Добавить свою статью
11 Января 2024
Улуттук идеология. Коомдун элүү бир жашоо чөйрөсүн жөнгө салып оӊдой турган каада-салттардын таблицасы. 2-бөлүк

Макаланын 2-бөлүгү.

ОН БИРИНЧИ КОНЦЕПЦИЯ – КААДА-САЛТТАР ИДЕОЛОГИЯ КАТАРЫ (ЖАӉЫЛАНГАН ЗАМАНБАП). «Программалык-укуктук Кыргызстандын Жалпы жарандык идеологиясы» китебимден (2010-жылы чыккан).

Эгерде кыргыз элинин идеологиясынын бар болгондугу тууралуу маселени койсок, анда ал каада-салттардын, үрп-адаттардын, накыл сөздөрдүн негизинде бар болуп келген. Каада-салттар элдин турмушун бийик руханий-нравалык ченемдердин (нормалардын), бар болгон ченемдердин терең философиялык негиздемелеринин, саясий түзүлүштүн, гуманисттик социалдык мамилелердин (бул рыноктук экономикалык модель менен талкаланды) бүтүндөй жыйындысы менен толтуруп турган.

Каада-салттардын баалуулуктары өкүм сүрүп турганда кыргыз эли көптөгөн ченемдик укуктук актыларга муктаж болгон эмес жана адамдардын өз ара мамилелери, адамдын жүрүм-туруму элдин нарк-насили менен эле жөнгө салынып турчу. Мисалы, кыргыздар ар бир сөзгө олуттуу маани беришчү жана зарыл болгон кезде үйүр малды эч кандай тил катсыз жана нотариалдык ишеним каттарсыз эле карызга ала алышчу. Анткени ооз эки берилген сөз мыйзамга тете болчу.

Бирок азыркы мезгилде каада-салттар терс трансформацияланып батыш маданияттарынын экспансиясына дуушар болуп өткөн заманда артта калууда. Каада-салттарыбызды бузуу ишине, моралдык бузукулуктагы кинолорду берип кээ бир ата мекендик телекөрсөтүүлөр дагы тилекке каршы жигердүү (активдүү) салым кошуп жатышат. Ошон үчүн кыргыз элинин идеологиясы чаржайыт абалга кептелип тургандай абалда.

Илгери шарттар башкача болгон. Азыр шарттар башка. Ошон үчүн каада-салттардын жана үрп-адаттардын айрым көрүнүштөрүн ойлонбой туруп маанисиз колдонбош үчүн азыркы доордун шарттарына жараша оңдочусун ондоп, өзгөртчүсүн өзгөртүп, алчусун алып, жойчусун жоюп салыш керек. Ушул багытта каада-салттарды жана үрп-адаттарды иреттүү тутумга (системага) келтирип кайра жаратсак, кыргыз элинин идеологиясы катары руханий кайра жаралууга алып келмек.

Кыргыз элинин идеологиясын каада-салттардын негизинде кайра калыптандырыш үчүн төмөндө, мамлекеттин өнүгүшүн, инсандын адеп-ахлагын, ыйманын жана коомдук жашоону туура нукка сала турган айрым гана каада-салттарды жадыбал (таблица) түрүндө чагылдырар элек. Бирок жадыбал (таблицанын жадыбал деп аталышын Мамлекеттик тил комиссиясынын сөздүгүнөн алдым) түрүндө иштелип чыккан каада-салттарды кайрадан жадыбалдын ичинен алып чыгып 51 темадан турган ар бир теманы: 1. «ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?» 2. «МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР». 3. «ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ» деген түзмөк (схема (котормочулар схеманы түзмөк деп которушкан)) боюнча чагылдырууну туура көрдүм.

Биринчи темадан 26-темага чейин макаланын 1-бөлүгүндө жазылган.

Эмесе, каада-салттардын, макал-лакаптардын жана накыл сөздөрдүн даректүү дайындуу (конкреттүү) функцияларынын мазмуну:

27-тема. ЖАКШЫ, ЖАМАН АДАМ

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

Жакшы адам болуу.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Жакшыга жанаш – жамандан адаш.

2. Жакшыга жанашсаң жетесиң муратка, жаманга жанашсаң каласың уятка.

3. Жакшыдан башчы болсо элди түзөтөөр, жамандан башчы болсо элди жүдөтөөр.

4. Жакшы менен жолдош болсоң оозуна аш тиет, жаман менен жолдош болсоң оозуңа таш тиет.

5. Жаманды сыйласа башка чыгат, мактаса жардан учат.

6. Адамдын жакшы-жаманы туулгандан эмес, көргөн тарбиясынан.

7. Жакшыга ынак бол, жамандан ыраак бол.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

28-тема. АКЫЛМАНДЫК

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

Акылмандыкка умтулуу.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Акыл ачуу келгенде сыналат.

2. Акылмандын ачуусу бар, кеги жок,

Кеменгердин теңтушу бар, теңи жок.

3. Акылдуунун сөзү – кыска,

Айта салса – нуска.

4. Сабырдуулук – акылмандын шериги.

5. Эки киши урушса, жеңилгени акылдуу.

6. Баш иштебесе – буту-колдун шору.

7. Билим бийикке сүйрөйт,

Акыл алыска жирейт.

8. Билимден өткөн досуң жок, Оорудан өткөн касың жок.

9. Даңкка көппөгөн – даанышмандык,

Атакка көппөгөн – акылмандык.

10. Досу көптү жоо албайт,

Акылы көптү доо албайт.

11. Жакшыны сөз өлтүрөт,

Жаманды таяк өлтүрөт.

12. Иш кууган ырыска жолугат,

Сөз кууган кырсыкка жолугат.

13. Кайрылып ичээр ашыңа какырба да түкүрбө.

14. Канча кыйын болсоң да ойлонуп туруп иш кылгын.

15. Көктө баратсаң жерди ойло.

16. Ачууга алдыруу – акылсыздык.

17. Эстүү эзбей сүйлөйт, эссиз сезбей сүйлөйт.

18. Акылы терең алдырбайт.

19. Адамга акыл жөлөк.

20. Аргымак күлүк ойнотуп, мингениңе мас болбо,

Алтын жака асыл тон кийгениңе мас болбо,

Акыл бар деп көп сөздү билгениңе мас болбо.

21. Аргымактын жакшысы, азыраак отооп көп жуушайт,

Азаматтын жакшысы – азыраак сүйлөп көп тыңдайт.

22. Акыл – баштан, асыл – таштан.

23. Өз катаңдан сабак алуу – акылдуулук, башкалардын каталарынан сабак алуу – андан да акылдуулук.

24. Кечки акылдан таңкы акыл.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

29-тема. ЭМГЕК

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

Эмгекчилдик.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Эл эмгегин жер жебейт.

2. Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң.

3. Адамды кийиминен тааныбайт, ишинен тааныйт.

4. Мээнетиӊ катуу болсо, татканыӊ таттуу болот

5. Жаш кезде берсин мээнетти,

Карыганда берсин дөөлөттү.

6. Отузунда ок ата албаган, Кыркында кылыч чаба албайт.

7. Кыбыраган кыр ашат.

8. Чоң иштин ийгилиги – майдадан башталат.

9. Адам эмгеги менен даңктуу.

10. Акак көркү – берметте,

Азамат көркү – эмгекте.

11. Бүгүнкү мээнетиң – эртеңки дөөлөтүң,

Бүгүнкү сайраның – эртеңки ойронуң.

12. Аракетке берекет.

13. Арыкты кыйналып чапсаң, сугатты ойноп сугарасың.

14. Жазгы мээнет – күзгү ыракат.

15. Жалкоо күн батаарын күтөт,

Эмгекчил таң атаарын күтөт.

16. Кедейлик уят эмес, жалкоолук уят.

17. Көз – коркок, кол – баатыр.

18. Түн менен кошо таң ырыскысын чачып чыгат.

19. Нан болсо ыр да болот.

20. Чырпык тиксең чынар болот.

21. Жалгыздык жалдыратат, жалкоолук шалдыратат.

22. Мээнет дөөлөткө жеткизет, дөөлөт сөөлөткө жеткиет.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

30-тема. ДЕН СООЛУК

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

Куунак жашоо образы.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

Оору олуяны да онтотот.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

4. Саламаттыкты сактоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (министрлик).

31-тема. БИРӨӨДӨН БИР НЕРСЕ АЛУУ

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

1. Алган буюмду, калем же ийне-жип сыяктуу майда-барат нерсе болобу, убагында так кайтаруу.

2. «Бир сом берчи» дебей «бир сом берип турчу» же «бир сом берип турчу эртең берем» деген соң, бир сомду да кайтарууга милдеттүү болуу.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Аларда сак бол, берерде так бол.

2. Жакшы адам бергенин унутуп, алганын унутпайт.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

32-тема. ЖООКЕР

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

1. Эр жүрөктүүлүк.

2. Шамдагайлык.

3. Патриоттуулук.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Манас эпосу.

2. Улуттук спорттук оюндар.

3. Спорт.

4. Калкым кыргыз сен үчүн,

Курман болуп кетейин. Манас.

5. Эр жигит эл четинде, жоо бетинде.

6. Элге арналган өмүр – өчпөс өмүр.

7. Казатта өлгөн – аманат, төшөктө өлгөн – жаманат.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

33-тема. ЭКОЛОГИЯ

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

Экологиялык ыйман.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Манастын алтынчы осуяты: Табият менен таттуу мамиледе болуу.

2. Дарак кыйган эл болбойт, көчөт тиккен кем болбойт.

3. Көлүбүз – көзүбүз, мактанаар сөзүбүз.

4. Улуу тоонун көркү – улар.

5. Ала Тоо – кыргыз элинин жети ыйыгынын бири.

6. Ала Тоо – ыйык бешигим.

7. Ысык-Көл – кыргыз элинин жети ыйыгынын бири.

8. Ысык-Көл ырыс бешигим,

Ала Тоонун бермети, дүйнөнүн кареги.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

4. Мыйзам.

Ысык-Көл Манас эпосунан:

Береке экен, бел экен,

Бенде көрчү жер экен,

Жердегенде адамды

Кан кылуучу жер экен.

Жээк жерге баарысы

Бай кылуучу жер экен,

Ортосу көпкөк көл экен,

Суусунда миңдей төр экен

Жердеген адам бай болчу,

Көлүндө ырыс бар экен.

Боз мойнокчо, дөбөчө түшүп Манас жер чукуйт

Касиеттүү жер экен,

Эки эли жерин оодарса

Түгөнгүс алтын бар экен.

Жаныбарым

Ысык-Көл

Жер соорусу турбайбы,

Жердеген киши тунбайбы!

мындай кызык жер болбос,

Мындай кызык көл болбос.

Будур-будур бел экен,

Будурмак аттуу жер экен,

будурмак келип турулуп,

Будурдан бугу куюлуп,

Жаткан экен жаныбар

Будурдун чөбү суюлуп,

Ар коктудан жаркырап,

Миңден булак куюлуп

Өйүз-бүйүз жери тар

Ортосунда жайнаган

Сонун көпкөк көлү бар.

34-тема. УЛУТТАР АРАЛЫК МАМИЛЕ

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

Улуттар аралык достук мамиле.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Манастын экинчи осуяты: Улут аралык ынтымак, достук жана кызматташтык.

2. Манас эпосундагы Көкөтөйдүн ашы.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

4. Мыйзам.

35-тема. ТАРЫХ

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

Тарыхты билүү.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Эскини билбей жаңыны жаратуу кыйын.

2. Өткөндү мылтык менен атсаң, келечек сени замбирек менен атат.

3. Өлгөндөр даңталмайын, тирүүлөр баркталбайт.

4. Эскини билбей жаңыны жаратуу жок.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

4. Эмгек кодексинде 113-беренеде «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү» каралган.

36-тема. ТИЛ, СӨЗ

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

1. Билүү.

2. Тилди сактоо (улутту сактоо).

3. Тилди сүйүү.

4. Төкмөлүк өнөрдү сактап улантуу.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Эне тилин билбеген, Эси жогун аныктайт.

Эне тилин сүйбөгөн,

Элин сүйүп жарытпайт.

Байдылда Сарногоев.

2. Сөз адамдын ким экенин билдирет.

3. Сөз атасы ыр, сөз катасы – чыр.

4. Сөз доодон да, жоодон да куткарат.

5. Сөз кадыры өмүр кунунан артык.

6. Тил адамды адам кылат,

Аша чапса жаман кылат.

7. Канча тил билсең, ошончо канатың болот.

8. Ааламдын көркүн көз ачат,

Адамдын көркүн сөз ачат.

9. Акылдын көркү – тил,

Тилдин көркү – сөз.

10. Сөз билген таап сүйлөйт,

Сөз билбеген, каап сүйлөйт.

11. Эне тилин унутуу – эл-жерин унутуу.

12. Айтылуучу жерде айтылбай калган, айтылбас жерде айтылып калган жаман.

13. Бутунан мүдүрүлгөн турат, Тилинен мүдүрүлгөн турбайт.

14. Өнөр алды кызыл тил.

15. Сөз билбеген муштуму менен коркутат.

16. Жылуу сөз – жыланды ийинден чыгарат.

17. Ийне көзүнөн сынат, адам сөзүнөн сынат.

18. Кылыч жарасы бүтөт, сөз жарасы бүтпөйт.

19. Тилден бал да, уу да тамат.

20. Айтала элек сөз – сенин кулуң, айтылган соң – сен анын кулусуң.

21. Адамды сөзүнөн, малды жибинен кармайт.

22. Дааналык менен кыскалык – сөздүн көркү.

23. Адамды өзүнө караба, сөзүнө кара.

24. Сөз өнөрүнүн төрөсү – төкмөлүк.

25. Караӊгыда көз тапкан,

Капилеттен сөз тапкан.

Манас эпосунан.

26. Катуу сөз – камчы, Жылуу сөз – укурук.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

4. Тил жөнүндө мыйзамдар.

37-тема. ТРАЙБАЛИЗМ

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

Биримдик.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Боз үйдүн түндүгү – биримдиктин символу.

2. Түндүгүбүз бир, бир түндүккө биригели.

3. Бөлүнбө,кыргыз, бөлүнбө,

Бөлүнсөӊ бөрү жеп кетет.

Бөлүнүп калды кыргыз деп,

Бөлөк элге кеп кетет.

4. Манастын биринчи осуяты: Эл-журттун ажырагыс бүтүндүгү жана бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ички биримдиги.

5. Кулаалы таптап куш кылдым,

Курама жыйнап журт кылдым.

5. Бөлүнгөн элдин бөрүсү көп.

6. Элде болсо ынтымак, Элден кетпейт ырыс-бак.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

4. Мыйзам аркылуу элди бөлүп-жарганы үчүн жаза.

38-тема. ЖАМААТЧЫЛЫК

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

Жамаатчылык.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Жалгыз дарак токой болбойт.

2. Ынтымагың болбосо ит менен кушка жем болосуң.

3. Тууган бир жакшылыкта, бир жамандыкта.

4. Тууганга душман болбо, душманга тууган болбо.

5. Ашар.

6. Кеӊешип кескен бармак оорубайт.

7. Бир жакадан баш, бир жеӊден кол чыгаралы.

8. Көп түкүрсө көл болот, көл толкуса сел болот.

8. Калкың менен катар жүр.

9. Жалгыз дарак токой болбойт, жалгыз таруу ботко болбойт.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

39-тема. УБАДА

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

Убадага бек болуу.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Айтылган сөз – атылган ок.

2. Убадага бек туруу – улуулук.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

40-тема. ПАТРИОТТУУЛУК

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

Патриоттуулук.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Манастын жетинчи осуяты: Кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоо жана аны көздүн карегиндей сактоо.

2. Жаратылышты коргоо – элин-жерин коргоо.

3. Айылыңдын аптабы да, баткагы да жанга сүйкүм.

4. Ааламдын борбору – Ата Мекен.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

4. Аскер.

41-тема. БАЙЛЫК

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

Адал эмгек менен гана баюу.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Баймын деп мактанба – жардылык бар,

Көпмүн деп мактанба – жалгыздык бар.

2. Элиң жарды болгон соң, жалгыз байлык курусун.

3. Кедей ыйманын ойлоп өлөт, бай байлыгын ойлоп өлөт.

4. Байлык не дедирбейт, жоктук не жедирбейт.

5. Байысаң да өлө турган кез келет,

Анда сага эки кулач бөз кетет.

6. Жүз сомуң болгуча, жүз досуң болсун.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

42-тема. КЫРГЫЗДЫН МҮНӨЗҮ

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

1. Сабырдуулук.

2. Жөнөкөйлүк.

3. Адамгерчилик.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Кыргыздын мүнөзү – сабырдуулук.

2. Кыргыздын сапаты – жөнөкөйлүк.

3. Кыргыздын асылы – адамгерчилик.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

43-тема. САБЫРДУУЛУК

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

Сабырдуулук.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Сабырдын түбү сары алтын.

2. Сабырдуулук акылмандын шериги.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

44-тема. ЖУПУНУЛУК

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

Кыргызстан жаранынын жупуну болушу.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Эрдик кылып коюп союп, иттик кылып төш тарпа.

2. Даражаң жогорулаган сайын жөнөкөй бол.

3. Улук болсоң, кичик бол.

4. Жакшы адамдын жакшылыгы ылдыйлаганда, жаман адамдын жамандыгы өйдөлөгөндө билинет.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

45-тема. КАРЫЛЫК

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

Карылыктын оң касиети.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Карыядан кут кетсе, жаштан ыйман кетет.

2. Карысы бардын ырысы бар.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

46-тема. ЖЕТИ АТА

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

Билүүнүн кээ бир зарылчылыктары:

1. Ата-бабаларыбызга урмат-сый, таазим.

2. Экзогамия (грек тилинен: негизинен туугандыктан алыс болгон сырт тараптан никелешүү) принцибин сактап жети муун өтмөйүнчө никеге тыюу салып улуттун тазалыгын сактоо.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Тегин билбеген – тексиз.

2. Жети атасын билбеген – жетесиз.

3. Жети атанын аталышы:

ата, чоң ата, баба, буба, кубаар, жото, жете.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

4. Мыйзам аркылуу тууганы менен нике кыюуга тыюу салуу.

47-тема. УЛУТТУК КИЙИМ

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

Улуттук кийим.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Ак калпак – кыргыздын жети ыйыгынын бири.

2. Ак элечек.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

Ак элечектин жакшы жери, аялдардын эңкейбей түз жүрүүсүн калыптандырат.

48-тема. УЛУТТУК ТАМАК-АШТАР

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

1. Чет элдик меймандарга жакшы сый көрсөтүү үчүн улуттук тамак-аш тартуулаганды билүү.

2. Майрамдарда жана тойлордо колдонуу.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Беш бармак.

2. Таш-кордо.

3. Шишкебек.

4. Оромо.

5. Каттама.

6. Жуурат.

7. Боорсок.

8. Кымыз.

9. Сүзмө.

10. Каймак.

11. Айран.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

4. Туризм жана башкалар жөнүндө мыйзамдар.

49-тема. УЛУТТУК ОЮНДАР

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

Зарылчылык жана айрым пайдалуу функциялары:

1. Муундан муунга, укумдан тукумга мурастоо, маданиятты толук кандуу сактоо.

2. Адамды социалдаштыруу.

3. Дене тарбия.

4. Шамдагайлык.

5. Тапкычтык.

6. Психотерапия.

7. Эмоционалдык дүрмөт, моралдык жактан эс алуу.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Ак терек, көк терек.

2. Ак чөлмөк.

3. Аркан тартыш.

4. Ат чабыш.

5. Беш таш, же топ таш.

6. Жашынбак.

7. Жоолук таштамай.

8. Качма топ.

9. Көк бөрү.

10. Кыз куумай.

11. Таламай.

12. Тогуз коргоол.

13. Тыйын эңмей.

14. Оодарыш.

15. Селкинчек.

16. Шакек салмай.

17. Жаа атмай.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

50-тема. АК БАТА

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

Улуулардын, ата-энелердин, карылардын сөз билүүсү – ак бата берүү интеллектуалдык жөндөмү.

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

1. Бата менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт.

2. Улуу кичүүгө, ата-эне балага, кары жашка бата берет.

3. Бата берүүнүн айрым жагдайлары:

- ат коюуда;

- бешик тойдо;

- туулган күндө;

- кыз узатууда;

- келин келгенде;

- тушоо кесүү тоюнда;

- оозантууда;

- жолго узатууда;

- жана башка жагдайларда.

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

1. Үй-бүлө.

2. Билим берүү тармагы.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттары.

51-тема. АҢЧЫЛЫК

ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

(оюмду билдиргенден карманып турайын)

МАКАЛ-ЛАКАПТАР, НАКЫЛ СӨЗДӨР, КААДА-САЛТТАР:

(оюмду билдиргенден карманып турайын)

ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖОЛУ, ЭСКЕРТМЕ:

(оюмду билдиргенден карманып турайын).

Улан ДҮЙШӨНАЛЫ, концептолог, билингвист фантаст (илимий фантастика), «Фантастика» аталмасы боюнча Москва жана Луганск адабий сыйлыктарынын үч дипломдорунун ээси.

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

05-04-2024
Исправляем саботажные законы. Почему заставляют повторно измерять вредное воздействие оборудования, если его не меняли на новое?
744

04-04-2024
Исправляем саботажные законы. Работник вправе два раза в год выходить в трудовой отпуск по 28 дней или двойной стандарт толкования Трудового кодекса
764

03-04-2024
Исправляем саботажные законы. Почему суд аксакалов может «не вести» протокол своего судебного заседания?
654

19-03-2024
Теперь хоть научат нас за 17 лет обучения (12 – в школе и 5 – в университете) грамотно писать и составлять письма, отчёты, акты и протоколы?
1097

24-02-2024
На тестировании в кадровый резерв формируют абсолютно ненужные вопросы
689

14-02-2024
Почему в Жогорку Кенеше теряются письма?
673

14-02-2024
Депутатам ЖК: Приём в резерв кадров с дипломами с отличием ещё более усугубит состояние госслужбы
1180

10-01-2024
Улуттук идеология. Коомдун элүү бир жашоо чөйрөсүн жөнгө салып оӊдой турган каада-салттардын таблицасы. 1-бөлүк
730

11-12-2023
Как Чингиз Айтматов над моей фамилией пошутил
739

06-12-2023
Чынчыл болуу. Мамлекеттик кызматтагы кошоматчылыкты жоюу
820

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×