Добавить свою статью
12 Сентября 2023
Коомдогу комплекстүү терс кɵрүнүштɵр, баалуулуктар же коомдун комплекстүү диагностикасы

2011-жылы кыргыз жана орус тилдеринде жарыкка чыккан «Программалык-укуктук Кыргызстандын Жалпы жарандык идеологиясы» китебинен.

Макалада айрым сɵздɵр орус тилинде жазылып калганы үчүн кечирим сурайм. Бирок кыргызча сүйлөгөнүмдө орусча сөздөрдү аралаштырбай таза сүйлөйм, мисалы диапазон дебей «ɵɵрчүн» деп, процесс дебей, «жараян» деп, режим дебей, «шарттам» деп, сахар дебей «шекер» деп, качествосу дебей «сапаты» деп, «огурцы бериңиз» дебей «бадыраң бериңиз деп» деп. Жогорудагы сөздөрдү «Юридикалык атоолордун жана башка түшүнүктөрдүн орусча-кыргызча сөздүгүнөн» алгам.

2013-жылы «Жарандык платформа: Коомдогу терс көрүнүштөрдү жеңүү жолдору» Коомдук документин иштеп чыгуу боюнча Аскар Салымбековдун «Демилгелерди колдоо фондунун», жалаң илимдин кандидаттарынын жана докторлорунун курамынан түзүлгɵн Жумушчу тобуна кабыл алындым (жалгыз мен окумуштуу эмес болчумун). 2013-жылдын 19-июлунда иштелип чыккан Коомдук документтин коомдук бет ачары болуп өттү. Ал бет ачардан кийин иштелип чыккан документ талкуулоо үчүн Фонддун сайтына жайгаштырылды. Талкуулоонун катышуучусу Бахтияр Жантаевич, «Коомдогу терс көрүнүштөргө» аныктама бериш керек эле деп сунуш кылды. Ошондо мен аныктаманы иштеп чыгып 2013-жылдын 29-августунда Фонддун сайтына жайгаштыргам:

Коомдогу терс көрүнүштөр – бул, адеп-ахлактык (нравалык) жактан баамдап-билбей (анткени бул эми ченем (норма) болуп калган), ошондой эле адеп-ахлактык (нравалык) жактан баамдап-билип, башкача айтканда коомдун мүчөлөрү коомдук жашоодо жана инсан жеке турмушта жасаган моралдуулуктун, адеп-ахлактуулуктун (нравалуулуктун), этиканын жана эстетиканын ченемдерине (нормаларына), укукка (мыйзамдарга) карама-каршы келип айлана-чөйрөдөгүлөргө салыштырмалуу моралдык-этикалык зыян келтирген терс көрүнүш, анан акыры жыйынтыгында коомдун, мамлекеттин жана бүтүндөй цивилизациянын өнүгүшүн тормоздогон факторлор.

Айлана-чөйрөдөгүлөргө моралдык-этикалык зыяндын салыштырмалуулугу, кээ бир терс моралдык-этикалык эрежелер коомдун көпчүлүк мүчөлөрү үчүн социалдык ченем (норма) болуп калгандыгы менен түшүндүрүлөт.

Эң эле курч терс көрүнүштөр булар болуп саналат:

– укуктук нигилизм (мыйзамды чануу);

– билим нигилизми (билимге умтулуунун жоктугу – билимди сатып алуу, анын катарында рефераттарды, курстук жана дипломдук иштерди сатып алуу, мектеп окуучуларынын жалкоолугу);

– руханий сапаттардын, ар-намыстын шал болушу;

– максаттарына жетүүнүн ыйманга каршы келген каражаттары;

– өзүнүн жумушу менен алектенүүдөн алаксып зыяны тийген коомдун саясатташтырылышы;

– эгоисттик кош көңүлдүк;

– сокур индивидуализм жана коомдук жашоону тануу, ал эми коомдук жашоонун теӊдеми (балансы) бузулган жерде индивидуалдык жашоого ойрон таасирин тийгизет;

– эсепчилдик менен болгон сүйүү жана баш кошуу;

– билип туруп социалдык-статустук бөлүнүү;

– керт башын ойлоо максаттарында жана тириликте калуу (выживание) кызыкчылыгында саткынчылык;

– мамлекеттик органдардагы куйтулук, бузукулуктар (интригалар, абдан опурталдуу);

– материалдык нерсенин руханий нерсенин үстүнөн үстөмдүк кылышы;

– экинчи тарапка зыян келтирген протекционизм;

– адам мамилелеринин эсепчилдиги;

– адам мамилелеринин коммерцияланышы;

– адамдык, кадрдык жана саясий дискриминация катары трайбализм көрүнүшү, кээ бир учурларда жердешчиликтен улам мекендешин жек көрүүчүлүк жана өзү байкап биле бербеген трайбализм оорусу аркылуу кыргыз МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮНӨ түздөн түз жасалган агрессия.

Жумушчу тобунун мүчөсү болуп турганымда менин кээ бир иштеп чыгарган сунуштарым колдоого алынбай Жумушчу тобунун Коомдук документине кошулбай калган. Төмөндө мен иштеп чыккан ошол сунуштарым:

Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө жетишкенден бери өлкөдө баалуулуктар тутуму (системасы) иштелип чыкпаган же тутумга келтирилбеген (системалаштырылбаган), мамлекеттик да улуттук да идеология иштелип чыкпаган. Жыйынтыгында идеологиялык боштук жаралып батыш өлкөлөрүнүн маданиятынын жана рыноктук экономиканын таасири астында коомдук аң-сезимде демократиялык баалуулуктар жөнүндө бузукулук, жоопкерчиликсиздик түшүнүк калыптанып калды жана эсепчил рыноктук психология, нравалык-этикалык жана укуктук чануу (нигилизм) жаралды.

Ошентип өлкөнү руханий кризис каптады, коомдун моралдык жактан талкаланышы, бүткүл жерде жоопкерчиликсиздик пайда болду, коррупция турмуштун социалдык ченеми (нормасы) болуп калды.

Руханий баалуулук катары Кыргызстанда эч кандай идеал – социалдык, башкача айтканда коомдун эң өнүккөн түзүлүшү, инсандык идеал, этикалык идеал, эстетикалык идеал, өнүккөн жарандын идеалы калыптанган жок.

Эгерде инсандык идеал тууралуу сөз кыла турган болсок, анда алардын саясий ишмердигине же жогору өнүккөн ыйманына суктанса боло турган Кыргызстандын тарыхында тарыхый инсандардын жок экендигин билдирбейт. Мисалы инсандык идеал катары, азыркы мезгилде тарыхый жактан пайда болгон руханий, саясий жана социалдык-экономикалык кризис убагында актуалдуу болуп жаткан, элди бириктирүүдө орчундуу роль ойногон харизматикалык сапаты бар Манас сыяктуу баатырларды алып чыксак болот. Ошондой эле саясий идеал катары, акылман, көрөгөч жана ак ниеттүү мамлекеттик ишмердиктин үлгүсүн көрсөтүшүп Кыргызтандын тарыхында чечүүчү роль ойногон Жусуп Абдрахманов, Курманжан Датка, Исхак Раззаков жана башкалар сыяктуу тарыхый инсандарды алып чыксак болот. Келечектеги жоокерлер жана Кыргыз аскеринин жоокерлери үчүн, өсүп келаткан муунду патриоттук нукта тарбиялоо жана Куралдуу күчтөрдө саясий-тарбиялык иштерди өткөрүү жолу менен эрдиктин, аскердик күжүрмөндүктүн жана намыстын үлгүсүн көрсөтүшкөн Чолпонбай Түлөбердиевди, Манас эпосунан Сыргакты жана Чубакты алып чыксак болот.

Үй-бүлө коомдун ыйык уячасы, мамлекеттин коргоосунун жана кам көрүүсүнүн предмети болуп саналат. Бирок азыркы мезгилде, үй-бөлөнүн бекем болушуна кепилдик бербеген эсепчилдик менен үй-бүлө куруулар орун алып жатат. Ошондой эле ажырашуулардын саны өлкөнүн социалдык-экономикалык абалынан келип чыккан материалдык себептер менен байланыштуу.

Эгерде гуманизм бул, адамды бийик баалуулук катары көңүлдүн борборуна коюу экендигин, адамды инсан катары, анын эркиндикке, бакытка, өнүгүүгө жана өзүнүн жөндөмдөрүн жүзөгө ашырууга укугу бар экендигин эске алсак, Кыргыз Республикасынын Конституциясында адамдын баалуулуктары чагылдырылган. Бирок акыркы жылдары биздин өлкөдө адамдын өмүрү бааланбай калды, адамды тоноо максатында өмүрүнө кол салынышы мүмкүн, анын кесиптик ишмердиги үчүн буйрутма берип өмүрүнө кол салынышы мүмкүн, күнөөсүз адамдын укуктарын жана эркиндигин бузуп акчага азгырылып аны жазык жоопкерчилигине тартышы мүмкүн.

Альтруизмге эсепчил рыноктук психология бүлгүндүү таасирин тийгизди жана эгерде гуманизм түбөлүк жалпы адамзаттык баалуулук болгону үчүн жана диний көз караштар аркылуу сакталып келатса, ал эми альтруизм баалуулугун жоготуп жатат, себеби альтруизм, маңызында, эч кандай кызыкчылык көздөбөй жүзөгө ашырылышы керек. Адамдардын рыноктук психологиясы, керт башын ойлобой адамга жакшы мамиле кылуу сапатын бүлгүнгө учуратып жатат.

Гуманизмден келип чыккан кайрымдуулук жана боорукердик коомдо кенен тараган жана керек болсо эл алдына көрсөтүлүп жүзөгө ашырулууда. Бирок бардык эле кайрымдуулук акциялары чын жүрөктөн чыкпай өзүндө саясий упай топтоо максатында саясий эсепчилдикти жашырат.

Адилеттүүлүк деген руханий баалуулук акчага табынуу менен жоголуп жатат, маселен, дагы кайталап кетебиз – сот адилеттигин акчага сыйынып дүнүйөкордук максатта бузууда жана максаттарга жетүү үчүн бардык каражаттар ылайыктуу деген арам түшүнүк менен саясий күрөш аренасында.

Абийирдүүлүк учурдун нравалык таңсыктыгы болуп калды. Анын терс жактары, ушак сөз эркиндиги аркылуу жүзөгө ашырылып жатат, мисалы буйрутма жолдору менен макала жаздыруу аркылуу. Абийирсиздик соодада, бизнесте, шайлоолордо жана митингдерде, адамдардын өз ара мамилелеринде, жарандык-укуктук мамилелеринде бузулуп жатат. Жана, акыры, абийирсиздик коррупция жаатында да бузулуп жатат.

Патриоттуулук. Патриоттуулук биздин мезгилде бардык категориядагы жаштагы адамдарга жетишпей жатат. Бирок патриоттуулук жаштарга караганда улуу муундагы адамдарга көбүрөөк жетишпейт деп айтууга негиз бар. Бул болсо, саясий чечимдерди кабыл алуу деңгээлинде улуу муундагы адамдар басымдуу көпчүлүктү түзүшү менен шартталган жана алар ыймансыз мамлекеттик кызматы менен элге патриот эмес, керек болсо саткын адамдар деген таасир калтырышууда (жаштарга үлгү кɵрсɵтүүнүн ордуна паракорчулукка берилишип). Ал эми жаштар болсо, өз кезегинде, коррупцияга малынбаган, таза, идеялуу жана жигердүү (активдүү) деген пикир таратылууда, ал эми булар канчалык туура же туура эмес экендиги башка маселе. Бул ойдун туура же туура эместиги тууралуу «Программалык-укуктук Кыргызстандын Жалпы жарандык идеологиясында» «Жаштар саясатта» деген бөлүмдүн «Жаштар таза келишип пара алышпайт деген жаңылыш ой-пикир” деген бөлүмчөсүндө кенен жазылган.

Анткен менен патриоттуулуктун таңсыктыгынын объективдүү себеби да бар. Анын себептеринин бири, патриоттук тарбиялоонун жоктугу, экинчи жагынан – патриоттуулуктун объекттеринин иштелип чыкпагандыгы («Программалык-укуктук Кыргызстандын Жалпы жарандык идеологиясында» иштелип чыккан).

Патриоттуулуктун объекттери катары – «Мекен», Ата-Мекен», «каада-салттар» деген абстракттуу түшүнүктөр же болбосо тууган жер, жаратылыш жана башка ушул сыяктуу материалдык түшүнүктөр болушу мүмкүн. Ушул сыяктуу кыргызстандыктардын патриоттуулугунун объекттери катары руханий, социалдык, саясий, жарандык жана башка баалуулуктар колдонулушу мүмкүн жана буларды калыптандырып мамлекеттик деңгээлде үгүттөш керек.

Адамдын дүйнөлүк көз карашын, идеялык ишенимин жана коомдук идеологиясын өзгөртүү татаал, анткени алар үч он жылдыктын ичинде калыптанып келген. Андан тышкары коомдук баалуулуктарды калыптандыруу көйгөйүндө объективдүү себептер да бар. Ал деген тийиштүү мамлекеттик саясаттын жана керек болсо бул багыттагы колдоонун жоктугу.

Коомдук баалуулуктарды калыптандыруу ишин, коомдук аң-сезимге кубаттуу таасир бере ала турган каражат катары жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жүргүзсө болот. Бирок жалпыга маалымдоо каражаттары өздөрүнүн саясий жана коммерциялык кызыкчылыктарын көздөгөндүктөн коомго жакшылык кылуу – жалпыга маалымдоо каражаттарына пайдасыз, башкача айтканда жалпыга маалымдо каражаттары өзүнүн коомунун, өзүнүн мамлекетинин пайдасы үчүн идеологиялык иштерди жүргүзүүнү тилекке каршы каалабай жатышат (кош кɵңүл).

Билим берүү көйгөйү, анын катарында билим берүүнүн төмөн сапаты, билим берүүнү мамлекеттин артыкчылыгы деп чыгууга себеп болушу керек. Мурдагы билим берүү министри Ишенгүл Болжурова өз кезинде туура айткан экен: Адам билим аркылуу гана маданияттуу боло алат деп. Ушул эле жерде кошуп белгилеп коёрубуз, руханий өнүккөн инсандарды калыптандыруу үчүн маданиятты дагы артыкчылыктуу орунга жылдырып чыгыш керек.

Жоопкерчилик жоопкерсиздик менен алмашып терс нравалык-этикалык ченем болуп укуктук чанууга (нигилизимге) өсүп чыкты. Укуктук чануунун (нигилизмдин) бир себеби, мыйзамдарды аткарбай коюуда жоопко тартуунун жок болушу же жетишсиздиги.

Жоопкерсиздик кɵйгɵйү мындайча чечилиши керек: Мектепке чейинки, мектеп, орто жана жогорку жайлары аркылуу нравалык тарбиялоо аркылуу.

Ар бир мыйзамда мыйзамдын талаптарын аткарбагандыгы же тийштүү эмес аткаргандыгы үчүн жоопкерчилик дайындуураак (конкреттүүрөөк) жазылышы керек. Анын натыйжасындагы биз каалаган жыйынтык – моралдык-нравалык жоопкерчилик, юридикалык жоопкерчиликтин нигилизминин жоюлушу болушу керек.

Акчаны адеп-ахлактан жогору коюп табынуу.

Эгерде буйрутмачы акчасын төлөсө, анда ал башкалардын кызыкчылыгын же моралдык-этикалык ченемдерди бузуп иш кылганга укуктуу деген терс түшүнүк. Мисалы, жумуш берүүчү акчасын төлөсө, аморалдык иш кылууга моралдык укук берилбеши керек. Мисалы, жарыя бергенге акчасын төлөдүм деп эле жумушка чакыруу жарыясында тигиндей же мындай улуттагы жумушчу керек деп белгилеп ушул эле жерде башка улуттун нарк-насилин кемсинтүүгө жол берилбеши керек (мурда азиат же европа улутундагы жумушчулар керек деген жарыялар болуп турчу. Мен ызы-чуу чыгарып токтотком). Башкача айтканда ишке коммерциялык ык жасоо дагдыга киргизилбеши керек.

Аскер кызматын тануу – кызматтан качуу терс көрүнүш катары.

Жоюу жолу.

1. Жаштарды патриоттук тарбиялоо, анын катарында аскер темасында телеберүүлөрдү жана кинофильмдерди тез-тез көрсөтүп туруу.

2. Совет мезгилинде жасалгандай «Офицер – эрдик кесип» деп жар салуу.

3. Аскер комиссариаттарынын кызматкерлеринин жана аскерге чакырылчулардын пара берип же алгандыгы үчүн жазык жоопкерчилиги.

Биз каалаган жыйынтык:

Аскер кызматынын баркы.

Сергек жашоо образын үгүттөө аракечтик, наркомания менен күрөшүүнүн каражаты болуп акырында улуттун генофондун сактап калат. Эске салчу нерсе, аракечтик, наркомания, тамак-аш продуктыларынын төмөн сапаты, тамактарды жасалма, башкача айтканда химиялык жол менен жакшыртуу биздин турмушта жана продуктылар рыногунда орун алган да бул нерселер улуттун генофондун бузат.

Ата-энени сыйлоо, улууларды урматтоо, бир тууган ага-инилердин жана эже-сиңдилердин жакшы мамилеси.

Бул ченемдер дүйнөнүн бардык элдеринин социалдык жана терең нравалык баалуулуктары болуп саналат. Бирок демократияны бузуку түшүнүү менен, батыш кинофильмдеринин таасири астында, индивидуалист болгон кээ бир балдар эгоист болушуп өздөрүнүкүн абсолюттук туура, ал эми ата-энесиникин туура эмес деп ынанып эсептешет. Мектептердин мугалимдери окуучуларга авторитет болбой калышып мугалимдерди сыйлабоо – улууларды сыйлабоо катары көрүнүш болуп калды. Коомдук транспортто улууларга орун бербөө көпчүлүк жаш адамдарга мүнөздүү болуп калды.

Экономикалык баалуулуктар.

Экономиканын рыноктук моделинде экономикалык эркиндик, ал эми мындан келип чыккан ишкердиктин эркиндиги, соода эркиндиги экономикалык баалуулуктун бир түрүн түзөт. Экономикалык эркиндикке 2010-жылдын 27-июнундагы КРдин (КРнын эмес) Конституциясынын 42-беренесинин 2-пункту менен кепилдик берилген. Бирок экономикалык эркиндиктерди жүзөгө ашырууда коомдук кызыкчылыктардын, коопсуздук, экологиялык, санитардык жана эстетикалык ченемдердин бузулуусу орун алууда.

Айталы, кабаттуу үйлөрдүн жанындагы балдардын ойноо аянтчаларын же дарактарды сүрүп таштап коммерциялык максаттарда соода же башка имараттарын курууда ал үйдүн жашоочулары каршылык акцияларын өткөргөн окуялар, коомдук кызыкчылыктардын бузулушунун ачык мисалы боло алат. Же уктоочу райондо элди уктатпай кафелер коммерциялык максатта терең түнгө чейин музыкасын жаңыртып иштеген учурларчы.

Турак-үйлөрдүн алдында коммерциялык максаттарда күйүүчү отун жүктөө (бензозаправка) станцияларын курушканда коопсуздук ченеми (нормасы) бузулушу мүмкүн, ал эми кокус жарылуу болуп кетсе он жана андан ашык адам набыт болсо, бул өзгөчө кырдаал деп саналат. Адамдардын тар чөйрөсүнүн экономикалык кызыкчылыгында Кумтөрдүн экономикалык ишмердиги жүзөгө ашырылганда экологиялык ченемдер (нормалар) бузулушу мүмкүн.

Жеке менчик.

Жеке менчикти дагы экономикалык баалуулуктарга кошсо болот. Бирок бул рейдерлик тартып алуу учурларында терс көрүнүштөргө айланууда.

Эмгекти сүйүү.

Жумуш менен камсыз болуу маселесинде эмгекти сүйүү – өзүн материалдык жетишкендиктер менен камсыз кылуу жаатында экономикалык баалуулукка айланат. Бирок дүнүй-мүлккө ак ниетсиз эмгек жана мыйзамсыз жолдор менен умтулуу бул баалуулукту терс кылат.

Татыктуу эмгек акысы.

Татыктуу эмгек акысы жарандардын баалуулугу болуп саналат, ал эми аны камсыз кылуу мамлекеттин жана жеке иш берүүчүлөрдүн милдети. Бирок Кыргызстандагы орточо эмгек акысы канаттандырарлык эмес.

Турак-үй.

Турак-үй жогорку экономикалык баалуулук болуп саналат жана турак-үйдүн бар болушу үй-бүлөлүк жайлуулуктун жана үй-бүлөлүк жыргалчылыктын шарты. Бирок турак-үйдүн жеткиликсиздиги турмуш-тиричилик ыңгайсыздыгын жаратат.

Керектөөчүлөрдүн укуктары, чынчыл соода.

Акча каражаттарын, үй-бүлөлүк бюджетин рационалдуу жана үнөмдүү пайдалануу катары керектөөчүлөрдүн укуктары экономикалык баалуулук болуп саналат. Чынчылдык менен соода кылуу дагы экономикалык баалуулук болуп саналат, бирок, тилекке каршы, сатуучулар үчүн эмес, керектөөчүлөр үчүн (сатуучулар алдагысы келип, сатып алуучулар алдангысы келбей). Экономикалык баалуулук болгон керектөчүлөрдүн укуктары чынчыл эмес соодада бузулат.

Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты.

Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты дагы акча каражаттарын, анын ичинде үй-бүлө бюджетин рационалдуу пайдалануу катары керектөөчүлөрдүн экономикалык баалуулугу болуп саналат, бирок, тилекке каршы, сатуучулардын жана тейлөөчүлөрдүн экономикалык баалуулугу болуп санала бербестен, алдап, эптеп акча таап пайда көздөө болушу мүмкүн.

Кээ бир сатуучулар жана тейлөөчүлөр эч нерседен уялбастан жеке кызыкчылыктарын көздөп керектөөчүлөрдүн экономикалык баалуулуктарын бузуп жатышат.

Ошондой эле Жумушчу тобунун Документине мен тараптан «юрфак» жана «экономфак» деген терс баалуулуктар жөнүндө түшүнүктөр сунушталып колдоого алынбай калган, бирок бул макалада келтирилбеди, анткени алар тууралуу «Программалык-укуктук Кыргызстандын Жалпы жарандык идеологиясынын» «Педагогикалык аң-сезим» Концепциясында жазылган.

Жумушчу тобунун Документине «автомобилге ээ болуу» жөнүндөгү терс баалуулук жөнүндөгү түшүнүк сунушталып колдоого алынбай калган, бирок бул макалада келтирилбеди, анткени ал тууралуу «Программалык-укуктук Кыргызстандын Жалпы жарандык идеологиясынын» «Рыноктук экономика тукум курут (геноцид)» деген бөлүмдө жазылган.

Жумушчу тобунун Документине педагогиканын баалуулуктары жөнүндө түшүнүктөр сунушталып бирок колдоого алынбай калган, бирок бул макалада келтирилбеди, анткени алар тууралуу «Программалык-укуктук Кыргызстандын Жалпы жарандык идеологиясынын» «Педагоикалык аң-сезим» Концепциясында жазылган.

Жумушчу тобунун Документине чынчылдык деген баалуулук жөнүндө түшүнүк сунушталып колдоого алынбай калган, бирок бул макалада келтирилбеди, анткени ал тууралуу «Программалык-укуктук Кыргызстандын Жалпы жарандык идеологиясынын» «Чынчылдык» Концепциясында жазылган.

Жумушчу тобунун Документине демократия деген талаш баалуулугу жөнүндө түшүнүктөр сунушталып бирок колдоого алынбай калган, бирок бул макалада келтирилбеди, анткени алар тууралуу «Программалык-укуктук Кыргызстандын Жалпы жарандык идеологиясынын» «Демократия эгоцентризм катары» деген бөлүмдө жазылган.

Жумушчу тобунун Документине ыйман баалуулугу жөнүндөгү түшүнүк сунушталып бирок колдоого алынбай калган, бирок бул макалада келтирилбеди, анткени ал тууралуу «Программалык-укуктук Кыргызстандын Жалпы жарандык идеологиясынын» «Учурдун «Нравалык издөөлөрү» же нравалуулуктун механикалык альтернативасы» бөлүмүндө жазылган.

Жумушчу тобунун Документине адабий китепти окуу баалуулугу сунушталып бирок колдоого алынбай калган, бирок бул макалада келтирилбеди, анткени ал тууралуу «Программалык-укуктук Кыргызстандын Жалпы жарандык идеологиясынын» «Маданияттын руханий аң-сезими» Концепциясында жазылган.

Жумушчу тобунун Документине жарандык жана улуттук баалуулуктар сунушталып бирок колдоого алынбай калган, бирок бул макалада келтирилбеди, анткени алар тууралуу «Программалык-укуктук Кыргызстандын Жалпы жарандык идеологиясынын» «Жарандык улут» Концепциясында жазылган.

Баалуулуктар жөнүндө жыйынтык.

Дүйнөдө баалуулуктардын чеги жок. Жалпы адамзаттык жана жалпы мамлекеттик баалуулуктар коомго жакшы башталыш катары белгилүү, бирок жогорудагы бөлүмдөрдө айтылгандай алар дагы тигил же бул даражада бузулушу мүмкүн. Азыркы мезгилде бузулган жалпы адамзаттык, жалпы мамлекеттик баалуулуктарды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик саясат керек жана аларды гуманисттик нукка салып жалпы адамзаттык баалуулуктарды кайрадан калыптандырып чыгуу керек («Программалык-укуктук Кыргызстандын Жалпы жарандык идеологиясында» булар иштелип чыккан).

Жалпы адамзаттык баалуулуктар – өткөн мезгилден позитивдүү баалуулуктарды, ошондой эле учурдагы демократияны, рыноктук жашоону эске алып өткөн мезгилдеги нравалык-этикалык баалуулуктарды систематизациялоодо жаңыча ыкты, ошондой эле экспансиялык факторлордон корголгон руханий баалуулуктарды камтышы мүмкүн.

«Корголгон» деген сөз шарттуу гана айтылды, анткени накта тарыхый өз баалуулуктарыбызды калыбына келтирүүнүн өзү иммундук табиятын камтышы мүмкүн.

Баалуулуктарга мамлекеттик ык жасоо зарыл, анткени мамлекет «уюштуруу» деген зарыл функцияга ээ, бир гана укуктук уюштуруу эмес, элдин руханий жашоосун дагы уюштурат.

Акырында дагы бир жолу белгилеп коёрубуз, ушул макаладагы материал Жумушчу тобунун Документине кошулган жок, анткени колдоого ээ болбой калган.

Автордук укук биринчи жоромолу (версиясы) боюнча «Кыргызпатент» тарабынан 21.06.2005-жылдагы № 631-күбөлүгү менен катталган.

2011-жылдын 10-мартында Талас облустук мамлекеттик нотариусунда 2-529-реестринде катталган.

Биринчи жарыкка чыгаруу датасы 1996-2004-жж.

«Кыргызпатент» тарабынан 2021-жылдын 17-февралындагы № 4155 Күбөлүгү менен акыркы жоромолун каттоо жүргүзүлгөн.

Улан Дүйшөналы, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар Бирлигинин мүчөсү, билингвист жазуучу-фантаст, Орус адабияты Эл аралык академиясынын Эл аралык адабий-коомдук сыйлыгынын лауреаты, «Фантастика» аталмасы боюнча Москва адабий сыйлыгынын финалисти Дипломунун, Москвадагы Интернационалдык жазуучулар Союзунун жана Луганск Эл Республикасынын Жазуучулар Союзунун биргелешкен дипломунун, «Биеннале 2020-2022» Москва адабий сыйлыгынын номинанты Дипломунун ээси.

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

06-12-2023
Чынчыл болуу. Мамлекеттик кызматтагы кошоматчылыкты жоюу
233

05-12-2023
Эки адамдын урушуусунун, мындайча айтканда улуттук маданияты
197

04-12-2023
Тоюңузда акча алганыңыз – ичип-жегениӊ үчүн «төлө» деп «доолаганыӊыз»
614

30-11-2023
Чынчылдык концепциясы жана чынчылдык жөнүндө Конституцияга сунуш
295

27-11-2023
Аксакалдар кетип жаштар келсе дүркүрөп өнүгөбүзбү? Жаштар чын эле тазабы?
493

22-11-2023
Пункты общественного питания позорят нашу культуру и страну. Предложение пункта в закон
484

20-11-2023
Субботники без насилия – о трёхмесячных субботниках
480

20-11-2023
Совесть пассажира – лучший контролёр или контроль над контролем
438

17-11-2023
Концепция внутреннего и международного гостеприимства
318

16-11-2023
Рыночная экономика – геноцид
1780

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×