«Жүрөктө ысым калаар унутулгус»
Жумабек Ибраимовдун жаркын элесине арналат.
Өрт болуп ажал кутурган,
Өлүмдөн кимдер кутулган.
Өкүмүн сүргөн тойбоско,
Өмүрлөр нечен тутулган.
Күн тийген жайды түн басып,
Күлкүнү муңдуу үн басып.
Кулуну үчүн кыргыздын,
Кайгырып турду күн жашып.
Бар күчү ишке төгүлгөн,
Барк алып көзгө көрүнгөн.
Бийикке элди баштаган,
Бир акыл кетти өмүрдөн.
Санааны бөлүп сай кылып,
Сапардан калып айрылып.
Сары жаш акып көздөрдөн,
Сан журту калды кайгырып.
Көрүнбөй күндүн аптабы,
Кыргыздын үрап капшабы.
Карылыр калды Кеминде,
Күңгүрөп комуз аспабы.
Дүңгүрөп берген батасын,
Дүйнө эли ачты капасын.
Дабасы кетип табылбай,
Дарт жеди элдин атасын.
Жаралган алтын жан болуп,
Журтуна келип кан болуп.
Жүзөгө ашпай бир тилек,
Жалп деди өчкөн шам болуп.
Сиңгенче журтка эмгеги,
Сары зил болду эрмеги.
Сындырып темир канатын,
Серпиди ажал чеңгели.
Жалганга жанган от болду,
Жаа менен аткан ок болду.
Жумулду көзү ачылбай,
Жумабек ага жок болду.
Жакшырып элге бак конуп,
Жүрөккө калган шат толуп.
Жүлүнгө ийне сайгандай,
Жаш сайды көзгө бат толуп.
Ар кимге бул жүк артылбас,
Акылман эле тартынбас,
Амалы жетпей өлүмгө,
Арманда кетти алтын баш.
Кыйшайтпай кылдын бекемин,
Кылымдын баскан этегин.
Кош болгун кыргыз кырааны,
Калк баалайт кылган эмгегиң.
Ысымы эске сакталат,
Ырларда күйгөн так калат.
Ыбрайым уулу жаннаттан,
Ыйманы болсун саламат.
Жазган: Рустам Карабаев. КТУнун студенти.