1995-жыл абдан эсимде калган жыл болгон. Себеби ошол жылы сентябрь айында мен «легендарлуу» Жогорку Кеңештен Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетине которулуп жана ал университеттин ректору, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын академиги, профессор С.Токтомышевдин буйругуна ылайык чыгыш филология кафедрасына башчы болуп дайындалган элем.
Ошол учурда профессор З.Эралиев улуттук университетинин профсоюздук комитетинин төрагасы. Бир күнү агай эки жаш мугалимди ээрчитип мага келиптир, сенде ашыкча сааттарың бар экен, бул кыздар аспирантурада окушат, саат жок кыйналып жатышат, жардам бер деп. Аларды отургузуп, чай берип, эми агай өзү келиптир деп, аларга саат таап, бөлүштүрүп узаттым. Буга чейин ал кишини мен бир эле жолу университеттин окумуштуулар кеңешинин жыйынынан көргөм.
Бир аз убакыттын ичинде эле ал киши менен пикирлеш жана жакын болуп калдык. Агайдын иш бөлмөсү КМУУ-нун административдик имаратынын биринчи, ал эми биздин кафедрабыз экинчи кабатында жайгашкан. Университеттин чогулуштары жана жыйындары анын башкы имаратында өтчү, ошого байланыштуу ал иш-чаралардан кийин биз Закирбек Эралиевич менен чогуу кеңсебизге келүүчү болдук. Эгер Советбек Жайлообековичтен (ректор) катуураак тил уксак анда түз эле агайдын кабинетине келип бир бирибиздин көңүлүбүздү көтөрүп бир-эки пиала чай ичүү салтка айланды.
Мени тамашалап «красный профессор» дечү, себеби мен кандидаттык же докторлук даражам жок болсо дагы дароо эле, чыгыш таануу тармагында тиешелүү кадрлар жетишпестигине байланыштуу, ректор С.Токтомышев агайдын буйругу жана университеттин окумуштуулар кеңешинин чечими менен профессордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган элем. Закирбек Эралиевич күлүп, мен билгенден, Кыргызстанда эки эле «красный профессор» бар — бири Касым Тыныстанов, экинчи Авазбек Атахани деп эркелетип айтчу.
Ошол жылдары биздин элибиз, өзгөчө жогорку окуу жайлардын жаш окутуучулары жана кызматкерлери, айлыктын аздыгына байланыштуу, аябай кыйналышкан. Закирбек Эралиевич аспирант жана жаш мугалимдерге жардам издеп эле жүрчү. Закирбек Эралиевич абдан ишенчээк, кичи пейил, маданияттуу, тамашакөй жана ак көңүл киши эле.
2015-жылы күздүн бир күндөрүндө биздин кафедрага көтөрүлүп баарыбызды түшкү тамака чогуу барып келели, мен чакырып жатам деп, сунуштады. Жаш кесиптештерибиз тартынышып, Авазбек Койлубаевич сиз эле агай менен барып келиңиз дешти. Университеттин жанында бир дунган аксакалдын аябай даамдуу тамак жасаган кичинекей кафечеси бар эле, ошол жака баралы дедим. Кетип жатып Агай алдын ала мен төлөймүн деп айтты. Тамак ичип жатып, мен ал кишиге байкатпай төлөп койдум. Агай экөөбүз жакшы тамактанып, чай ичип кенен сүйлөштүк анан туруу убактысы келгенде, Закирбек Эралиевич официантты чакырып акча берем деп калды, ага ал жылмайып, бүгүн түшкү тамак бекер, мекеменин эсебинен деп тамашалады. Анда Агай чын эле таң калымыш болуп, мен университетте кырк жылдан бери иштейм биринчи жолу бекер тамак ичип жатам деп күлдү. Ошол күндөн баштап биз түшкү тамакты ошол жерде жемей адатка айланды. Закирбек Эралиевич бул дүйнөдөн кеткенден кийин мен ошол кафеге тамактанганы барбай калдым.
Мен 1995-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетине келгенимде чыгыш тилдер бөлүмү керектүү кадрлар жоктугуна байланыштуу абдан оор абалга учурап турган экен. Негизги көйгөйлүү маселе - чыгыш тилдер боюнча адистер жоктугу. Менин бул проблеманы чечүү тынымсыз аракеттерим оң жыйынтыгын бербеди, болгон адистерди башка окуу жайлары жана чет элдик элчиликтери талап кетишиптир. Аны ойлодум- муну ойлодум, Бишкек гуманитардык университетинде мыкты окуп жаткан өзүмүн шакирттерим менен сүйлөштүм, сабактан кийин келип биздин университетибизде иштегиле деп. Кудай жалгап макул болушту. Алардын жумушка кирүү боюнча жеке арыздарын жаздыртып, КМУУ-нин кадр бөлүмүнө алып бардым. Алар чалкасынан кетип, университетке мугалим кылып студенттерди кантип алабыз деп, документтерди кабыл албай коюшту. Эмне кылышымды билбей, ачуум келип кафедрага кетип жатсам, Закирбек Эралиевич жумушун бүтүрүп үйүнө кетип жаткан мезгили экен. Мени көрүп саламдашып, көңүлүм чөгүп турганын байкап, билегимен кармап, мени кабинетине алып барды. Кирээ замат, эмне болду, тынчылыкпы деп сурады. Маселе эмнеде болгонун угуп, мени отургузуп, аны берини сүйлөп көңүлүмдү көтөрүп, өзүнүн кеңешин берди: «Сен, Авазбек, кадр бөлүмдөгү кыздарга капа болбо, эми алар мыйзамга ылайык иш кылышат. Сен андан көрү, далилдеме жазып, бул маселе менен Советбек Жайлообековичке түз эле кайрыл, профком катары мен колдоп берейин, университеттин юристине дагы айтып койом» – деп мени канаттандырып үйгө кетирди.
Мен ал киши айткандай эле жасадым. Кыргызстан өзүнчө мамлекет болгондон кийин анын тышкы байланыштарын өнүктүрүү үчүн Чыгыш боюнча адистерди тез арада даярдоо керектигин жана бул иш Улуттук университетинде башталганын, анда бир топ көйгөйлүү маселелер чыгып жатканын белгилеп, өзгөчө керектүү кадрлар жетишпей жатканына басым жасап, ректордун атына кат жаздым. Ал катты Закирбек Эралиевичке көрсөтүп, анан ректордун катчылыгына берип койдум. Эки-үч күндөн кийин эле менин кагазым чыгып жана ректордун тапшырмасы менен мен сунуштаган жаш, дипломсуз, адистериме «стажер-мугалим» деп буйрук чыкканына менин таң калганымды элестетип кое бериңиз. Көрсө, биз агай менен сүйлөшкөндөн кийин, ал эртеси күнү ректорго, аны менен достук мамилеси бар эле, барып менин маселемди ага түшүндүрүп чыккан экен.
Агай дайыма адамдарга жардам берчүү, кээде мага ой келчүү, бул киши эртеден кечке эле элдерге жардам берип жүрө берет окшойт деген. Бирок, ал киши чоң илимпоз, өзүнүн ишине аябай жоопкерчилик менен мамиле кылчуу, үлгүлүү ата, жогорку билимдин жана илимдин талыкпас иштерманы жана аябай ак көңүл киши катары эсимде калды.
Жашоомдо мен үч укмуштуу профессорду жолуктурдум жана алар менин жүрөгүмдү түбөлүккө багынтырып, мен аларды кумир жана идеал катары кабыл алчум.
Эң кызыгы алар бири-бирине окшош – бойлору кичинекей, арык-чырай, жандары тынбаган, көздөрүнөн нур чачылган, ал эми мүнөздөрү жөнөкөй кишилер эле. Мен Москвадагы Аскер инститтунда окуп жүргөндө, чыгыш изилдөөчүлөр арасында аябай белгилүү окумуштуу, полковник, профессор Арсланбеков Анатолий Иванович деген киши бар эле. Ал перс тили боюнча чоң адис жана таланттуу аскер котормочусу эле. Анын китептери менен азыркыга чейин Аскер университетинде сабактар өтүлөт. А мен үчүн анын окуучусу болуш өзү чоң бакыт болгон экен. Андан башка мен үчүн чоң кумир болгон киши – тарых илимдеринин доктору, профессор Омуркул Караевич Караев, тарыхчылардын чөйрөсүндө аны «кыргыз Бартольду» деп коюшчу. 1991-жылы ал киши мага илимий жетекчим болуп дайындалган эле. Жана менин устатыма айланган профессор Закирбек Эралиев.
Бул кишилер, өздөрүнүн жупунулугуна карабай, өзүнүн мезгилинин чыгаан инсандары эле, улуу окумуштуу, ар дайым илимий эмгектин үстүндө иштеген, өз өлкөсүнүн чыныгы патриоттору, атак-даңк үчүн эмес жүрөгү менен иштеген кишилер эле. Алар эч качан өзү үчүн суранбаган, аларга карата адилетсиз асылуулардан коргоно албаган, аларга кандайдыр бир орой сөз айтылса, тиешелүү жооп кайтара албаган, ошондой учурларда өздөрүн жоготуп койгон улуу инсандар болушкан. Себеби алардын ички дүйнөсү, тарбиясы, оройго орой жооп бергени жол бербөөчү. Алар мен үчүн азыр деле интеллигенциянын эталону.
1997-жылдын июнь айында мени Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине кайра жумушка чакырышканда, Улуттук университеттин жетекчилигинин чечими менен, менин ордума Закирбек Эралиевичти чыгыш таануу факультетине декан катары бекиткени, мен үчүн адбан кубанычтуу кабар болгон. Кийин деле биз, агай экөөбүз, жолугушуп, кеңешип турчуу болдук, бирок жолугушууларыбыз мурункудан сейрек болуп калды, шартка жараша.
Профессор З.Эралиев чеберчилик менен тамашалашты жактырчу, мен дагы ал киши менен атаңдашканы аракет кылчумун. Факультетте мен тез өзгөртүүлөрдү киргизип жатканымы көрүп, мени «Давид-строитель» деп («Давид» иудаизм менен христианстводо өзгөчө орун ээлеген инсан болгон) тамашалап койчу. Мен дагы ал кишини Закирбек Эралиевич дебей, Закир Али Эралиевич деп (Али шийттердин эң ыйык инсаны) деп жооп берчүүмүн.
Айта кетер, агай атактуу кишилер тууралуу көп кызык нерселерди билчү жана үйүндө абдан жакшы, бай китепканасы бар эле. Закирбек Эралиевич ушунчалык окурман болгондуктан, мен агай окубаган китеп деле жок болсо керек деп ойлочумун.
Быйыл раматилик агай 80 жашка кирмек. Профессор З.Эралиевдин окууучулары, аспиранттары жана докторанттары анын илимий эмгектерин жана илимий жетишкендиктерин тереңирээк чагылдырышар. Себеби Закирбек Эралиевич Кыргыз Республикасынын билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери деген (1998) жогорку наамга жеткен инсан жана анын 220дан ашуун илимий иштери, 15 монографиясы жана китепчелери, 25 илимий-окуу колдонмолору, 200 ашык илимий макалалары жарык көргөн. Мен болгону Закирбек агайдын перс тилин билгенин, белгилүү чыгыш таануучу болгонун, ошондой эле Улуттук университеттин түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө, өзгөчө чыгыш таануучу-адистерди жана тарыхчыларды даярдоого зор салымын кошконун, анын адамгерчилик сапаттарын эскерүү түрдө гана белгиледим.
Айтмакчы, «Закир» деген ат араб тилинен келип чыгып, «Кудайды улуктаган» деген маанини туюндурат. Ал кишиге Алла-Таала мээримдүү болуп ал дүнүйөнүн бейишинен орун берсин деп тилейбиз, а бизде анын жаркын элеси жүрөгүбүздө сакталууда.
Жазылган Доха ш., 25 август 2020 ж.