Добавить свою статью
14 Июня 2024
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция 9 ай ичиндеги ишмердүүлүгү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция 9 ай ичиндеги ишмердүүлүгү:

Министрликке жүктөлгөн бардык милдеттер жана тапшырмалар өз убагында так аткарылды. 

Министрлик тарабынан жарандарды ички жана тышкы эмгек рыногунда иш менен камсыз кылуу, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча иштер аткарылды. 

Республика боюнча 1739 кесиптер боюнча 7069 бош жумуш орундар аныкталды. 

Бул бош орундарга жарандарды ишке орноштуруу боюнча иштер жаңы деңгээлге чыгарылды. Атап айтканда, жакынкы арада 1899 кыска номерлүү бирдиктүү маалымат берүүчү борборун (единый колл-центр) түзүлдү. Ал жерде Министрликтин кызматкерлери кайрылгандарга бош орундарга ишке орношууга ыкчам жардам көрсөтүп жатышат. 

Ушул жылы чет өлкөлөргө барып иштеп келүүнү каалаган жарандар үчүн пайдалуу боло турган Миграциялык ресурстук борбору Ош шаарында ачылды. Бул борбор биздин жарандарга чет өлкөлөрдөгү ички эрежелер, өзгөчөлүктөр, ишке орношуу, бош орундар сыяктуу коопсуз миграцияга байланыштуу маселелер боюнча жардам берип жатат. 

Заман талабына ылайык эмгек мамилелерин санарипке өткөрүү максатында Электрондук эмгек келишимине өтүү боюнча концепциянын долбоору иштелип чыкты. 

Эл аралык Эмгек уюмунун жеке ишке орноштуруу агентиктери боюнча № 181 Конвенциясын ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгуу башталды. Келечекте бул Конвенцияны ратификациялоо ачык-айкын, адилеттүү жана натыйжалуу эмгек рыногун өнүктүрүүгө, жумушчулардын укуктарын коргоону жакшыртууга жана иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөт. 

Майыптуулукту аныктоо процедурасы бир топ жакшыртылып, кызматтар санарипке өтүп баштады. Бүгүнкү күндө МСЭК 25% (7 МСЭК) жарандардын катышуусу жок эле керек болчу документтерди “Түндүк” системасы аркылуу алып жатышат. 

МСЭК системасын реформалоо боюнча конкреттүү иш-планы иштелип чыгып ишке ашыруу башталды.  

Министрликтин ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылуу, ар кандай коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо максатында социалдык стационардык мекемелердин ар бирине видео көзөмөлдөр орнотулду. 

Министрликке караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин эски имараты кайрадан реконструкциядан өттү жана жаңы заманбап технологиялар менен жабдылды. 

Мурда башталган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү күн батареялары аркылуу электр энергиясы менен камсыздап, ашыкча өндүрүлгөн энергия мамлекет тарабынан сатып алына турган долбоор ишке киргизилди. 

Ошондой эле “Гендердик зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга жана кыздарга комплекстүү жардам берүүчү биринчи жолу “Бирдиктүү терезе” Мамлекеттик борбору түзүлдү. 

Социалдык контракт долбоорунун жүзөгө ашуусуна, кошумча жумуш орундары түзүлүп, үй-бүлөлөрдүн жашоо деңгээлинин жогорулоосуна демилгелүү, натыйжалуу иш-аракеттерди жасалды жана алдыга жылды. Иштин жыйынтыгында долбоор кенейтилип, ушул жылы 23 миң үй-бүлөгө жардам көрсөтүү пландалган. 

Ар бир аймак, ар бир үй-бүлө менен тыгыз байланышта иштедик. Социалдык контракттын алкагында 70 миң адам жашоосун жакшырта алышты. Анын көзөмөлүндө Министрликтин бардык аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери финансылык сабаттуулук, ишкердик көндүмдөр жана жашыл экономика боюнча тренерлер катары даярдалды. 

Социалдык контракт программасынын натыйжасында “Жаңы кадам” социалдык мобилизациялоо боюнча жалпы республикалык кеңешме мыкты уюштуруучулукта өттү. Бул кеңешме миңдеген үй-бүлөлөргө мотивация жаратты. 

Социалдык контракт алган жарандардын ишкердик демилгелерин андан ары өнүктүрүү максатында 200 миң сомдон 1000 адамга пайызсыз насыя берүү демилгесин колго алган. Учурда иштелүүдө. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаровдун тапшырмасы менен өлкөдө 250 миң жаңы жумуш орундарын түзүү маселеси коюлган. Министрлик боюнча ушул жылга 38 минден ашык жумуш орундарын түзүү, жана 32 миңден ашык адамды ишке орноштуруу жана активдүү иш-чаралар менен камтылышы пландалган. 

Турмуштук оор кырдаалга кабылган, анын ичинде ырайымсыз мамиледен жана зомбулуктан жабыр тарткан балдар жана үй-бүлөлөр менен иштеген социалдык кызматкерлердин жетишсиздиги көп жылдан бери көйгөй жаратып келет. Бул маселе боюнча сунуштар иштелип чыгып Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлгөн. Буюрса, бул маселени чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тапшырма берди. Учурда тиешелүү иштер аткарылууда. 

Мындан тышкары, жарандардын айрым категорияларын социалдык жактан коргоо чараларын (майыптыгы бар адамдарга социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн, жеке ассистент кызматына акы төлөөнүн өлчөмүн, турмуштук оор кырдаалда үйдө кызмат көрсөткөн социалдык кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу) күчөтүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлдү. 

Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейин аялдарды колдоо боюнча мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында да иштер аткарылды. Нью-Йорк шаарында БУУнун Аялдары боюнча комиссиясынын 68-сессиясында аялдардын жана кыздардын абалы, Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү жаатында жүргүзүлүп жаткан саясат жөнүндө баяндама жасады. 

Турцияда Түрк мамлекеттер уюмунун Социалдык саясат боюнча министрлеринин биринчи жыйынында “Келечек муундардын бирдиктүү фондун” түзүү сунушу декларацияга киргизилди. Ошондой эле, “Бактылуу үй – бүлө-гүлдөгөн мамлекет” форумун өткөрүү тууралуу сунушу колдоого алынды.

Ушул жылдын апрель айында Баку шаарында миграция маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайджан Республикасынын Өкмөтү ортосундагы кызматташуу боюнча Макулдашууга кол коюлду. 

Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө Кодекси (жаңы редакциясы) жана Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси иштелип чыкты.

Үй-бүлө институтун өркүндөтүү жана бекемдөө, балдарга камкордук көрүү жаатында, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар менен иш алып барууда идеологиялык жумуштарды жигердүүлүк менен аркалады.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция мурдагы министри Гулнара Баатырова.

Читайте по теме:

Гүлнара Баатырова освобождена от должности министра труда, социального обеспечения и миграции

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×