Жумабек Ибраимов Кыргызстандын башкаруу бийлигинде өзүнүн көөнөрбөс эмгеги, башкаларга үлгү болорлук адамгерчиликтүү бийик парасаты менен ар бир жараныбыздын жүрөгүнөн түнөк тапкан кадырман инсаныбыз десем жаңылышпаймын. Ал киши мейли, Рыбачьешаардык элдик көзөмөл комитетин башкарабы, баш калаанын жетекчиси болобу, Маммүлктүн башчысыбы, же Премьер-министр кызматын аркалайбы, бардык жерде лидерлик сапатын көрсөтүп, өлкөнүн кызыкчылыгын биринчи орунга коюп келген.
Жумабек Ибраимович өлкөнүн Өкмөт башчысы катары бийлик олимпинде метеордой бир жарк этип жарыгын чачып өткөнү менен, ал ошол кыска убакытта чечкиндүү кадамдары менен күтүүсүз реформаларга барууга жетишти. Башкаруу системасында тартип жана сарамжалдуулукка басым жасады. Анын өтөсүнөн чыгуу үчүн жан үрөп иштеди. Жумабек Ибраимович премьер-министр болуп турганда: «Мага кызмат үчүн миллиондорду сунушташат» деп айткан сөзү баарыбыздын эсибизде. Канчалык жөнөкөй көрүнгөнү менен ошончолук бийик инсан эле.
Жетекчи катары мени таң калтырганы – ар бир маселеге кылдат караганы. Көйгөйдүн түпкүлүгүнө терең үңүлө карап, ал үчүн экинчи даражадагы маселе жок экенине ынандым. Кадр тандоого болгон мамилеси, туура чечим чыгарууга болгон саясый эрки баарыбызга үлгү болорлук сапат. Жумабек Ибраимович менин мамлекеттик кызматтын бийик тепкичтерине жетишиме өзүнүн салымын кошкон инсан. Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуризациялоо(DEBRA) агенттигин жетектеп турганымда Жумабек Ибраимович Мамлекеттик мүлктө башкаруу фондунун төрагасы болуп иштечү. Ишибизге байланыштуу пикир алышып турар элек. Кыраакы жетекчи катары менин ишиме көз салып, байкап жүргөн окшойт. Өкмөт башчылыгына барганда, бир күнү мени чакырып, “Сени Улуттук банкка жетекчи кылып жөнөтүп жатабыз. Бул маселе боюнча Президент менен оюбуз бир жерден чыкты...” деди. Агенттикте жетекчи болуп турганда Улуттук банктын алдында турак жай фондутүзүлүп, аны башкарып жүргөн элем. Ошол учурда ипотекалык кредит берүү боюнча атайын программа иштеп чыгып, бир топ жакшы натыйжаларын бере баштаган болчу. Мына ушул жагдайда иштеп жатканымды Жумабек Ибраимовичке билдиргем. Бир күнү телефон чалып, “Указ чыкты Улуттук банктан дагы маанилүү тармакка жетекчи кылып жөнөтүп жатабыз. Министрлик кызматка барасың...” деди. “Каякка?..” десем, “Социалдык фонддун төрайымы кызматына барасың...” деди. Мен ал кызматка даяр эместигимди, чынында чоң кызматка баруудан коркуп жаткандыгымды билдирдим. Ал, “Сенде тажрыйба жетиштүү... Сузактагы селдин апаатынан жабыр тарткан жарандарыбызга 100 күндө 1000 турак жай куруп бердиң. Эми пенсионерлердин абалын жакшыртышыбыз керек. Барганда кабинетиңди оңдоп-түзөп отуруп албай, Соцфонддун бюджетин көтөр... Сен өтө жооптуу тармакка баратасың...” деп бир жылуу пикиринайтып, жогорку кызматка жол тартышыма акбатасын берген эле.
Жумабек Ибраимович терең интеллекти, кесипкөйлүгү жана жоопкерчиликтүүлүгү менен айырмаланган жетекчи катары ар дайым эсибизде жүрөт. Быйыл кыргыздын чыгаан инсанынын 80 жылдык мааракеси белгиленет экен. Ал кыргыз Өкмөтүндө аз иштегени менен саз иштеди. Татыктуу уул-кыздарды тарбиялады. Элинин сыймыктуу уулу болду. Жашоонун мыйзамы баарынан улук. Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун!