Добавить свою статью
10 Января 2024
Улуттук идеология. Коомдун элүү бир жашоо чөйрөсүн жөнгө салып оӊдой турган каада-салттардын таблицасы. 1-бөлүк

Макаланын 1-бөлүгү.

ОН БИРИНЧИ КОНЦЕПЦИЯ – КААДА-САЛТТАР ИДЕОЛОГИЯ КАТАРЫ (ЖАӉЫЛАНГАН ЗАМАНБАП). «Программалык-укуктук Кыргызстандын Жалпы жарандык идеологиясы» китебимден.

Эгерде кыргыз элинин идеологиясынын бар болгондугу тууралуу маселени койсок, анда ал каада-салттардын, үрп-адаттардын, накыл сөздөрдүн негизинде бар болуп келген. Каада-салттар элдин турмушун бийик руханий-нравалык ченемдердин (нормалардын), бар болгон ченемдердин терең философиялык негиздемелеринин, саясий түзүлүштүн, гуманисттик социалдык мамилелердин (бул рыноктук экономикалык модель менен талкаланды) бүтүндөй жыйындысы менен толтуруп турган.

Каада-салттардын баалуулуктары өкүм сүрүп турганда кыргыз эли көптөгөн ченемдик укуктук актыларга муктаж болгон эмес жана адамдардын өз ара мамилелери, адамдын жүрүм-туруму элдин нарк-насили менен эле жөнгө салынып турчу. Мисалы, кыргыздар ар бир сөзгө олуттуу маани беришчү жана зарыл болгон кезде үйүр малды эч кандай тил катсыз жана нотариалдык ишеним каттарсыз эле карызга ала алышчу. Анткени ооз эки берилген сөз мыйзамга тете болчу.

Бирок азыркы мезгилде каада-салттар терс трансформацияланып батыш маданияттарынын экспансиясына дуушар болуп өткөн заманда артта калууда. Каада-салттарыбызды бузуу ишине, моралдык бузукулуктагы кинолорду берип кээ бир ата мекендик телекөрсөтүүлөр дагы тилекке каршы жигердүү (активдүү) салым кошуп жатышат. Ошон үчүн кыргыз элинин идеологиясы чаржайыт абалга кептелип тургандай абалда.

Илгери шарттар башкача болгон. Азыр шарттар башка. Ошон үчүн каада-салттардын жана үрп-адаттардын айрым көрүнүштөрүн ойлонбой туруп маанисиз колдонбош үчүн азыркы доордун шарттарына жараша оңдочусун ондоп, өзгөртчүсүн өзгөртүп, алчусун алып, жойчусун жоюп салыш зарыл. Ушул багытта каада-салттарды жана үрп-адаттарды иреттүү тутумга (системага) келтирип кайра жаратсак, кыргыз элинин идеологиясы катары руханий кайра жаралууга алып келмек.

Кыргыз элинин идеологиясын каада-салттардын негизинде кайра калыптандырыш үчүн төмөндө, мамлекеттин өнүгүшүн, инсандын адеп-ахлагын, ыйманын жана коомдук жашоону туура нукка сала турган айрым гана каада-салттарды жадыбал (таблица) түрүндө чагылдырар элек. Бирок жадыбал (таблицанын жадыбал деп аталышын Мамлекеттик тил комиссиясынын сөздүгүнөн алдым) түрүндө иштелип чыккан каада-салттарды кайрадан жадыбалдын ичинен алып чыгып 51 темадан турган ар бир теманы: 1. «ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?» 2. «МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР». 3. «ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ» деген түзмөк (схема (котормочулар схеманы түзмөк деп которушкан)) боюнча чагылдырууну туура көрдүм.

Эмесе, каада-салттардын, макал-лакаптардын жана накыл сөздөрдүн даректүү дайындуу (конкреттүү) функцияларынын мазмуну:

1. ЧЫНЧЫЛДЫК

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

1. Чынчылдык.

2. Кошоматчылыкты жоюу.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Туура бийде тууган жок,

Туугандуу бийде ыйман жок.

2. Кан калыс болсо, кошоматчы алыс болот.

3. Жакшы болом десең, жакыныңа жан тартпа.

4. Эл камын ойлоп башкарган – кеменгердик,

Эл тагдырына кол көтөргөн – текебердик.

5. Байдын байлыгы кедейдин көз жашынан жаралат.

6. Жаңылып адашкандан, жагынып адашкан жаман.

7. Аким бол, калкка жакын бол.

8. Падышанын мыктысы аалымды жандайт, аалымдын начары падышаны жандайт.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

4. Мыйзамга чынчылдык жөнүндө берене иштелип чыккан (Бешинчи концепцияда).

5. Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзам аркылуу кошоматчылыкка жол бербөө.

6. Мамлекеттик кызматкердин этикасы.

2. АШ-ТОЙЛОР

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

1. Коомду тукум курут кылган рыноктук жашоону, элдин кыйын материалдык абалын эске алган, ысырапкорчулукка жол бербеген сарамжалдуу заманбап ченемдер (нормалар) талап кылынат.

2. Дүйнөдө бир сындырым нанга жетпей ачарчылыкта жашаган өлкөлөрдү ойлоп коюш зарыл.

3. «Башкаларды каратып коюп тамак жебегин» деген кыргыздын накыл сөзүндөй кедей жашаган, колунда жок эл-журтту каратып коюп ысырапкорчулук менен төгүлүп-чачылбаш керек.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Той берген адам төгүлүп чачылса элден аянбай, өзүнүн чыгымдарын тойго келген меймандардан кайра чогултуп алам деп эсептешпей, той кылган кубанычы менен чын жүрөктөн марттык, берешендик менен бөлүшүшү керек. Тойду акысыз бекер өткөрүшү керек, чыгымдары үчүн меймандардан акча үмүттөнбөй, берген тамак-ашын, тартуулаган этин соодалашып сатпай. Кыргыз качан «жегениң үчүн, үйүмдө жатып кеткениң үчүн төлө» деп коноккоо доолачу эле? Тойдун саясаты ушундай эле болуп жатпайбы?

2. Той өткөрүп элге мактангысы келсе эл менен кубанычы менен чын жүрөктөн бөлүшүшү керек, өзүнүн көйгөйлөрүн элге таңуулап элдин эсебинен чечпей.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

«Той дегенди – үй-бүлөдөгү кубанычтуу окуя менен туугандарыӊыз, досторуӊуз, кесиптештериӊиз жана тааныштарыӊыз менен чын жүрөктөн бөлүшүү деп түшүнүш керек. Кубаныч менен бөлүшүү – соодалашпаган акысыз болушу керек».

© У.Дүйшөналы.

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы. Мамлекет билим берүү тармагы менен үй-бүлөлүк тарбиянын бири бирине шайкеш келишин жөнгө салып, координациялап, муунду каада-салттардын, үрп-адаттардын бирдиктүү ченемдери (нормалары) менен тарбиялоо саясатын камсыз кылышы керек (үй-бүлөдө бир эреже айтылып, билим берүү тармагында башка эреже айтылбай).

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

4. Мыйзам аркылуу жөнгө салуу, терс көрүнүштөргө тыюу салуу.

Жоё турган нерселер:

1. Адам алып туруп кийбей коё турган кийит тартуулоо салты.

2. Союла турган малды чектөө.

3. Курсагы тойгон конокторду жарым күндүн ичинде беш-он жолу кыстап-кыйнап ичирип-жедирип түштөндүрүү. Адам баласы күнүнө үч эле жолу тамак жешин эске алуу.

4. Кудаларга шакек салууну жоюу – тойго кетчү чыгымды бир аз болсо да азайтат. Күйөө бала менен келинге шакек салган жетиштүү да.

3. КЫРГЫЗДЫН ЖЕТИ ЫЙЫГЫ

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

1. Ала Тоону жана Ысык-Көлдү экологиялык жактан коргоп сактоо.

2. Туристтерге боз үйдү таза жана кооз кылып көргөзүп беделин сактоо, мүмкүн болсо кулпу салып жаппоо.

3. Манас эпосу жөнүндө аз да болсо билип жүрүү, колдон келсе анча-мынча айта билүү. Манас эпосун китеп кылып чыгарууну үзгүлтүккө учуратпоо, аудио жоромолун (аудиоверсиясын) чыгарууну мамлекеттик колдоо.

4. Ак калпакты кастарлап таза кармап таза урунуу, кийип жүргөндө баркын түшүрбөй жүрүм-турумду оңдоо.

5. Комуз даярдаган өнөрпоздорду жана черткенди билген жарандарды мамлекеттик колдоо.

6. Жылкылардын өлкөдөгү санын түшүрбөө, тукумун сактоо.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Ала Тоо.

2. Ысык-Көл.

3. Боз үй.

4. Манас эпосу.

5. Ак калпак.

6. Комуз.

7. Жылкы (ат).

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

4. Жаратылышты коргоо мыйзамы, маданият жөнүндө мыйзам, Манас эпосу жөнүндө мыйзам.

Боз үй – кыргыз элинин эн белгиси.

4. РУХАНИЙ ӨНҮГҮҮ

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

Кыргызстан жаранынын руханий өнүгүүсү.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Адамды бузган – байлык менен бийлик.

2. Билим кени – китеп, Тарбия кени – мектеп.

3. Манас эпосу – кыргыздын жети ыйыгынын бири.

4. Комуз – кыргыздын жети ыйыгынын бири.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

5. САЛАМДАШУУ

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

1. Кыргыз кантип саламдашканын билүү.

2. Ким кимге салам берерин билүү.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Арыбаңыз.

Алик алуу: Бар болуңуз.

2. Салам бериш – карыз, Алик алыш – парыз.

3. Амандашпай сөз баштаба.

4. Айыл-апа тынчы, мал-жан эсенби?

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Атчан жөө адамга, кичүү улууга, эркек аялга, бөлмөгө кирген бөлмөдө отурган адамга салам айтат.

2. Акыбалы жаман болсо да «жакшы» деп жооп берүү, өзүнүн көйгөйүн башкага таңуулап көңүлүн оорутпоону, кыжалат кылбоону көздөйт.

6. ТАРБИЯ, АДЕП-АХЛАК

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

Кыргызстан жаранынын тарбиясы, адептүүлүгү.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Саламдашпай сөз баштаба.

2. Уялбагандан өзүң уял.

3. Келген жериңден кеткен жериң аруу болсун.

4. Кумурсканын уясына тийбе.

5. Аларда сак бол, берерде так бол.

6. Адеби жок жигит жүгөнү жок атка окшош.

7. Адептүү – алкыш алат, адепсиз – каргыш алат.

8. Суу сыйлаган зор болот, суу кордогон кор болот.

9. Бутуң чарык болсо да, жүзүң жарык болсун.

10. Саламга сараң болбо.

11. Керегем сага айтам, келиним сен ук.

12. Уугум сага айтам, уулум сен ук.

13. Аз тамактанып, аз уктап, аз сүйлөөнү адат кыл.

14. Башкаларды каратып коюп тамак жебегин.

15. Эстеген учуруңда оозуңа алакан тут.

15. Кербез жана текебер болбогун.

16. Айга кол сунба, момунга чоңсунба.

17. Калп менен жыргал көргөнчө,

Чындык менен азап чек.

18. Уят – өлүмдөн катуу.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

7. КЕЧИРИМДҮҮЛҮК

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

Кыргызстан жаранынын кечиримдүүлүгү.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

Кечире билүү – кеменгерлик.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

8. МАКАЛ-ЛАКАПТАР

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

Кыргызстан жаранынын макал-лакаптарды билүүсү.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Өнөрсүз эл болбойт, макалсыз эл болбойт.

2. Чалдын көркү сакал, сөздүн көркү макал.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

4. Китеп чыгаруу тармагы.

9. ӨНӨРЧҮЛҮК

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

Кыргызстан жаранынын өнөрлүү болуусу.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Өнөрлүү өлбөйт.

2. Өнөр үйрөнүүгө карылык жок.

3. Өнөрлүүгө миң алкыш.

4. Алты жашар бала атка минсе, алтымыштагы чал салам берет.

5. Өмүр көркү – өнөр.

6. Өнөрлүүнүн өмүрү – өрнөк.

7. Амалын тапкан кутулат ажалдан.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

10. ҮЙ-БҮЛӨ

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

Үй-бүлө бактысы.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Бир күн уруш болгон үйдөн кырк күн береке кетет.

2. Алганың жакшы болсо табылат акылың, келе берет жакының.

3. Алганың жаман болсо, чабылат акылың, кас болот жакының.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

11. АТА-ЭНЕНИ СЫЙЛОО

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

Ата-энени сыйлоо.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Атаң барда алдуусуң,

Энең барда эркесиң.

2. Ата-энени канымет тут.

3. Атаң барда кул кылба, энең барда күң кылба.

4. Ата сыйлаган абийир табат, Эне сыйлаган – элге жагат.

5. Ата-энеңе кандай мамиле кылсаң,

Балдарыңдан ошону күтө бер.

6. Атанын каргышы балага ок, өрттөп ийчү чок.

7. Алла – улук, ата-эне – ыйык.

8. Ата – аска зоо, эне – боорундагы булак, бала – ортосундагы шам чырак.

9. Ата – өчпөс чырак, эне – соолбос булак, бала – өсөр бутак.

10. Бейиш – эненин таманында.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

4. Мыйзам.

12. БАЛАНЫ ТАРБИЯЛОО

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

Баланы тарбиялоо.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Баланы тарбиялоо курсакта болгон кезинен башталат.

2. Уул жакшысы – атанын даңкы, кыз жакшысы – эненин даңкы.

3. Жакшы уул – асмандагы жылдыз, жакшы кыз жакадагы кундуз.

4. Уул жакшысы – урмат, кыз жакшысы кымбат.

5. Кыз адеби – кымбат.

6. Кыз баланын башкы себи – анын абийири.

7. Атанын уулу болуш урмат, элдин уулу болуш кымбат.

8. Уул жакшысы – ата даңкы.

9. Береке бар эне болгон аялда, барктап аны кокустуктан аярла.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

4. Мыйзам.

13. УЛУУЛАРДЫ УРМАТТОО

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

1. Жашына карап төргө өткөрүү.

2. Бата берүүчү – улуусу.

3. Улуунун сөзүн бөлбөө.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Карысы бардын – ырысы бар.

2. Карынын сөзүн капка сал.

3. Улуунун сөзүн уюп ук.

4. Улуу адамга азил айтпа.

5. Өзүңдөн улууга какшык айтуу – наадандык.

6. Карынын сөзү – акылдын көзү.

7. Карынын нускасы – кааданын туткасы.

8. Карынын каргышы кайтпайт.

9. Карыны сыйлоо – касиет, кичүүнү сыйлоо – осуят.

10. Карыялуу үйдө - кут.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

4. Мыйзам.

14. МЕЙМАНДОСТУК

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

Кыргызстан жаранынын меймандостугу.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Таш менен урганды аш менен ур.

2. Мейманга иш буюрба.

3. Конок койдон жоош.

4. Кел демек бар, кет демек жок.

5. Күндө келген коноктун кадыры жок.

6. Ашты сурап бергиче уруп бер.

7. Башкаларды каратып коюп тамак жебегин.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

15. УРУШКАН КЫРДААЛ

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

Урушканда да маданияттуулукту сактоо.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Урушса да жаман сөз айтпай, кадыр-сыйды түшүнөт.

2. Ылаажың болсо бирөө менен урушпа, кусаматка барба.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

16. АЯЛГА МАМИЛЕ

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

1. Аялды сыйлоо.

2. Аялга кол көтөрбөө.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Кыздын кырк чачы улуу.

2. Аял заты – Журт энеси.

3. Улуттун келечеги – энелердин колунда.

4. Эне – адамзаттын туусу.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

4. Мыйзам аркылуу аялдарды коргоо.

17. КОШУНА

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

Кошуна менен ынтымакта болуу.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Кошуна ыраазы болбой, Кудай ыраазы болбойт.

2. Жакшы кошуна – бөксөрбөгөн казына.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

18. МУГАЛИМ

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

Мугалимдерди урматтоо.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Мугалимдик кесип – кесиптердин улуусу жана сулуусу.

2. Ойго уюткан, окууга муюткан – мугалим.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

3. Мамлекеттик саясат.

19. КИЧҮҮЛӨРГӨ ЫЗААТ

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

Кичүүлөргө ызаат.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

Улууга урмат, кичүүгө ызат.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

20. ГУМАНДУУЛУК

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

Кыргызстан жаранынын гумандуулугу.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Бакырга жоомарт бол.

2. Жетимдин акысын жебеңиз,

Жетимдин акысын жесеңиз, тынч жатамын дебеңиз.

3. Оорунун алын сурасаң – айыкканга тете.

4. Ачты тойгузуш сооп болот.

5. Зордук кылба жесирге, зомбулук кылба жетимге.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

21. УШАК

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

Ушакты жоюу.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Ушак уксан унутуп сал, Эстүү айтылган кеңешти эсиңе сал.

2. Үй-бүлөнү бузган чоң шаарды бузганга барабар.

3. Эң чоң сынчы – мезгил, ал баарын өз ордуна коёт.

4. Уйдан мингич күтпө, ушакчыдан билгич күтпө.

5. Укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба.

6. Уурунун бир бети кара, ушакчынын эки бети кара.

7. Адам курсагынан эмес, кулагынан арыктайт.

8. Айың кеп айылды иритет (бирдикти бузат).

9. Миң уккандан бир көргөн артык.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

4. Мыйзам аркылуу жаза.

22. ЭТИКА

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

Этиканы сактоо.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

Бирөөнүн үйүнө киргенде көзүң менен тилиңе этият бол.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

23. УЛУУЛАРГА, БЕЙТААНЫШ АДАМГА КАЙРЫЛУУ

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

Сиз деп сүйлөө.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

Сиз деген сылык сөз, сен деген сенек сөз.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

24. БИЛИМ

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

Окуу.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Билимдүүгө дүйнө жарык.

2. Билимдүүнүн сөзү өткүр, мергенчинин көзү өткүр.

3. Билим зор, билими жок кор.

4. Билими бар ар балээден кутулат, Билими жок ар балээге тутулат.

5. Өнөрлүү өлбөйт.

6. Билим – деңиз, акыл – кайык.

7. Билимдүү миңди көрөт,

Билимсиз бирди көрөт.

8. Кылыч курал эмес – билим курал.

9. Окусан – чокуйсуң, окубасаң – кокуйсуң.

10. Сурасаң билим аласың, уялсаң куру каласың.

11. Билимге карылык жок, билимдей дарылык жок.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

4. Мыйзам.

5. Эмгек жана мамлекеттик кызмат тармагындагы билимдүүлүктү эмгек мыйзамдары аркылуу талап кылуу.

25. АРАКЕЧТИК

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

Аракечтикти жоюу.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Аракеч үй-бүлөнүн көз жашын жейт, анан өз башын жейт.

2. Бөтөлкө менен достошконуң, өмүрүң менен коштошконуң.

3. Ичкиликтин арты кайгы, болбой ичет акылы тайкы.

4. Адам аракты жутат, кийин арак адамды жутат.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

26. ДОСТУК

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

Достуктун бекемдиги.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Досуңду башыңа күлпөттүү иш түшкөндө сына.

2. Өз байлыгыңдын өлчөмүн дос-душманыңа билдирбе.

3. Досуң берген малдын тишин ачпа.

4. Жаман дос (жолдош) көлөкө сыяктуу, күн чыкканда кутула албайсың, күн бүркөктө издеп таба албайсың.

5. Өз башыңды берсен да, жолдошуңду жоого бербе.

6. Бактың барбы – баары дос, бактың тайды – кайыр кош.

7. Өзөктөн чыккан өрт жаман,

Өздөн чыккан жат жаман.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

Улан ДҮЙШӨНАЛЫ, концептолог, билингвист фантаст (илимий фантастика), «Фантастика» аталмасы боюнча Москва жана Луганск адабий сыйлыктарынын үч дипломдорунун ээси.

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

04-06-2024
Оплачивается ли сменное дежурство в двойном размере, если оно по графику приходится на праздничный день?
991

30-05-2024
На тестировании на госслужбу выявлен ошибочный вопрос, из-за которого снижаются баллы конкурсантов
1035

05-04-2024
Исправляем саботажные законы. Почему заставляют повторно измерять вредное воздействие оборудования, если его не меняли на новое?
807

04-04-2024
Исправляем саботажные законы. Работник вправе два раза в год выходить в трудовой отпуск по 28 дней или двойной стандарт толкования Трудового кодекса
1008

03-04-2024
Исправляем саботажные законы. Почему суд аксакалов может «не вести» протокол своего судебного заседания?
752

19-03-2024
Теперь хоть научат нас за 17 лет обучения (12 – в школе и 5 – в университете) грамотно писать и составлять письма, отчёты, акты и протоколы?
1285

24-02-2024
На тестировании в кадровый резерв формируют абсолютно ненужные вопросы
795

14-02-2024
Почему в Жогорку Кенеше теряются письма?
742

14-02-2024
Депутатам ЖК: Приём в резерв кадров с дипломами с отличием ещё более усугубит состояние госслужбы
1248

11-01-2024
Улуттук идеология. Коомдун элүү бир жашоо чөйрөсүн жөнгө салып оӊдой турган каада-салттардын таблицасы. 2-бөлүк
672

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×