Добавить свою статью
16 Декабря 2010
«Жоготулган ойлор». Глоссарий
«ЖОГОТУЛГАН ОЙЛОР»
деген Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгү  жөнүндө китептин  кол жазмасынан үзүндү

       Глоссарий
(Азыркы  кыргыз элинин  энергетикасына ылайыкташтырылып, 2007-жылдын 13 январында кайрадан  оңдолуп жазылды).

       1.   Орусчасы «Падшие ангелы» деген сөз.  

       Бул сөз кыргыз тилинде «шайтан» деп айтылып жүрөт. Бирок «шайтан» деген кыргыздын сөзү, «падшие ангелы» деген орустун сөзүнүн маанисин жеткиликтүү түшүндүрө албайт жана анын элесин жеткиликтүү кылып көз алдыга келтире албайт. «Куулуп түшүшкөн периштелер» деген сөздөрдүн курамы болсо, ушул «Падшие ангелы» деген орусча сөздүн туура түшүнүгүн жана элесин бере алат. Анткени, алар, тиричиликти жараткан Кудайга чыккынчылык кылышып, Кудайга каршылык көрсөтүшкөн, анан, «асманда болгон кармашууда» Михаил (арабча Жебрейил) периштеден жеңилишип, Жерге куулуп түшүшкөн периштелер.

       Ошондон бери «Куулуп түшүшкөн периштелер» кишинин жанын туткундашып, анын тиричиликти жараткан Кудайга болгон умтулуусуна тоскоолдук кылып келе жатышат. Алар ар бир кишиде жашап жаткан тиричиликти жараткан Кудайдын бөлүкчөсүнө зыян келтирүү үчүн, кишидеги чакралардын туура иштөөсүн бузуп коюшкан. Кишилердин аң-сезимдерин тарытышып, кишилерди жалган кудайларга ишендирүү үчүн, ар кандай далилсиз жоболорду, дин ырым-жырымдарын, үрп-адаттарды, сыйкырчылык менен бакшылыктын ар кандай түрлөрүн ойлоп табышып, Жерде караңгылыктын системасын жайылтууга чоң салымдарын кошуп келе жатышат. «Куулуп түшүшкөн периштелер» кишинин жаны менен Жердин жанынын өз ара байланышын бузуп коюшкандыктан, бирөөнүн эмгегин пайдалануунун зыян жагын кишилер билишпей калышкан. Жерди иштетип жаткан киши өзүнүн жанын Жер менен байланыштырып, өзүнүн денесин Жерге тийгизип иштесе, андай жол менен жерден алынган азык-«Табигый жол менен алынган азык» деп аталат. Мындай «Табигый жол менен алынган азык» кишинин эки денесин (көзгө көрүнгөн жана көзгө көрүнбөгөн денелерин) тазалоочу жана сакайтуучу касиетке ээ болот.

       Ар  бир кишиде жарык болуп көрүнгөн нур, тиричиликти жараткан Кудайдын түспөлүн гана көрсөтпөстөн, бардык тиричиликти жараткан Кудайдын өзү экендиги жөнүндө чындыкты, бул «куулуп түшүшкөн периштелер» кишилерге ачык айтмайынча, алар периштелик укугунан ажыратылып, убактылуу жашоодо кала беришет. Акырындап баары өлүмгө дуушар болушуп, тукуму уланбай дайынсыз жок болушат.

       «Куулуп түшүшкөн периштелер» материалдык эмес, Караңгы энергиянын бир түрү болуп эсептелишет, физикалык көзгө көрүнүшпөйт, денеси менен катышышпай эле, кишиге өз таасирин тийгизе алышат.

       Куулуп  түшүшкөн периштелердин абалын жана кишилерге болгон таасирин, кишидеги аң-сезимдин абалын кеңейтүү жолу менен гана өзгөртүүгө болот. Аң-сезимдин абалын кеңейтүү үчүн, киши аң-сезимдүү тиричиликтин түбүн көздөй ой жүгүртүшү керек.  


       2.   Орусчасы «Иерархия сил» деген сөз.  

       Бул сөздүн кыргызча өз түшүнүгү жана өз элеси жоготулгандыктан, кыргыздарда «Күчтөрдүн орун алган тепкич баскычтары» деген көп сөздүн курамы менен өтө сейрек колдолунат.

       «Күчтөрдүн орун алган тепкич баскычтары» материалдык эмес, ааламдагы энергиялардын бир бөлүгү болуп саналат, физикалык көзгө көрүнүшпөйт, денеси менен катышышпай эле, кишиге өз таасирин тийгизе алышат.

       Күчтөрдүн орун алган тепкич баскычтарын жок кылууга болбойт, кишидеги аң-сезимдин абалын кеңейтүү жолу менен гана, алардын абалын жана кишилерге болгон таасирин өзгөртүүгө болот. Аң-сезимдин абалын кеңейтүү үчүн, киши аң-сезимдүү тиричиликтин түбүн көздөй ой жүгүртүшү керек.  
 

       3.   Орусчасы «Информация» деген сөз.  

       Бул сөздүн кыргызча өз түшүнүгү жана өз элеси жоготулгандыктан, кыргыздарда затына жараша колдонулбайт. Көпчүлүк учурда орустун «Сведение» деген сөзүнүн түшүнүгү жана элеси менен которулуп жүрөт.

       Эгерде  кыргыздар «Маалымат»-ка башка аң-сезимдердин айткандары гана кирерин эстерине алышса, анда «Маалымат» деген сөз, ушул «Информация» деген орустун сөзүнүн туура түшүнүгүн жана элесин бере алат.

       Мисалы, Ыйык китептердеги айтылгандардын баардыгы Жерде жашабаган Космикалык аң-сезимдерге таандык. Кыргыз элин сыймыктанткан эпостор, кыргыз элинин өзүнүн жазуу ариптери жок болсо да, муундан муунга Жерде жашабаган аң-сезимдердин жардамы менен өтүп келе жатат. Ал эпостордо айтылгандар Жерде жашабаган аң-сезимдерге таандык.


       4.   Орусчасы «Плотский ум» деген сөз.  

       Бул сөз кыргыз тилинде колдонулбайт, орусчаны билбеген кыргыздарда бул сөз тууралуу түшүнүк да, элес да таптакыр жок.

       «Жасалма рух» деген сөздүн курамы, ушул «Плотский ум» деген орустун сөзүнүн туура түшүнүгүн жана элесин бере алат.

       Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгү боюнча билими жок «көзү ачык» аталгандар, «Жасалма рух»-ту болсо «Арбак», «Азиз» дешип кишилерге туура эмес түшүнүк берип жүрүшөт. «Жасалма рух» менен «Жан»-дын айырмасын билишпегендиктен, азыркы адамзаты өздөрүнүн жашоо-тиричилигинде «Жасалма рух»-тун муктаждыктарын «Жан»-дын муктаждыктары катары кабыл алып калышкан. «Жан»-дын муктаждыктары качан киши кырсыкка туш болгондо же катуу ооруга чалдыкканда гана эске алынып жүрөт.

       «Жасалма  рух» материалдык эмес, кишидеги тиричиликтин бир түрүндө жашап, Караңгылыктын күчтөрүнө кызмат кылган энергиянын бир бөлүкчөсү, физикалык көзгө көрүнбөйт. «Жасалма рух» Космикалык аң-сезимдердин айткандарын жана Космостон түшкөн жети нурдун таасирин бурмалоочу функцияны аткарат. Кишинин жанына үстөмдүк кылууну эңсейт. «Жасалма рух» убактылуу жашайт.

       Жасалма рухту жок кылууга болбойт, кишидеги аң-сезимдин абалын кеңейтүү жолу менен гана жасалма рухтун азыркы абалын өзгөртүүгө болот. Аң-сезимдин абалын кеңейтүү үчүн, киши аң-сезимдүү тиричиликтин түбүн көздөй ой жүгүртүшү керек.

       Физикалык дене ишке жараксыз болуп калгандан кийин, жанга тиешеси жок, бирок, кишилерди караңгылыкка багыттаган жалган кудайга керек болгон өлгөн кишинин тапкан дүнүйөсү, салт-санасы, үрп-адаттары менен кошо «Жасалма рух» жерге берилип, жерде калат. Кишилердин азыркы жашоо-тиричилигинде караңгылыктын күчтөрү түзгөн системалар өтө басымдуулук кылышат, ушул себептен жасалма рухтун кишилерге болгон үстөмдүгү да абдан күчтүү.  
 

       5.   Баштапкы тамгасы чоң тамга менен жазылган орустун

       «Дух» деген сөзү.  

       Орустун ушул сөзүн Арбак деп которсо да болот, бирок «Чыныгы Рух» деген сөз жеткиликтүү түшүнүк жана элес бере алат.

       «Чыныгы Рух» материалдык эмес, Жарык нурун чачыраткан энергиянын бир түрү, физикалык көзгө көрүнбөйт. Чыныгы Рух түбөлүккө жашайт.

       «Чыныгы Рух» кишидеги үчүнчү аспект (көрүнүш) болуп эсептелет, өзү физикалык дене менен жандан кийин турат. «Чыныгы Рух» Жердеги жашоого жан менен кошо келет, жандын Жердеги жашоосундагы өнүгүп-өсүшү боюнча жоопкерчиликти Кудай алдында өзүнө алат. Кишидеги тиричиликтин бир түрүндө жан жашаса, экинчи түрүндө «чыныгы Рух» жашап, кишинин өнүгүп-өсүшүнө багыт берип турат.

       Жерде өнүгүп-µсүүсү ийгиликтүү аяктаган жана деңгээли боюнча Кудайдын Рухунун деңгелине жеткен чыныгы Рух – Оттуу Рух болуп калат. Оттуу Рух болсо, жерге киши катары келе албайт. Анткени, Оттуу Рухтун аң-сезиминен маалымат алып берүүчү курамдардагы жогорку Чыңалуу менен Термелүү, кишинин физикалык денесиндеги мээсин, жүлүндөрүн күйгүзүп салат, угуу жана көрүү жөндөмдөрүн өрттөп коёт. Ошон үчүн Оттуу Рух Кылдат дүйнөдө гана жашайт. Рухтун бөлүкчөлөргө бөлүнүшүнө байланыштуу, адамзатка жардам берүү үчүн, Оттуу Рухтун бир бөлүкчөсү кишинин жаны менен кошо Жерге келе алат.

       Кишинин физикалык денеси ишке жарабай калгандан кийин (кишиге физикалык өлүм келгенде), чыныгы Рух менен Жан жашоолорун башка ченемдерде (планеталарда, системаларда) улантышат.  
 

       6.   «Киши»-нин жаралышы жана «Сүйүү» энергиясы.

       Жер бетинде биринчи жаралган киши Кудайдын баласы болот, анын аты Адам болгон. Тиричиликти жараткан Кудай баласын өзүнүн түспөлүндө жана өзүнө окшош кылып жараткан, баласына кудайлык сапат берген. Кудай Адамды эркек кылып жараткан, Адамды тиричиликтин бардык кабатында жашоого жөндөмдүү кылып жараткан, Адамды өзүнөн тараган бардык укум-тукумдарда өзүнүн чыныгы Рухунун бөлүкчөсү менен уланып жашай ала турган кылып жараткан. Тиричиликти жараткан Кудай ааламдагы бардык карама-каршы энергиялардын бөлүкчөлөрүн Адамдын денесинде тең салмактаган, Өзүнүн бир бөлүкчөсүн Адамдан тараган бардык укум-тукумдарда жашай ала турган кылган. Кыргыздар Адамды «Адам ата» дешет.

       Адам  бир жүз он сегиз жашка чыкканда өзүнүн жалгыз экенин байкап, кайгыга батат. Баласын жалгыздык кайгыдан кутултуу үчүн, тиричиликти жараткан Кудай жер бетине экинчи кишини жаратат. Кудай экинчи кишини аял кылып жаратат. Экинчи жаралган киши Кудайдын кызы болот, Кудай кызына да кудайлык сапат берген. Адам ал аял затына Ева деп ат коёт. Тиричиликти жараткан Кудай кызын өзүнүн түспөлүндө жана өзүнө окшош кылып жараткан, кызына кудайлык сапат берген. Кудай Еваны да тиричиликтин бардык кабатында жашоого жөндөмдүү кылып жараткан, Еваны өзүнөн тараган бардык укум-тукумдарда өзүнүн чыныгы Рухунун бөлүкчөсү менен уланып жашай ала турган кылып жараткан. Тиричиликти жараткан Кудай ааламдагы бардык карама-каршы энергиялардын бөлүкчөлөрүн Еванын денесинде да тең салмактаган, Өзүнүн бир бөлүкчөсүн Евадан тараган бардык укум-тукумдарда жашай ала турган кылган. Кыргыздар Еваны «Умай эне» дешет.

       Еванын  жаралуу процесси Адамдыкына окшош болсо да, аялдын жаралуу процесси эркектин жаралуу процессинен төмөнкүдөй бир өзгөчөлүгү менен айырмаланган: тиричиликти жараткан Кудай эркекти жаратып жатканда, Сүйүү энергиясы сырттан көз салып карап турган; ал эми аялды жаратып жатканда, Сүйүү энергиясы тиричиликти жараткан Кудайды курчап алып, сырттан келген күчтөрдөн тосуп турган. Башкача айтканда, аялзатын жаратуу процесси Сүйүү энергиянын курчоосунда өткөн. Ушул себептен, аял затынын физикалык денесинин түзүлүшү да өзгөчө сулуугу менен айырмаланат, Сүйүү энергиясына чулганып турган аялзаты жарыкты жапжарык кылып жибере турган жөндөмгө ээ болот. Сүйүү энергиясы Жарык нурун чачыраткан энергиянын бир түрү, физикалык көзгө көрүнбөйт. Сүйүү энергиясы Жер планетасында, кишинин жашоосунда жайгашкан.

       Азыркы  «секс» менен коштолгон жыныстык мамиледеги сүйүүгө, аялзатын жаратууда катышкан Сүйүү энергиянын таптакыр тиешеси жок. «Секс» менен коштолгон жыныстык мамиледеги сүйүү – бурмаланган Сүйүү жана кишини өзүн жараткан Кудайдан алыстатуучу караңгы нурун чачыраткан энергиянын бир түрү болот. Эркек менен аялдын «секс» менен коштолгон жыныстык мамилесинен кийин, энеден өзүн жараткан Кудайды таанып-билбегенге даяр болгон «бала» төрөлөт.

       Кишидеги  кудайлык сапаттын бири- бул эркек менен аялдын каалоолору, ниеттери, ойлору, аракеттери төп келгенде жана алар Жарык нурун чачыраткан Сүйүү энергиясы менен оролуп-чулганганда, алар «бала»-ны жаратышат. Ушундай жол менен энеден өзүн жараткан Кудайды таанып-билгенге даяр болгон «бала» төрөлөт.

         «Кишини Кудай жараткан» деп, баардыгы эле айтышат бул чындыкты. «Ал Кудайдын эрки менен, баланы өз ата-энеси жаратат» деп, азыркы кишилерге эч ким ачык айтпады мындай чындыкты. Ата-эненин сезимдери, ойлору, мүнөздөрү, алардын кыял-жоругу, бар болот жаңы төрөлгөн балада. Бала чоңоюп-торолот, бара-бара өзгөрөт, өз ата-энесинин эки денесинде калыптанган, алардын жашоо мүнөздөрүнө жараша. Эгерде ата менен эне Кудайга туура мамиле жасашса, анда эмчек эмип жаткан бала да Кудайды сүйүп чоңоёт.

       Кишидеги  кудайлык сапаттын дагы бири- бул ата-эне өздөрүнүн энергетикалык бөлүкчөлөрү менен, өздөрүнөн тараган бардык укум-тукумдарда жашай ала тургандыгы.  
 

       7.   Орусчасы «Сознание» деген сөз

       Кыргыз  тилинде «аң», «сезим», «аң-сезим», «акыл эс», «эс», «моюнга алуу» болуп, ар түрлүү мааниде которулуп жүрөт. Ушул көп түрлүү маанидеги кыргызча сөздөрдүн арасынан, «Сознание» деген орустун сөзүнүн туура түшүнүгүн жана элесин бере ала турганы -бул «Аң-сезим» деген сөз.

       «Аң-сезим» болсо, жарыктын бир түрү болот, анткени, аң-сезимдин түзүлүшүндө нурдан турган «от» бар.

       Кишинин денеси ылдыйкы төрт жана жогорку  үч денеден турат, ар бир денеде аң-сезимдин бир түрү бар.

       Тиричиликти жараткан Кудай болсо, киши менен аң-сезимдин нуру аркылуу байланышып турат. Кишинин жашоосу аяктаганда, бул аң-сезимдин нурун кайрадан өзүнө тартып алат.

       Кишинин аң-сезими болсо, кишинин башааты болгон тиричиликти жараткан Кудайдын аң-сезимин чагылдырган, кишинин ийкемдүү, өтө чоң энчиси болуп саналат.

       Азыркы  адамзаттын аң-сезими болсо, уятсыз иштердин жана одоно кыймыл-аракеттердин таасири менен оңой эле өзгөрө турган болуп калгандыктан, Жараткан кишини жаратканда кишиге берилген аң-сезимдин эң сонун космикалык максатын түшүнө ала тургандар, азыркы учурда өтө эле аз табылат.
 

       8.   Орусчасы «Плоть» деген сөз.  

       Бул сөздүн кыргызча өз түшүнүгү жана өз элеси жоготулгандыктан, азыр «дене» деп, затына таптакыр туура келбей которулуп жүрөт.

       «Бириккен энергетикалык дене» деген сөздөрдүн курамы, «плоть» деген орустун сөзүнүн түшүнүгүн жана элесин жакындатып бере алат.

       «Бириккен энергетикалык дене» материалдык эмес, бирок, кишинин физикалык материясындагы тиричиликтин бир түрүндө жашаган бириккен энергиялардын бөлүкчөсү, физикалык көзгө көрүнбөйт. Эркек мене аялдын биригишинен түзүлгөн коюу энергия болот.
 

       9.   Кишиде жети чакра бар.  

       Чакра деген сөз кыргыз тилинде колдонулбайт, орусчаны билбеген кыргыздарда бул сөз тууралуу түшүнүк да, элес да таптакыр жок.

       Бир жуманын жети күнүндө Жерге космостон жети нурдун таасири тийип турат. Ар бир күнгө тиешелүү өзүнчө нур бар, ошол нурга тиешелүү кишиде өзүнчө чакра бар.

       Чакралар  ал нурларды өзүнө өткөрүп, кайра чыгарып тура турган борбор.

       Чакралар  кишинин эфирлик денесинде жайгаштырылган жана кишидеги ылдыйкы төрт денеге энергияларды бөлүштүрүп турушат. Куулуп түшүшкөн периштелер кишилердеги бул чакралардын туура иштөөсүн бузуп коюшкандыктан, кишилердин Физикалык жана Кылдат дүйнөсүнүн бирдиктүүлүгү бузулуп, азыркы кишилер Физикалык дүйнөсүнүн кызыкчылыгы менен гана жашап калышкан.
 

       10.   Аура деген сөз эзотерикалык адабияттарда колдолунат.

       Аура деген сөз кыргыз тилинде колдонулбайт, орусчаны билбеген кыргыздарда бул сөз тууралуу түшүнүк да, элес да таптакыр жок.

       Кишинин аурасы болсо, кишинин көңүлүндө из калтырган таасирлерди, кишинин ойлорун, сезимдерин, айткан сөздөрүн жана кылган иш аракеттерин көрсөткөн, ошол кишинин физикалык денесин орогон жарыктын чачырандысы болуп саналат. Ауранын ичинде ал кишинин өткөн жашоосу тууралуу жазылмалар да жана кишинин күнөөтүйүндөрү да бар. Кишинин өз каалоосу боюнча, кишинин аурасы космостогу жандуу нерселердин кейпинде же болбосо жердеги жандуу нерселердин кейпинде көрсөтүлүшүнө да жол берилген.

       Кишинин аурасындагы жарыктын чачырандысы Кудайдын жалыны болуп саналат. Кудайдын мындай жалыны планетардык дененин аурасында да бар.

       Кишинин аурасы болсо –Кудайдын энергиясын жана Анын космикалык нурларын кабыл алып, өзүнөн күчтөндүрүп чыгаруучу функцияны аткарат (Физикада колдонулуучу «ретранслятор» деген сөздүн маанисине туура келет), физикалык көзгө көрүнбөйт, эфирлик көз менен көрүүгө болот.

       Дүйнө жүзүн боло турган чоң кырсыктан Иисус Христостун кан чыгарбай сактап калышына себеп, анын аурасынан чачырап чыккан жарыктын күчү болгон. Өзүнөн чыккан жарыктын түртүү күчү менен Иисус Христос дүйнө жүзүндөгү адамзаттын баардык күнөөлөрүнүн оордугун тең салмактап турган. Адамзаттын бүгүнкү күндөгүдөй өнүгүп-өсүшү үчүн, Иисус адамзатка мүмкүнчүлүк алып берген.

       Иисус Христос эфирлик денеден сүйлөгөн, ошон үчүн Иисустун Ыйык китептердеги айтылган сөздөрүн, кишинин ылдыйкы төрт (физикалык, астралдык, менталдык, эфирлик) денесиндеги жандуу нерселердин баары бирдей угуп турушкан.

       Мухаммед  пайгамбардын аурасынан чыккан жарыктын чачырандысы болсо, өзүнүн өзгөчөлүгү менен айырмаланган. Ал өзгөчөлүк бир эле убакта эки дүйнөгө: материалдык жана материалдык эмес дүйнөгө бирдей тийгизилген таасир болуп саналат.

       Бул таасир «материалдык» дүйнөдө оокаты тың байлар менен өтө жакыр жашаган кедейлердин арасында бирдей динге үгүттөө жүргүзүүгө ыңгайлуу шарт түзүп берген. Бул таасир «Материалдык эмес» дүйнөдө Иисустун динге үгүттөөсүн бурмалап коюшкан, кишидеги караңгы энергиялардын бөлүкчөлөрүн кайрадан кыймылга келтирип алышкан, кишилердин ойлорун жана сезимдерин өзгөртүүгө үлгүрүшкөн Караңгы күчтөрдүн ортосунда, өз ара кагылышууну пайда кылган. Караңгы күчтөрдүн кагылышуусу, «материалдык дүйнөдө» кан чыккан кишилердин кагылышуусуна алып келген. Адамзаттын үстүнөн өз бийлигин орнотууга умтулушкан Караңгы күчтөрдүн көңүлүн Мухаммед пайгамбар өзүнө буруп, аларды максатына жеткирбей ушинтип алагды кылып турган. Жаман ниет менен Жерден космоско Караңгы нурун чачыраткан энергиялардын кубатын азайтып, адамзаттын өнүгүп-өсүшү бүгүнкүдөй жаңы деңгээлге чыгышы үчүн, Мухаммед пайгамбар да адамзатка мүмкүнчүлүк алып берген.

       Иисус менен түп атасы (Авраам, арабчасы Ибраим) бир болгон Мухаммед пайгамбар, аталаш бир тууган агасынын жолун жолдоп, ушундай өзгөчө жол менен өзүнүн үммөттөрүн Жер бетиндеги караңгылыктын каргышынан сууруп чыккан.
 


       11.   Орусчасы «Трехлепестковое пламя» деген сөз.  

       Бул сөз кыргыз тилинде колдонулбайт, орусчаны билбеген кыргыздарда бул сөз тууралуу түшүнүк да, элес да таптакыр жок.

       «Үчгүлжалбырактуу жашоонун жалыны» деген ушул сөздөрдүн курамы «Трехлепестковое пламя» деген орустун сөзүнүн туура түшүнүгүн жана элесин бере алат.

       «Үчгүлжалбырактуу жашоонун жалыны» болсо, жашоонун учкуну болуп саналган Христтин жалыны, ал тиричиликти жараткан Кудайдын уулдары менен кыздарынын (кишинин) жүрөк тарабында жайгашкан, материалдык эмес көрүнүштөгү жана башка ченемдеги жашыруун үйдө бекитилген. Христ бул материалдык дүйнөгө белгилүү болгон Иисус Христос эмес. Христ-бул ыйык от болот, ааламдын Христосу болуп саналат жана кишиде жашаган тиричиликти жараткан Кудайдын бөлүкчөсү менен кишинин жанын бириктире турган ортомчу болуп эсептелет.

       Жашап өткөн пайгамбарлардын баардыгы ушул ааламдын Христосун көрүшкөндөн кийин гана, алардын жаны өзүндөгү тиричиликти жараткан Кудайдын бөлүкчөсү менен биригишип, «Асманга, Кудайга көтөрүлүп кетишкен».

       Жүрөк тарапта жайгашкан ушул ыйык от болсо, тиричиликти жараткан Кудайдын балдарына берилген үч ыйык күчтү билдирет. Алар Кубаттын күчү (түсү көк, көгүлтүр асманга окшош), Акылмандыктын күчү (түсү сары, таза сары алтынга окшош) жана Сүйүүнүн күчү (роза гүлүнүн түсүнө окшош).  
 

       12.   Орусчасы «Карма» деген сөз.  

       Бул сөз да кыргыздарда өз түшүнүгүн жана элесин жоготуп алган, ошондуктан «күнөө» деп затына туура келбей которулуп жүрөт.

       «Күнөөтүйүн» деген бириккен сөздөрдүн курамы «Карма» деген ушул орустун сөзүнүн туура түшүнүгүн жана элесин бере алат.

       «Күнөөтүйүн» деген, бул -аң-сезимдүү-энергиянын иштеп жатышын түшүндүрөт, «себептер менен натыйжалар жана кишини кылган иш аракетине жараша жазалоо жөнүндө» Мыйзам болуп саналат.

       Ньютондун баамдашы боюнча: ар бир аракетке тең келген, ага каршы аракет бар. Ушул себептен киши өзүнүн күнөөтүйүнүн, өзү толук чечип бүтмөйүнчө, жанды Жерге күнөөтүйүндүн мыйзамы кайра-кайра жашоого алып келе берет. Киши болсо, өз ойлорун, сезимдерин, айткан сөздөрүн жана кылган иштерин камтыган өзүнүн жасаган иш аракеттери менен, ушинтип эчен кылымдарды артка калтырып, өз тагдырын өзү чечип келе жатат.  
 

       13. Орусчасы «Душа» деген сөз.

       «Жан» деген сөздүн кыргызча туура түшүнүгү жана так элеси жок.

       Кудай - бул чыныгы Рух, ал эми «жан»- бул Кудайдагы мүмкүнчүлүктөрдүн жыйындысын көрсөтүүчү тирүү нерсе.

       «Жан» болсо, Кудайдан өз эркиндигин талап  кылып алгандан кийин, Кудайдан бөлүнүп жашоону каалаган. Бирок, «жан» азгырууларга туруштук бере албай, өзүндөгү Кудайдын мүмкүнчүлүктөрүнүн жыйындысынын абалын «бириккен энергетикалык денедеги» мүмкүнчүлүктөрдүн жыйындысын көрсөтүүчү өлчөмгө чейин төмөндөтүп алган.

       «Жан» өзү жаралган жакка умтулуп жана ал тарап менен БИР БҮТҮН болмоюнча, «жан» Жаратканга дитин буруп карап жана Куран окуп тазаланмайынча, «жан» менен чыныгы Рух биригишип, жыттары сиңишмейинче, «жан» караңгылыктын катуу мыкчымында кала берет.

       «Жан» менен чыныгы Рухтун жыттарынын сиңип биригишин болсо, «Алхимиялык үйлөнүү тою» деп айтышат. Ушундай алхимиялык үйлөнүү тоюнан кийин гана молдолор айтып жүргөн «… жаны Кудайдын жанынан барып орун алды» болот.

       «Жан» материалдык эмес. «Жан» бул жарык  болот, Ааламдагы Тиричиликти билдирген борбордук күндү айланып жүрүүчү кичинекей күн болуп саналат.  
 

       14. Орусчасы «Человеческое тело» деген сөз.

       Бул сөздүн кыргызча өз түшүнүгү жана өз элеси жоготулгандыктан, азыр «Кишинин денеси» деп, затына туура келбей которулуп жүрөт.

       Кишинин денеси «Жети денеден»: төрт ылдыйкы денеден жана үч жогорку денеден турат. Төрт ылдыйкы дене булар: Физикалык дене, Астралдык дене, Менталдык дене жана Эфирлик дене болушат. Ал эми үч жогорку дене болсо, булар: МЕН Христ турган дене (бул Ыйык китепте айтылган Иисус Христос эмес, ааламдын Христи болот), МЕН ЕСМЬ Катышуучу турган дене (Кудайдын ар бир уулу менен кызында ар дайым жашоочу, аларды жараткан Кудайдын бир бөлүкчөсү) жана Казуалдык дене.

       Физикалык дене болсо, ылдыйкы төрт дененин ичинен эң тыкыс болгон дене болуп саналат. Физикалык дене, Материянын төртүнчү төрттөн бир бөлүгү болот жана табияттын жер кубулуштарына ылайыкташтырылган. Физикалык дене жерде жашаш үчүн жанды жерге өткөргүч болуп саналат жана Эфирлик, Менталдык, Астралдык денедеги энергияларды бир чекитке багыттап, аларды бир тектеш катуу нерсеге айландырып турат.

       Астралдык дене болсо, Материянын үчүнчү төрттөн бир бөлүгү болот жана табияттын суу кубулуштарына ылайыкташтырылган. Астралдык дене, Кудайдын каалоолору менен сезимдерин кишинин өзүндө пайда кылыш үчүн өткөргүч катары колдонуулат.

       Менталдык дене болсо, Материянын экинчи төрттөн бир бөлүгү болот жана табияттын аба кубулуштарына ылайыкташтырылган. Менталдык дене, Кудайдын акыл-эсин пайдалануу үчүн өткөргүч катары колдонууга же болбосо Кудайдын акыл-эсин салып коюучу идиш катары пайдаланууга багышталган.

       Эгерде  менталдык дене Ааламдын акыл-эси  менен жандандырылбай турган болсо, анда кишидеги жасалма рух, бул денени өзүнүн өткөргүчү катары пайдаланып жүрө берет.

       Эфирлик дене болсо, Материянын биринчи төрттөн бир бөлүгү болот жана табияттын от кубулуштарына ылайыкташтырылган. Эфирлик дене жандын чел кабыгы деп аталат. Жандын чел кабыгы болсо, кишинин жердеги жашоосун көрсөтүүчү, жарыктын таасири менен түшүрүлгөн кишинин Кудайга умтулган көрүнүштөрүнүн кµчүрмµсүн жана анын Христтин деңгээлине жетилүү элесин өзүндө кармайт.

       Ылдыйкы төрт дене болсо, жанды тегеректеп орогон төрт чел кабык бар жана ар бир чел кабыктын ичинде бири-бирине окшобогон термелүүлөр бар дегендикти билгизет. Эфирлик денедеги чел кабыкта өтө жогорку деңгээлдеги термелүү бар. Бул Эфирлик денедеги чел кабык жогорку үч денеге өткөрүүчү эшик болуп саналат.

       «Жети дененин» бирин -Физикалык денени, киши физикалык көз менен көрөт. Ал эми калган алты денеден турган чыныгы Рухтук денени болсо, киши физикалык көзү менен көрө албайт.


       15. Орусчасы «Свет» деген сөз.

       «Жарык» деген сөздүн кыргызча туура түшүнүгү жана так элеси жок.

       «Жарык»-тын эки көрүнүшү бар: сырткы көрүнүшү жана ички көрүнүшү. «Жарык»-тын сырткы көрүнүшүн физикалык көрүү жолу менен көрөт, ал эми «Жарык»-тын ички көрүнүшүн эфирлик көрүү жолу менен көрөт. Бул эки көрүнүш ар дайым чогуу жүрөт, бири биринен ажырабайт. Жер бетинде үстөмдүк кылуучу Караңгылыктын системалары болсо, кишилердин «Жарык»-тын ички көрүнүшүн көрүү жөндөмдөрүн бууп коюшкан. Бирок, жаңы доордун башталышы менен кишилердин буулган жөндөмдөрү, азыр кайрадан чечиле баштады.

       Чыныгы  Рухтан чыккан жарык- бул Кудайдын энергиясы  болот, Христеги (бул Иисус Христос  эмес, ааламдын Христи) мүмкүнчүлүктөрдүн жыйындысы болот. «Жарык» деген термин «Кудай» жана «Христос» деген сөздөр менен мааниси бирдей, бирок эл арасында айтылыштары башка. «Жарык» деген термин чыныгы Рухтун элесин көрсөтөт. Чыныгы Рухтун курамын түзүүчү катары караганда, «Жарык» деген термин «Ыйык от» деген сөз менен мааниси бирдей.

       «Жарык»- бул бардык жашоонун Башааты болгон өтө чоң Борбордоштурулган Күндөн бөлүнүп чыгуунун натыйжасы жана МЕН ЕСМЬ Катышуучуну көздөп, бөтөнчөлүк сапаттарына карай башкалардан бөлүнүү болот.  
 

       16. Орусчасы «Мантра» деген сөз.

       Мындай сөз кыргыз тилинде колдонулбайт, орусчаны билбеген кыргыздарда бул сөз тууралуу түшүнүк да, элес да таптакыр жок.

       Мантра- бул кишидеги Кудайдын чыныгы Рухунун иш-аракетин күчөтүү максатында айтылуучу сырдуу формула же сырдуу чакыруу болот.
 

       17. Орусчасы «Веление» деген сөз.

       Мындай сөз кыргыз тилинде колдонулбайт, орусчаны билбеген кыргыздарда бул сөз тууралуу түшүнүк да, элес да таптакыр жок.

       «Буйруу» деген кыргыздын сөзү орустун «Веление» деген ушул сөзүнүн маанисин жакындатып берет. «Буйруу» -бул кишинин өз чечимин же өз эркин жарыялоосу; күчтөрдүн түрлөрүн аныктоосу же аларга буйрук берүүсү; кишинин энергетикалык жандуу нерселер жөнүндө токтом чыгаруусу, буйрук кылуусу, көрсөтмө берүүсү, буйруусу, бийлөөсү; ошондой эле Кудайдын катышуусун чакыруусу, Кудайдын аң-сезимин, энергиясын жана жарыгын чакыруусу, Кудайдын кубатын жана коргоосун, тазалыгын жана жетилүүсүн чакыруусу.
 

       18. Орусчасы «Тонкий мир» деген сөз.

       «Кылдат дүйнө» деген кыргыздын сөз курамы орустун «Тонкий мир» деген ушул сөз курамынын маанисин жакындатып берет. «Кылдат дүйнө» деген сөздүн түшүнүгүн жана элесин болсо, кыргыздар жомоктордогу түшүнүк жана элес катары кабыл алуу менен эле чектелишет.

       Кишинин денеси жети денеден турат. Бир денеси (Физикалык денеси) физикалык көрүү жолу менен көрүлөт. Ал эми калган алты денеси (чыныгы Рухтук денеси) физикалык көзгө көрүнбөйт, эфирлик көрүү жолу менен гана көрүнөт. Ошол эфирлик көзгө көрүнгөн энергетикалык жандуу нерселердин жашаган дүйнөсүн «Кылдат дүйнө» деп айтышат. Физикалык дүйнө менен Кылдат дүйнө, БИР БҮТҮН дүйнөнүн эки башка бөлүгү болушат, алар эч качан бөлүнбөйт жана аларды бөлүп кароо сокурчулукка жатат.

       Эгерде хирург кишинин бир колун кесип ыргытып жиберсе, анда Физикалык дүйнөдө гана ал кишинин бир колу жок болот. Ал эми Кылдат дүйнөдө ал кишинин эки колу тең бүтүн бойдон кала берет, ал киши Кудайдын алдына бүтүн энергетикалык денеси менен гана барат. Ушул себептен Мухаммед пайгамбар мусулмандарга кайрылып: «өлгөндөн кийин бардыгыңар Алла-талаанын алдына жылаңайлак, жылаңач болуп жана эркектик мүчөөңөр кесилбей барасыңар» деп айткан.


       19. Орусчасы «Души светоносцы» деген сөз.

       Мындай сөз кыргыз тилинде колдонулбайт, орусчаны билбеген кыргыздарда орустун ушул сөзүнүн курамы тууралуу түшүнүк да, элес да таптакыр жок.

       «Асмандан түшкөн жандар» деген сөздөрдүн курамы, орустун «Души светоносцы» деген ушул сөзүнүн түшүнүгүн жана элесин жакындатып бере алат.

       «Асмандан түшкөн жан» деп, кимде ким өзүнөн Христостун Жарыгын чачырата алса, кимде ким Кудайдын ар-намысын жана чындыкты коргоп жатып, өзүндө да жана башкаларда да Христ катышкан жашоонун жоопкерчилигин мойнуна ала алса, кимде ким Христин аң-сезимине ээ болуп, бардыгына өзүндөгүдөй жарык нурун чачыратууну алып келе алса, ошону айтат.

       Иисус болсо, он сегиз жыл Чыгыш илимин ийне-жибине чейин териштирип билгенден  кийин гана анын денесинен ааламдык Христостун Жарык нуру чачырай чачырай баштаган. Ал ааламдын Христосу Кудайдын баласы болот.
 

       Койчуманов  Тынчтыкбек Төлөнбаевич
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Мнение авторов может не совпадать с позицией редакции.
Как разместить свой материал во «Мнениях»? Очень просто
Добавить
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×