Бүгүн биз бүтүндөй бир доор менен, Мамакеевдин кылымы менен коштошуп жатабыз. Макемдин ак боз аты, ээри жок жайдакталып, аркы дүйнөнүн жолунда чаң ызгытып, улам бүлбүлдөп, улам көрүнбөй чаап баратат.
XX кылымдын экинчи жарымынды кыргыздын саламаттык сактоо чөйрөсү бүткүл кыргыз журтунун улуттук иденттүүлүгүн, өңү-жүзүн, нарк-насилин даңазалай турган, баарыбыз “биз кыргызбыз” деп дүйнөгө көкүрөк керип мактана турган эки улуу дарыгерди берди. Алардын бири- Иса Коноевич Ахунбаев, экинчиси – Мамбет Мамакеев. Булар тап-такыр эки башка муундагы адамдар. Ахунбаев мединституттун ректору кезинде, Мамакеев 16 жашында бул окуу жайдын 1-курсуна кирген. Бирок, алардын өлкөгө сиңирген эмгегин, теңдешсиз устаттыгын жана таланттарын кыргыз эли тең салмактап, бирдей аздектейт, бирдей сыймыктанышат.
Башкасын айтпаганда да, Ахунбаевдин Борбордук Азияда биринчи жолу жүрөккө операция жасаганы, Мамакеевдин бүткүл Азия чөлкөмүндө биринчи жолу улуу хирург катары дүйнөлүк Гиннестин китебине кириши кайсы элди таң калдырбайт, суктандырбайт.
Мамакеевдин маңдайына оңой-олтоң тагдыр туш болгон жок, бала кезинде көрбөгөндү көрдү, тозоктун тогуз айлампасына табыган турмушту башынан өткөрдү. 9-классты бүтө эле электе колхоздун кызыл кырманын башкарган десе, азыркы адамдар уккан кулагына ишенбейт. Ошентип, акем тагдырын ташка байлап аркандаган, тагдыры басмарласа арданбаган инсан, анын адамдык жашоосунун бир гана маани-маңызы-эмгек. Ал эмгектин кара нары. Ушундай сапаттары болбосо, ал холецистит оорусунун теориясы жана практикасы боюнча союздук аренадагы лидерледин бир боло алмак эмес.
Анын үстүнө М.Мамакеевдин шашылыш операциясын даңазалаган дагы бир эң көрүнүктүү иши анын жараланган жүрөк менен өпкөнү хирургиялык жол менен дарылоо ыкмасын өздөштүргөнү. Улуттук хирургия борборунун статистикасы көрсөткөндөй, учурда жүрөгүнөн оор жаракат алган 300дөн ашык адамга операция ийгиликтүү жасалган.
М. Мамакеевдин адамдык сапаттары тууралуу бир ооз айта кетейин. Анын жөнөкөйлүгү, карапайымдыгы жана мактанчаак эместиги адамдарды өзүнө тартат. Мамбет Мамакеевичтин ачык-айрым, эч нерседен коркпогон, түз сүйлөгөн адам экенин анын медик кесиптештери баарынан жакшы билишет. М.Мамакеев чындыкты тартынбай айтканы үчүн, өзү азап тартып калар эле, анткени анын сөзү көбүнө, айрыкча бийликтерге жакчу эмес.
Албетте, турмуштагы ийгилик көбүн эсе адамдын эмгекчилдигине байланышкан. Бирок өмүр бою төбөсү менен жер казса да, каалаган максатына, ийлигикке жетпей өтүп кеткен адамдар канча? Демек, пешенеге жазылган тагдырын буйругу, тагдырдын үстөмдүгү адамдын өмүр жолун аныктап, багыттап коет. Менимче Мамакеев өз тагдырына да, өзүнүн эмгегине да болжол менен тең милдеттүү.
Бактылуу адам, кудай сүйгөн адам. Илгери Римдин бир имератору Сулла өзүн “Сулла счастливый” деп атаган экен. Анткени, тагдыр дайыма анын жолун агып турган экен. Макендин тагдыры да ушундай. Ошентип азыр биз өтө бактылуу, кадыр-баркы дүйнөгө таанымал кыргыздын бир залкар уулу менен коштошуп жатабыз.
Кош бол, Мамбет аба! Жаткан жериң жайлуу, топурагы торко болсун!