«Жаңы Өкмөт үйү» кандай аталышы керек? - деп С.Жапаров суроо таштады. Менимче «Кыргыз Ордо» болушу керек. Себеби, биринчиден, Кыргыз эли турк дуйнөсүнүн башатында тургандыгына карабастан, дуйнөлүк коомчулук биздин элибизди кеңири тааныбайт. Советтик доордо эле «Белгисиз республика» деген атка конгонбуз. Кошуналар болсо, кыргыздын байыркылыгын билсе да, билмексен болуп дыңкыйып, өздөрүн түрктөрдүн гана эмес, монголдордун да түп атасы катары көрсөтүп жатышат.
Экинчиден, көрүп турасыздар, туш-тушта согуш, аалам ала салып жатат, эл аралык мамилелер көп ордолуу системага өтө башталды. Ушуга байланыштуу улуттук иденттүүлүк маселеси улам курчуйт. Кандай ордого бириксек да, «Биз-кыргызбыз» деген иденттүүлүк кашкайып көрүнүп турушу зарыл. Кээ бирөөлөр «Манас ордо» деп сунуштап жатышат. Манасты, аны жараткан кыргыз элинен бийик коебу?
Үчүнчүдөн, жаш муундарды кыргыздын улуттук ар – намысты, бийик тутууга, Ата-Мекенге сыймыктануу сезимине тарбиялоо учурдун зарыл талабы. Кыргыздын тарыхын, тилин, маданиятын билбеген жаштар көбөйүдө. Алардын бир тобу чет өлкөлөргө кетип окуп, иштеп жатканына, албетте, каршылык жок. Бирок, ар нерсенин чеги болуш керек да. Кыргыздардай самсаалап, болор-болбос бир иштерди (короо шыпыруу, туалет тазалоо ж.б.) аткарып жүргөндөрдүү көргөндө ыза болосуң. Кытайлык кыргыздардын «Биз» деген эң сонун ыры бар:
«Асмандан жамгыр болуп төгүлдүк, биз,
Ааламга ак калпакчан көрүндүк, биз
Чөп болдук жер тандабай өсө берген,
Булут сыздык ааламга сөгүлдүк, биз»
Карагылачы: «Чөп болдук жер тандабай өсө берген» - деген сап сай- сөөгүңдү сыздатат. Ала-Тоодогу арча-кайың, карачайлуу жашыл токойлор ичинде, жашыл талааларда эмес, таштандыларга деле өсө берген чөп болдук дейт. Кыргыз жериндей жер барбы. Кудайга шүгүр, азы ыр эл турмушун бир кыйла оңдогон, эч кимден кемсинбей жашап калды. Жанагы четте короо шыпырып, таксист болуп жүргөндөр уялышы керек, арданышы керек, бизде деле андай иштер толтура да. Эң өкүнүчтүүсү, биздин жаштар, акчаны көп таба турган оор иштерге барбай жатпайбы? Азыр биздеги жолдорду, ГЭСтерди курууда, терең интелектуалдуу технологияларды иштетүүдө кытайлар, орустар иштеп жатат. Ушундайынан булар улуу элдер да. Биздин балдар жеңил жумушту издешет, ыкшлолугу, жалкоолугу да бар.
Урматуу агайын туугандар! Терең билим менен бирге Жаштарды күтүрмөндүккө, намыскөйлүккө, кайраттулукка тарбиялайлы. Антпесек, эртең биздин элдин аскери да, жумушчусу да жок калат.