Махтымкули Фрагинин аты менен кадыр-баркы даанышман, куткаруучу, касиеттүү жана ыйык акын катары, бир канча кылымдар бою Борбордук Азиядагы окумуштуулардын, жашы-карысы дебей карапайым калктын жана бүткүл түркмөндөрдүн жүрөгүнөн орун алды. Иран жылнамасы менен 1112-жылы ал эми григориан жылнамасы менен 1733-жылы атактуу үй бүлөдө, башкача айтканда мартабалуу түркмөн акыны Мулланепес Доулат Мухаммад Азадинини үчүнчү перзенти жарык дүйнөгө келген. Ал жашоосунун маңызы, ошол замандын акылманы, даанышманы катары кадыр-барктуу, мартабасы бийик атасы Азадинин колунда чоңоюп, таалим тарбиясын алган жана атасы анын Чыгыш жергесинде абдан белгилүү акын болгонуна зор салымын кошкон. “Вазги азад” аттуу таалим-тарбиялык маснави анын атасына таандык эмгек.
Ага Махтымкули деген ат коюлуп калганынын себеби анын чоң атасынын атын өчүрбөй сактап калуу болгон. Анын чоң атасы “Махтымкули Юначи” өмүр бою Ирандын Түнүк-Чыгыш тарабында жана Атрак дарыясынын алыскы жээгинде жашап өткөн, ал жактагы Гоклан жана Гарказ уруулары башка көптөгөн урууларга караганда Иран эли менен маданиятына абдан жакын болгон. Акындын даанышман атасынын Мулланепес деген ылакап атты ээн эркин алып жүрүшү, Махтымкулинин үй бүлөсүнө Иран маданиятын өз канына сиңиришине терең таасирин тийгизгенин көрүүгө болот.
Махтымкулинин өзүнө “Фраги” деген ылакап ат коюлган жана бардык ырчы акындар, карапайым түркмөн калкы аны ушул ылакап ат менен таанышчу. Бул ылакап атты, улуу акын өзүнүн алгачкы ырларын жазган кезде, өзүнүн негизги атына кошуп, ырларында да колдонгону ыктымал. Бул арабча сөз болгону менен, Ирандын акындарынын маданиятында жана классикалык поэмаларында сүңгүп кирип, байма бай колдонулган сөз, ал кандайдыр бир суфийлик жана өкүмдүк мааниге ээ. Фраги деген ат тынчтыкты, эркиндик менен жан дүйнөнүн тынчтыгын сүйүүчү деген маанини берет. Анткени ал ар дайым өз элинин эркин жана көз карандысыз жашоосун каалаган.
Махтымкули жаш кезинин абдан белгилүү жана абдан маанилүү “Шир Гази” деген медреседе билим алып, көптөгөн ийгиликтерге жетишкен. Шир Гази медресеси орто кылымдарда Борбор Азия боюнча Иран цивилизациясынын, маданиятынын жана адабиятынын эң мыкты басма борборлорунун бири болгон. Билими терең, көрөгөч жана акылман, билимди ийне жибине чейин жеткире билген мугалимдери бар бул медресе, Махтымкулидей зээндүү окуучулардын, ирандыктардын даанышмандыгы, салт-санаасы менен сылык-сыпаасын терең түшүнгөн көрүнүктүү даанышманга айланып, Борбордук Азиядагы түрк элинин арасында тарыхый жана таасирдүү инсаны болууга жетиштүү эле.
Махтымкулинин бир гана ырлар диваны калган жана ал чоң китепканада сакталган. Поэтикалык түзүлүшү жагынан бул диван Ирандын классикалык поэзиясынын бардык түрлөрүн жана форматтарын, өзгөчө Масмат, Газал жана Касиданы камтыйт, ага поэтикалык чеберчилик менен ыкмалардын бардыгы эң жогорку деңгээлде киргизилген. Анын ырлары, Иран адабиятынын бардык мектептери менен ыкмаларынан алынып, новаторлук жана түбөлүктүү чыгармаларга айланган. Махтымкулинин өзү жазып калтырган маалыматтарга ылайык, анын беш жылдан ашуун убакыт бою жазган эмгеги, өзү тирүү кезиндеги согушта, Газалбашылык каракчылардын колуна түшүп жок болгон. Бирок улуу акынды кадырлаган түркмөн эли анын ырларын жаттап, унутта калбаш үчүн өз уул-кыздарына сөзмө сөз айтып, сактап калышкан. Ошентип, биздин күндө басылып чыккан Махтымкулинин чыгармалары түркмөн эли менен урууларынан чогултулуп, топтолуп жарык көгөн чыгармалар.
Махтымкулинин жашоосунун эң негизги бөлүгү Надыршахтын башкаруусунун аягына туш келген жана падыша дүйнөдөн кайткандан кийинки Ирандагы башаламандыктар менен төңкөрүштөргө туш келет. Дагы бир айта кетчү нерсе, ошол коогалаңдуу шарттарда ошол базардан келип чыккан башаламандык, кыйроолор, элдин жакырчылыгынан жана сабатсыздыгынан улам динге каршы чыккандар, алдамчылар менен ырым-жырымдарды жайылтуучулар кеңири жайылып кеткенин эстен чыгарбоо керек. Ушундай кырдаалда Махтымкули шиит имамдары менен аксакалдарынын зулумдугун сүрөттөгөн таасирдүү ыр саптарын жазган жана алардын динди жана адамдык намысты жандандыруу жолундагы жакшылыктарын айтып, өз улутунун суннит элин шиит элине мээримдүү болуп, аларды бир туугандыкка, тынчтыкка, эркиндикке, достукка чакырган. Махтымкулинин бул мээримдүү, акылмандык көз карашы, акырындык менен аны Орто Азия элдеринин арасында өлбөс-өчпөс, олуя инсанга айландырган. Ырчылар менен түркмөн элинин бир бөлүгү, акындын эпикалык, тарыхый, мистикалык, гумандуу ырларын Кудайындын ырларындай көкүрөктөрүнө бек сактап, өз көз караштары менен ырларын айткан тилге айлантышкан.
Түркмөн элинин жашоо-турмушу Махтымкули менен байланган, эгерде түркмөн элинен Махтымкули ким деп сурасаңыз, ирандыктардан Хафиз ким жана аны эмне үчүн үйүңүздө сактап жүрөсүз деп сурагандай эле болосуз.
Түркмөн элинин тилинин өзгөрүп кетпешине Махтымкулинин салымы зор.
Махтымкули Фраги түркмөн тилине аябагандай зор салым кошуп, бул тилди тарых бою сактап келген. Анткени кайсы бир убакта өзбек тили түркмөн тили менен айкалышкан, бирок бул акындын ырларынын бары түркмөн тилинде болгондуктан, эл арасында байма бай айтылып, сакталып калган.
Ал заманда Махтымкулинин чыгармалары көчүп конуу менен согуштардын айынан жок болуп кеткен, ал эми биздин күндө сакталып китеп жүзүндө жарык көргөн чыгармалары элдин жүрөгүндө саткалып калган ырлар.
Махтымкулинин ырларына ой жүгүртүп, бул акын көптөгөн ырларында Курандын чечмелөөнү колдонгонун, Куран илимдеринен тышкары коомдук-саясий маселелерден да кабардар болгонун ачык түшүнүүгө болот. Андан тышкары, акындын поэзиясы диний темалардан алынганын, ирфанга жакындыгы бар экенин, ал эми сүйүү жөнүндө сөз кылган айрым ырларында Кудайга сүйүктүүм деп кайрылган деген жыйынтыкка келсе болот.
Махтымкулинин ырларынын көсөөмдүгү менен кыраакылыгы
Бул акын өзүнүн ырларында сабаттуулук, кумардан алыс болуу, тектик бөлүп жаруу жана башка ушундай сыяктуу маселелерди эскергендиги, акындын көрөгөчтүгү менен кыраакылыгын айгинелеп турат.
Махтымкули Фрагинин жана өлкөдөгү башка акындар менен диний мистиктердин чыгармаларын окуп эле тим болбостон, түшүнүү да керек, анткени бул акындардын ырлары элдин азыркы учуру үчүн жазылган жана адамдар ырлардын маанисин түшүнүү менен бирге өздөрүнүн суроолоруна жооп ала алышат.
Махтымкули 1807-жылы дүйнөдөн кайткан. Бул улуу акындын күмбөзү Ирандагы Гүлстан провинциясында Ак Токай районунда жайгашкан жана түркмөн элинин поэзиясы менен адабиятын сүйүүчүлөр үчүн жыл сайын жолугушчу жай болуп саналат.
Махымкулинин күмбөзү Гүлстан провинциясынын түндүк-чыгыш тарабында Мараве Тапенин батыш тарабынан 40 километр аралыкта, Ак Тапе айылына жакын, атасынын күмбөзүнүн жанында жайгашкан. Бул күмбөз Кажарлар доорунун акыры, Пехлеви доорунун башталышына дал келет. Ал 2008-жылы 18-мартта 22251 номуру менен Ирандын улуттук эмгеги катары катталган.
Жыл сайын май айында бул түркмөн акынын эскерүү үчүн өлкөнүн көрүнүктүү ишмерлери жана Түркмөнстандан келген меймандар катышкан салтанаттуу кечелер өтүп турат.
Абузар Тогани
Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы
Маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси