Добавить свою статью
11 Декабря 2023
Соодадагы туннель

Оболу кепти жакшы жашоолорду, кечирип жаткандыгыбыз жөнүндө баштайлы. Кандай сонун тойлорду өткөрөбүз, кооз үйлөрдү салып, моторлуу көлүктөрдү минебиз ,кандай жыргал... Сыртынан мрамор каптап, кооз базарларды курабыз, анан салыктан баш тартып, биз эптеп жан баккан карапайым адамдарбыз деп, эмнеге Дубайда жүрөбүз?

Биз башка мамлекетке барып, ушунча базарларды сала алабызбы? Ким бизди түшүнөт. Мүмкүнчүлүктөрүбүз дароо чектелет. Мекенибиз бар үчүн бактылуу жашап жүрөбүз. Анда эмне үчүн мекенге жардам бергибиз келбейт.

Соодагер айым бир нече контейнер үчүн 6 айда 18 миң доллар төлөгөнүн айтып, президентке даттанды. Бир топ киреше табат экен, бирок орчундуу чыгымга учураган. Ал төлөгөн 18 миң доллардан бир тыйыны да казнага түшпөй, жеке чөнтөктөрүнө түшүп жатат.

Дагы бир айым; Мамлекет бизге бир тыйын берип коюптурбу эмнеге салык төлөйбүз дейт.. Анда ким Кытай менен соода келишимдерин түзүп, чек араларды ачып атат. Же Цзинсипинге өзү барып келишим түзүп келеби? Биздин аң сезимдүү адамдарыбыз; Мамлекет бизге эмне кылып берди - дебей, Биз мамлекетке эмне кылып бердик - деп, айталы дейт.

Акылдуу адамдарыбыз бар. Ким угат аларды... Мурдагы президент Нурсултан Назарбаев ушундай талап койгондорго жооп берип жатып; Мамлекет силердин астыңарда милдеттенме алган эмес дегени, мага туура эместей сезилген. Чындыгында ал аябай туура айтыптыр. Цивилизацияланган мамлекеттерде демилгечи топтор, акционердик коом, жеке менчик компаниялар мамлекеттин экономикасын түзүп, бюджетин толтуруп турат. Ишкерлер өздөрүнүн гана эмес, мамлекеттин да коопсуздугун камсыздайт. Салык, насыя деген, мамлекет менен ишкерлерди байланыштырып турган туннель. Мамлекет жеке компаниялардан курал жарак, танктарды сатып ала турган болсо, түшкөн акчадан кайра кампания салык төлөйт. Ишкердик менен мамлекеттин ортосундагы акча жүгүртүү жигердүү калыптангандыктан, кубаттуу экономика Иракка, Афганистанга, кирүүгө мүмкүндүк берген.

Ишкердик инструмент сыяктуу мамлекеттин акча айлантуучу жөндөмү болуп саналат. Америкалык ишкер Америка Үчүн, Арабдар, арабдар үчүн иштейт. Ошондуктан ал жакта калктын жашоо деңгеели биздикинен жогору. Улуттук аң сезим болбосо, шаблондор кысып, калктын жашоо ыңгайына терс таасирлерди берет.

Туура жолдорду өзүбүз издеп табалы. Бизде "туннелдер" жабылып, ишкерлер өздөрүнө тоскоолдуктарды өздөрү жаратууда. Чындыгында базарлар мамлекетсиз бир да мүнөт жашай албайт, себеби мамлекет берген төлөмдөр- пенсия, пособия, айлык дегендин бардыгы кайра эле ошо базардагы "кожоюндардын ". чөнтөктөрүнө түшүп жатат. Эми мамлекет айтат; түшкөн акчадан бөлүш бизге деле. Тантырактаган адам чөнтөгүндөгү акча мамлекет аркылуу келгенин түшүнгүсү келбейт. Ишкерлер салыкты канчалык жакшы төлөп турса, алар ошончолук байыйт, Анткени айлык, башка маяналар көбөйүп,.базардагы соода сатык жакшырат. Бааларды көтөрүп, чындап байыганга боло тургандыгын да, түшүнүп калышты.

Мыйзамдардын да бир нечеси жазыла элек. Институционалдык тутумдарды бузуу, кара схемаларды жаратып, коркунучтарга алпарат. Сырттан кирген агенттер да муну уюштурушу мүмкүн. Байкоолорду жүргүзүү зарыл. Электер жарыгына атайын эсептегичтер аркылуу төлөмдөр жүргүзүлөт. К.К.м деле ошондой эсептегич. Тар түшүнүктөрдөн, жеке кызыкчылыктан улам эсептегичтерди колдонгулары келбейт. Кытай кыргыз темир жолуна мамлекет эми миллион, миллион долларларды карыз алган турат. Камбар Ата ГЭСине да көп акча коротулат. Бул мегапроектер бүтсө анын пайдасын ишкерлер да көрөт.

Мамлекет базардагы сооданы коргош үчүн, алдамчыларды, ууруну, кылмыштардын бетин ачууда. Бул аракеттерди түшүнүп, базарлар шайкеш иш жүргүзсө, эч ким жапа чекпейт. Базардагы ишкер завод салып фабрика курса, жеңилдиктер каралары турган иш. Алдыга умтулуу зарыл, кардардын чөнтөгүн карап отура бербей.

Соода жүргүзүүдө кошуна мамлекет менен да көйгөй бар. Казактарды да кыргыз экен деп айтып жатышат. Бирок кыргыздар чек арага туруп алып эч качан заара чогулткан эмес Узун кезек. айдоочулар кечке тургандыктан чек ара дааратканага айланып баратат. Байыркы Римде адамдардын заарасын чогултчу экен. Зааранын курамындао хлориддер, фосфаттар болгондуктан, кир жуучу каражат катары колдонулган. Эски методдордун пайдасы барбы азыр?

Экономикалык толеранттуулукка барган эң туура жол. Экономикалык теориялар аркылуу түшүндүрүп, түшүнүксүз доңузду пайда кылбай эле коёлу. Тигине Казак фирмалары Кыргызстандан акчаларды күрөп алып чыгып баратышат. Чек арадан тоскоолдуктарды жаратпай эле өтүп кетишти.Көрдүңүзбү, бизде акча көп болсо, силер да пайда көрөсүңөр Анда эмнеге чек араны тосуп атасыңар? Казакстан баары бир А.К.Ш. болуп кетпейт. Эл аралык келишимдерди бузуу алсыздыктын белгиси.Алар имиджти көтөргүлөрү келсе, макулдук алып Обь дарыясынын бир бөлүгүн Аралга буруп куюшпайбы. Ошондо мактанууга болот. Кыргызстанда жайлата суу тартыш болду. Ага карабастан Аралга бир жарым миллиард куб суу кирди, иншанла- деп жазып атышат. Чынында эле деңиздин жону жогору чыга түшүптүр. Муну менен Аралдын көйгөйү чечилеби? Суу дайыма эле Аралга бара бербейт. Суу талааларды сугарганга, Токтогул суу сактагычын толтурганга керектелет. Биз үчүн энергетикалык коопсуздук маанилүү. Арал деңизи океанга чыкпагандан кийин, деңиз унааларынын түйүлдүк каттамдарын камсыз кыла албайт. Андыктан Сыр дарыя аркылуу, Аралды толугу менен толтуруу жогорудагы себептерден улам мүмкүн эмес.Сибирдин суулары керек.Узун каналды курууга Орто-Азия менен Казакстандын кубаты. жетеби? Кеминде 100 миллиард доллар талап кылынат. Каналдын туурасы 200 метрге жетиши ыктымал. Обь дарыясынан Арал деңизине чейинки аралык 2020 км. Кытай сепилин салгандай муну кытайлар курушу мүмкүн. Кеп чоң канал жөнүндө болуп жатат.Суу ташкындарынан улам, Сибирде нымдуулук жогору, азыркы учурда.Сибир дарыясы Аралга келип куюлса, эки жактын ава ырайы жакшырып, климат турукталабы деген ой туулат.Бирок кана..Чек арадагы майда маселеге кармалып тура беришет го..Глобалдуу ой жүгүртүп, глобалдуу жашай ала турган болсок сонун болмок.КӨЧМӨНДӨР булуттуу көктүн астында, чек ара дегенди билбестен,аттардын туягын мылгытып, чексиз мейкиндиктерди аралай глобалдуу жашап келгенин улай, бирдиктүү салттарды карманалы.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

20-12-2023
Эң бийик туу
1318

03-10-2023
Завод курулабы?
1083

30-09-2023
Жогорку аң сезим
1327

25-06-2023
Гравитация
1266

20-06-2023
Ала-Тоо бренд
1607

01-04-2023
Салык жана «Лудиттер» Шейх Рашиддин айтканы...
1005

04-12-2022
Атомдук станция тууралу...
1670

25-05-2022
Капитализмде жашап жатабызбы?
2117

04-02-2022
Баткенди тоң баспасын
2431

18-01-2022
Табият жана адам
3153

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×