легендасы да ушуна байланыштуу. 

Алыкул Айдайдан кийин Зейнеп деген аялга үйлөнөт. Жыпар аттуу кыздуу болот, ал чарчап калат. Аялы менен Алыкул ымалагы келишпей ажырашып кетишет. Акын менен кошуна жашап, баардыгын көрүп жүргөн жазуучу Т.Сыдыкбеков мындай эскерет: «Кызы Жыпары чарчап, баш кошкон жары чыгыштык кылып, бир үйдө жалгыз калган ары оорулуу, ары адамга чечилип сыр айтпас ойчул акын түнт, санаачыл болуп басылып жүргөн кези. Ал курбу-курдаштарына жолугууну каалабайт. Өзүнүн суук бөлмөсүндө дайыма жалгыз. Эмне иштеп, эмне ойлоп, эмнени окуп жатканын билгизбейт. (Ал кезде Түштүк көчөсүндөгү №61 үйдө коңшу турчубуз. Ал үйдүн сыртында эки тепкичи болор эле), эртели кеч үйүнөн чыккан акын ошол тепкичтин баскычында үңкүйүп, шадылуу колдорун уркуйган тизесине салаалап, алда эмнени тыңшагансып, оң жагына саал моюн бураган калыбында узакка олтурат. Кээде арык, жотолуу кешпирин шамдай созултуп, короонун ичинде жай басып жүрөт…»

Анын сүйүүгө арналган поэзиясы бөтөнчө бир назик күйүт менен жалгыздыктын арманына толуп, адамдын жүрөгүн эреркетип, муңдантат. 

Кучактадым, өптүм, кыстым боорума,

Бул турмушта өлгөнчө бир болууга.

Бирок, сүйүү эң жалганчы нерсе экен,

Кош деди да от карматты колума.

Аз дууладык жаштык, мастык ойнунда,

Ант бериштик өмүр байлап көп жылга,

Бирок, сүйүү жерден муздак нерсе экен, 

Жашырынды, жылаан таштап мойнума», - деп зарлайт Алыкул.

Жалгыздыктан саргайып убайым тартып, көп адамдар аракка, наркотикке же кумар оюндарып, берилип кетет. Айрыкча, таланттуу, чымыны барлардын арасында мындай көрүнүш көп орун алган. Бирок Алыкул өңдүү гиганттар үчүн жалгыздык, чыгармачылыктын моторуна айланат экен. 

 Көрүнүктүү совет жазуучусу Валентин Катаев: «С.Есенин бир ирет мага чыгармачылыкта ич күйдүлүк алга сүрөйт, андан башка күчтү билбейм деп айткан эле, - деп жазат. Эгер мен мындан да өткөн бакубат күчтү билбесем бу сөзгө макул болот элем, сүйүү баарынан күчтүү. Жөн эле сүйүү эмес, армандуу, жетпей калган же ишке ашпай калган сүйүү, өзгөчө өмүр бою жүрөктө терең болсо, сүрөткөрдүн чыгармачылыгы ошончолук гениалдуу болот, бул акыры жүрүп аны өз түбүнө өзү жеткенге аргасыз кылат». Төмөндөгү айрым мисалдар бул ойдун туура экенин далилдейт.

А.С. Пушкин жаны үзүлүп баратканда, жакында эле кайтыш болгон энесин, башында тегеректеп турган атасын, бала чакасын, ушул өлүмүнө себепкер болгон ашыкча сулуу Наталиясын эстебейт да, аларга белгисиз бир аялды чакыргыла деп суранат. Ал аял Екатерина Карамзина деген, өзүнөн 19 жаш улуу болсо да, жигиттин эртеги жаш кезинде башын айландырып, ойноп коюп, анан таштап кеткен экен. Ал эми Пушкиндин махабаты өчкөн эмес, кусалыгы зилдеп жүрө берген. 

С.Есенин – атак - даңктуу орустун акыны, атагы андан кем эмес балерина Айсадора Дункандын күйөөсү, ошого карабастан эртеги жаш кезинде сүйүшүп жүргөн «Зинкасын», өмүр бою унута алган эмес. Ал кыз Есенинди чанып, башка күйөөгө чыгып кеткен экен. Кийинки ашыктарынын бирөөнө жазганын кара: 

«Пусть сердцу вечно снится май, 

И та, что навсегда люблю Я. 

Мне в лице твоем снится другая,

У которой глаза – голубень». 

Ал кээде мас болгондо, Москвадан 60 чакырым алыста күйөөсү менен турган «Зинасына» барып, түн ортосунда дарбазасын койгулап, анан таяк жеп кайтчу экен.

Алыкул Осмонов болсо өзүнүн Айдайга жетпей калган кайгылуу сүйүүсү шумдуктай чыгармачылык эрдикке түрткү болгонун мындайча жазган:

«1937-жылы Москвага бара жатып да, кайра келе жатып да Шота Руставелинин «Жолбор терисин кийген баатырынын» подстрочный котормосун, ал жөнүндөгү кээ бир макалаларды окуп ошону которууну ойлодум. Бул санаа мени көп уйкулардан калтырды. «Чоңойдум, эр жеттим, эми бир зор иш менин колуман келбесе, анда мен чабал акынмын, колуман эчтеке келбегени» деп ойлойм. Буга кошумча, бул укумуштуу поэма мени аябай кызыктырды. 

1938-жылдын май айынан баштап ушул поэманы которууга кириштим. Ушул айда мен өмүрүмдө биринчи сүйгөн Айдай Жигиталиева деген кыз менен ажырашкан болчумун. Анын себеби эмне экенин ушул күнгө чейин билбейм. Өз ичимден: «Бул күйүттү ыр менен басуу керек жана өзүмдү таанытуум керек» - деп коём да, бардык намысым менен иштейм. Поэмадан ажырай албайм, көп убактарда таң атканга чейин олтурам. Окуйм, котором, таң калам, кубанам!... Дүйнөдө мен гана бактылуумун деп ойлойм! 

Көбүнчө подстрочный переводдон котором да, ошол кездеги басылып чыккан: Бальмонт, Цагерели, Петренко ж.б. котормолордон пайдаланам. Грузин илимдер академиясынан чыккан «Шота Руставели» деген илим-изилдөө статьяларынын жыйнагынан пайдаланам. Жай, кыш, күз деп албай иштедим. Себеби, анын кызыгы ошондой болду. 

Акыры Фрунзеде, Токмокто, Ошто, Москвада жүрүп которуп, 1939-жылдын апрель айында Москва алдындагы Малеевка деген жазуучулардын дачасында бүттүм. Китеп 1940-жылы Казандан басылып чыкты». Орто кылымдагы жаралган Шотанын шедеври кыргыз тилинде андан ашса атат, кем эмес шедевр болуп чыкты. Кеңеш Жусупов эскерет: «Биздин муундун шыбагасына жазыптыр, жаштайыбыздан «Жолборс» терисин кийген баатыр» дастаны колго эң биринчи тийди. Дастанды тери тонубузга катып жүрдүк, башыбызга жазданып уктадык. Далайга дейре дастанды «балдай ширин сөз тапкан» акын Алыкулдун өзү жазган экен деп жүрдүк. 

Чоң эне, чоң аталарыбыз китепти кайра башынан түшүрүп окута беришчү. Намазын унутуп уккан күндөрү болор эле. Эч ким ыйлата албаган немелерди биз ыйлатаар элек». Кыскасы, Шотанын бул дастаны чагылган жарк дегенде жер жүзүн жана асманды жарык кылгандай, кыргыз элинин акыл-парасатына, жан дүйнөсүнө шам чырактай жарык берди. 

Эгерде, Шота Руставели ушул дастаны менен Ренессанс романтизми, ааламды аласалдырган гуманизм революциясы Батышка гана тийиштүү улуу тарыхый процесс эмес, ал Чыгышка да, тийиштүү экенин далилдесе, Алыкул, бул дастанда өз тилинде сайраткан Советтик Чыгыштагы бирден бир акын болду. 

Шотадан кийин Алыкул Шекспирдин «Отеллосун» которду. Бул шедевр дагы бактысыз сүйүүнүн, жалгыздыктын гимни эмеспи. Шекспирдин бул трагедисында сүйүүдөгү бактысыздыктын, жалгыздыктын социалдык тамырлары: адамдын таптык теги, бай-кедейлиги расасы, улуту, ден-соолугу экени да ачылат эмеспи. 

Ушул жылдарда, бир да талыкпай, тынбай, өпкөсүнөн кан түкүрүп жүрүп иштеди. Жолдоштору кой эс алгын, жаныңды ая десе, аларга таарынды. 

«Сен неге үчүн өз-өзүңөн кирдейсиң?

Оору-соо деп, мени экиге иргейсиң?

Сен неге үчүн оору экеним унутуп,

Ооруп жатып ыр жазганым билбейсиң?

ххх

Сен неге үчүн бошоң тартып кирдейсиң,

«Мен сендей», - деп мени алсызга иргейсиң?

Аалам алпы Шекспирдей күч менен,

Ооруп жатып сүйлөшкөнүм билбейсиң?», - деп жооп берет досторуна.

Бара-бара Алыкулдун сүйүү темасындагы ырлары салмактуу философиялык, нарк насилдик маңызде жазылып, жаштарга үлгү, тарбия берүү багытында болду. Ал сүйүүдөн канча көңүлү калса да, сүйүүнүн жалгыздыгынан качаарга жер таппай жүрсө да, аялдарга, ак сүйүүгө тазим кылып жүрүп өттү. Төмөнкү эки куплет аялга арналган өзүнчө бир резюме: 

Аял сүйдүм, бирок ичтен кектедим,

Арам ойлоп, арамдыктан кетпедим.

Жаманынан көңүлдү эзген оору алып,

Жакшысынын кадырына жетпедим.

Анткен менен:

Колум ачык, мен кенен,

Жүз кайталап дагы аялга баа берем:

Аял деген:

Чаалыккан көсөм –

Сайдырган берен-

Бактыдан тайган жигитке

Кемибеген, кебелбеген бир мекен!»

Бул макалада Алыкулдун жеке тагдырына байланышкан гана теманы козгодум. Эсенчилик болсо, кайран залкар агамдын эмгектерине дагы бир кайрылам. Анткени, анын чыгармачылыгынын өзөгүн кыргыз эли, анын улуттук кызыкчылыктары маданияты, тили, келечеги түзөт. Мисалы, кыргыз элинин тагдырындагы орус элинин, Россиянын ролу жөнүндөгү ойлору күнү бүгүнкүдөй актуалдуу, тарыхый көсөмдүгү менен таң калдырат. 

Эй Россия, Россия бир боор энем!

Мен өңдүү тоо кушуна койнуң кенен.

Чын сөздү туура айтуудан тартына албайм,

Биз элбиз, биз кишибиз – сени менен.

Азыр мамлекеттер аралык мамилелер бир ордолуу АКШнын гегемониялык үстөмдүгүнөн кетип, көп ордолуу башкаруу иретине өтүп жатканда, биз өндүү кичинекей мамлекеттин кайсы ордого таянаары жана тандап алаары өтө курч экзистенциалдык маселе. Кудайга шүгүр, бирин-серин русофобдорду эске албаганда, элибиздин басымду көпчүлүгү бул маселени туура түшүнөт. Огүнү АКШнын бир конгрессмени зекигенде президентибиз татыктуу жооп бергенине карасак, С.Жапаровдун поэзициясы туура жолдо.

Өмүрүнүн акыркы жылдары Алыкулдун чыгармаларында гуманизмдин философиясы улам көп орун алып, айрыкча адамдын аң сезиминин табыш-мактарын чагылдыруу аналитикалык философиянын деңгеелине чейин көтөрүлөт. 

«Адамзат кайда сызып баратасың, 

Адамдын аң-сезиминин камчыланып»,-деп азыркы заманды солкулдаткан суроолорду койгонун карап, таң каласың.

Жасалма интеллект, жүрөктүн үшүн алган ядролук, биоинженериялык технологиялар, босогубузда болуп жаткан кандуу согуш, Алыкулдун жогорку эки сап олуялык сөздөрүндө кадалып турат. 

 Азыр биз кыргыз адабиятындагы эки алп менен көкүрөк керип сыймыктанабыз. Ал, өткөн кылымдын 40-50 жылдарында эле орус тили аркылуу дүйнөлүк маданияттын туу чокулдарына чыгып, өздөштүрүп, кыргыз поэзиясын ошолорго тең абалга жеткизген, Алыкул акын. Экинчиси, албетте, Ч.Айтматов. Ал дүйнөлүк маданияттын асыл дөөлөтөрүн толук өздөштүрмөк тургай, ага жаңы жолдорду, жаңы багыттарды, заманбап философиялык концепцияларды тартуулады. 

Ж. Сааданбеков

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

28-06-2024
Авторитет лидера – авторитет государства
1446

10-06-2024
Новый поворот в экономической политике Кыргызстана 
4294

12-03-2024
У каждого века есть свое средневековье
987

28-02-2024
Скромное обаяние прирожденного трудоголика. Апасу Жумагулову 90 лет
5417

05-02-2024
Стратегия идеологической безопасности КР
2760

16-01-2024
О повышении эффективности общественно-гуманитарных наук Кыргызстана
1773

20-10-2023
Жаңы курулган президенттик резиденциянын аталышы боюнча
9604

13-10-2023
Демократия или Свобода?
2271

12-10-2023
«Кыргыз Ордо» болсун
1158

11-09-2023
Первые впечатления о книге президента С. Жапарова
1491

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×