Добавить свою статью
20 Сентября 2023
Идеологиялык насаат жана заманбап этика ченемдери

“Программалык-укуктук Кыргызстандын Жалпы жарандык идеологиясы” китебинен.

«Кыргызпатент» тарабынан 21.06.2005-жылдагы № 631-күбөлүгү менен катталган.

2011-жылдын 10-мартында Талас облустук мамлекеттик нотариусунда 2-529-реестринде катталган.

Биринчи жарыкка чыгаруу датасы 1996-2004-жж.

«Кыргызпатент» тарабынан 2021-жылдын 17-февралындагы № 4155 Күбөлүгү менен акыркы жоромолун каттоо жүргүзүлгөн.

1. Идеологиялык насаат – 39 насаат.

2. Этикалык насаат – 18 насаат.

3. Коментарийсиз – 19.

ИДЕОЛОГИЯЛЫК НАСААТ

1. Менчиктин бардык түрүндөгү мекеме-ишканалардын, ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилерин, жогору жактан жок дегенде бөгөт койбогон чекте өздөрүнүн кесиптик ишмердигинде чынчыл болушуна үгүттɵп милдеттендириш керек. Мындай учурда потенциалдуу чынчыл болгон кызматкерлер өздөрүнүн жетекчилигинен коркушпай, коом үчүн чынчыл кызмат кылып ак ниеттүү иштегенге мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Ошондо коомдо жана мамлекетте массалык чынчылдыктын өнүгүшүнө өбөлгө түзүлмөк.

2. Башкаруу жөнүндө атамекендик жаӊы илимди (улуттук өзгөчөлүктү эске алган улуттук менеджмент) иштеп чыгуу жолу менен чынчылдыксыз мамлекеттик башкарууну, дегеле башкарууну мүмкүн эмес кылуу зарыл.

3. Чынчыл болуңуз же чынчылдарды моралдык жактан колдоңуз, анткени алар коомдо аз гана болушат. Чынчылдарга күлбөңүз, анткени чынчылдык кемчилик эмес, руханий жетишкендик, руханий дөөлөт.

4. Мамлекеттик кызматтагы чынчылдык – өнүкккөн экономиканын башкы шарты болуп калмак.

5. Эгерде Сиз текшерүүчү катары мекемени текшергени келсеӊиз, жарандарды кабыл алуу учурунда текшербеӊиз жана жарандарды өз убагында кабыл алууга мекемеге тоскоол болбоӊуз. Андан көрө адамгерчилик үчүн текшерүү убактысын макулдашып алыӊыз. Текшерүүнү баштап, кызматкерлердин иш убактысын өзүӊүзгө ылайыктабаӊыз, жумуш убактысы бүткөндө аларды үйүнө коё бериӊиз, дем алыш күнү жумушка чыгууну талап кылбаӊыз. Ооруп калган кызматкерлерин зордоп жумушка чакырбаӊыз, өзүӊүздүн эсебиӊизден түштөнүӊүз, убагында кетип туруӊуз жана пара албаӊыз.

6. Ар бири өзүнөн башташы керек деп гана чектелип калбаңыз. Мындай сөз Сизди акылдуу кылып көрсөткөнү менен, дайыма эле бардык адамдар өзүнөн баштоого жарай беришпей жатканын эске алыңыз. Ар бири өзүнөн башташып калса, коом жана бүтүндөй өлкө тез эле өсүп-өнүгүп кетеер эле. Ошон үчүн адамдардын өзүнөн башташына кимдир-бирөө түрткү бериши керек. Ал түрткү бере турган субъект (тарап) – моралдык жактан жооптуу катары муунду, жаштарды жана бүтүндөй коомду тарбиялаган мамлекет болушу керек.

7. Улутту белгилеп айтканда нравалык-этикалык ченем (норма) катары "туугандар" деген сөздү кошуп айтып жүрүңүз (орус тууган, өзбек туугандар жана башкалар).

8. Эч качан бир-эки бузуку адамдардын айынан бүткүл улут тууралуу жыйынтык чыгарбаңыз жана жаман улут болбошун, тескерисинче өз элинин гана эмес, кийинки муундун да душманы болуп бардык улуттарга ынтымактуураак жана бактылуураак болуусуна тоскоолдук кылган жаман адамдар гана болорун билип жүрүңүз.

9. Эң кеминде кыргыз, орус жана чет тилдердин бирин эркин билиңиз.

10. Экологиялык ыйманга ээ болуңуз.

11. Өз мекендештериңиздин туура эмес иш-аракеттерине кош көңүл карабаңыз жана Педагогикалык аң-сезим Өлкөсүнүн жигердүү (активдүү) куруучусу болуңуз.

12. Пунктуалдуу так болуңуз жана кино жана театрдын башталыш убактысын жарыялап, бирок кечирээк баштагандарга каршы туруп кинону же театрды бир мүнөт кечиктирип баштоосуна эч качан жол бербеңиз.

13. Эгерде кимдир бирөөнүн жоголгон буюмун таап алсаңыз, эч качан сыйлык акыны сурап талап кылбаңыз.

14. Аксакалдарды жана абройлуу окумуштууларды коомдук жайларда, турмушта жана дасторкон үстүндө сыйлаңыз жана авторитеттерге сокур ишенип табынуу менен оорубай, эгерде, авторитети жок жапжаш кишинин сөздөрү, жаӊы жана аӊ-сезимдүү идеялары абройлуу окумуштуулардан артыкчылыктуу болсо, ал жаш адамга сөз берип, аксакалдар жана авторитет-окумуштуулар өздөрүнүн кадыр-баркынан пайдаланып жаш адамга сөз бербей жатышса, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында да орун ээлеп сөз бербей жатышса, жаш адамга да сөз бериӊиз. Бул жерде жумуш тармагы же мамлекеттик кызмат тармагы жөнүндө сөз болгон жок. Аксакалдар пенсияга чыкканга чейин иштегенге укугу бар жана «аксакалдар кетип жаштар келсин» деп аксакалдардан орун талашкан адепсиз көрүнүш.

15. Сиз аксакал катары расмий кырдаалда отуруп калсаныз, аксакалдык абалыныздан кыянаттык менен пайдаланып өтө узак сүйлөбөӊүз, регламентти бузуп башка сүйлөөчүлөрдүн убактысын албаӊыз. Турмуш-тиричиликте, дасторкон үстүндө, дегеле адамдар менен отурганда жашыӊыздын улуулугунан же жетекчилик кызмат ордуӊуздан кыянаттык менен пайдаланып өтө көп сүйлөп, адамдарды чарчатып, мойну-башын талытып өзүӊүзгө каратып тажатпаӊыз, башкаларга дагы баарлашып сөз сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк бериӊиз же туруп кетип калыӊыз.

16. Демократия тууралуу туура түшүнүңүз жана демократия астында моралдык жоопкерчиликке ээ болуңуз, мекендештериңизге урмат-сый мамиле кылып коомдук этиканы сактаңыз жана демократиялык укуктарыңызды ишке ашыруудагы аракеттердин же аракетсиздиктин оң жана терс ыкмасы үчүн дүйнөлүк коомчулуктун алдында кыргызстандыктардын оң же терс бедели (имиджи) деп түшүнүңүз.

17. Эгерде Сиз өз ишиңиздин кесипкөйү же интеллигенциянын жарык өкүлү болсоңуз, өз өлкөңүздү таштап кетпеңиз, патриот болуп өз өлкөңүздүн өсүп-өнүгүшүнө жардам бериңиз.

18. Педагогикалык аң-сезим концепциясынын алкагындагы Милиция кыраакылыгын кеңейтүү принцибине түшүнүү менен мамиле кылып өз милицияңыздын коомду жигердүү (активдүү) тарбиялоого катышуусуна жардам бериңиз.

19. Эч качан коомдук мүлктү жана коомдук жыргалчылыктын объекттерин бузбаңыз.

20. Коомдук жайларда уят сөздөрдү жазуу жаман адатына кабылбаңыз жана мындай кылууга башкаларга жол бербеңиз.

21. Журналист болуп иштеп жатып элдин арам ойлуу алдамчысы, коомдун руханий өсүшүнүн тормозу болбоңуз жана ушак-айымдар менен ойноп жатып, коомдун керексиз адамы болуп калбаңыз.

22. Коомдун аң-сезимине баа берүү үчүн адамдар шайлоолордо өздөрүн кантип алып жүргөнүнө көңүл буруңуз жана алар өздөрүнүн демократиялык укуктарын жүзөгө ашырууда канчалык даражада моралдык жоопкерчиликти сезишерине карап көрүңүз.

23. Улуу Манас атабыз кантип кыргыз элин бириктиргени эсиңизде болсун, Манастын патриоттук аң-сезимин баалаңыз, сыйлаңыз жана тамшаныңыз.

24. Кыргыз элинин бирдиктүү психологиясын иштеп чыгууга өз салымыңызды кошуңуз (трайбализмди жоюу максатында).

25. Эгерде өз облусуңуздун сүймөнчүк-кыргызы болуп башка облустагы кыргызды сыйлабасаңыз, демек Сиз бүткүл кыргыз элинин душманысыз, анткени бүткүл коомду тарбиялап бириктирүүгө өз салымыңызды кошкондун ордуна Сиз трайбализм тууралуу элдик эс тутумду азыктандырып, өзүңүздүн кийинки муунуңузга мурас кылып элдин трайбалисттик трагедиясын өткөрүп берип жатасыз.

26. Эгерде Сиз билимдүү жана маданияттуу кыргыз болсоңуз, Кыргызстандын башка облусунан келген кыргызды жолуктурсаңыз, Сиз же ал тигил же бул облустан болгондугу боюнча региондор тууралуу сөзгө көңүл бурууга жол бербей, тескерисинче, өз өлкөңүздүн жана бүткүл Кыргызстан элинин патриоту катары жалпы эле Кыргызстандагы иштердин абалы тууралуу сүйлөшүүнү туура көрүңүз.

27. Эгерде Сиз өз өлкөңүз үчүн күйсөңүз, тигил же бул облустун эли тигиндей-мындай жана башка сыяктуу талаш-тартышууга акылыңыздын кубатын сарптабаңыз, андан көрө бүткүл элди кантип бириктирип ынтымактуу кылууга акылыңызды иштетиңиз, анткени бул өлкөдө кийин Сиздин балдарыңыз жашайт эмеспи.

28. Эгерде улутуңуз кыргыз болсо, кыргызды жолуктуруп калсаңыз, анын жердиги кайдан экендигин сураганга ашыкпай, бул суроону акыркы планга калтырууга көнүңүз да эң оболу анын нукура адамдык касиеттерин таанып билиңиз.

29. Эгерде Сиз кыргыз болсоңуз, кыргыз кишини жердиги боюнча эмес, анын нукура адамдык касиеттери боюнча мүнөздөгөнгө үйрөнүңүз.

30. Канча регион бар болсо, ошончолук кыргыздар болбойт, тескерисинче бир гана кыргыз эли бар, а эгерде Сиз кыргыз элин регионалдык белгиси боюнча бөлсөңүз, анда Сиз кыргыз элинин бирдиктүү прогрессин тормоздогондордун бирисиз.

31. Өз ара жаңжал пайда болгондо жана жаңжалдын оордугуна карабастан, эгерде буга жаңжалдын маңызынын тиешеси болбосо, адамдын улутун жана трайбализм маанисинде анын регионалдык тийиштүүлүгүн эсине салып жемелебеңиз. Болбосо Сиз ак ниеттүү жаңжалдан жеңилесиз жана өзүңүздүн аң-сезимиңиздин төмөн деңгээлин көрсөтүп аласыз. Ал эми Сиз ак ниеттүү жаңжалды тандап аласызбы же өзүңүздүн беделиңизди курмандыкка чалып жана жаңжалга байланышы жок улут жана регионалдык келип чыгуу факторун колдонуп каршылаш тарабыңызды деморализация кылганды көздөйсүзбү, Сиздин нравалык аң-сезимиңизден көз каранды болот.

32. Адамдар менен жана жакшы мамиледе болгон адамдар менен дагы өзүңүздүн сырыңыз менен бөлүшкөндөн карманыңыз. Болбосо ортоңордо жаңжал пайда болгондо, алар Сиздин сырларыңызды терс сапаттарга же жүрүм-турумга буруп өзүңүзгө каршы колдонушат.

33. Эгерде бир адам менен Сиздин мамилеңиз келишпесе, анда ал дегеле терс сапаттарга ээ деп жалпы мүнөздөмө бергенге шашылбаңыз. Балким Сиз байкаган анын терс сапаттары Сиздин гана өз ара мамилеңизге ылайык келип чыккандыр да ал эми коомдо жана башка адамдар менен болгон мамилесинде ал абдан жакшы оң сапаттагы инсандыр деп ойлонуп көрүңүз.

34. Эгерде идишти башкалар колдонушчу болушса, аны агын сууда таптаза жууш керек.

35. Соода-сатык ишинде таразаӊыздын алдыӊкы жагын өзүӊүзгө эмес, кардарды алдайын деген жаман ниетиӊиз болбосо да кардар тарапка буруп коюӊуз да соода кылуу маданиятын билип сактаӊыз же такыр эле таразаны колдонбоӊуз.

36. Кыргызстан элинин маданиятына, мандайыӊызда, сол жана оӊ тарабыӊызда жайгашкан кошунаӊыздын үйлөрүн ыктымалдуу уурулуктан кыраакылык менен коргоо каада-салтын кийирүүгө чакырамын.

37. Кыргызстан элинин тарыхый меймандостук салтына, конок үчүн таза шейшепти камдагандан сырткары, өзүнүн запас кийимдерин алып келбеген коноктор үчүн жуулуп дезинфекцияланган ар кайсы өлчөмдөгү таза кийимдерди да камдап коюу салтын сунуш кыламын.

38. Эгерде Сиз Ысык-Көлдөгү пансионаттын жетекчиси же дегеле Ысык-Көлдө жетекчи болсоӊуз, жээктеги (пляждагы) пластмасса бөтөлкөлөрү жана пакеттер сыяктуу ири таштандыларды гана жыйноого көӊүл буруу менен чектелип калбастан, кумду айнектин сыныктары, тамеки таштандылары, чөп-сөп жана ушул сыяктуу ыпыр-сыпырлардан тазалоого да көӊүл буруӊуз. Ири таштандылар күнүмдүк жыйноо алкагында жыйналып калышы мүмкүн, ал эми кумга адатта көӊүл бурулбай калат. Таза жээк жана таза суу биздин берметибиз болгон Ысык-Көлдүн беделин сактап калат.

39. Мамлекеттик башкаруу органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, бардык менчик түрүндөгү мекеме-ишканаларда өткөрүлчү иш жыйынына (планёрка) жалаӊ гана башчыларды жана жетекчилерди чакыруу салтынан баш тартып, мезгил мезгили менен бүткүл жамаатты да жумуш убактысына зыян келтирбегендей болуп чакырып туруӊуз. Иш жыйынына формалдуу катышуу алкагында башчылар жана жетекчилер кол алдындагы кызматкерлеринин маӊыздуу көгөйлөрүн же дегеле чарба көйгөйлөрүн жаап-жашырып коюшу мүмкүн же көйгөйлөрдүн бар экендигин такыр билбеши да мүмкүн. Мындай иш жыйындын башка артыкчылыктары катары, башкаруу иштеринде иш жыйынынын максатка ылайыктуулугу жана сапаты жогорулашы жана катачылыктар жана мүчүлүштүктөр азайышы мүмкүн.

ЭТИКАЛЫК НАСААТ

1. Бирөөнүн мобилдик телефонун кызыгып чукуган этикага туура келбейт.

Аргументтер:

– телефондуш иш шарттамдарын (режимдерин) туурланышын кокус бузуп анын ээсине ыӊгайсыздык жаратышыӊыз мүмкүн;

– телефондун ээсинин жеке жашоосунун жеке сыры болуп саналган жашырын байланыштарын көрүп калышыӊыз мүмкүн;

– башкалардын смс кабарларын көрүп калышыӊыз мүмкүн;

– телефондун ээсинин адептүү (деликатный) маалыматтарын көрүп калышыӊыз мүмкүн;

– телефондун ээсинин атынан кандайдыр бир сыйлуу жана уяттуу кишисине керек болбогон телефон чакыруусун байкабай кокустан жиберип коюшуӊуз мүмкүн;

– телефондун ээсине, күтүүсүз келип калган телефон чакырууга ыкчам жооп берүүсүнө тоскоолдук жаратып калышыӊыз мүмкүн.

2. Эгерде Сиз телефон чалып сүйлөшүп алайын деп телефонун сурап алып узакка сүйлөшүп калсаӊыз, бул этикага туура келбейт.

3. Өз убагында зарыл телефондук чакырууларды кабыл алууга тоскоолдук жаратып Сиздин балаӊыз телефонуӊузда ойношуна жол бербеш үчүн, телефон оюн функциялары бар оюнчук каражаты эмес, адегенде телефон, турмуштук зарыл байланыш каражаты экендигин балаӊызга түшүндүрүӊүз.

4. Адам өзүнүн компьютеринде купуя белгини (пароль) терип жатканда тартиптүү жана маданияттуу адам катары клавиатураны карабай, башыӊызды тескери буруп алыӊыз, эстеп кала албасаӊыз да.

5. Сиз компьютерде иштеп жаткан адамдын жанына басып барсаӊыз, монитордун экранына үӊүлүп карап отуруп албаӊыз, бул адепсиздик, себеби, биринчиден, оӊтойсуздантып, уялтып-кысылтып же алаксытып жиберишиӊиз мүмкүн, экинчиден, адам бул кезде социалдык тарамдарда жеке кат жазышып жаткандыр же чыгармачылык менен алектенип жаткандыр.

6. Сурап алган буюмду кайтаруу маданиятыӊызды калыптандырыӊыз жана эгерде Сиз бирөөдөн ийне-жип же ручка сыяктуу майда-барат нерсе сураган болсоӊуз, кайрадан убагында жана өз колуна кайтарганды унутпаӊыз.

7. Эгерде Сиз бирөөдөн бир же эки эле сомду жөн эле сурап алган болсоӊуз, майда акча катары кайтарбай койсоӊуз да болот. Бирок, эгерде, сурап жатып «эртеӊ эле беремин» деген болсоӊуз, сөзүӊүздө туруп ошол бир же эки сомду кайтарып беришиӊиз керек. Бирок ал киши ынанымдуу түрдө жөн эле коюӊуз десе башка кеп.

8. Соода кылуунун адебин билиңиз, эгерде кардар башка сатуучуга барып алган болсо, ал кардарды чакырып тартып албаңыз.

9. Тегерегиңиздеги калктын алдында коммуналдык-этикалык жоопкерчиликти жетекчиликке алыңыз жана өзүңүздүн үйүңүздө электрди жана суу түтүкчөлөрүн оңдоп жатканыңызда тегерегиңиздеги калкты электрден жана суудан убактылуу ажыратуу муктаждыгы пайда болсо, калкка келтирилген ыңгайсыз абалды мүмкүн болушунча азыраак кылгандай рационалдуу жасаңыз.

10. Кошуналар менен ынтымакта жашаӊыз жана беш жагымсыз иш-аракеттен карманыӊыз: кошуналарыӊыздын короосуна таштанды ыргытуудан, үйүӊүздө, айталы, оӊдоо иштери менен техникалык ызы-чуу салгандан же жок дегенде ызы-чуунун деӊгээлин төмөнүрөөк кармаӊыз, жагымсыз жыт жаратуудан, анын ичинде үй жаныбарларын багуу аркылуу, таштанды жагуу аркылуу кошуналарыӊыздын короосун түтөтүүдөн жана кабат үйдө астыӊкы кабаттагы кошунаӊызга суу агызуудан. Эшиктеги даараткананы кошунаӊыздын короосуна жакын курбаӊыз, даараткана жашаган үйдөн жыйырма беш метр аралыктан жакын жайгашпашы керек.

11. Коомдук транспортто отурганда этиканы сактоо үчүн буттарыңызды алдыга сунуп (тизелериңиздин тик бурч абалынан ашык болбошуна аракет кылыңыз) же капталыңызга соройтуп чыгарбаңыз, анткени алдыңызда турган жүргүнчүлөр кысылып Сиздин соройтуп чыгарып алган буттарыңызга чалынышы мүмкүн. Турган жүргүнчүлөргө алардын ишенимдүү таянычына жердин жетиштүү болушу үчүн, өзүңүзгө ишенимдүү таяныч менен отуруу жетиштүү болгондой кылып буттарыңызды өзүңүздүн астыңызга бүгүп алыңыз.

12. Эгерде Сиз иш бөлмөӊүздө жалгыз эмес, башка кесиптештериӊиз менен отурсаӊыз, иш бөлмөӊүздүн ачкычын иш бөлмөсүндө калтырып коюу жаман өнөкөт-дарттан арылыӊыз, себеби кокус кайрадан жабылып калган иш бөлмөӊүзгө кире албай калсаӊыз, кесиптешиӊизди улам издеп иш бөлмөӊүздү ачтырып убара кыла бербеӊиз.

13. Адам радио же телевизор аркылуу кунт коюп жаӊылыктарды угуп жатканда ага тоскоолдук кылып адеп эле радио же телеберүүнүн мазмунун сындай берүү адеп-ахлакка туура келбейт. Радио же тележурналисттен эмнеӊиз менен акылдуусуз жана эмне үчүн адам радио же тележурналистке ишенбей, Сизге ишениши керек? Эгерде Сиз чын эле радио же тележурналисттен акылдуу болсоӊуз, адегенде адамга угуп алууга мүмкүнчүлүк бериӊиз да андан кийин моокумуӊуз канганча комментарий бере бериӊиз.

14. Сиздерди тейлеп жаткан келин дасторконго отурганга чейин тамак жей баштабаӊыз, күтө туруӊуз же дасторконго баары менен кошо отурушун сунуш кылыӊыз.

15. Эч качан коноктон, «тамак ичесизби?» деп сурабаӊыз. Бул Чыгыш маданиятына ылайыктуу эмес. Конок уялып «жок, жебеймин» деп коюшу мүмкүн. Дайыма келиӊиз, жеӊиз деп сунуш кылыӊыз, а эгерде конок жегиси келбесе, ал өзү ошондо Сизге айтат.

16. Эгерде Сиз чарчап-чаалыгып коомдук транспортто аялдарга же улууларга орун бошотуудан кыйналсаӊыз, дене тарбия же спорт менен машыгып туруӊуз, ошондо Сиз өзүӊүздү сергек сезип кыйналбай орун бошотуп каласыз.

17. Кыргызча сүйлөп жатып «места бар», «школго барабы», «носки алыӊыз», «огурцы бериӊиз», «стройкада иштеймин» деген сыяктуу орусча сөздөрдү аралаштырбай сүйлөӊүз, ал эми орусча сүйлөөдөн алдын басымдарды кунт коюп окуп алыӊыз да термомЕтр дебей термОметр, РождествЕнский дебей РождЕственский, космОс дебей кОсмос, перимЕтр дебей перИметр, пандЕмия дебей пандемИя деп сүйлөӊүз. Кыргыз жана орус тилдеринин тазалыгын сактаӊыз.

18. Жеке автомобилдик транспорт менен баюуга умтулуп жатып, биз жамааттыкты унутуп, эгоцентристтик индивидуалисттерге айланып жатабыз жана рулда жалгыз отуруп машинабыздын тыш өлчөмү (габарити) менен орточо 8-10 метр квадрат аянтты адепсиз ээлеп, жолдордо тыгынды жаратып, коомдук транспорттун жүрүшүн жайлатып коомго тоскоолдук жаратып жатабыз. Эгерде колунда бар ар бир жаран өзүнө автоунаа сатып алып жолго чыкса эмне болот? Ушул көрүнүш цивилизациялуулуктун, ички маданиятыбыздын, акыры келип адамгерчиликтин белгисине каршы эмеспи?

КОММЕНТАРИЙСИЗ

Мамлекет, коомдун турмушун уюштуруп калыпка салып туруш үчүн ойлонуп табылып Жаратылган соң мамлекет сапаттын символу болууга тийиш. Жекече ишканалар өздөрүнүн сапаты менен мамлекеттик ишкана-мекемелерден жогору турганы мамлекет үчүн маскара көрүнүш.

© Улан ДУЙШЕНАЛЫ

Мамлекетте педагогикалык илим артыкчылыктуу болсо Мугалим – коомдун коррупцияланбаган чынчыл мүчөсүн калыптандыруучу, ошого тең экономиканын коррупцияланбаган чынчыл ишмерин калыптандыруучу катары гүлдөгөн экономиканын Суу башы боло алат.

© Улан ДУЙШЕНАЛЫ

Сөзүндөгү, иш-аракетиндеги жана жүрүм-турумундагы чынчылдык – туура мамлекеттик башкаруунун, демек коомдун жашоосун комфорттуу түзүүнүн жана бүтүндөй цивилизациянын өнүгүшүнүн зарыл фактору.

© Улан ДУЙШЕНАЛЫ

Трайбализм, маңызында, кыргыз мамлекеттүүлүгүн саясий, социалдык-экономикалык жактан талкалаган, элдин руханий соолугун бузган ачыктан ачык эле антиконституциялык фактор жана келечек муунубузга каршы коюлган кечирилгис оор тукум курут (геноцид).

© Улан ДУЙШЕНАЛЫ

Сөз эркиндиги керек. Бирок аны жоопкерчиликсиз калп жана ушак сөз эркиндигине айландыруу коомдун адеп-ахлак (нравалык) трагедиясына, бардык коомдук кырсыктардын катализаторуна алып келет.

© Улан ДУЙШЕНАЛЫ

Саясатчы – бул жабык салгылашууда жеңип, ачык салгылашууда жеңиле турган жоокер сыяктуу.

© Улан ДУЙШЕНАЛЫ

Мамлекеттик ишмер тарыхта алтын из калтырып өзүнүн доорунан кийинки муундарга чечилбей калган маселе калтырбайт, кийинки муундар тарабынан мамлекеттик ишмерге доомат коюлбайт. Мамлекеттик ишмер өзүнүн улутунун жолкөрсөтмө жарык жылдызы болуп жанат.

© Улан ДУЙШЕНАЛЫ

Адам өзүнүн ыйманы менен илим жана техниканын жетишкендиктерине карама-каршы келет. Адам илимдин жетишкендиктерин колдонуп, адамдын коопсуздугуна, анын ичинде адамдын моралдык-нравалык кол тийбестигине каршы чыгышы мүмкүн – робот курууда, жасалма интеллект жаратууда, гендик инженерияда, өзөктүк (ядролук) куралданууда жана илимдин башка тармактарында.

© Улан ДУЙШЕНАЛЫ

Сапаттуу мыйзам долбоору катардагы кызматкерлердин гана колунда. Себеби кадыр-барктуу юристтер чет-жакадагы көйгөйлөрдү көрбөй калышы мүмкүн. Себеби алар, иш бөлмөлөрүндө отурары ыктымалдуу жана алар чыгарган мыйзамдарда перифериялык ориентация жок болушу мүмкүн, ал эми катардагы жарандын көз көрүүсү кененирээк жана мыйзам долбоорун иштеп чыгып жатканда курсагы ток, кийими бүтүн кабинеттик юрист көрө албаган факторлорду эске алаар эле.

Юристтерге, эксперттерге жана профессорлорго жөнөкөй (карапайым) адамдардын ичинен чыккан депутаттар зарыл болгондо консультация бериши керек, анткени жөнөкөй адамдар турмуштун көйгөйлөрүн көбүрөөк көрүп билишет.

© Улан ДУЙШЕНАЛЫ

Эгерде өлкөдө бардык нерседе туруктуу тартип орносо жана эл өлкөнүн ички жана тышкы саясатына ыраазы болсо, элдин саясатташусуна эч кандай муктаждык болбойт. Коомдун чектен тыш саясатталышы адамдардын өздөрүнүн дайындуу (конкреттүү) кесиптеринен четтешине алып келип элдин саясатталышы бүткүл коомдун кесиптик ишмердигинин шайкештигин (гармониясын) бузат.

© Улан ДУЙШЕНАЛЫ

Жолдорду тосуу – эгоцентризмдин жогорку чектеги көрүнүшү жана жолдорду тосуунун себептери канчалык асыл болсо дагы жол тоскон кара санатайларды эч канча актабайт жана өз элине жана өз өлкөсүнө да кечирилгис душмандык катары мүнөздөлөт. Анткени жолдо бараткан адамды бир жерден экинчи жерге баруу мүмкүнчүлүгүнөн аёосуз айрылтып өзгөчө зарыл болгон адамдын пландарын ойрон кылууга кескин түрдө жол берилбейт, айрыкча жол жүргөн адамдын бир жерден экинчи жерге сапар тартуу чечими өмүр жана өлүм маселеси менен байланышкан болсо.

© Улан ДУЙШЕНАЛЫ

Демократия – бул мыйзамдын, адеп-ахлактын, этиканын ченемдерин (нормаларын), өзүнүн мекендештеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын бузбастан жана жеке адамдын жана адамдар тобунун эгоцентризмине жол бербей, адилеттүү мамлекеттик башкарууну орнотууга багытталган жарандардын жоопкерчиликтүү сөз эркиндиги жана иш-аракеттери.

© Улан ДУЙШЕНАЛЫ

Демократия топтордун эгоцентристтик кызыкчылыктарын жаратат.

© Улан ДУЙШЕНАЛЫ

Көп партиялуулук эмгекчилдерди жутуп жеп аларды саясатчы-бекерпоздорго айландырат. Көп партиялуулук адамдарды бөлүнүп-жарылууга алып келип амбицияларды жана эгоцентризмди жаратат. Көп партиялуулук адамдардын жалпы кызыкчылыгы үчүн биригүүнүн душманы. Көп партиялуулук хаос жана башаламандыкты жаратат.

© Улан ДУЙШЕНАЛЫ

«Мобилдик телефон, баарынан мурда, оюн функциялары менен толтурулбай, турмуштук зарыл байланыш каражаты катары каралышы керек да баланын телефондо кызыгып ойношу, Сиздин балаӊыздын психикалык өсүшүн кунарсыздандырып, телефондун ыкчам байланыш каражаты катары дайындалган негизги функциясын убакыт жагынан кармап, улууларды жумуштан алагды кылып өндүрүш жараянын зарар кылат да, акыры келип телефондун оюн функциясы биз байкай бербеген улутту тукум курут кылуу ролун аткарат».

© Улан ДУЙШЕНАЛЫ

Депутаттыкка кандидаттар элге убадаларын берип жатышканда, алардын убадаларынын мага эч кандай мааниси жок, себеби аларда депутаттын түздөн-түз функционалдык милдеттери бар болот да алар өздөрүнүн депутаттык ишин таштап коюга укуктары жок жана шайлоо алдында балдар бакчаларын, ооруканаларды, жолдорду, заводдорду жана фабрикаларды жана башка аткарууга мүмкүн болбогон социалдык маселелерди чечүүгө убактылары да болбойт.

© Улан ДУЙШЕНАЛЫ

Телефон аркылуу, айталы, эски досуӊуздун же таанышыӊыздын үй дарегин сураганыӊызда, ал дарегинин ордуна, тигил же бул жерге жетип телефон чалсаӊ, сени өзүм тосуп аламын деп жооп берсе, сак болуӊуз, сиздин адамыӊыз телефон чалууӊузга атайын жооп бербей коюшу мүмкүн же телефон байланышы Сизди оӊтойсуз абалда калтырышы мүмкүн да (батареясы отуруп калып, же телефон бузулуп, начар байланыш болуп ж.б.у.с.), Сиз алыстан атайын убара болуп келип көчөдө калышыӊыз ыктымал.

© Улан ДУЙШЕНАЛЫ

Эгерде Сиз окуу жайын бүтүрүп бирок жөнөкөй эле актыларды, протоколдорду, буйруктардын долбоорлорун жана расмий каттарды даярдаганды билбесеӊиз, өзүӊүздү толук кандуу адисмин деп эсептебеӊиз, кайрадан окуп келиңиз.

© Улан ДУЙШЕНАЛЫ

Сыягы, флораны, фаунаны жана пайдалуу кен байлыктарды сактап калуу үчүн административдик-территориалдык бирдиктин жетекчисинин жана көзөмөл органдарынын кызматына киришип жатып өсүмдүктөр дүйнөсүн (бак-дарактар), жаныбарлар дүйнөсүн (анын ичинде көлдөгү жана көлмөлөрдөгү балыктарды) акты боюнча өткөрүп алып жана кызматтан кетип жатып акты боюнча кемип чыкса, тийиштүү дэӊгээлде коргоону камсыз кыла албаганы үчүн уурдалган байлыктарды кайтарып берүү практикасын киргизүү убактысы бышып жетилди окшойт.

© Улан ДУЙШЕНАЛЫ

Улан Дүйшөналы, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар Бирлигинин мүчөсү, билингвист жазуучу-фантаст, Орус адабияты Эл аралык академиясынын Эл аралык адабий-коомдук сыйлыгынын лауреаты, «Фантастика» аталмасы боюнча Москва адабий сыйлыгынын финалисти Дипломунун, Москвадагы Интернационалдык жазуучулар Союзунун жана Луганск Эл Республикасынын Жазуучулар Союзунун биргелешкен дипломунун, «Биеннале 2020-2022» Москва адабий сыйлыгынын номинанты Дипломунун ээси.

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

04-06-2024
Оплачивается ли сменное дежурство в двойном размере, если оно по графику приходится на праздничный день?
1432

30-05-2024
На тестировании на госслужбу выявлен ошибочный вопрос, из-за которого снижаются баллы конкурсантов
1257

05-04-2024
Исправляем саботажные законы. Почему заставляют повторно измерять вредное воздействие оборудования, если его не меняли на новое?
974

04-04-2024
Исправляем саботажные законы. Работник вправе два раза в год выходить в трудовой отпуск по 28 дней или двойной стандарт толкования Трудового кодекса
1937

03-04-2024
Исправляем саботажные законы. Почему суд аксакалов может «не вести» протокол своего судебного заседания?
1058

19-03-2024
Теперь хоть научат нас за 17 лет обучения (12 – в школе и 5 – в университете) грамотно писать и составлять письма, отчёты, акты и протоколы?
1819

24-02-2024
На тестировании в кадровый резерв формируют абсолютно ненужные вопросы
1067

14-02-2024
Почему в Жогорку Кенеше теряются письма?
947

14-02-2024
Депутатам ЖК: Приём в резерв кадров с дипломами с отличием ещё более усугубит состояние госслужбы
1612

11-01-2024
Улуттук идеология. Коомдун элүү бир жашоо чөйрөсүн жөнгө салып оӊдой турган каада-салттардын таблицасы. 2-бөлүк
963

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×