Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичке
Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Жогорку Кеӊеш тарабынан «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбоорунун (мындан ары – “Чет өлкөлүк өкүл жөнүндө” Мыйзам долбоору же мыйзам долбоор) үчүнчү окууда кабыл алынышына байланыштуу Сизге кайрылабыз.
Кыргызстан Борбордук Азия мамлекеттеринин арасында бийлик менен коомдун өз ара шайкеш аракеттенүү көз карашы жагынан абдан өзгөчөлөнүп турат, бул шайкештик жашоонун сапатын жана кабыл алынган саясаттын сапатын жогору кылат. Бул элибиздин тарыхына жана маданий кодуна дагы толук түрдө ылайык келет.
Кыргыз Республикасы бүгүнкү күнү климаттын өзгөрүшүнө байланышкан, экологияга жана өлкө экономикасына таасирин тийгизе турган татаал көйгөйлөрдүн алдында турат (сугат жана ичүүчү суунун тартыштыгы, айыл чарба жерлеринин кургакчылыгына алып келген ысык толкундар, түшүмгө зыян келтирген кеч үшүктөр, ГЭСде электр энергиясын иштеп чыгуу үчүн суунун тартыштыгы ж.б.у.с.).
Сиз Глазго шаарында, климаттын өзгөрүшү боюнча конференцияда жарыя кылган максаттарга ылайык, Кыргызстан 2050-жылга карата көмүртек нейтралдуулугуна жетишүүгө умтулат. Бул дал ушул максаттарга жетишүү үчүн биригүүгө жана биргеликте иштөөгө белги дегенди билдирет жана азыркы учурда бул үчүн активдүүлүк менен колдон келген иш-аракеттерди кылып жатабыз. Бирок бул мыйзам долбоору жалпы экологиялык максаттарга жетишүүдө биздин мүмкүнчүлүктү чектей турган болуп жатат. Биз саясий иштерге кирбеген ишмердүүлүк түрлөрүнүн тизмесин кеӊейтүүнү суранабыз, атап айтканда, экологиялык коопсуздукту жогорулатуу, климаттын өзгөрүшүнө ыӊгайлашуу, Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетишүү сыяктуу ишмердүүлүк түрлөрүн ошол тизмеге киргизүүнү өтүнөбүз.
Биз ушул мыйзам долбоору мындан ары экологиялык коомдук уюмдарга климаттын өзгөрүшү, курчап турган чөйрөнүн сапаты жана экологиялык коопсуздук, ресурстардын жана энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу, ТӨМ максаттарына жетишүү сыяктуу маселелер боюнча бийлик органдарына жана коомдук бирикмелерге биргеликте активдүү кызматташууга мүмкүндүк бербейт деп тынчсызданып жатабыз.
Негизинен экологиялык чөйрөдө коомдук уюмдардын отуз жылдан ашык тарыхы бар жана алар мамлекеттик органдардын ишенимдүү өнөктөштөрү болуп саналат. Бул үчүн курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы негизги мыйзамдар («Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» мыйзам, «Экологиялык экспертиза жөнүндө» мыйзам, "Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жөнүндө" мыйзам жана башкалар) коомдук уюмдар менен өнөктөштүктө иштелип чыкканын жана кабыл алынганын эске салуу жетиштүү.
Экологиялык коомдук уюмдар өз кезегинде бир канча жолу таштанды күйгүзүүчү заводдун курулушу, өлкө аймагына зыяндуу калдыктарды көмүү, уранды жана торийди иштетүүгө мораторий киргизүү, аӊ уулоого мораторий киргизүү, синтетикалык балык кармоочу торлорду колдонууга тыюу салуу сыяктуу ар кандай анти-экологиялык чечимдерге карата өздөрүнүн жарандык позициясын билдирген, калктын жана өзүнчө топтордун коопсуздугун камсыз кылууга байланышкан маселелерди көтөрүшкөн.
Экологиялык уюмдардын жардамы менен абанын сапатын текшерүү, жашыл зоналарды инвентаризациялоо, билим берүү чөйрөсүндөгү коопсуздук, мектеп окуучуларынын санитариясы жана гигиенасы, пестициддердин ден соолукка таасири, оюнчуктар менен боёктордогу оор металлдардын камтылышы ж.б.у.с. көйгөйлөргө байланышкан маселелер чечим кабыл алуучу органдардын күн тартибине киргизилген.
Учурда коомдук уюмдар аймактарда мыйзамсыз аӊчылыкка жана токойлорду кыюуга каршы күрөшүү боюнча жамааттарды түзүү менен биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого олуттуу салым кошууда. Алар жалпыга маалымдоо каражаттары менен өнөктөштүктө өлкөдөгү экологиялык укук бузуулар катталган жерлерде жарандык мониторинг жүргүзүшөт, бул мамлекеттик органдарга тиешелүү чараларды көрүүгө мүмкүндүк берет. Андыктан коомдук уюмдар менен мамлекеттик түзүмдөрдүн ортосундагы ар кандай өз ара аракеттенүүсүнүн бардык тармактарын айтып өтүү көп убакытты талап кылат, бирок экологиялык коомдук уюмдар биздин өлкөнүн айлана-чөйрөсүн сактоого жана жарандардын коопсуздугун жогорулатууга багытталган жарандык туруктуу позициясы бар экенин баса белгилеп кетүү зарыл. Профилдик министрликтер менен ведомстволордо кызматкерлерди тез-тез алмаштырууда, ошондой эле институттук реформаларда абдан маанилүү болгон институционалдык эс-тутумду көбүнчө коомдук уюмдар сактап турат.
Ал биздин «Жашыл Альянс КейДжи» юридикалык жактардын бирикмеси, курчап турган чөйрөнү коргоо жана жашыл экономиканы өнүктүрүү жаатында флагмандык ассоциация болуп саналат. Мында 50 ашык коомдук уюмдар жана бирикмелер «Жашыл Альянс КейДжи» ЮЖБ мүчөсү болуп эсептелет. Алардын арасында Кыргызстандын жаратылышын сактоого жана жашыл экономиканы өнүктүрүүгө зор салым кошкон уюмдар абдан көп.
Экологиялык коммерциялык эмес уюмдар (КЭУ) жашыл экономиканы өнүктүрүү жана курчап турган чөйрөнү сактоо боюнча ар кандай долбоорлор менен программаларды ишке ашырууда мамлекеттик органдардын стратегиялык өнөктөштөрү болуп саналат. Алардын тажрыйбасы, ресурстар жана экспертиза өлкөнү өнүктүрүүнүн максаттарына жетишүү үчүн абдан маанилүү.
Экологиялык КЭУ мамлекеттик органдар менен өнөктөштүктө өлкөнүн «Тышкы карызды жашыл долбоорлорго алмаштыруу» демилгесинин үстүндө активдүү иштеп жатат.
Урматтуу Президент, Сиздин көӊүлүӊүздү «Тышкы карызды жашыл долбоорлорго алмаштыруу» демилгесин ишке ашыруу үчүн эл аралык кызматташтыктын жана эл аралык коомчулуктун финансылык колдоосунун маанилүүлүгүнө бурууга уруксат этиӊиз. Белгилүү болгондой, Кыргызстан азыркы учурда биздин мамлекетке жашыл экономиканы өнүктүрүүгө жана жашоо үчүн жагымдуу чөйрөнү сактоого олуттуу финансылык жана материалдык-техникалык колдоо көрсөткөн көптөгөн эл аралык уюмдар жана донорлор менен кызматташып жатат. Бул жардам өлкөнүн мамлекеттик бюджетин колдоо жана жашыл экономика жаатындагы бир катар ири долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн абдан маанилүү.
Ал эми “Чет өлкөлүк өкүл жөнүндө” мыйзам кабыл алынган учурда, администрациялык жасалма тоскоолдуктардан улам эл аралык уюмдардын Кыргыз Республикасына берген финансылык жардамы олуттуу кыскарышы мүмкүн, бул өз кезегинде өлкөнүн экологиялык жана экономикалык көйгөйлөрүн чечүүгө терс таасирин тийгизет.
Жогоруда баяндалгандарды негизинде, Сизден өзүӊүздүн вето укугуӊузду пайдаланууну жана “Чет өлкөлүк өкүл жөнүндө” Мыйзам долбоорун четке кагууну суранабыз.
Биз экологиялык коомдук уюмдар мындан ары дагы жашыл экономиканы өнүктүрүүгө жана жашоого жагымдуу айлана-чөйрөнү сактоого багытталган мамлекеттик стратегияларды жана программаларды жүзөгө ашырууда мамлекеттик органдарга өнөктөш катары жашыл экономиканы өнүктүрүүгө жана курчап турган чөйрөну коргоого өздөрүнүн салымын кошо берет деп үмүттөнөбүз.
У рматтоо менен,
«Жашыл Альянс КейДжи» ЮЖБ Кадыров. А
Башкарма төрагасы
«Жашыл Альянс КейДжи» юридикалык жактардын бирикмесине мүчө-уюмдар:
1. Абдрасулова Нурзат («Unison Group»)
2. Иманкулова Джамилия («Экоферма» дыйкан-фермердик чарбасы)
3. Джанаева Ольга («АЛГА» аялдар уюму» коомдук бирикмеси)
4. Алымкулова Анара («Туруктуу өнүктүрүү стратегиясы институту» коомдук фонду)
5. Жамангулова Айида («Өнүктүрүү демилгелер институту» коомдук фонду)
6. Чыныбаева Айжан («Эко Деми» коомдук фонду)
7. Шукуров Эрик («Алейне плюс» экологиялык кыймылы» коомдук фонду)
8. Жакипова Индира («ЭКОИС-Бишкек» коомдук бирикмеси)
9. Молдогазиева Калия («Древо Жизни» адамды өнүктүрүү борбору)
10. Казакбаева Эльнура («Evidence Group» ЖчК)
11. Султангазиева Анара («Green Energy» коомдук бирикмеси)
12. Акматова Гулуйпа («Rural Development Fund» коомдук фонду)
13. Колесникова Мария («Move Green» коомдук бирикмеси)
14. Сыргакова Нурайым ("Эл-Тоо" коомдук уюму)
15. Сагыналиева Марал («Open Innovations» коомдук фонду)
16. Сарыгулов Султан («BIO KG» органикалык кыймыл федерациясы)
17. Боромбаева Мунара («PROclimate.kg» коомдук фонду)
18. Даиров Омар («Jerdin baldary» коомдук бирикмеси)
19. Момунова Анара («Туруктуу өнүктүрүү стратегиясы институту» коомдук фонду)
20. Сатыкулова Бактыгуль («TES-Центр»)