Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровко Ачык Кат
Урматтуу Садыр Нургожоевич,
Жаңы курулган президенттин резиденциясына ат коёлу деп элге кайрылганыңыз абдан орундуу, демократиялык кайрылуу болду. Коомчулук жылуу кабыл алды, бир топ эл өздөрүнүн ойлорун айтты. Мен да ошолордун ичинде атайын кат жазып, «кыргыз ордо» болсун деп кайрылгам (тиркеме каттын артында). Анткени, - мындай ат коюуу көбүн эсе тышкы дүйнөгө арналып, геосаясаттык кызыкчылыктан улам коюлат. Мисалы, Кремль, Франциянын Елисей сарайы, же Англиянын Букингем сарайы ушул элдердин улуттук тагдырында болгон бир улуу бурулуштардын символу катары, ошол элдердин иденттүүлүгүн дүйнөгө таанытып турат. Жада калса, казак боордоштордун «Ак Ордосу» кадимки Чынгыз хандын уулу Жучи хандын сарайынын атын алып, казактын байыркы хандык мамлекеттуулугунун символун көрсөтүп турат.
Сиздин чечимиз менен ордобуз «Ынтымак Манас Ордо» деп аталмакчы.
Ырас, «Ынтымак» деген сөздү элдин ички биримдиги үчүн күнүмдүк саясатта бассак, турсак тынбай пайдалана берип, ашмалтай болуп калган сөз. Ордонун атын койсок эле ынтымак күчөп кетсе кана, атаганат. Анын үстүнө бул сөздүн географиялык саясатка эч тиешеси жок да. Немец же француз «Ынтымак» деген объектини кайсы картадан табат. Эми «Манасты» дагы көрүнгөн жерге коё берип ашмалтай сөзгө айландырып салдык. Кайран залкар акыныбыз Аалы Токомбаев БКнын бир пленумунда мындай деп орусча сүйлөдү эле: «Возмущает неумеренно глупый размах по спекуляции и эксплуатации эпоса, что в конце концов к хорошему привести не может. Судите сами. Я перечислю то, что на поверхности:
Аэропорт «Манас»,
Кинотеатр «Манас»,
Канал «Манас»,
Село «Манас»,
Колхоз «Манас»,
Совхоз «Манас»,
Манасский район,
Папиросы «Манас»,
Бальзам «Манас»,
Конфеты «Манас»,
Коньяк «Манас»,
Карандаш «Манас».
Буларга: «Манас академиясын», «Манас театрын», Талас шаардагы «Манас Ордону» кошолу. Чынында эле ар нерсенин өлчөмү, чеги болуш керек да.
Манастын да тышкы дүйнө үчүн эч кандай геосаясий маансиси жок. Аны жараткан кыргыз элинин аты коюлбай, анын аты коюлганы туура эмес да.
Ал эми Кыргыз эли БУУда катталган мамлекети бар геосаясий фигура. Кыргыз эли болсо, Кыргыз мамлекети бар. Кыргыз жок болсо, анын мамлекети да жок. Демек, Ордонун аты эле эмес, Ээси да кыргыз эли. Анан эмнеге эле ордого кыргыздын атын ыраа көрбөй жатканынарды, мен түшүнө албай жатам.
Урматтуу Садыр Нургожоевич, Сиз азыр көп чабыттуу ишмердүүлүгүңүз менен элибиз жактырган, каалаган президент болуп турасыз. Ошондуктан, болоор – болбос жерден тайгаланбаңыз. Элге кайрылгандан кийин, элди угууга милдеттүүсүз.
Сизден сураныч: менин «Кыргыз Ордо» же «Кыргыз эл ордосу» деген сунушумду жалпы элге кеңири талкууга коюңуз. Добуштарды, сунуштарды салыштыруу аркылуу чечели, бул өтө олуттуу саясий маселени.
P.S. Албетте сын эч кимге жакпайт. Бирок, мен сакалдуулугума таянып, бийликке бир аз сын айттым. Сиз муну туура түшүнөсүз деп ишенем.
Саламым менен Ж.Сааданбеков
Тиркеме
Ж. Сааданбеков: «Кыргыз Ордо» болсун.
«Жаңы Өкмөт үйү» кандай аталышы керек? - деп С.Жапаров суроо таштады. Менимче «Кыргыз Ордо» болушу керек. Себеби, биринчиден, Кыргыз эли турк дуйнөсүнүн башатында тургандыгына карабастан, дуйнөлүк коомчулук биздин элибизди кеңири тааныбайт. Советтик доордо эле «Белгисиз республика» деген атка конгонбуз. Кошуналар болсо, кыргыздын байыркылыгын билсе да, билмексен болуп дыңкыйып, өздөрүн түрктөрдүн гана эмес, монголдордун да түп атасы катары көрсөтүп жатышат.
Экинчиден, көрүп турасыздар, туш-тушта согуш, аалам ала салып жатат, эл аралык мамилелер көп ордолуу системага өтө башталды. Ушуга байланыштуу улуттук иденттүүлүк маселеси улам курчуйт. Кандай ордого бириксек да, «Биз-кыргызбыз» деген иденттүүлүк кашкайып көрүнүп турушу зарыл. Кээ бирөөлөр «Манас ордо» деп сунуштап жатышат. Манасты, аны жараткан кыргыз элинен бийик коюлабы?
Үчүнчүдөн, жаш муундарды кыргыздын улуттук ар – намысты, бийик тутууга, Ата-Мекенге сыймыктануу сезимине тарбиялоо учурдун зарыл талабы. Кыргыздын тарыхын, тилин, маданиятын билбеген жаштар көбөйүдө. Алардын бир тобу чет өлкөлөргө кетип окуп, иштеп жатканына, албетте, каршылык жок. Бирок, ар нерсенин чеги болуш керек да. Кыргыздардай самсаалап, болор-болбос бир иштерди (короо шыпыруу, туалет тазалоо ж.б.) аткарып жүргөндөрдүү көргөндө ыза болосуң. Кытайлык кыргыздардын «Биз» деген эң сонун ыры бар:
«Асмандан жамгыр болуп төгүлдүк, биз,
Ааламга ак калпакчан көрүндүк, биз
Чөп болдук жер тандабай өсө берген,
Булут сыздык ааламга сөгүлдүк, биз»
Карагылачы: «Чөп болдук жер тандабай өсө берген» - деген сап сай- сөөгүңдү сыздатат. Ала-Тоодогу арча-кайың, карачайлуу жашыл токойлор ичинде, жашыл талааларда эмес, таштандыларга деле өсө берген чөп болдук дейт. Кыргыз жериндей жер барбы. Кудайга шүгүр, азы ыр эл турмушун бир кыйла оңдогон, эч кимден кемсинбей жашап калды. Жанагы четте короо шыпырып, таксист болуп жүргөндөр уялышы керек, арданышы керек, бизде деле андай иштер толтура да. Эң өкүнүчтүүсү, биздин жаштар, акчаны көп таба турган оор иштерге барбай жатпайбы? Азыр биздеги жолдорду, ГЭСтерди курууда, терең интелектуалдуу технологияларды иштетүүдө кытайлар, орустар иштеп жатат. Ушундайынан булар улуу элдер да. Биздин балдар жеңил жумушту издешет, ыкшлолугу, жалкоолугу да бар.
Урматуу агайын туугандар! Терең билим менен бирге жаштарды күжүрмөндүккө, намыскөйлүккө, кайраттулукка тарбиялайлы. Антпесек, эртең биздин элдин аскери да, жумушчусу да жок калат.