Тажикстандын Согду облусунун аймагындагы кыргызча жер-суу аттары
Тажик Республикасына караштуу Согди же мурдагы Ленинабад облусунун аймагында көптөгөн түркий тилдеги анын ичинде кыргызча тоолордун, жер-суулардын, калктуу конуштардын аталыштары учурайт. Ошондой эле кыргыздарга жана башка түрк тектүү элдерге таандык мазар, көрүстөндөр бар. Анткени Тажикстан анын ичинде Согду облусунун аймагы кылымдар бою түрк тилдүү жана түрк тектүү элдер түптөгөн Туран-Түркистандын курамында болгон. Караханилердин өкүмдүк кылуусунан баштап падышалык Россия мезгилине чейин Ходжентти түрк урууларынын өкүлдөрү, анын ичинде кыргыздар да башкарып келген. Мисалы, каңды-кыпчактар (өкүлү Темир-Малик), жалайырлар(өкүлдөрү Бахрам жалайыр, Баязид жалайыр) жана моголдор же моңолдор (өкүлү Ахмат бек Могол. Ахмат бек Могол өзүнүн элинин жарымын Хоженттен Ат-Башыга алып кеткен), кесектер (өкүлү Баабек же Бабабек), Акбото-бий, ж.б. Бул аймакта тажиктер, өзбектер, кыргыздар жергиликтүү элдин өкүлү катары саналган. Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгынын туу чокусу аталган «Манас» эпосу элибиздин тарыхын тактоодо тарыхый этнографиялык булак катары саналары шексиз. «Манас» эпосундагы маалыматтарга ылайык кыргыздар азыркы Тажикстанда кылымдар бою жашап келген.
“Манас” эпосунда Тажикстандагы көптөгөн жер-суу аттары кездешет жана азыркы Баткен облусу менен Исфара, Ходжент шаарлары жайгашкан чөлкөм Манас баатырдын ата-бабаларынын жери деп айтылат. Бул аймакты байыртан эле кыргыздын чапкылдык, ават, кесек, каңды, кыпчак, тейит, найман, нойгут жана башка уруулары байырлап келген. Падышалык Россиянын тушунда бул аймак административдик жактан Самарканд облусуна караштуу Ходжент уезди(Ирижар, Сават, Урал, Унжу, Оро-Төбө, Ганчы, Ноо, Гулякандаз, Костакоз, Чапкылдык, Шаарстан, Дальян, Бөксө-Сибирги, Исфана, Матча волосттору) жана Фергана облусунун Кокон уездине(Нойгут-Кыпчак, Лейлек, Исфара, Канибадам, Махрам волосттору) карап турган. Совет доорунда азыркы Согду облусунун аймагы 1929-жылдын аягына чейин Өзбекистандын Самарканд облусуна карап турган. 1929-жылдын аягында гана Өзбекистандын курамынан чыгарылып, Тажикстанга өткөрүлүп берилген. Кыргыздар байыртан бери бул аймакта жашап, ондогон айыл-кыштактарды негиздеген. Кыргыздар өзбөк, тажиктер менен ынтымак-ырашкерчиликте, жакшы кошуна болуп күн кечиришкен. Албетте миңдеген жылдар аралыгында бул аймакты өздөштүрүп, өз издерин калтырышкан. Аймактагы тоолордун, жер-суулардын, калктуу конуштардын аталыштары жана кыргыздарга таандык мазар, көрүстөндөр биздин карт тарыхыбыздан кабар берип турат. Ошондой эле кыргыздар бул аймакта байыртан жашап келгендигин күбөлөндүрүп турат.
Согду(Ходжент) облусунун аймагындагы: Оро-Төбө, Чымчык Арал, Кырк Кыз мазары, Кабылан мазар, Калдар Кыпчак, Катаган, Акташ, Кан-Сай, Кайрак-Кум, Көк тоңду, Корук, Беш-Капа, Демай, Багыш булак, Казнак, Кулан-Баш, Катма, Котур-Булак, Куркат, Саид-Коргон, Орто-Коргон, Парван-Коргон, Коштегирмен, Тагаек, Жылдызкак, Коргончо, Андарсай, Маданият, Самгар, Шор-Көл, Жылгынды, Токмок, Жантак, Бостон, Текели, Катар-Булак, Тоо-Ашар (Табошар), Адрасман, Шайдан, Могол-тоо, Пес-тоо, Курама-тоо, Какыр, Найман, Данакол, Матпари, Ташкоргон, Камышкоргон, Долоно, Карамазар, Булак, Баш-тал, Ормон-тал, Кырк кудук, Сада, Жигда, Аккудук, Кара-Тоо, Үркөк, Балык мазар, Долоно-Булак, Ак-Дөбө, Ноо, Куруксай, Жийдели, Каракчыкум, Мазар-Тал, Ак Белес, Көчкөк, Ниязбек, Шор-Коргон, Баатыр-Коргон, Чуулдак, Селкен, Кыргыз кышлак, Кытай, Кытай-Реза, Коңурат, Мукур, Бөрүгөн, Кыр-Тегене, Сай-Тегене ж.б. жер-суу аталыштары бар. Бирок, 2012-2013-жылдар, 2016-жылы бул аталыштар тажик тилине которулган.
Ыспара. Ыспара же тажикче Исфара шаарынын айланасындагы айыл-кыштактарда кыпчак, найман, абат, чапкылдык уруулары илгертен жашап келген. Исфара шаары – бүгүнкү күндө Тажик Республикасындагы райондун борбору.
Ыспара тууралуу С.Орозбак уулунун вариантында Манас Алтайда жалпы журтка кайрылып:
Атамдан калган жер экен,
Намысты кыргыз санайбы,
Ынтызар болдум алууга
Ыспара менен Алайды
Алдырып коюп кытайга
Намысың жоктон жүрүпсүң, – деп, ошол жердеги журттун баарын ата-бабалардан калган жерди кытайлардан бошотууга чакырат. Чапкылдыктардын санжырасында Ыспараны ондогон жылдар бою Түлкү-бий башкарып тургандыгы тууралуу айтылат. Ата-энесинен эрте ажырап, туугандардын колунда чоңоюп, эр жеткен Түлкү-бийдин тукуму Калматай ата-тегин сураштырганда: «Калматай Түлкү, Испара-Чорку – атаңдын мүлкү» деп, айыл аксакалдары айткан сөз азыр деле эл арасында айтылып жүрөт. Шоропто жана Исфара районунун аймагында мурда 5-6 кыргыз мектеп болсо, азыр 2-3 мектеп калган.
Шорсуу. Тажикчеси Шурап. Кыргыздын абат уруусунун кыштоосу. Көмүр кенин иштете баштагандан Шурап шаарчасы пайда болгон. Эл арасында Шороп деп айтылып жүрөт. Шоропто Баткен менен Лейлектен келген нойгут, тейит, каңды, кесек, абат, чапкылдык, найман урууларынын өкүлдөрү тажик, өзбөктөр менен бирге шахтер болуп иштеп, жашап келишкен. Шахтабашкармалыгын да көп жылдар бою кыргыздын абат уруусунан чыккан Надыров Асан башкарган. Шаарда кыргыз мектеп болгон.
Найман. Кыргыздын найман уруусунун өкүлдөрү тарабынан негизделген кыштак. Чорку кыштак жамаатына карайт. Учурда тажиктер жашап калган.
Чаркоо. Чаркоо – Тажикстандын Согду облусунун Исфара районундагы кыштак. Чаркоо же Чаркөө тажикче Чорку деп аталат. Тажиктер Чаркоонун этимологиясын «чор кух» же төрт тоо, чар тарабы тоо деп чечмелешет. Ал эми, «Манас» эпосунда чаркоо – кыргыздын бир уруусу катары берилген. Чаркоо этнотопоним болушу ыктымал. Анткени, Чаркоо этноним катары коңурат уруусунун курамында учурайт. Демек, Чаркоо коңурат уруусу бул аймакты мекендеп, ээлик кылып турган кезде, коңураттын чаркоо деген уругу тарабынан негизделген кыштак болушу мүмкүн. Чаркоо же Чорку тууралуу чапкылдыктардын санжырасында «Калматай Түлкү, Испара-Чорку – атаңдын мүлкү» деп, айтылат. Манас эпосунда:
Орчун кыргыз уругу
Окчу каракесек бар.
Чаркоо менен катаган
Баарыбыз бир атадан-деп, айтылат.
Катаган. Катаган – этнотопоним экенинде шек жок. Катаган кыштагы катаган уруусунун өкүлдөрү тарабынан негизделген кыштак. Кыштакта өзбек-кыргыздар чогуу жашайт. Катаган айылында чапкылдык уруусунун Бакыбек, Асанали ж.б. уруктары жашап турушкан. Совет доорунда малчылык жана талаачылык иштеринде көрсөткөн зор жетишкендиктери үчүн, бул айылдын тургундарынын арасынан айылдык, райондук, областтык Кеңештерге депутат болгондору да бар. Талаачылык боюнча алдыңкы адис болуп, звеновой, андан кийин бригадир болуп көп жыл иштеген Эркебаев Абдыганы аксакалды Гафуров районундагы тажик-өзбектер “диплому жок агроном”, “Ганы саркер” деп аташчу. Турсунбаева Ажар алдыңкы саанчы болгондуктан, бир нече орден-медалдардын ээси, айылдык, райондук, областтык Кеңештердин депутаты болгон. Турсунбаева Ажардын күйөөсү эмгектин ардагери Турсунбаев Дыйканбайды да райондо таанымал жана сыйлуу инсан болгон. Турсунбаев Дыйканбайдын энеси каза болгондо, туугандары маркумдун керээзи боюнча сөөгүн Катаганга койбостон, Көк-Тонду мазарынын жанындагы чапкылдыктарга таандык көрүстөнгө коюшкандыгы тууралуу маркумдун чебереси Даркум айылынын тургуну, Галжигитов Мустапакул агай маалымат берди. Катагандын туруктуу жергиликтүү жашоочуларынан болгон Садыков Данабайдан тараган Данабаевдердин жана Туратовдордун үй-бүлө, бала-чакасын өзгөчө бөлүп атап кетсек болот. Турат аксакалдын бир тууганы Жоошбай аксакал үй-бүлөсү менен Катагандан Ангрен шаарына көчүп кеткен. Ошондой эле бир туугандар Шабото менен Эрбото аксакалдын бала-чакасы азыр да Катаганда жашап жатышат. Раматылык Данабай аксакалдын айтымында, кыргыздар илгертен аскер кызматын кесип катары аркалап келишкен, айрыкча Кокон хандыгынын тушунда бийик аскердик даражаларга жетишишкен. Аксакал Маргундан чыккан уруулаш тууганы Мавлян Кокон хандыгында лашкер-башы кызматына чейин көтөрүлгөнүн сыймыктануу менен айтып жүргөнүн айылдаштары эскерип калышат.
Оочу-Калача. Тажикчеси Аучу-Калача. Кыргыз-тажик чегарасынан орун алган кыштак. Кыргыздын чапкылдык уруусунун өкүлдөрү негиздеген кыштак. Учурда кыштактын тургундары негизинен тажиктер менен өзбөктөр. Кыргыздар азчылыкты түзөт. Чапкылдык уруусунун калтатай уругунун өкүлдөрү жашайт. Кыштакта чапкылдыктын калтатай уругуна таандык «Калтатай мазар» мазары жана эски көрүстөн бар. Оочу-Калача - уучулардын коргону деген түшүнүктү берет. Чапкылдыктарды эл арасында уучулардын уруусу деп да аташкан. Анткени чапкылдыктар - согушка көп катышкан, эр-жүрөк баатырлар, көзгө атар мергендер жана палвандардын уруусу катары белгилүү. Оочу-Калачага жанаша Кыргызстандын аймагында чапкылдыктар(«чапкы» же «чапты»+лар) жашаган аймакта Оочу, Эски-Оочу айылдар бар. Оочу-Калача тууралуу 1904 -жылы Вирский Михаил (ст. чиновник особых поручений при военном губернаторе): « Название «Овчи қалъача», означает "Маленькая крепость охотников" и состоит из тюркского слова «овчи» - охотник, арабского слова: «Қала, қалъа (qal'a)» - 1. Крепость, укрепленный город. 2. Башня., и форманта « — ча», соответствующего детерминативному суффиксу, показатель уменьшительности. В центре селения Овчикалача, находящемся на правобережье реки Такоб, на дороге ведущей к селениям Андархам, Узук и другим, стояла крупная крепость, которая в 1897 г. была исследована М.С.Андреевым. Обнаруженные на территории крепости материалы были отправлены им в музей г. Самарканда. Здесь же в районе крепости существовало гостиничное сооружение типа Испандж, где на ночлег останавливались идущие в сторону Исписара караваны торговцев. Они по мере нужды могли сделать остановку в Костакозе, Калъача, Овчи, Бешкент, Исфане и других пунктах дороги» -деп, жазган. Оочу-Калача сельсоветинде кыргыздардан Рахманов Нуридин көп жылдар бою Сельподо магазиндин башчысы(завмаг) жана Рахманов Сайпи сатуучу болуп эмгектенген.
К.Матикевдин «Кыргыздардын тарыхый географиясы»(2004) китебинде: «Алчындар Манас эпосунда кыргыздын бир уруусу катары айтылат. Алтайдан кыргыздар көчкөндө бул эл азыркы Кан чөлкөмүнө көчүп келип, кийинчереек ”ичкилик” деп аталып кеткен. Алчындардын Кангайда жана Алтайда калгандары азыркы күндө « орок(чапты)» жана «оочу(очы)» деп аталып, Амур суусунун бойлорунда жайгашкан» деген маалымат бар.
Окчу кыргыз уругу,
Ыспаранын улугу, (Сагымбай Орозбаков, 2. 51).
Эпостогу айтылган «окчу» этноними жөнүндө сөз кылганда, биринчиден анын маанисине көңүл буралы. «Окчу»-орус тилинде «стрелок лучник» же «жаа аткыч мерген» дегенди туюндурат. Ошондой эле «окчу»- уучу(охотник) дегенди да билдирет. Лейлекте «Овчу» же «Оочу» деген топоним бар. Оочу -уучу, аңчы, мерген деген маанини туюндурат. Ошондой эле Өзбекстандын Фергана облусунун аймагында Кокон шаарына жакын чапкылдыктар жашаган Окчу кыштагы бар.
Оротөбө. Оротөбө байыркы тарыхтарда жана эпос боюнча алганда Анжыян чөлкөмүнө карап, кыргыз хандыгынын так ортосунда жайгашкан негизги түйүн шаар. Шаардын жана анын айланасында жашаган калктын өзөгүн кыпчак, коңурат, думара, окчу уруулары түзгөн. Байыркы Оротөбө Жызакка жакын чөлкөмдө орун алып, согуштук аракеттерде көбүн эсе Самаркан, Жызак, Заравшан кыргыздары менен бир канатта согушка киргендиги маалым. Чоң казатта Санжыбектин кошуну менен бирге оң канатта согушкан. Оротөбө шаарынын айланасында кыргыздын кесек уруусунун өкүлдөрү жашап келген.
Бөрүгөн. Кыргыздын кесек уруусунун өкүлдөрү негиздеген кыштак. Шаарстан районуна караштуу Бөрүгөн, Мукур жана Тегене(Кыр Тегене, Сай Тегене) айылдарынын тургундары да 100% кыргыздар, кесек уруусунун бөксө, калдар уруктарынын өкүлдөрү. Алардын да өздөрүнө тиешелүү эскиден калган көрүстөнү жана мазарлары бар. Шаарстан району боюнча жападан-жалгыз кыргыз Т. Шерматов атындагы мектеп №10 орто мектеби ушул Бөрүгөн айылында. Айылдан чыккан белгилүү инсандарТухлиев Камалиддин – физика-математика илимдеринин кандидаты. Исманкулов Каршибай -физика-математика илимдеринин кандидаты. Ризакулов Туракул Рабимкулович – экономика илимдеринин кандидаты. Бүгүнкү күндө бул айылдардын жаштары Чүй бооруна көчүп кетип, ошол жакка жайгашып жатышат.
Кожокент. Тажикчеси Худжанд. Кожокент шаары падыша Кир тарабынан басып алынганда Кирополь, Македонский басып алганда Александрия Эсхата(крайная), андан кийин Кожокент, Ходжент, Ленинабад деп аталып, азыркы мезгилде Ходжент деп айтылат. Кайрылыштоо (Курама тоосу) жана Кайраккумдун айланасында жашаган алчын, үйшүн, найман урууларынан турган бул чөлкөмдү Аргындын Каракожосу башкарып, Кожокент (Хожент) калаасын салдырат. Манас ал калааны Кожонун шаары (кент-шаар) деп атап, негизги стратегиялык калаа катары баалайт. Эпостун бардык варианттарында Аргындын Каракожосунун калаасы катары эскертилип, бул шаарды Манас Каракожого курдурганы төмөнкүчө айтылат:
Кайрак-Кумдун кысыкта,
Кайрылыш (Кураматоо) тоонун урчукта,
Кожокент калаа куруптур.
Курдурган муну Кожокең,
Касаба кылып-бекемдеп
Арстан Манас өзү айткан.
Аталсын деп Кожокент.
(Кыдыралынын варианты.)
Бул калаа негизинен Кураматоо, Айкымдын талаасы, Бешкент, Чаначсай кыргыздарынын шаары болгон. Македонский Орто Азия чөлкөмүн басып келгенде Кожокент чебин камалап жатып, Миңжашар карыя менен жолугушат. Ал ага Кожокент шаары жана Чанач, Чаткал жибек жолдору жөнүндө төмөнкүчө маалымат берет:
Кыялув Чанач ашуусу,
Кырмызы-жибек жолу дейт,
Кыргыз-кыпчак жолу дейт,
Парикана (Фергана) менен Сарыарка,
Дал ортосу-тушу дейт,
Отурар кенти (Отрар) айлантпай,
Алып барар жолу ушу дейт. (Кыдыралынын варианты).
Кыдыралы Кайназар уулу (1850-1920), Жалал-Абад облусу, Ала-Бука району - манасчы, төкмө ырчы. Кыдыралы жаштайынан эле ыр, өлөң, түрдүү эпосторду айтууга шыктуу өнөрү менен таанымал болгон. Манасчы Талас, Кетмен - Төбө, Жалал-Абад, Алай, Ош, Анжиян, Ташкент, Бадакшан, Коженттеги ырчы, өлөңчү, кошокчуларга жолугуп, алар менен айтышып, «Манас» айтып элге таанылган.
Кайрак-Кум. Кайраккум азыркы аталышы Гулистон. Сырдарыянын сол жээгинде жайгашкан кыргыздын чапкылдык уруусунун өкүлдөрү негиздеген кыштак. Совет доорунда шаар статусун алган. «Манас» эпосунда Кыдыралы манасчынын варианты боюнча Кожокент шаарынын курулушу тууралуу айтылган жеринде:
«Кайрак-Кумдун кысыкта,
Кайрылыш (Кураматоо) тоонун урчукта,
Кожокент калаа куруптур» -деп, айтылат.
Каракчыкум. Тажикче Карачикум деп жазылган. Улуу Жибек жолунун боюнда, Сырдарыянын сол жээгиндеги кыштак. Улуу Жибек жолундагы кербендерге каракчылар көп кол салган жер болгондон улам Каракчы-Кум аталган. Алгач кыргыздын чапкылдык уруусунун Асанали уругу тарабынан негизделген. Каракчыкум айылында мурда кыргыздар жашап тургандыгын айылдын аталышынан эле билсек болот. Колхоздоштуруу жылдары Жийдели кыштагы менен бирге «Молотов» атындагы колхозго бириккен. Совет доорунда кыргыз-тажик аралаш турган. Советтер Союзу ыдырап, жок болгондон кийин кыргыздар Кыргызстанга Лейлек районуна караштуу Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Арка айылына көчүп чыгышкан. Учурда тажиктер жашап калышкан. Акыркылардан болуп Расулов Токтош, Расулов Тойчу жана Сангинов Шүкүр Кыргызстанга көчүп келишкен.
Махрам. Кокон хандыгынын Махрам чебинде жашагандар тарабынан негизделген кыштак. Кыргыздар Кокон хандыгынын тушунда Махрам чебинде аскер кызматында болушкан. Алгач кыргыздар, өзбөктөр жашашкан. Падышалык Россиянын тушунда Махрам волостуна карап турган. Учурда кыргыздар калбай калган. Өзбөк, тажиктер жашап калган. Махрамда кыргыздардан акыркылары болуп, Нурумбет уулу Ормон аксакал, Марахимов Шайдилла жана Шоорук уулу Осмон аксакалдардын үй-бүлөлөрү жашап турушкан. Булар да кези келгенде Арка өрөөнүндөгү Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн аймагына көчүп келишкен.
Махрам чеби. Махрам чеби азыркы Махрам кыштагынын түндүк тарабында жайгашып, 1957-жылы курулган Кайраккум суу сактагычынын суусунун алдында калган. Суу тартылган жылдары чептин дубалдары көрүнүп калат. Кочкор Батыровдун «Чапкылдыктар»(2010) китебиндеги маалыматка ылайык Махрам чебинин беги Ажы датканын уулу Шоорук бий болгон. Махрам чеби тууралуу Е. Марков өзүнүн « Россия в Средней Азии: Очерки путешествия по Закавказью, Туркмении, Бухаре, Самаркандской, Ташкентской и Ферганской областям, Каспийскому морю и Волге» деген эмгегинде «Сейчас же за Караушхуном и знаменитая когда-то кокандская крепость Махрам. Она стоит на самом берегу Сырдарьи и считалась одним из главных оплотов старого ханства. Дорога проходит насквозь через всю крепость, из одних ворот в другие. Крепость окружена глубоким и широким рвом, за которым поднимаются двойным кольцом глиняные стены с башнями. Вторая стена особенно высока и толста, и устроена очень удобно для защитников. Внутри ее множество глиняных мазанок для войска, заменявших палатки. Махрам — своего рода Геок-Тепе кокандцев. Тут разыгралась кровавая битва, решившая судьбу воинственного ханства. Генерал Головачев разбил здесь наголову все засевшее в Махраме войско кокандцев, и столица их Кокан после этого без боя отворила русским свои ворота. Можно сказать поэтому, что в Махраме совершилось завоевание всей Ферганской области» деп, жазат.
Көчкөк. Кучкак деп жазылат. Канибадамдын түштүк-батыш тарабындагы Каратоонун этегинде жайгашкан кыштак. «Көчкөк» - Каратоонун айрым жерлеринде тоо көчкү жүргөндөн жана тоодон аска-таштар дайыма ылдый карап түшүп тургандан улам «тоонун көчкөк жери» деген маанини туюндурат. Чындыгында эле кыштактын өйдө жагында тоодон кулап түшкөн үйдөй болгон чоң таштар толтура. Дагы бир вариант боюнча кыштак алгач тоо койнунда болуп, көчкү коркунучунан айыл тургундары коопсуз жай издеп ылдый карап улам көчө берген «көчкөктөрдүн кыштагы» деп көчкөк аталып калган. Кыштакты негиздеген кыргыздын абат уруусунун өкүлдөрү болгон. Совет доорунда кыргыздар өзбөк улутунун өкүлдөрү менен аралаш жашап калышкан. Кыргыздар Кыргызстанга көчө баштагандан баштап, өзбөк улутунун өкүлдөрү басымдуулук кылат.
Мазар-Тал. Каратоонун боорундагы кыштак. Жергиликтүү эл ыйык жер деп санашат. Мазар-Талда байыркы мазар жана үңкүр бар. Дарылык касиетке ээ булак суулары бар мазар. Зыяратчылар үчүн атайын зыяратканалар курулган. Алгач кыргыздын абат, найман жана чапкылдык урууларынын өкүлдөрү жашаган кыштак. Колхоздоштуруу мезгилинде кыргыздарды Маданият кыштагына көчүрүшкөн. Маданият кыштагында кыргыздар өзбөктөр менен аралаш турган. Совет доорунда Мазар Талда аскердик полигон болгон. Мазар-Тал «Манас» эпосунда Тал-Мазар катары учурайт. Тал-Мазар - "Манас" эпосундагы топоним. Кошойдун кеңеши боюнча Алтайга жол тартып баратып, Тал-Мазарда конот. Эпосто Акбалтадан Кошой алптын кабарын уккан Манас аны издеп чыгып, Ат-Башыдагы Чеч-Дөбөдөн таап жолугат. Кошойдун кеңеши боюнча Алтайдан 40 үйлүү элин көчүрүп келмек болуп кайра кайтып бараткан жолдо Манас "Тал-Мазар жетип конду эле" – деп, айтылат.(Саякбай Каралаев, 1. 121).
Мазар-Талдагы үңкүр тууралуу абат уруусунун өкүлдөрү тарабынан Мадыген тараптагы жер астындагы кенчилердин шаары Канигутка бара турган үңкүрдүн бир оозу Канигутта, экинчиси Мазар-Талда деген уламыштар айтылып жүрөт. Эл арасында «барса келбес» же «жер астындагы күмүш шаар» деп айтылган Кани-Гут Баткен районунун Самаркандек айылынан 18 км батыш тарапта жайгашкан. 1974-1984-жылдарда В.М.Плоских изилдеген. 1975-жылы геологиялык заказник деп жарыяланган. Археологиялык табылгаларга караганда үңкүрдү кул ээлөөчүлүк доорунан бери адамдар мекендегени аныкталган. VI-VII кылымдарда үңкүрдөн коргошун, күмүш, темир казып алынган. XVIII-XIX кылымдарда да руда казып алгандыгы белгилүү. Кокон хандыгынын мезгилинде жергиликтүү кыргыздар коргошун, күмүш, казып алып турушкан. 1930-жылдарда Абаттын эң күчтүү бакшылары адалакы уругунан Кадыр бакшы жана чолой уругунун аюу тобунан Жума бакшы экөөсү мелдешип Канигуттан кирип, Мазар-Талдан чыкмай болушат. Калыстар экөөсүн Канигуттан киргизип жиберет. Үч күндөн кийин Кадыр бакшы жол таба албай кайра чыгат. Жума бакшы бир жумадан кийин Мазар-Талдан чыккан экен. “Бир жерге барсам жаз келип, адамдар эгин эгип жүрөт. Бир жере барсам саратан, ысык экен. Бир жерде күз келип, эгин бышып, бир уста жыгач чаап жаткан экен. Жанында олтуруп, сүйлөшүп, баарлашып анан кеттим эле. Чапанымдын этегин Мазар-Талга барып каккыласам алакандай коргошундар түштү. Көрсө устанын жыгачынан илешкен чаткалдар экен”-деп, айткан экен Жума бакшы.
Жийдели. Тажикчеси Жигдалик. Сырдарыянын сол жээгинде, Улуу Жибек жолу(Кокон жол) өткөн жерден орун алган кыштак. Мурда суу сактагыч курула электе Жийдели: Калтатай, Тайлакы жана Асанали айылы болуп үч бөлүктөн турган. Бүгүнкү күндө да айылда чапкылдык уруусунун Калтатай, Тайлакы, Асанали, Салимбек, Имамшайык, Бакыбек урук-топторунун өкүлдөрү жашап жатышат. Сырдарыяны тосуп, Совет бийлиги тарабынан 1957 -жылы Кайраккум суу сактагычы курулганда, эски Жийдели айылы суу астында калып, эл азыркы турган жерине көчүрүлөт. Айылдын күн батышынан орун алган кыргыздардын байыркы «Шум-Коргон» көрүстөнү да суу астында калган.
Шөркөл. 1957-жылы Кайраккум суу сактагычы курулганда Шөркөл айылы да суу астында калган. Шөркөл айылы: Кыпчак, Чербай, Дөң, Алка токой, Жарсуват, Баш айыл деген бир канча майда айылдардан турган. Учурда бул айылдардын калкы Самгар жана анын айланасындагы айыл-кыштактарда жашап жатышат. Бул айылдарда, негизинен, көчмөн жана жарым көчмөн үйөс же уяс деген этникалык топтор менен кошо чапкылдыктар жашашкан. Уяс же үйөстөр да жана аларга кошуна жашаган курама деген эл да учурда өздөрүн өзбөк улутуна кошушат.
Чуулдак. Тажикчеси Чувулдок. Чуулдак – этнотопоним. Анткени, кыргыздын кесек уруусунун чуулдак уругунун өкүлдөрү негиздеген кыштак. Чуулдак айылында да кыргыз тилинде билим берген орто мектеп болгон. Тилекке каршы, айыл тургундары кыргыз болгондуктан, Чүй облусу менен Бишкек шаарына көчүп кетишкен.
Ноо. Ноо кыштагын кыргыздын кесек уруусунун Тагайберди уругунун өкүлдөрү негиздеген. Тажикстандын Ноо (Нау) районунун борбору, учурда шаар болгон. Шаардын борборунда кыргыздын кесек уруусунун Тагайберди уругунун өкүлдөрү илгертен эле жашап келишкен. Тагайбердинин бийлери Ноо аймагын кылымдар бою бийлеп турган деп айтышат. Алардын да көрүстөнү Ноо шаарында бүгүнкү күнгө чейин жок боло элек. Ошондой эле кесектин чүчүк, бөксө жана башка уруктары да бар. Ходжент уездинин Бөксө-Сибирги болуштугунун идарасы (конторасы) ушул Ноо кыштагында болгон.
Жантак. Могол тоо менен Курама тоосунун ортосунда жайгашкан азыркы Матча району ээлеген аймак мурда Жантак өрөөнү деп аталчу. Илгертен бери бул аймакты кыргыздын байлары кыштоо катары колдонуп келишкен. Кийинки мезгилдерде Кокон хандыгы, Падышалык Россия жана Совет бийлигинин алгачкы жылдарында да азыркы Лейлек менен Баткен районунун малчылары карамагындагы малдарын кыш мезгилинде Жантакка айдап келип, кыштап жүрүшкөн. Улуу Ата Мекендик согуштан кийин өрөөндү өздөштүрүү максатында Тоолуу Матчанын калкын көчүрмө кылып бул аймакка көчүрүп келишкен. Мачайылар келе электе Жантакта курама эли менен кыргыздар чогуу жашап турушкан. Кийин кыргыздардын басымдуу бөлүгү Кыргызстанга көчүп кетишкен.
Курама тоо. Жергиликтүү курама элинин атынан аталган тоо. Кыргыздар жана курама эли жайыт үчүн пайдаланган тоо. Курама кырка тоосу - Батыш Теңир-Тоодо. Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын чек арасында жайгашкан. Түштүк-чыгышынан Фергана ойдуңу менен чектешет. Сыр-Дарыянын жана Ангрен дарыясынынын суу бөлгүчү. Түштүк-батыштан түндүк-чыгышка 120 кмге созулуп, Чаткал кырка тоосуна барып такалат. Эң жазы жери 25 км. орточо бийиктиги 2700 м, эң бийик жери 3769 м. Ангрен дарыясына караган түндүк-батыш бети тик жана кокту-колоттуу, Фергана ойдуңу тарабы жантайыңкы. 9—10-кылымдарда алтын менен күмүш казып алынган.
Могол тоо. Тажикчеси Кух-и-Мугул. Мугал тау деп жазылат. Кожонттун түндүк - батыш тарабынан орун алган тоо. Кезинде бул аймакты башкарып турган кыргыздын моголдор же моңолдор уруусунун башчысынын айылы жана резиденциясы жайгашкан тоо бара бара Могол тоо деп аталып калган. Моголдор же моңолдор бир кезде Кожонт тарапта жашап, азыркы турган аймактарга ушул жактан барышкан деп айтылат. Ошондой эле моголдор же моңолдор Каракулжа жана Ат-Башы райондорунун аймагында жашап турушат. Бир кезде моңолдордун өкүлү Ахмат бек Могол өзүнүн элинин жарымын Хоженттен Ат-Башыга алып кеткен деп айтылат. Моголдор же моңолдор өздөрүн Индияда Захрид-дин Бабур түптөгөн «Улуу Моголдор империясынын» өзөгүн түзгөн уруунун өкүлдөрү катары санашат. Моголдор аваат уруусунун курамында авааттын бир уругу катары кездешет. Могол тоосун болсо, ата-журт катары кабыл алышат. Могол тоо боюнча тажик окумуштуусуу М.Дадабаева өзүнүн « К вопросу об этнонимах и этнотопонимах северного Таджикистана» деген эмгегинде»: «Э.М.Мурзаев в своей работе обращает внимание на название Моголтау, которое в таджикской форме звучит Кух-и-Мугул. Конечно, горы получили название от этнического наименования. Ещё в прошлом они были населены полуоседлым населением, по языку и быту близким к казахам и киргизам. Как пишет Н.Т.Маллицкий (1930), быть может, это были потомки монголов, которые в своё время расселились здесь для наблюдения за большим покорённым городом Ходжентом. Ходжентцы называли их илят - «кочевники» -деп жазат.
Тоо ашар. Тажикчеси Табошар. Совет доорунда уран кенин иштеткен жерде пайда болгон Курама тоосунун этегиндеги шаарча. Мурда Тоо ашар ашуусу менен өткөн жол аркылуу лейлектик жана ташкенттик чапкылдыктар байланышып турган. Ошондой эле азыркы Лейлек менен Баткен районунун малчылары Курама тоонун күнгөй бетиндеги Тоо ашар ашуусу аркылуу Чаткалга мал айдап барып турган. Кыргыздын чапкылдык жана абат уруусунун өкүлдөрү жашап турушкан. Кийинчерээк кыргыздардын басымдуу бөлүгү Кыргызстанга көчүп кетишкен.
Ак-Белес. Дашти-Рабад же Таш-Рабат өрөөнүнөн Фергана өрөөнүндөгү Канибадамга кетчү жолдогу Ак-Чечек ашуусунун тажик тарабы. Таш-Рабат өрөөнүндө жайгашкан Даркум, Даргаз, Маргун айылдарынын калкы Ак-Чечек – Ак-Белес аркылуу Канибадам, Кокон тарапка каттап турган.
Кара-Тоо. Кара-Тоо - Канибадамдын түштүк тарабында жайгашкан тоо. Жергиликтүү эл арасында илгери Муг Тоо деп да аталгандыгы айтылат. Каратоого кыргыздар илгертен эле ээлик кылып келген. Күн чыгыш тарабын абат уруусу, ал эми күн батыш тарабын чапкылдыктар пайдаланып келишкен. Кыргыз мамлекетин түптөгөн инсандардын бири, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Мурат Салихов Каратоонун күн чыгыш тарабындагы абат уруусу тарабынан негизделген Каратоо кыштагында жарык дүйнөгө келгендиги тууралуу тарыхчы, тарых илимдеринин кандидаты А.Кадыров «Баткен тарыхы»(2014) китебинде жазган. «Кара-Тоо» деген аталыш топоним катары «Манас» эпосунда да учурайт. Эпосто Кара-Тоо Азиреттин Кара-Тоосу деп айтылат. Кара-Тоо тоолуу, бөксөлүү жер. Алтайдан көчүп келгенден кийин Таласка орношконго чейин Манас эли менен Азиреттин Кара-Тоону жердеп турган (Сагымбай Орозбаков, 2. 152, 205, 275, 359, 360, 381). Ошондой эле Кара-Тоо тууралуу М. Мусурманова «Каратоолук кыргыздар»(2007) деген китебинде кыргыздардын орчундуу бөлүгү мындан 3 миң жылдан бери карай Улуу Теңиртоо же Каратоодо жашап келген деген оюн кеңири белгилейт. Каратоо окумуштуулар арасында ар кандай ойду жаратса, автор аны Сырдарыянын түштүк жээгиндеги тоону Каратоо деп атап, башаты Кадамжайдагы, Ноокаттагы Улуу тоодон башталып батышка карай Лейлек, Коженттен өтөөрүн ишенимдүү көрсөтөт.
Шор-Коргон. Канибадамга караштуу Шор-Коргон жана Баатыр-Коргон деген жерлерди колхоздоштуруу процесси башталганга чейин өзбек-тажиктер “Марахим кыргыздын жери”, “Салибай кыргыздын жери” деп аташкан. Анткени бул жерлер чапкылдык уруусунун Бакыбек уругунан чыккан Марахим бай менен Салибай байга тиешелүү жерлер болгон. Совет доорунда бул жерлер “Коммунизм” колхозуна карап калган.
Үркөк тоосу. Тажикчеси Рухак. Ходжент шаарынын түштүк-батыш тарабынан орун алган чакан тоо. Тоонун чыгыш тарабынан Кыргызстандын аймагынан агып чыккан Кожобакырган-Сай дарыясы өтөт. Дарыянын жээгинде мурда бадалдуу токой арасында ар кандай жаныбарлар көп болгон. Бир чети дарыянын шоокумунан, бир чети жапайы жаныбарлардын жытынан жолоочулардын аттары үрккөн жер, бара бара эл арасында үркөк аталып кеткен деп айтылат. Дагы бир вариант боюнча дарыянын жээгинде жапайы чочколор көп болуп, жолго чыга калып, жолоочулардын аттарын үркүткөн учурлары болгон экен. Ошондон улам үркөк аталып калыптыр.
Доңуз-көпүрө. Кожобакырган-Сай дарыясынын эки жээгин бириктирип турган көпүрө. Үркөк тоосунун күн чыгыш тарабынан орун алган.
Катма. Кыргыздар негиздеген кыштак. Үркөк тоосунун түштүк тарабында жайгашкан чакан кыштак. Азыр деле кыргыздар жашап жатышат.
Демай. Демай айылынын аталышын жергиликтүү кыргыздар (Жороев Турсунбай ажы жана башкалар) төмөнкүдөй чечмелеп беришет: бул айыл Улуу жибек жолунан орун алгандыктан, илгери Демайда чоң кербен сарай болгон экен. Алыс жолдон чарчап-чаалыгып келген кербендер ушул жерден өздөрү да эс алышып, негизги унаа каражаты катары пайданылган төөлөрүн да эс алдырышчу экен. Ошондой кербендердин биринде төөсү аксап, арыктап, басалбай калгандыктан, ушул жерге “же өлөр же калар” деген кыязда таштап кетишет. Арадан жылдар өтүп баягы кербен дагы келгенде кербен сарайдын ээсинен баягы төөсүн сурайт. Бирөөнүн аманатына кыянаттык кылбаган кербен башы ошол төөнү “айдап келгиле” деп кол астындагыларга буйрук берет. Төөсү жөн эле сакайбастан, абдан семирип кеткенин көрүп, көргөн көзүнө ишенбей, кербен башы абдан ыраазы болот экен. Ошондо ал ыраазычылыгын билдирип, “келгиле бул төөнү соелу да, тең бөлүшүп алалы” деп сунуштайт. Канчалык семиргенине кызыккан кербендегилер дароо эле союп, мүчөлөп, этти ортого койгондо, теңи май, теңи эт чыгат. Бул жердин аты ошондон улам “теңи май, теңмай» деп жүрүп, Демай деп аталып калган экен. Тажик окумуштуусу Абдуллоджон Мирбабаев «Топонимы Худжанда и его пригородов» деген эмгегинде: «Живописное урочице Дехмой расположено в 12 км. западнее города Худжанда, у подножья северо-западной части горной гряды Рухак. Согласно информации этнографов в административном центре Дехмой на большой дороге, ведущей из Худжанда в Нау, в отдаленном прошлом располагались несколько дуканов, чайхана и караван-сарай» -деп, жазат. Демай айылында мурда чапкылдык уруусунун тайлакы уругунан 30 чакты кожолук кыргыздар жашап турушкан. Шеров молдо Токтор, Мукумовдор, Матураимовдор, Ажиевдер, Наркозуевдер, Эрботоевдер жана башкалар. Кийин булардын көпчүлүгү Төө-Моюн айылына көчүп барышкан.
Балык мазар. Мурда кыргыздын чапкылдык уруусунун тайлакы уругуна таандык болгон жер. «Балык мазар» - Демай кыштагынын түштүк- чыгыш тарабында жайгашкан Үркөк тоосунун боорунан чыккан булактын суусунан пайда болгон чакан көлмө бар жерден орун алган. Көлмөдөгү жана көлмөдөн чыккан каналдагы балыктардын сарык оорусун дарылоодо өзгөчө касиети бар экендигин айтышат. Жергиликтүүлөр «Балык мазардагы» балыктарды оорулуу адам карап олтурса, сарык оорусу балыкка өтүп кетип, оорулуу сакайып кетет деп ишенишет. Кээ бирлери 3-4 балыкты кармап, атайын идишке салып, үйлөрүнө алып да кетишет. Балык мазар боюнча тажик окумуштуусу Абдуллоджон Мирбабаев «Топонимы Худжанда и его пригородов» деген эмгегинде: «По информации известного краеведа Н.Г.Малицкого, у родника Дигмай и в оросительных каналах, выведенных от родника, водилось очень много рыбы, которую можно было поймать руками. Эти сведения относятся к концу 20-ых годов ХХ в. Жители считали эти виды рыб сакральными. Несколько западнее селения Дехмой в районе городища Мунчактепе, согласно китайским источникам, некогда сушествовал храм-озеро рыб» -деп, жазат.
Кулан-Баш-Ата мазары. Казнак айылынын күн батыш тарабынан орун алган Куланбаш кыштагынын түндүк тарабында, Сырдарыянын жээгинде орун алган мазар. Куланбаш кыштагында мурда чапкылдык уруусунун өкүлдөрү жашап тургандыгы айтылат. Учурда өзбек улутунун өкүлдөрү жашайт. Раматылык Боронбаев Жарбек аксакалдын айтымында Кулан-Баш-Ата мазары чапкылдыктарга тиешелүү мазар болгон. Кулан-Баш Кыргызстандагы «Ат-Башы» аталышына окшошуп кетет.
Кабылан Ата мазары. Лейлектин Самат айылынын Мурзапатча участкасынын этегинде кыргыз-тажик чегара тилкесинде Тажикстанга караштуу Коргончо деген айыл бар. Бир кезде бул айылда кыргыз, өзбек аралаш жашашкан. Учурда жалгыз бир үй-бүлө кыргыз калган. Сайдын жээгинде эски мазар бар. Бул мазарды Кабылан-Ата мазары деп коюшат. Мурда Коргончо айылынын бир бөлүгү Чапкылдык болуштугуна карап тургандыктан, бул жерде Чапкылдык уруусунун жапар тобунун өкүлдөрү жашап турган экен. Ошол жапар тобунан чыккан Кабылан баатырдын сөөгү коюлган себептен, бул көрүстөн «Кабылан Мазар» аталып калган.
Котур-Булак. Котур-Булак - Тажикстанда калып калган кыргыздар жашаган чакан айыл. Учурда Жаббар Расулов районунун Коргончо кыштагына караштуу участок. Булактын муздак суусу күнүмдүк керектөөдөн башка дарылык касиети да болгон. Денесинде котуру бар балдарды булак суусуна киринтип, дарылашкан.
Көк-Тонду мазары. Кайраккумдагы Көк-Тонду мазары чапкылдыктардын байыркы мазарларынын бири болуп саналат. Көк-Тонду кыштагында негизинен чапкылдыктар жашап келген. Көк-Тонду мазарынын жанында чапкылдыктарга тиешелуу көрүстөн да бар. Катаган кыштагынын тургуну Турсунбаев Дыйканбайдын энеси каза болгондо, туугандары маркумдун керээзи боюнча сөөгүн Катаганга койбостон, Көк-Тонду мазарынын жанындагы көрүстөнгө коюшкандыгы тууралуу маркумдун чебереси Даркум айылынын тургуну, Галжигитов Мустапакул агай маалымат берди.
Калтатай мазары. «Калтатай мазар» - кыргыздын чапкылдык уруусунун калтатай уругуна тиешелүү эски мазар. Кожо-Бакырган Сайдын жээгинде, кыргыз-тажик чегара тилкесинде автожолдун боюнда Кыргызстанга караштуу Кулунду жана Бешкент айыл округдары менен чектеш турган Тажикстандын Ходжент районуна караштуу Оочу-Калача кыштагынын түштүк- батыш тарабынан орун алган. Калтатай мазардын жанында кыргыздарга тиешелүү эски көрүстөн да бар.
Кырккыз мазары. Кожонт шаарынын күн чыгыш тарабында «Мозори чил духторон» (кырк кыз мазары) деген мазар бар. Уламыш боюнча эркек аттуунун баары согушка кеткенин билип, капыстан басып кирген жоодон жалтанбастан, кынсыз кылыч байланган кыздар шаарды коргошот. Теңсиз айыгышкан согушта курман болуп, шейит кеткен кырк кыздын сөөгү дал ушул мазарда көмүлгөн. Күчтүү душманга арстандай айбат көрсөткөн эр жүрөк кыздардын эрдигин эл бүгүнкү күнгө чейин унутпай келет. Кырк кыз жөнүндө уламыш, дастан кыргыз жана каракалпак элдеринде айтылгандыктан, бул мазар кыргыздын эле кырк кызынын мазары болсо керек деген ой туулат. Уламыштын экинчи варианты боюнча «жоого олжо болгондон көрө өлгөнүбуз артык» деп, кырк кыз уу ичип өлөт.
Казнак. Кыргыздар түптөгөн кыштак. Кийинчерээк кыргыздардын басымдуу бөлүгү Кыргызстанга көчүп кетишкен. Учурда кыргыз, өзбөк аралаш жашайт. Казнак айылындагы кыргыздардан Боронбаев Жарбек сүт-товар фермада ферма башчысы, Жороев Турсунбай кампа башчысы, таразачы (весовщик) болуп иштеген. Айыл тургуну сүт-товар фермасынын алдыңкы саанчысы Жороева Марал бир канча жолу айылдык жана райондук Кеңештерге депутат болгон. Эмгек Даңкы ордени, медалдар, Ардак грамоталар, баалуу белектер менен жана Москвич маркасындагы автомашинасы менен сыйланган. Ошондой эле Казнак айылында Бөрүгөн айылынан көчүрүлүп келген кыргыздар жашашат. «Каландар орус» деген атка конгон Каландар аксакал 1910-жылы орус-тузем мектебинде окуп, орус тилин жакшы билгендиктен, Бөксө-Сибирги волостунда ар кандай кызматтарда иштеген. Каландардын бир тууганы Самандар болгон. Казнак айылындагы өзбек тилинде билим берген орто мектепте алгачкы директорлор Каландаров Абыт, Самандаров Алим агайлар болушкан. Абыт Каландаровдун уулу Акмал Каландаров көп жыл облустук “Ленинабад хакикаты” газетасынын башкы редактору болуп иштеген. Акын, ондогон ырлар жыйнактарынын автору. Бөрүгөн айылынан көчүрүлүп келген кыргыздар кесек уруусунун бөксө уругунан болушат.
Чуулдак. «Чуулдак» - этнотопоним. Кесек уруусунун чуулдак уругунун атынан аталган кыштак. Чуулдак айылында кыргыз тилинде билим берген орто мектеп болгон. Тилекке каршы, айыл тургундары кыргыз болгондуктан, Чүй облусу менен Бишкек шаарына көчүп келишкен.
Селкен. Кыргыздар негиздеген кыштак. Селкен айылында кыргыздын чапкылдык жана кесек уруусунун сарысөн жана башка уруктарынын өкүлдөрү жашайт. Айыл тургундары, айрыкча жаштар акыркы жылдары Кыргызстанга көчүп кетип жатышат.
Ак-Дөбө. Жер рельефине жараша аталган кыштак. Ак-Дөбө айылында мурда толугу менен кыргыздар жашашкан. Кыргыздын кесек уруусунун бөксө уругунан орден-медалдардын ээлери, бир туугандар Абдижамбилов Абдугапар менен Абдижамбилов Абдыганы аксакалдар бул айылдын сыйлуу инсандары болушкан.
Андарсай. Жердин рельефине жараша аталган кыштак.Кыштакта кыргыздар өзбөктөр менен аралаш жашайт. Андарсайда тейит уруусунун өкүлдөрү болгон бир тууган Таабалды жана Эргеш Эгембердиевдер бул айылдын ардактуу тургундары болушкан. Социалисттик эмгектеги күжүрмөндүгү үчүн бир канча орден-медалдар менен сыйланышкан.
Кыргыз кыштак. Кыргыздар тарабынан негизделген кыштак. Кыргыз кыштак айылында негизинен кесек уруусунун тагайберди уругунун өкүлдөрү жашашкан.
Жылгынды. «Жылгын» - бадал өсүмдүгү көп өскөн жерде жайгашкандыктан улам кыштак Жылгынды аталып калган. Курама тоонун этегинде жайгашкан Жылгынды айылынын тургундары да жалаң кыргыздардан турат. Бул айылда Аваат уруусунун токмок уругунун өкүлдөрү жашашат.
Үйөс. Тажикчеси Уяс. Сырдарыянын оң жээгинде, өйүздө жайгашкан кыштак. «Үйөс» - этнотопоним болуп саналат. Анткени «үйөс» - түрк тектүү этникалык топтун аталышы. Тил жагынан курамага жакын. Кыргыздын чапкылдык уруусу менен аралаш турган эл. Үйөс аталышынын этимологиясын «өйүздөгүлөр» же «өйүздөгү эл» деп чечмелешет. Үйөстөр өздөрүн өзбөк улутуна кошуп келет. Учурда Самгар кыштак жамаатынын курамында.
Кыссакөз. Тажиктер Кистакөз деп айтышкан. Кыссакөз орусча транскрипция менен Костакоз деп жазылган. Тажиктер жашаган кыштак. Жергиликтүү тажиктер мурда эки тилде тажик жана эски өзбөк тилинде эркин сүйлөшкөн. Кыссакөз же Кистакөз деген аталыштын этимологиясын жергиликтүү кыргыздар жана өзбөктер бул жерде катуу шамал көп болгондуктан көз жумуп өтө турган жер же “көз кысып өтө турган жер”, кыскартканда “кыса көз” деп айтылгандыгынан улам, Кыссакөз аталып калган деп айтышат. Кыргыздар Кистакөз кыштагынын эки жеринде жашашкан. Кыштактын күн батыш тарабында автожолдун Катаганга карай бурулган жеринде Чынардын таги деген жерде Ажиев Рустам, Доор аксакал жана башкалар болуп 20 кожолук кыргыздар жашап турган. Ал эми кыштактын күн чыгыш тарабында, Улуу жибек жолу же жергиликтүү элдин тили менен айтканда “Кокон жол” өткөн жерде Рустамов Жусуп аксакал, Рустамов Абдилла аксакал, Наби аксакал, Ганы сопу жана Базарбай бай, Адина байлар жашап турушкан. Кистакөздөгү кыргыздар, негизинен, Арка өрөөнүндөгү Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн аймагына көчүп чыгышкан. Чапкылдык волостунун идарасы Кистакөз кыштагында болгондугун аксакалдар айтып жүрүшөт. Кыргыз-тажик мамилелери тууралуу Н.Лыкошин “Чапкулукская волость” деген эмгегинде “көчмөндөр менен отурукташкан элдер бирин-бири экономикалык жактан толуктап жана камсыздап турушкан” деп, жазат.
Исписар. Өзбөк улутунун өкүлдөрү негиздеген кыштак. Азыркы Гафуров шаары. Исписар кыштагында кыргыздар илгертен өзбөктөр менен жанаша жашап келген. Исписарда кыргыздардан Эшматов Бегимкул аксакал, бир туугандар Коңур, Темир Гайбулдаевдер жашаган. Латипов Пайзилла Ленин колхозунун көп жылдар бою башкы агроному болуп эмгектенген. Баратов Эшмат Ленин колхозунда чарба раиси болгон. Баратов Эшматтын инилери Жаңыбай менен Жаркынбай мал чарбасында иштешкен. Тагаев Эргеш кой фермасынын башчысы болгон. Тагаев Эргештин бир тууган агасы Тагаев Жолдош жана иниси Тагаев Генчин кой фермасында эмгектенишкен. Ошондой эле Ирисбаев Мамат, Садиров Момун колхозчу, механизатор болуп иштешкен.
Адабияттар:
1. Ахмедов О. «Чапкылдыктар». Бишкек, 2023.
2. Вирский М. М. Список населенных мест Самаркандской области: (по сведениям 1904 и 1905 гг.). сост. М. М. Вирский. - Самарканд : Типо-лит. Труд, 1906. - II, 117 с.
3. Дадабаева М. « К вопросу об этнонимах и этнотопонимах северного Таджикистана». Худжанд, 2011.
4. Марков Е. Л. « Россия в Средней Азии: Очерки путешествия по Закавказью, Туркмении, Бухаре, Самаркандской, Ташкентской и Ферганской областям, Каспийскому морю и Волге». — СПб., 1901.
5. Кадыров А. «Баткен тарыхы». Ош, 2014.
6. Матикеев К. «Кыргыздардын тарыхый географиясы». Ош, 2004.
7. «Манас» эпосунун сөздүгү. Түзгөндөр: Абдылдаев Э. Сарыпбеков Р. Акматалиев А. Садыков Б. Бишкек,1995.
8. Мирбабаев А. «Топонимы Худжанда и его пригородов». Худжанд, 2015.
9. Саттаров С. "Абат тарыхы жана ичкилик кыргыздар". Ош, 2012.
10. Турсунов Б. Р., «Этнический состав населения северного Таджикистана в XVIII – XXI вв». Худжант, 2018
11. Мадаминов Г., Саттаров С., Жороев М., Каримов Ж. «Лейлек тарыхы» Бишкек, 2004.
12. «Манас» эпосу. Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча. I китеп. Фрунзе,1978.
13. «Манас» эпосу, Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча. II китеп. Фрунзе, 1979.
14. «Манас» эпосу. Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча. IV китеп. Фрунзе, 1982.
15. Мусурманова М. «Каратоолук кыргыздар» Бишкек, 2007.