Адегенде идеологиялык насаат:
1. Менчиктин бардык түрүндөгү мекеме-ишканалардын, ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилерин, жогору жактан жок дегенде бөгөт койбогон чекте өздөрүнүн кесиптик ишмердигинде чынчыл болушуна үгүттɵп милдеттендириш керек. Мындай учурда потенциалдуу чынчыл болгон кызматкерлер өздөрүнүн жетекчилигинен коркушпай, коом үчүн чынчыл кызмат кылып ак ниеттүү иштегенге мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Ошондо коомдо жана мамлекетте массалык чынчылдыктын өнүгүшүнө өбөлгө түзүлмөк.
2. Башкаруу жөнүндө атамекендик жаӊы илимди (улуттук өзгөчөлүктү эске алган улуттук менеджмент) иштеп чыгуу жолу менен чынчылдыксыз мамлекеттик башкарууну, дегеле башкарууну мүмкүн эмес кылуу зарыл.
© У.Дүйшөналы.
Совет мезгилинде чындык деген нерсе адамдарда түшүнүксүздүктү жаратчу эмес эле. Учурда мындай түшүнүк бара-бара өзүнүн актуалдуулугун жоготуп коомдук аң-сезимде айкын таржымалга ээ болбой турат. Мисалы бул сөздү айтканда адатынча бул сөз эмнени билдирет же чындык чар-жайыт түшүнүк деп айтышат. А кээ бири болсо мындай түшүнүктү, өзүнүн жеке кызыкчылыктарынын ордуна элдин кызыкчылыгын сактоо шарты катары түшүндүрүүгө аракет кылат. Мына ушул аныктама чындык жөнүндөгү түшүнүккө жакыныраак болуп жатат.
Көрүнүп тургандай, чындык деген сөз бара-бара өзүнүн коомдук-философиялык жана моралдык-этикалык маанисин жоготуп, коомдун аң-сезиминде нукура жекече элести пайда кылууда. Ушуга байланыштуу бул сөздү өз алдынча кайра жаратууга, жаңы таржымал берип жаңыдан гуманитардык илимдерге интеграция кылууга аракет кылалы. Ошентип,
ЧЫНЧЫЛДЫК – БУЛ, ЖАКШЫЛЫК КЫЛУУ МАКСАТЫНДА КАЙГЫДА ЖАТКАН АДАМДЫ СООРОТУП КӨҢҮЛҮН КӨТӨРҮҮ ҮЧҮН ЧЫНДЫКТЫ АЙТУУГА МҮМКҮН БОЛБОГОН УЧУРЛАРДАН ТЫШКАРЫ, ЧЫНДЫКТЫ ЖАНА БИР ГАНА ЧЫНДЫКТЫ АЙТУУГА, ЖАНА ЧЫНДЫКТЫ АЙТПАЙ КОЮУ ЖАГДАЙЫ МОРАЛДЫК-ЭТИКАЛЫК ПРИНЦИПТИН БУЗУЛУШУНА АЛЫП КЕЛЕ ТУРГАН ЖАГДАЙДА ЧЫНДЫКТЫ ГАНА АЙТУУ, ӨЗҮНҮН КЕМЧИЛИКТЕРИН АБИЙИРИ МЕНЕН МОЮНГА АЛЫП, ЖОГОРКУ МОРАЛДЫК-ЭТИКАЛЫК КАНОНДОРГО ЖАНА МЫЙЗАМДАРГА ЫЛАЙЫК ИШ-АРАКЕТ КЫЛУУГА ЖӨНДӨМДҮҮ АДАМДЫН НРАВАЛЫК-ЭТИКАЛЫК САПАТЫ.
(Чынчылдык аныктамасын студенттик жылдары ойлоп чыгаргам).
Ошентип чынчылдык эки моралдык категорияга ээ, бул чын сүйлөп чын иштөө. Ушул эки жагдайды өз-өзүнчө карап көрөлү.
Чын сүйлөө. Ушул принципти турмуштун бардык жагдайларында абсолуттук тактык менен ойлонбой сактоо дегенди билдиреби? Албетте, жок. Адам дүйнөсү ушунчалык парадоксалдуу экен, ошон үчүн сөз айтууда идеалдуу чынчыл болууга мүмкүн эмес. Мисалы, оор кырдаалга түшкөн адамды жоошутуу үчүн калп сүйлөп коюуга болот, албетте, ушул калп айтуунун өзү башка адамга зыяны тийбей турган кырдаал болсо.
Акыры, жогоруда аныктамада берилгендей канткен менен чындыкты айтпай коюу жагдайы, эгерде, моралдык-этикалык принциптин бузулушуна алып келе турган болсо, чындыкты гана айтуу талап кылынат.
Эми адамдын ишин чынчылдык принциби боюнча карап көрөлү. Буга дейре биз аныктагандай – жогорку моралдык-этикалык канондорго ылайык аракет кылуу, иштөө. Моралдык-этикалык канондор, адам коомчулугу орното турган ченемдер (нормалар) аркылуу аныкталат. Мисалы, мыйзамдар, эрежелер жана башкалар. Бирок чынчылдык менен иш-аракет кылууну дайыма эле кандайдыр бир мыйзам же коом тарабынан кабыл алынган эрежелер эле көрсөтө бербеши мүмкүн.
Чындыгында кесиптик ишмердик тармагында жогорку моралдык-этикалык канондорго ылайык чынчыл аракет кылуу зарыл мааниге ээ. Бул адам өзү иштеген тармактын өсүшүнүн кызыкчылыгындагы жеке пайданы көздөбөй иштөө жана элдин кызыкчылыгындагы ишмердик. Бул паракордукту жактырбоо. Ошол эле тармактын натыйжалуу жана тоскоолдуксуз өнүгүшүнүн жана адам коомунун прогрессинин кызыкчылыгында кадрлар саясатында объективдүү ык жасоо. Чындыктын салтанаты үчүн керт башын ойлобоочулук жана объективдүлүк. Жана башка көп нерселер.
СӨЗҮНДӨГҮ, ИШ-АРАКЕТИНДЕГИ ЖАНА ЖYРYМ-ТУРУМУНДАГЫ ЧЫНЧЫЛДЫК – ТУУРА МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУНУН ЖАНА БҮТҮНДӨЙ ЦИВИЛИЗАЦИЯНЫН ӨНҮГҮШҮНҮН ЗАРЫЛ ФАКТОРУ.
Ошентип чынчылдык – адам баласын өнүктүрүп ошол адам аркылуу цивилизациянын натыйжалуу өнүгүүсүнө алып келе турган коомдук маанилүү жана абдан пайдалуу моралдык категория. Ушул жерден көрүнүп тургандай коомго чынчыл адамдар жана чынчыл кадрлар керек. Айрыкча мамлекеттик башкаруу тармагында. Бул максаттар билим берүү саясатын иштеп чыгуу аркылуу жетишилет.
Чынчыл муунду тарбиялоо үчүн, наристенин нравалык аң-сезими ак барактай таза болуп турганда тарбиялоо иштерин бала бакчасынан, үй-бүлөдөн жана мектептин биринчи классынан баштоо керек.
Чынчылдык Концепциясынын идеяларын жүзөгө ашыруунун укуктук усулу (методу) – КРдин Конституциясына (башка тийиштүү мыйзамдарга, билим жөнүндө, шайлоолор жана башка жөнүндөгү мыйзамдарга)
Чынчылдык жөнүндө сунуш-берене
1. Чынчылдык – бул, кайгыда жаткан адамга жакшылык кылуу максатында аны сооротуп көңүлүн көтөрүү зарылчылыгында чындыкты айтууга мүмкүн болбогон учурлардан тышкары, чындыкты жана бир гана чындыкты айтууга, жана чындыкты айтпай коюу жагдайы моралдык-этикалык принциптин бузулушуна алып келе турган жагдайда чындыкты гана айтуу, өзүнүн кемчиликтерин абийири менен моюнга алып жогорку моралдык-этикалык канондорго жана мыйзамдарга ылайык иш-аракет кылууга жөндөмдүү адамдын нравалык-этикалык сапаты.
2. Жарандардын чынчылдык ченемдерин (нормаларын) сактоосу максатында Кыргыз Республикасында төмөнкү нерселерге тыюу салынат:
1) ушак сөз эркиндигине;
2) чагымчылдыкка;
3) кадр маселелеринде иштин кызыкчылыгына жана атаандаштарга моралдык-нравалык зыян келтирген кумовствого (кемчилигин жаап-жашырып коргоп колдоо) жана протекцияга (көтөрмөлөп сүрмөлөөгө);
4) өзүнүн кызматкери жумуштан кетип жаӊы жумушка орношууну ниеттенип жаткан жаңы жумуш жерине алдын ала эскертип субъективдүү маалымат-мүнөздөмө берүүгө (ал жаман адам, жумушка албагыла деп ушактаган сыяктуу);
5) мыйзамдарда уруксат берилип каралган учурлардан тышкары, кандидаттардын мурдагы жумуш жерине кайрылып алардын кандай кызматкер экендиги тууралуу кызыгып аныктама сураганга;
6) кадр маселелеринде мурдагы иштеген жеринен субъективдүү мүнөздөмө бергенге;
7) кайрылып телефон чалуулар боюнча мурдагы кызматкерлерине субъективдүү мүнөздөмө бергенге;
8) инсандын кесиптик калыптануусуна жана мамлекеттин кадр саясатына зыян келтирип диссертацияларды, дипломдук иштерди, курстук иштерди жана рефераттарды жазып берүү боюнча акылуу кызматтарды көрсөтүүгө;
9) билип туруп атайын сапатыз товарларды жасап жана сапатсыз кызмат көрсөтүүлөргө;
10) ач көздүк менен коммерциялык максаттарды көздөп билип туруп атайын сапатсыз товарларды жасаганга жана сапатсыз тейлегенге;
11) чынчылдыксыз соода кылууга;
12) башкалардын атын жамынууга;
13) пара сунуш кылууга жана алууга;
14) кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга;
15) шайлоо кампанияларында тигил же бул кандидатка добуш берүүгө үгүттөөгө (кимге добуш берүүнү ар бир адам өзү чечет).
3. Жогорудагы чынчылдык ченемдерин (нормаларын) бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары жазык жоопкерчилигине тартылат.
4. Төмөнкү нерселерге жол берилбейт:
1) амбицияларын, жеке таарынычтарын иштин кызыкчылыгы менен чаташтырууга;
2) өзүнүн кызыкчылыгын көздөп калыстыгы жок мамиле кылууга;
3) мүнөздөмөлөрдү, сунуштамаларды, пикирлерди жана рецензияларды формалдуу жазууга;
4) текшерүүчүлөрдү сатып алуу максатында түштөм (кечтем, эртем – завтрак, ужин) сунуш кылууга;
5) кызмат абалынан пайдаланып же текшерүүчүлүк макамына (статусуна) ээ болуп түштөм (кечтем, эртем) кабыл алууга;
6) кызматтык мамиледе кошоматчылыкка.
5. Жогорудагы чынчылдык ченемдерин (нормаларын) бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопко тартылышат.
Улан ДҮЙШӨНАЛЫ