Добавить свою статью
23 Мая 2024
Иммиграция, интеграция жана улуттук коопсуздук

Ааламдашуу арааны ачылганы Кыргызстан сыяктуу майда мамлекеттер иммиграцияга байланыштуу уникалдуу маселелерге туш болууда. Бир жагынан караганда, ири өлкөлөрдөн селдей каптаган иммигранттар ресурстарды тартыш кылып, коомдо чыңалууларды жаратууда. Ал эми экинчи жагынан, көрөгөч саясат, стратегия жүргүзүлсө майда мамлекеттер иммиграцияны экономиканы өстүрүүгө, маданиятты байытууга жана демографияны толуктоого багыттоого боло турганын бир топ өлкөлөр далилдеп жатышат. Бул макалада белгилүү окумуштуулардын омоктуу ойлоруна таянып, ушул маселени кандайча башкарса болоорун талдайбыз.

Социалдык интеграция жана маданий биримдик

Чикаго социология мектеби, өзгөчө Роберт Э. Парк жана Эрнест У. Бургесс сыяктуу окумуштуулар шаардык чөйрөдө ынтымак-ырашкердиктин сакталышы үчүн интеграциянын мааниси зор дешет (Park & Burgess, 1925). Иммигранттарды өлкөнүн коомдук түзүлүшүнө интеграциялоо гармония жана туруктуулук үчүн зарылдыгын баса белгилешет. Бул авторлордун концепциясын Кыргызстанда иммигранттардын обочолонбостон коомдун активдүү мүчөлөрү болушун камсыздоо үчүн колдонсо болот. Милтон Гордондун маданий, структуралык, никелик, иденттүүлүк жана жарандык интеграция этаптарын камтыган ассимиляция теориясы да ушул багытта жол көрсөтөт (Gordon, 1964).

Уилл Кимликка жана Бхикху Парекх сыяктуу окумуштуулар түркүн түстүү маданияттуулукту жактап, мындай ар түрдүүлүктү мыйзамдын алкагында таанып, коомдук ынтымакты жана биримдикти чыңдаса болоорун сунушташат (Kymlicka, 1995; Parekh, 2000). Маданияттар арасындагы диалогду жана маданий айырмачылыктарды сыйлоо саясатын ишке ашыруу потенциалдуу кагылышууларды азайтып, иммигранттардын арасында алар да коомдун бир бөлүгү экендигинин сезүүгө жардам берет.

Экономикалык интеграция жана өнүгүү

Экономисттер Жорж Ж. Боржас жана Дуглас С. Мэсси иммиграциянын экономикалык таасирлерин кеңири изилдешкен. Боржас иммиграциянын эмгек рынокторуна жана коомдук финансыга таасирин белгилейт (Borjas, 1999), ал эми Мэссинин "Жаңы экономикалык миграция" теориясы миграция чечимдеринде үй-бүлөнүн жана коомдун ролун баса белгилейт (Massey et al., 1993). Кыргызстан үчүн квалификациялуу иммигранттарды тартуу жана алардын эмгек рыногуна интеграциясын колдоо жергиликтүү адистик жетишсиздиктерин чечип, экономикалык өсүүгө өбөлгө түзө алат.

Иммигранттарга жумушта тренингдерди, тил үйрөнүү курстарын жана ишкерликти колдоо программаларын камсыз кылуу алардын экономикалык салымын жогорулатат. Мындан тышкары, инвестициялык визалар жана чет элдик ишкерлерди колдоочу саясаттар капиталды алып келип, жумуш орундарын түзөт, бул жалпы экономикага пайда алып келет.

Улуттук коопсуздук маселелери

Иммигранттардын агымы, өзгөчө бир өлкөдөн же динден келгендер, улуттук коопсуздук маселелерин жаратышы мүмкүн. Барри Бузандын коомдук коопсуздук боюнча иштери жана Копенгаген мектебинин Оле Вивер тарабынан иштелип чыккан "коопсуздандыруу" концепциясы иммиграция маселесин экзистенциалдык коркунуч жаатында карайт (Buzan, 1983; Wæver, 1995). Миграция процессин тыкыр текшерүү жана кылдат скрининг кылуу, ошондой эле укук коргоо жана чалгындоо кызматтарын күчөтүү бул коркунучтарды азайтууда маанилүү.

Мындан тышкары, социалдык интеграция жана экономикалык мүмкүнчүлүктөр аркылуу радикалдашуунун потенциалдуу булактарын чечүү экстремисттик иш-аракеттерди алдын алууга жардам берет. Иммигранттардын өздөрүн баалоосу жана коомдун бир бөлүгү катары сезиши маргиналдашууну азайтып, радикалдык идеологиялардын тарашына жол бербейт.

Коомдук кызматтар жана инфраструктура

Иммигранттардын агымы саламаттыкты сактоо, билим берүү жана турак жай сыяктуу коомдук кызматтарга салмагын салат. Иммигрантардан улам арбыган суроо-талапты канааттандыруу үчүн бул кызматтарды кеңейтүү маанилүү. Калктын өсүшүн алдын ала болжолдоп, инфратүзүмдү жана шаардык пландаштыруу иштерин жүргүзүү ашыкча жүктөрдүн жана ресурстардын тартыштыгынан келип чыккан маселелерди чечет.

Саламаттыкты сактоо тармагы иммиграциядан улам кескин көбөйгөн калктын муктаждыктарын канааттандырууга даяр болушу зарыл. Иммигрант балдар үчүн сапаттуу билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу алардын узак мөөнөттүү интеграциясын жана коомго оң салым кошуусун камсыз кылат.

Инклюзивдүүлүктү илгерилетүү жана дискриминацияга каршы күрөшүү

Иммигранттардын укуктарын коргоо жана социалдык гармонияны жайылтуу үчүн инклюзивдүү коомдук саясат маанилүү. Дискриминацияга каршы мыйзамдар жана практикалар бардык тургундардын, алардын өң-түсүнө, динине, ж.б. айырмачылыктарына карабастан өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт. Билим берүү жана массалык маалымат каражаттары стереотиптерди жана жалган жалааларды азайтып, инклюзивдүү коомду курууга жардам берет.

Зигмунт Бауманын "суюк модерн" концепциясы (Bauman, 2000) глобалдашкан дүйнөдө идентификациялардын жана коомдордун ушул көйгөлөрүн белгилеп, жарандык катышууну жана маданий алмашууну шыктандыруучу саясаттарды кабыл алуу өлкөдө ынтымакты бекемдеп, ар түрдүүлүктүн рахатында жашоого жардам берерин сунуштайт.

Корутунду

Иммиграцияны натыйжалуу башкаруу экономикалык муктаждыктарды, социалдык интеграцияны жана улуттук коопсуздукту тең салмактаган көп тараптуу ыкманы талап кылат. Жогоруда аттары аталган окумуштуулардын түшүнүктөрүнө таянуу менен, Кыргызстан иммиграцияны башкарууга комплекстүү стратегияларды иштеп чыгып, потенциалдуу кыйынчылыктарды чечүү менен бирге анын пайдасын көрө алат. Маданияттар аралык диалогду илгерилетүү, экономикалык интеграцияны колдоо, күчтүү коопсуздук чараларын камсыз кылуу жана коомдук кызматтарды кеңейтүү элдин ынтымагын, биримдигин жана өркүндөп өсүүсүн камсыз кылууда маанилүү. Бул аракеттер аркылуу Кыргызстан иммиграцияны ийгиликтүү башкарып, глобалдашкан дүйнөдө күчтүү жана туруктуу боло алат.

Шилтемелер

Bauman, Z. (2000). Liquid Modernity. Polity Press.

Borjas, G. J. (1999). Heaven's Door: Immigration Policy and the American Economy. Princeton University Press.

Buzan, B. (1983). People, States, and Fear: An Agenda for International Security Studies in the Post-Cold War Era. ECPR Press.

Gordon, M. M. (1964). Assimilation in American Life: The Role of Race, Religion, and National Origins. Oxford University Press.

Kymlicka, W. (1995). Multicultural Citizenship: A Liberal Theory of Minority Rights. Clarendon Press.

Massey, D. S., Arango, J., Hugo, G., Kouaouci, A., Pellegrino, A., & Taylor, J. E. (1993). Theories of international migration: A review and appraisal. Population and Development Review, 19(3), 431

Аскарбек Мамбеталиев

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

17-05-2024
Непотизм и его влияние на руководство cтраной
1284

11-05-2024
Застывший путь к развитию: Оценка системы образования в Кыргызстане
1403

06-05-2024
Прошлое и будущее: два аспекта развития народов
944

01-05-2024
О годовщине атомной катастрофы на Чернобыле 26 апреля 1986 года
948

18-03-2024
Сравнительный анализ дошкольного и школьного образования в различных странах: глобальные тенденции и рекомендации для Кыргызстана
1805

28-02-2024
Теневые стороны академических наград: Реальность PhD в постсоветских странах
629

22-12-2023
Долгосрочные последствия игнорирования образования в системе госуправления
925

20-12-2023
Каким должен быть флаг Кыргызстана и кто должен этим заниматься?
932

13-12-2023
Исследование взаимосвязи вербальной беглости и когнитивных навыков
861

13-12-2023
Языковая политика Венгрии
706

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×