Добавить свою статью
11 Августа 2024
Париж Олимпиадасы бизди бириктирип, патриоттуулугубузду арттырды

206 мамлекеттен отуз спорт түрүнөн 10 миңден ашык спортчу катышкан Отуз үчүнчү Париж Олимпиадасы бизди бириктирип, патриоттуулугубузду арттырды.

Биздин негизги байлыгыбыз ынтымагыбыз, биримдигибиз экендигин дагы бир жолу терең аңдап, түшүндүк. Олимпиадада желегибиз желбиреп, мамлекетибиздин аты дүйнөгө таанылды. Олимпиадага катышууга 16 азамат уул кыздарыбыз жолдомо алып, Айсулуу, Мээрим, Жоломан, Акжол, Үзүр, Мунарбек медаль  ээлери болушту. Бул баатырларыбыз баарыбызга талыкпаган  эмгектин натыйжасы - жеңиш болоорунан сабак берди.

Олимпиада жүрүшүндө ийгиликтүү, кубанычтуу учурлар менен кошо  спорт тармагына тиешелүү, Олимпиада сыяктуу ири иш чараларга балдарыбызды даярдоо  жагдайындагы нюанстар да коомчулукта кызуу талкууланды. Аларга улай мен да бир ой менен бөлүшө кетейин. Баланы тарбиялоо бала бакчадан башталаарын баарыбыз билебиз, келечектеги Олимпиада чемпиондорун тарбиялоо ишин  да бала бакчадан баштоо керек. Кыргыз эли балдарды кичинекей кезинен эл бир аз топтоло калган жерде эле күрөштүрө берет эмеспи. Кичинесинен "сен балбансың, сен күчтүүсүң,  сен сөзсүз жеңесиң"  деп, күрөш биздин улуттук спорт болуп, балдарыбыз спорттун ушул түрүнө көп тартылып, Париж Олимпиадасынан да дал ушул күрөштөн басымдуу олжолуу кайтышууда.

Ошондуктан, спорттун башка түрлөрүнө да балдарды кичинесинен кызыктырып, мектептеги физкультура сабагынын маани маңызын күчөтүү зарыл. Өлкөнү түрө кыдырып, айыл жерлеринен балдарды тандап, атайын спорт мектептерин түзүп, келечектеги Олимпиада чемпиондорун тарбиялайлы. Өлкө башчыбыз Садыр Нургожоевич баш болуп, спортко түздөн түз аралашып, футбол ойноп, спортко чоң көңүл буруп жатат. Буйруса, футболдон да, спорттун башка түрлөрүнөн да ири спорт ареналарында жеңишке жетчү дараметибиз бар. Ошол мүмкүнчүлүктөрдү ачып, таланттуу балдарды таап, чемпиондорду таптап, даярдоо боюнча ырааттуу, системалуу иш жүргүзсөк, Манас атабыздын урпактарынан дүйнөлүк атактагы далай чемпиондор чыгаарында шек жок.

Роза Акназарова

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить

Другие статьи автора

23-05-2024
О развитии социальных проектов и создании бизнес-инкубаторов
2661

08-04-2024
Канчалык жөнөкөй көрүнгөнү менен ошончолук бийик инсан эле
1700

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×