Добавить свою статью
14 Мая 2015
Ачык кат

КТРК башкы директору

И.М. Карыпбековго

жана анын орун

басары К. Асылбашевге.

Ачык кат

Мен урматтаган жана кызматы урматталбаган инилерим!

Сиздерге Кыргызстан элдик Курултайынын атынан бир айдан ашык убакыт мурда кат жөнөткөнбүз. Ал катыбыз КТРК чиновниктеринин колдорунда экенине күбөө болуп келдим. Катта көрсөтүлгөндөй, 2015-жылы 28-мартта болуп өткөн Кыргызстан элдик Курултайынын жыйынында өлкөбүздүн ар тарабынан келген делегаттардын суроо-талабына жооп даярдап, сиздердин элдик телевидениеден кыргыз журтуна маалымат жеткирип коёлу дегенбиз. Сиздерден убагында жооп ала албай, улуу башымды кичик кылып 15 күндөн ашык эшигиңерди каккылап жүрдүм. Менин атымды укканда кабинетиңерди бекитип алып, жаш кыздардын артына жашынып алып, түркүн жоопторду айттырып жаттыңар. “Байкуштарым” креслоңорго тырмышып, элден эмне мынча коркосуңар? Түбөлүктүү кызмат болбойт, эл алдында абийир бардыгынан бийик турары эсиңерден чыккан өңдүү. Мени бир нече жолу кабыл албай аброюума көлөкө түшүрдүм десеңер жаңылышасыңар. Тескерисинче, силер менин алдымда пастыгыңарды көрсөттүңөр. Элдик Курултайда жалындуу сөз сүйлөп мамлекеттин, элдин келечегин көрө билип, ачуу чындыкты айткан улуу ага-эжелер сиздердин тапшырмаңыздарды убактылуу аткара албаганына кечирим сурайм. Булар Кыргызстандын чыныгы патриоттору, элдик Курултайдын делегаттары, ачык айтып, ак сүйлөгөн элибиз сыймыктанган адамдар Өзгөн районунан келген Төлөгөн Жолдошев, Таластан Райымберди Жумашев, Оштон келген Жаанбай Дадиев, Бишкек тургуну 85 жаштагы Тайлак Абдылдабеков, Кара-Кулжадан Турду Эшенбубаев, Токтогул районунан келген Дилбаркан Бекова, Москва районунун делегаты Баялы Саркулов, Нарын облусунан Жумалиев Жеңишбек, Ысык-Көл облусунан Стамкулова Гүлнара жана коомдук ишмер Гуля Тажиевага окшогон миңге жакын эл шайлаган делегаттар. КТРКда “маңкурттар” баштагылардай эле доорон сүрүп жатыптыр. Мыйзамга ылайык атайын жообуңарды күтөм. Эл жана сот алдында жооп берчү күнүңөр келерин эсиңерден чыгарбагыла. КТРК жетектеп жаткан “байкуштарга” айтаар элем, сиздер Президенттин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын “14 күндүн ичинде арызга жооп берилет”- деген токтомуна түкүрүп салып, кабинетиңерде тумчуланып олтурбай, элдин алдында анча-мынча кызмат кылууга чакырат элем. Жаман болсоңор да, аман болгула.

Милициянын полковниги Өмүрбек Эгембердиев

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×