Бул дүйнөдөн көзү өтүп кеткен улуу-кичүү замандаштарыбызды эскерип, алардын убагында элге кылган кызматын, адамдык паразатын, жаштарга көрсөткөн өрнөгүн айтып туруу жөн эле сөз эмес, адамдык парз го деп ойлойм. Бул азыркы жаштарга, кийинки муундарга зор тарбиялык мааниси бар эскерме болот го дейм. Андыктан өзүм көрүп-билген, чогуу иштешкен адамдар жөнүндө билгендеримди, көргөндөрүмдү жана уккандарымды айтып турайын деп чечтим.
Мага өзүнүн адамдык акыл-эси, мыкты уюштуруучулук жана башкаруучулук жөндөмү, тартипти катуу кармаган принциптүүлүгү, өзүнүн кызыкчылыгынан коомдун, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору койгон элчилдиги менен зор таасир тийгизген адамдардын сап башында Эсеналы Дайракунов турат.
Туура, гений болсо да адамдарга жагыш кыйын. Азыркы демократия деген ээн ооздук заманында мындай өйдө-ылдый пикир ого бетер күчөдү. Эсеналы абам жөнүндө эл арасында андай-мындай деген сөздөр боло калып жүргөнү чындык. Бирок, кандай айтпайлык, тарых ал кишиге оң баасын берген, дагы деле бере берет. Бир колхозду 30 жыл жетектеп, жетектегенде да ортозаар колхоздун деңгээлинде жетектебей, Октябрь революциясы ордендүү, миллионер колхоздун деңгээлине жеткире жетектеген. "Жаңы-Талап" колхозу ал киши жетектеген жылдары болуп көрбөгөндөй ийгиликтин туу чокусуна жеткен. Колхоздун экономикасы республика боюнча эң алдынкы орунга чыгып, банктык эсебинде 3-4 миллион рубль (союздун рубли курсу боюнча доллардан 1 жарым эсеге чукул жогору турган) акча каражаты эркин пайдаланууда турган. Колхоз СССРдин эл чарба көргөзмөсүндө (ВДНХ) 17 жыл, Кыргыз ССРинин Ардак Тактасында 20 жылдан ашык жазылып турган. 1971-жылы Октябрь революциясы ордени менен сыйланган. Бир нече жолу союздун, республиканын Өтмө Кызыл Тууларына ээ болгон. Элдин эмгек акысы, кошумча төлөмдөр, берилген сыйлыктар убагында Нарын облусу боюнча жогорку көрсөткүч болгон.
Мына ушундай ийгиликтердин жаралышынын башында турган Эсеналы абам дагы өкмөттүн сыйлыктарына татыктуу болгон. Ал Ленин, Октябрь революциясы, Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендери, В.И.Лениндин 100 жылдык юбилейлик медалы, ВДНХнын алтын жана күмүш белгилери менен сыйланган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак Грамотасына 5 жолу татыктуу болгон.
Эсеналы аба коомдук иштерди да татыктуу аркалаган. Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына эки жолу, Кыргызстан Коммунисттик партиясынын XV, XVI сьезддеринде Борбордук Комитеттин мүчөсү болуп эки жолу, СССРдин Борбордук кеңешинин мүчөсү болуп 1970-1980-жылдары үч мөөнөткө, Кыргыз Республикасынын колхоздор кеңешинин төрагасынын орун басарлыгына эки мөөнөткө шайланган. Облустук, райондук кеңештерге бир нече жолу депутат, партиялык комитеттеринин мүчөсү болгон.
Эсеналы аба эмгекчилердин экономикалык, социалдык жана маданий жашоо деңгээлинин жогорулашына кайдыгер караган эмес. Мунун мисалдары катары мектеп, оорукана, бала бакча, теплица, тегирмен, мончо, тери цех, стандарттуу турак үйлөр, короо-сарайлар сыяктуу курулуштардын курулушу болуп эсептелет.
Мен эмне себептен биринчи эскерүүмдү Эсеналы абамдан баштадым. Анткени менин инсан болуп калыптанышыма ал кишинин жүрүм-туруму, талыбаган ишмердиги, эмгекчилдиги, көптү билген көсөмдүгү таасир тийгизген. Ушул кишидей болсом деген ой-сезим пайда болуп ушул кишини идеал туткам. Албетте, ушул кишидей башкаруучу болсом дегендиктен эмес, бул кишинин жогоруда келтирген сапаттары жаккандыктан.
"Жаңы-Талап" колхозу 8 айылды бириктирген өтө чачкын чарба болгон. Ушундай чачкын чарбаны бир үй-бүлөнү башкаргандай былк эттирбей башкарганына таң калчумун. Чындап келгенде бир үй-бүлөнү да бир чачкын колхозду башкарган Эсеналы абамдай башкара албайбыз. Бул кишини көптөрү сыртынан караганда өтө катаал, ашкере талапчыл, эч ким менен көп сүйлөшпөгөн, буркуйган адам деп ойлошчу. Мен деле көптүн бири катары ошентип ойлоп жүргөм. Көрсө ички дүйнөсү, адамкерчилиги, акылы, камкордугу башкача адам экен. Мен муну ал киши менен колхоздун профкомунун төрагасы жана айылдык кеңештин депутаттары болуп чогуу иштешкенде билдим.
Мени колхоздун прфсоюз комитетинин төрагалыгына чакырган да Эсеналы абам болгон. Мен ошондо Эсеналы абам менен чогуу иштешүү менен ал кишиден көптөгөн кеңеш алдым, үлгү алдым, турмуштук тажрыйба алдым. Эмгек жолумда Эсеналы абамдан үйрөнгөндөрүм жолумду жарык кылган маяк болгонун тана албайм. Эсеналы абамдын өрнөктүү өмүр жолун айтып да жазып да түгөтүүгө болбойт. Чынын айтканда эгемендүү мамлекетибиздин президенттеринен баштап калган чиновниктеринин бирөө да, эл өкүлдөрүнүн бирөө да Эсеналы абамдын деңгээлине каягынан болбосун жете албайт. Эсеналы абамдайлар мамлекетти башкарганда эгемендүү өлкөбүз башкача өнүкмөк.
Мен Эсеналы абам жөнүндө бир чака суунун тамчысындай эле учкай кеп кылдым. Бул киши жөнүндө айтылчу сөздөр арбын. Буюрса далай айтылат. “Эсеналы аба! Эмгектериңиз азырынча жакшы баалана элек. Бааланарына терең ишенем. Сиздин арбагыңызга таазим!”.
Улуу жердешибиздин эмгегин жогору баалаган айылдаштар өткөн жылы Жерге-Тал айыл аймагын Эсеналы Дайракунов атындагы айыл аймагы деп атоо тууралуу демилге көтөрүшүп, ал колдоо таап, бул сунуш бардык айылдардын жыйындарында жактырылып, райондук жана областтык бийликтер дагы макул болушуп, бардык иш кагаздары Бишкекке жиберилген. Жакында жакшы кабар уктук: Жерге-Тал айыл аймагын Эсеналы Дайракунов атындагы айыл аймагы деп атоо тууралуу маселе жергиликтүү өзүн өзү башкаруу агенттигинде каралып, Өкмөттөн Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилиптир. Кудай буюрса жакынкы күндөрү бул да ишке ашат деп күтүп жатабыз.
Асанбек ЭРКИНБАЕВ,
Нарын районундагы Жерге-Тал айыл аймагынын
аксакалдар сотунун төрагасы